КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 11-январы № 5
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьянын 2-бөлүгүндөгү "баселкелик" деген сөз "айылдык" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 24-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жана жергиликтүү бюджеттерден" деген сөздөр "бюджеттен" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. 25-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Жергиликтүү бийлик органдары" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алсын жана өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
А.Атамбаев |