Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Көңүл буруңуздар!
КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр,
берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 11-январы № 6

Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө

(КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2017-жылдын 16-октябрындагы N 176 , 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 , 2019-жылдын 11-майындагы N 60 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

Ушул Мыйзам эркин экономикалык зоналардын ишинин укуктук негизин белгилейт, аларды түзүүнүн, чек араларын белгилөөнүн жана өзгөртүүнүн, иштөөлөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналарды жоюунун тартибин аныктайт.

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган терминдер жана аныктамалар

1. Ушул Мыйзамда төмөнкү терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) эркин экономикалык зона (мындан ары - ЭЭЗ) - ЭЭЗ субъекттери тарабынан экономикалык иштерди жүзөгө ашыруунун өзгөчө (атайын укуктук) режими колдонулган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган Кыргыз Республикасынын аймагынын бир бөлүгү;

2) ЭЭЗ өзгөчө (атайын укуктук) режими - экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун жалпы белгиленген режимине караганда кыйла ыңгайлуу жөнгө салуу режимин белгилеген укук ченемдеринин жыйындысы;

3) ЭЭЗ башкы дирекциясы - ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлүүчү ЭЭЗ башкаруу органы;

4) ЭЭЗ субъекти - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган (кайра катталган) жана ЭЭЗ башкы дирекциясында эсептик каттоодон өткөн юридикалык жак, ошондой эле ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ЭЭЗ башкы дирекциясында мурда катталган филиалдар (өкүлчүлүктөр);

5) ЭЭЗ субъекттеринин реестри - ЭЭЗ субъекти катары мамлекеттик жана эсептик каттоодон өткөн, ЭЭЗ субъекттери катары эсептик каттоодон ажыраган же болбосо жоготкон юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды камтыган тизмек.

2. Ушул Мыйзамда колдонулган жарандык, бажы, салык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка тармактарынын институттары, терминдери жана аныктамалары мыйзамдардын бул тармактарында алар кандай пайдаланылса, ошол маанисинде колдонулат.

(КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2019-жылдын 11-майындагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-берене. ЭЭЗ жөнүндө мыйзамдар

 

1. ЭЭЗ иштери жана ЭЭЗ субъекттери катары юридикалык жактарды каттоого байланыштуу келип чыккан мамилелер ушул Мыйзамда, салык мыйзамдарында, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган зл аралык келишимдерде жөнгө салынат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ЭЭЗ жөнүндө мыйзамдарда каралгандан башкача эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

(КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-берене. ЭЭЗ түзүү максаты

 

ЭЭЗ Кыргыз Республикасынын жана анын айрым региондорунун (региондорду тездетип өнүктүрүү) социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, инвестицияларды тартуу, өндүрүштөрдү, транспорттук инфратүзүмдөрдү, туризмди жана санаториялык-курорттук чөйрөлөрдү түзүү жана өнүктүрүү максаттарында жана/же ЭЭЗ жөнүндө мыйзамда аныкталган башка максаттарда түзүлөт.

 

4-берене. ЭЭЗ типтери

1. Кыргыз Республикасында ЭЭЗ түзүүнүн максаттары жана анда пландаштырылган иштин мүнөзү менен аныкталган функционалдык типтеги ЭЭЗ, ошондой эле ЭЭЗ ар түрдүү функционалдык типтерине мүнөздүү максаттарды ишке ашыруу жана иштерди жүзөгө ашыруу үчүн комплекстүү ЭЭЗ түзүлүшү мүмкүн.

2. Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 455-беренесинде белгиленген эркин бажы зонасы бажы жол-жобосунун өзгөчөлүктөрүн колдонуу максаттары үчүн Кыргыз Республикасында "Нарын" ЭЭЗ аныкталсын.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-берене. ЭЭЗ тыюу салынган иштер

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштерге ЭЭЗ жол берилбейт.

Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ЭЭЗ аймагында, ошондой эле ЭЭЗ субъекттерине иштин төмөнкү түрлөрүнө тыюу салынат:

1) пайдалуу кен байлыктарын иштетүүгө, аларды казып алууга;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктарды жана бажы төлөмдөрүн төлөгөндөн кийин түздөн-түз өндүрүштүк максаттарга арналган жана акциздик товарларга кирбеген товарларды өндүрүү үчүн акциздик товарларды кошпогондо, акциздик товарларды, ошондой эле 2000-жылга чейин ЭЭЗ субъектиси катары каттоодон өткөн ишканалар өндүргөн тамеки заттарын алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга;

3) куралдарды жана ок-дарыларды өндүрүүгө, оңдоого жана сатууга, куралдарды жасап чыгарууда пайдаланылуучу жардыргыч заттарды өндүрүүгө жана сатууга;

4) радиактивдүү, ядролук жана башка коркунучтуу материалдарды өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, сактоого, зыянсыздандырууга, сатууга;

5) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды ташып келүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга, буга аларды алып келүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу өндүрүштүк максаттарда пайдаланылуучу алардын прекурсорлору кирбейт.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЭЭЗ аймагында жүзөгө ашырууга тыюу салынган иштин башка түрлөрүн аныктоого укуктуу.

(КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2019-жылдын 11-майындагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

6-берене. ЭЭЗ уюштуруунун жана иштөөсүнүн шарттары

1. ЭЭЗ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ЭЭЗ субъекттеринин иштерине бажы көзөмөлү жана бажы жөнгө салуусу камсыз кылынган атайын бөлүнгөн аймактарда түзүлөт.

2. Аймактын периметрин тосмолоого жана видео байкоо системасы менен жабдууга карата талаптарды кошуп алганда, ЭЭЗ аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

ЭЭЗ аймагында контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылууга карата талаптар, анын ичинде мындай аймакка адамдарды киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бажы көзөмөлү үчүн тосмолордун же башка шарттардын ылайыктуулугун ырастайт.

3. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар сакталбаган учурда, ЭЭЗ субъекттерине жалпы салык режими колдонулат.

4. Калктуу конуштарынын 50 жана андан ашык пайызы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана/же алыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштар катары аныкталган администрациялык-аймактык бирдиктердин белгиленген чек араларында аймактары жайгашкан региондорду тездетип өнүктүрүү максатында түзүлгөн ЭЭЗ, ЭЭЗ субъекттери орун алган аймак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык бажы контролун камсыз кылуу максатында ыңгайлаштырууга жатат.

5. Иши бажы көзөмөлүнө жатпаган ЭЭЗ же ЭЭЗ субъектинин аймагы тосмолонбойт.

6. ЭЭЗ түзүүнү жана өнүктүрүүнү, анын ичинде анын башкы дирекциясын күтүүнү кошуп алганда, ЭЭЗ иштерине байланышкан өндүрүштүк, инженердик, транспорттук жана башка инфратүзүмдөрдү каржылоо республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен, ЭЭЗ өз бюджетинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

7. ЭЭЗ башкы дирекциялары жыл сайын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдү жүргүзөт. Түшкөн каражаттардан республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир ЭЭЗ үчүн өзүнчө аныкталат. Түшкөн каражаттардан жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн өлчөмү 0,01%ды түзөт.

8. ЭЭЗ субъекттери ЭЭЗ аймагында ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактаган шарттарда чет өлкөлүк товарларды жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларын пайдалануу менен байланышкан өндүрүштүк жана башка чарбалык иштерди жүзөгө ашыра алышат.

9. ЭЭЗ субъекттери катары ЭЭЗ аймагында өз иштерин жүзөгө ашыруу укугу үчүн ЭЭЗ субъекттери ЭЭЗ башкы дирекциясына жыл сайын акы төлөшөт.

ЭЭЗ субъекти катары ЭЭЗ аймагында ишин жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн каражаттардын 0,5%дан 2%га чейинки өлчөмүндө белгиленет.

Региондорду тездик менен өнүктүрүү максатында түзүлгөн ЭЭЗ аймагында ЭЭЗ субъекти катары ишин жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн каражаттардын 0,1%дан 2%га чейинки өлчөмүндө белгиленет.

10. ЭЭЗ субъекттерин алардын бажы, салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери боюнча текшерүү ЭЭЗ субъекти катталган ЭЭЗ башкы дирекциясын кабарландыруу менен Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган учурларды кошпогондо, ЭЭЗ субъекттеринин чарба иштерине кандай болбосун мамлекеттик органдын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

 (КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2017-жылдын 16-октябрындагы N 176 , 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

7-берене. Өзгөчө валюталык режим

 

1. ЭЭЗ аймагындагы өзгөчө валюталык режим чет өлкөлүк валюталардын эркин, анын ичинде юридикалык жана жеке жактардын ортосунда кызмат көрсөтүүлөрдө жана эсептешүүлөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык жүргүзүлүшүн карайт.

2. ЭЭЗ субъекттеринин тышкы соода ишинин чет өлкөлүк катышуучулары менен эсептешүүлөрү тараптардын макулдашуусу боюнча кандай болбосун валютада жүргүзүлөт.

 

8-берене. ЭЭЗ түзүү жана жоюу

 

1. ЭЭЗ түзүүнүн максаты, анын тиби, анда пландалган иштин мүнөзү, иштөө мөөнөттөрү, каржылоо булагы жана ишинин артыкчылыктуу түрлөрүнүн тизмеги аныкталган мыйзамды кабыл алуу менен ЭЭЗ түзүлөт.

2. ЭЭЗ иштөө мөөнөтү мыйзам кабыл алуу менен узартылышы мүмкүн.

3. ЭЭЗ чек арасын өзгөртүү мыйзам кабыл алуу менен жүзөгө ашырылат.

4. ЭЭЗ түзүүнүн максатына жетүү мүмкүн болбогон учурда, ал тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикирлерин эске алып, мыйзам кабыл алуу менен жоюлат.

5. ЭЭЗ мөөнөтүнөн мурда жоюу жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден тартып же ЭЭЗ иштөө мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу ЭЭЗ башкы дирекциясы ЭЭЗ жоюу жол-жоболорун бүткөрүү үчүн ырааттуу он эки календардык айдан ашык эмес иштейт.

6. ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Евразия экономикалык бирлигинин органдарына Кыргыз Республикасынын аймагында ЭЭЗ түзүү жөнүндө же болбосо ЭЭЗ иштешинин токтотулушу жөнүндө маалымат берет.

 (КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2017-жылдын 16-октябрындагы N 176 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

2-глава.
ЭЭЗ башкаруу

 

9-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы

 

1. ЭЭЗ түзүү, иштетүү жана жоюу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуу;

2) ЭЭЗ иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылуу боюнча жумуштарды координациялоо;

3) ЭЭЗ башкы дирекциясынын ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;

4) ЭЭЗ жөнүндө Жобону бекитүү;

5) ЭЭЗ субъекти катары юридикалык жакты эсептик каттоонун тартибин бекитүү;

6) ЭЭЗ субъектинин уставдык капиталынын төмөнкү өлчөмү боюнча талаптарды аныктоо;

7) ЭЭЗ жоюунун тартибин бекитүү;

8) ЭЭЗ субъекти катары юридикалык жакты эсептик каттоону ырастаган күбөлүктүн формасын бекитүү;

9) ЭЭЗ субъекттеринин реестрин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү;

10) юридикалык жак тарабынан ЭЭЗ субъекти катары ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн төлөөнүн өлчөмүн, эсептөө жана алуу тартибин аныктоо;

11) ЭЭЗ бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү;

12) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасындагы ЭЭЗ башкы директорлорун жана алардын орун басарларын дайындайт жана бошотот.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары алардын компетенциясына киргизилген маселелерди чечүүдө, эгерде алар ЭЭЗ кызыкчылыктарын козгосо, ЭЭЗ башкы дирекциясы менен макулдашуу боюнча аракеттенет. Карама-каршылыктар келип чыккан учурда алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чечилет.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт.

(КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

10-берене. ЭЭЗ башкы дирекциясынын компетенциясы

 

ЭЭЗ башкы дирекциясынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) ЭЭЗ субъекттери катары юридикалык жактарды эсептик каттоону жүзөгө ашыруу жана ЭЭЗ субъекттеринин реестрин жүргүзүү;

2) ЭЭЗ субъектинин талабы боюнча же кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча ЭЭЗ субъектинин реестринен көчүрмөлөрдү берүү;

3) ЭЭЗ ишинин маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө ЭЭЗ субъекттеринин кызыкчылыктарын жактоо;

4) ЭЭЗ инвестициялык жана ишкердик ишин жүргүзүүнүн шарттарын чагылдыруу жана чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлорду тартуу максаттарында Кыргыз Республикасында жана анын чектеринен тышкары жарнамалык, маалыматтык иштерди жүзөгө ашыруу;

5) ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү;

6) ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишимдерди түзүү жана/же узартуу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;

7) ЭЭЗ субъекттери катары ЭЭЗ субъекттеринен алардын иши жөнүндө маалыматтарды алуу;

8) ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыратуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ЭЭЗ башкы дирекциясына ыкчам башкарууга берилген мүлктү тескөө;

10) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ЭЭЗ азыркы чек араларын өзгөртүү сунушу менен кайрылуу;

11) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

 

3-глава.
 ЭЭЗ субъекттери

 

11-берене. ЭЭЗ субъекти катары каттоо

1. Юридикалык жактарды - ЭЭЗ субъекттерин мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) жана ишинин токтотулушун каттоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

2. ЭЭЗ субъектинин статусун алууга ниеттенген юридикалык жак ЭЭЗ башкы дирекциясына ЭЭЗ ишинин шарттары жөнүндө келишим түзүүгө табыштама берет, ал төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) арыз берүүчүнүн ЭЭЗ тибине ылайык келген болжолдонгон иши жөнүндө маалыматтарды;

2) арыз берүүчүнүн болжолдонгон иши үчүн зарыл жер участогунун аянты жөнүндө маалыматтарды;

3) ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишим түзүлгөн күндөн тартып бир жылдын ичиндеги капиталдык салымдардын көлөмүн кошуп алганда, капиталдык салымдардын болжолдонгон көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды.

3. ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишим түзүү табыштамасына арыз берүүчү төмөнкүлөрдү тиркейт:

1) мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;

2) салык төлөөчүнүн каттоо формасынын көчүрмөсүн;

3) уюштуруу документтеринин көчүрмөсүн;

4) бизнес-планды.

4. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн документтер башкы дирекция тарабынан тизмек боюнча кабыл алынат.

5. ЭЭЗ башкы дирекциясы ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн документтерди кабыл алат жана кабыл алгандан кийин арыз берүүчүгө беш жумушчу күндүн ичинде төмөнкү чечимдердин бирин жөнөтөт:

1) ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишим түзүү тууралуу;

2) баш тартуунун жүйөөлөнгөн негиздерин көрсөтүү менен, ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишимди түзүүдөн баш тартуу тууралуу.

6. ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишим түзүүдөн баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:

1) адам тарабынан ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн документтер берилбегенде;

2) ЭЭЗ аймагында ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишим түзүүгө берилген табыштамада көрсөтүлгөн шарттарга жооп бере турган жер участогу болбогондо;

3) арыз берүүчүнүн болжолдонгон иши ЭЭЗ аймагында жүзөгө ашырууга уруксат берилген иштин түрлөрүнө ылайык келбегенде;

4) ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишим түзүүгө табыштамада көрсөтүлгөн шарттарга бизнес-план ылайык келбегенде.

7. ЭЭЗ башкы дирекциясынын ЭЭЗ ишинин шарттары жөнүндө келишимди түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми андан кийин - соттук тартипте даттанылат.

8. ЭЭЗ субъекттеринин реестрине тиешелүү жазуу киргизилген күндөн тартып юридикалык жак ЭЭЗ субъекти деп таанылат.

9. ЭЭЗ башкы дирекциясы ЭЭЗ ишти жүргүзүү жөнүндө келишимге кол коюлган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде юридикалык жакты эсептик каттоо тууралуу ЭЭЗ субъекттеринин реестрине киргизет жана ЭЭЗ субъекти катары юридикалык жактын эсептик катталуусун ырастаган күбөлүк берет.

10. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып чектеринде ЭЭЗ жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында биринчи жолу катталган юридикалык жак регионду тез өнүктүрүү максатында түзүлгөн ЭЭЗ субъекти боло алат.

11. ЭЭЗ башкы дирекциясы юридикалык жактарды каттоону (кайра каттоону) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, салык, бажы органдарына, расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органына жана Кыргыз Республикасынын банктык көзөмөл органына эсептик каттоо күнүнөн кийин он жумушчу күндүн ичинде юридикалык жактын ЭЭЗ субъекти катары эсептик катталуусу жөнүндө маалыматтарды билдирет.

12. ЭЭЗ башкы дирекциясы жалпы таанышуу үчүн, анын ичинде ЭЭЗ башкы дирекциясынын сайтына реестрди милдеттүү жайгаштыруу менен, ЭЭЗ субъекттеринин реестрине ачык жетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

13. ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Евразия экономикалык бирлигинин органдарына ЭЭЗ субъекттеринин реестрине киргизилген ЭЭЗ субъекттери жөнүндө маалыматтарды Бажы бирлиги органы тарабынан аныкталган тартипте берет.

 (КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2017-жылдын 16-октябрындагы N 176 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

12-берене. ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыратуу же болбосо андан айрылуу

1. Юридикалык жакты ЭЭЗ субъектинин статусунан сот тартибинде ажыратуу төмөнкү учурда жүргүзүлөт:

1) ЭЭЗ субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана/же бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бир нече жолу бузулушун ырастаган соттук чечимдер болгондо ыйгарым укуктуу салык жана/же бажы органынын арызы болгон;

2) ЭЭЗ субъекти тарабынан ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишимди олуттуу бузганы же ЭЭЗ субъекти тарабынан аталган келишимди толук же жарым-жартылай аткаруудан бир тараптуу баш тартуусу жөнүндө ЭЭЗ башкы дирекциясынын арызы болгон;

3) чарба иштерин баштоо үчүн зарыл имараттарды, курулмаларды курууга жана/же ишке киргизүү, жөндөө жумуштарына кеткен убакытты албаганда, ЭЭЗ субъекти тарабынан үзгүлтүксүз он эки айдын ичинде чарба иштеринин жүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө ЭЭЗ башкы дирекциясынын арызы болгон.

2. Юридикалык жакты ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыратуу тараптардын макулдашуусу боюнча келишимди бузууда ЭЭЗ башкы дирекциясы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Юридикалык жак ЭЭЗ субъектинин статусун төмөнкү учурда жоготот:

1) ЭЭЗ жоюлганда;

2) ЭЭЗ чек аралары өзгөрүлүүсүнүн натыйжасында ЭЭЗ субъекти катары юридикалык жак ишин жүзөгө ашырган аймак ЭЭЗ аймагынын сырткары чыгып калганда;

3) ошол юридикалык жак жоюлганда;

4) эгерде ишти жүзөгө ашыруучу жаңы орун ЭЭЗ аймагынан сырткары жайгашса, ошол юридикалык жактын ишти жүзөгө ашыруучу орду өзгөрсө;

5) ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишим токтогондо.

4. ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыратуу же болбосо андан айрылуу ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди токтотууга негиз болуп саналат.

5. Юридикалык жак ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыраган же андан айрылган күндөн тартып ошол юридикалык жак ЭЭЗ субъекттерине берилген жеңилдиктерден колдонууга укуксуз.

6. ЭЭЗ башкы дирекциясы ЭЭЗ субъектинин ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыратуу же болбосо айрылуу фактысын ырастаган документтерди алган, же болбосо анын негизинде ЭЭЗ субъекти ЭЭЗ субъектинин статусунан айрылган ченемдик укуктук акт күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде юридикалык жактын ЭЭЗ субъектинин статусунан айрылганы тууралуу ЭЭЗ субъекттеринин реестрине жазуу киргизет.

7. Юридикалык жак ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыраган же болбосо андан айрылган учурда ЭЭЗ башкы дирекциясы юридикалык жакка он эки календардык күндүн ичинде ЭЭЗ аймагындагы имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды бузуу жол-жоболорун аяктоого мүмкүндүк берет.

8. ЭЭЗ субъекти катары юридикалык жакты эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк юридикалык жактын ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыраганы же андан айрылганы жөнүндө тиешелүү жазуу ЭЭЗ субъекттеринин реестрине киргизилген күндөн кийинки үч жумушчу күндөн кечиктирбестен ЭЭЗ башкы дирекциясына кайтарып берүүгө жатат.

9. ЭЭЗ башкы дирекциясы юридикалык жактарды каттоону (кайра каттоону) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, Кыргыз Республикасынын салык, бажы органдарына, расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органына жана Кыргыз Республикасынын банктык көзөмөл органына ЭЭЗ субъекттеринин реестрине тиешелүү жазуу киргизген күндөн кийинки он жумушчу күндүн ичинде юридикалык жактын ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыраганы же айрылганы жөнүндө маалымат берет.

10. ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бажы бирлигинин органдарына ЭЭЗ cyбъектинин статусунан ажыраган же болбосо айрылган ЭЭЗ субъекттери жөнүндө маалыматтарды Евразия экономикалык бирлигинин органы тарабынан аныкталган тартипте берет.

 (КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2017-жылдын 16-октябрындагы N 176 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

4-глава.
ЭЭЗ өзгөчө (атайын укуктук) режимдер

 

13-берене. Салык милдеттенмелерин жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу

1. ЭЭЗ субъекттеринин ишине карата атайын салык режими Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык, алардын ЭЭЗ субъекти катары ЭЭЗ аймагында иштеп турган мезгилине колдонулат.

2. ЭЭЗ субъекти мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалдоо боюнча иштеген жеке адамдар боюнча милдеттенмелерди аткарат.

3. Региондорду тездетип өнүктүрүү максатында түзүлгөн ЭЭЗ субъекттерине Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөмдөрүн жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү төлөө боюнча кошумча жеңилдиктер берилиши мүмкүн.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

14-берене. ЭЭЗде колдонулуучу бажы жол-жобосу

 

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы контролунун ченемдерин сактоо максатында ЭЭЗ аймагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын бир бөлүгү болуп саналат.

2. Эркин бажы зонасы - ЭЭЗ субъекттери ЭЭЗ аймагынын чектеринде бажы алымдарын, салыктарын төлөбөстөн, ошондой эле чет өлкөлүк товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонбостон жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларына карата тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонбостон чет өлкөлүк товарларды жайгаштырган жана пайдаланган бажы жол-жобосу.

Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу алдындагы товарларды жайгаштыруунун шарты жана тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык бажы көзөмөлүн камсыз кылуу максатында ыңгайлаштырылган ЭЭЗ аймагында же ЭЭЗ аймагынын бир бөлүгүндө (ЭЭЗ субъектинин жайгашкан жеринде) колдонулат.

4. ЭЭЗ субъекттери тарабынан ЭЭЗ аймагына алып келинген чет өлкөлүк товарлар ЭЭЗ аймагына эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун шарттарына ылайык жайгаштырылат жана пайдаланылат.

ЭЭЗ аймагынан товарларды алып чыгуу бажы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЭЭЗ субъекти тарабынан тандалып алынган бажы жол-жобосунун шарттарында жүзөгө ашырылат.

5. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу колдонулган ЭЭЗ аймагы бажы көзөмөлүнүн зонасы болуп саналат. ЭЭЗ субъекттеринин товарларын бажы жол-жобосу алдында жайгаштырууга байланышкан бажы көзөмөлү жана бажы операциялары бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. ЭЭЗ аймагына ЭЭЗ субъекттери тарабынан алып келинген жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу алдында жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлар бажы алымдарын, салыктарын, ошондой эле тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу максаты үчүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан сырткары жайгашкан катары каралат.

7. Регионду тез өнүктүрүү максатында түзүлгөн ЭЭЗ аймагында товарлар жагынан операцияларды жүзөгө ашыруучу ЭЭЗ субъекттери алып кирген, алып чыккан, сактаган, даярдаган, кайра иштеткен, утилдештирген, сатып алган жана сатып өткөргөн товарлардын эсеп-кысабын жүргүзүүгө жана ЭЭЗ башкы дирекциясына бул товарлар боюнча отчетторду берүүгө милдеттүү. ЭЭЗ чегиндеги товарлар жагынан болуп өткөн ар кандай өзгөрүүлөр эсеп документтеринде чагылдырылууга тийиш.

8. Кыргыз Республикасынын бажы органдары, ошондой эле ЭЭЗ башкы дирекциясы өз компетенциясынын чектеринде, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЭЭЗ субъекттери товарлар жагынан жүзөгө ашырган операцияларды көзөмөлдөйт жана эсебин жүргүзөт.

9. ЭЭЗ аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген товарларга карата:

1) салык  салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына  ылайык жүргүзүлөт;

2) тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.

10.  Эгерде товар бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык толук өндүрүлгөн же жетиштүү иштетүүгө/кайра иштетүүгө дуушар болсо, товар ЭЭЗ аймагында өндүрүлгөн болуп эсептелет.

11. Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнү кошпогондо, ЭЭЗ өндүрүлгөн продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттердин аймагына, ошондой эле бажы бирлигинин аймагынан тышкары жакка экспорттоо квоталоодон бошотулат.

Кайра иштетилүүчү айыл чарба продукциясын кошпогондо, ЭЭЗде өндүрүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү квоталанат. Белгиленүүчү квотанын көлөмү жыл ичинде ЭЭЗ ар бир субъекти боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнөн ар бир ЭЭЗ үчүн өзүнчө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасынын аймагына ЭЭЗ өндүрүлгөн продукцияны алып келүүнүн белгиленген квотасынан ЭЭЗ субъекти ашырган көлөмүнө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.

ЭЭЗде өндүрүлгөн продукциянын экспортунун белгиленген квотасын сактоо көзөмөлүн Кыргыз Республикасынын бажы, салык органдары жана ЭЭЗ башкы дирекциясы жүзөгө ашырат.

12. ЭЭЗ субъекттери тарабынан ЭЭЗ аймагына алып келинген жана ЭЭЗ субъекттери тарабынан ЭЭЗ аймагынан алып чыгарылган товарларды бажы жол-жоболорунун алдында жайгаштыруу менен байланышкан бажы операциялары ЭЭЗ башкы дирекциясына кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмекке ылайык ЭЭЗ аймагына алып келүүгө тыюу салынган товарларды эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу алдында жайгаштырууга болбойт.

14. Юридикалык жак ЭЭЗ субъектинин статусунан айрылгандан кийин ЭЭЗ аймагына юридикалык жак алып келген товарлар эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун алдында жайгаштырылбайт.

15. Кыргыз Республикасынын көзөмөлдөнүүчү продукцияларынын Улуттук көзөмөлдүк тизмесине киргизилген, ЭЭЗ aймагына алып келинген товарларга карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.

 (КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2017-жылдын 16-октябрындагы N 176 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

15-берене. ЭЭЗ кирүүнүн жана чыгуунун тартиби

 

1. ЭЭЗ аймагында чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнүн жана чыгуусунун жөнөкөйлөтүлгөн режими иштейт.

2. Чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнүн жана чыгуусунун эрежеси ар бир зона үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет жана ЭЭЗ жөнүндө Жободо чагылдырылат.

 

16-берене. ЭЭЗ субъекттеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилиги

 

ЭЭЗ субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

5-глава. ЭЭЗ субъекттерине мамлекеттик кепилдиктер

 

17-берене. ЭЭЗ субъекттерине мамлекеттик кепилдиктер

 

1. ЭЭЗ жөнүндө мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында ЭЭЗ субъекттерине кепилдиктер белгиленет.

2. ЭЭЗ субъекттерине Кыргыз Республикасынын инвестициялык иш жөнүндө мыйзамдарында каралган инвесторлордун укуктарынын жана инвестицияларды коргоонун кепилдиктери жайылтылат.

 

6-глава. Корутунду жоболор

 

18-берене. Өткөөл жоболор

1. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин түзүлгөн ЭЭЗ өзүнүн статусун сактап калат.

2. (КР 2019-жылдын 11-майындагы N 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. (КР 2019-жылдын 11-майындагы N 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып ЭЭЗ бардык субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алты айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө милдеттүү.

(КР 2019-жылдын 11-майындагы N 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

19-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) 12-беренесинин биринчи абзацын кошпогондо, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 16-декабрындагы № 1076-XII Закону (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 3, 90-ст.);

2) "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законун колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 16-декабрындагы № 1077-XII токтому (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 3, 91-ст.);

3) "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-мартындагы № 2 Мыйзамы ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 5, 64-ст.);

4) "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 78 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 8, 464-ст.);

5) "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 12-декабрындагы № 109 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 12, 492-ст.);

6) "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 12-январындагы № 6 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1,11-ст.);

7) "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында келтирилген "күйүүчү-майлоочу материалдар" терминин чечмелөө тууралу" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы № 129 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 417-ст.);

8) "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 6-декабрындагы № 199 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 967-ст.);

9) "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 22-мартындагы № 36 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 3, 233-ст.);

10) "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын 9-беренесинин 6-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.);

11) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 16-июлундагы № 222 Мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 732-ст.);

12) "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 7-июлундагы № 81 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 984-ст.).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын
       Президенти

 

 

А.Атамбаев