Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\096aad71-243c-42f4-948e-12e0a5ebaf92\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ  

 

2013-жылдын 31-декабры № 228

 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2396-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

14-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-бөлүк менен толукталсын:

«8-1. Өкмөттүн ачык жыйналышынын видио-жана аудио жазып алуулары толук көлөмдө, кыскартылбай жыйналыш өткөрүлгөндөн кийин 2 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн расмий сайтына же болбосо Өкмөттүн расмий сайтына шилтемелерди милдеттүү жайгаштыруу менен жалпыга жеткиликтүү видеопорталдарга жарыяланат. Өкмөттүн жыйналышынын видио-же аудио жазып алууларын белгиленген мөөнөттө жарыялоо мүмкүнчүлү болбогондо Өкмөттүн Аппараты жазып алуулар жарыялана турган мөөнөт жөнүндө маалымат жарыялайт.

     Жабык жыйналыштардын жазып алуулары Өкмөттө жашырындуулук режимин сактоо менен сакталат.».

 

2-берене.

 

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Атамбаев