КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 7-февралы № 29
"Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 25-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-беренеде:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ички аудит жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделинет жана ушул Мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.";
2 жана 3-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 2-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзам өзүнүн аракетин министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге. администрациялык ведомстволорго, башка мамлекеттик органдарга, башка аткаруу бийлик органдарына, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын ведомстволук уюмдарына, мамлекеттик ишканаларга жайылтат.".
3. 3-беренеде:
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ички аудитор - ушул Мыйзамга ылайык ички аудитти жүргүзүүчү ички аудит кызматынын кызмат адамы;";
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) ички аудиттин объектилери - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, башка аткаруу бийлик органдары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук уюмдары, мамлекеттик ишканалар;";
6-пунктта "жана ички аудит кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкарылышы үчүн" деген сөздөр "ички аудиттин адекваттуу иштешин ишке ашыруу жана камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички аудит боюнча отчеттуулукту пландоодо, жүргүзүүдө жана даярдоодо ички аудиторлордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу," деген сөздөргө алмаштырылсын;
8-пунктта "өз компетенциясынын чегинде ички аудит боюнча иш жүргүзөт" деген сөздөр "ушул Мыйзамга ылайык ички аудити ишке ашырат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 4-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Ички контроль системасын түзүү
Ички контролдоо системасын түзүү жана иштетүү ички аудит объектисинин жетекчиси тарабынан төмөнкү максаттарда камсыз кылынат:
1) финансылык жана башкаруу маалыматтарынын тууралыгы жана толуктугу;
2) ички аудит объектисинин ишинин натыйжалуулугу, үнөмдүүлүгү жана таасирдүүлүгү;
3) ички аудит объектисинин активдеринин сакталышы;
4) ченемдик укуктук актылардын сакталышы.".
5. 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-берене. Ички аудит боюнча Кеңеш
Ички аудит системасынын натыйжалуу иштөөсүнүн максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ички аудит боюнча Кеңешти түзөт жана ал жөнүндө жобону бекитет.
Кеңештин ишин камсыз кылуу боюнча маселелерди кошкондо, иш-милдеттери, ыйгарым укуктары жана башка маселелери жободо аныкталат.".
6. 12-берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12-берене. Ички аудит объектилеринде ички аудит кызматтарын түзүү".
7. 13-берененин 2-бөлүгүндөгү "органынын" деген сөз "объектисинин" деген сөзгө алмаштырылсын.
8. 14-беренеде:
берененин аталышы "милдеттери" деген сөздөн кийин "жана укуктары" деген сөздөр менен толукталсын;
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ички аудит кызматы төмөндөгүдөй негизги милдеттерге ээ:";
1-пунктта:
"узак мөөнөттүк" деген сөздөр "стратегиялык" деген сөз менен алмаштырылсын;
пункт "пикирин эске алуу менен" деген сөздөрдөн кийин "тобокелдикти баалоонун негизинде" деген сөздөр менен толукталсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Ички аудит кызматы жашыруун маалыматты кошкондо, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык алар үчүн белгиленген жетүү деңгээлине жараша бардык маалыматты жана уюмдарда турган электрондук түрдөгү жазылмаларды кошкондо, бардык жазылмаларды жана аудит жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтарды алууга укугу бар.".
9. 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-8-пункттар менен толукталсын:
"6) ички жана тышкы баалоону кошкондо, сапатты камсыз кылуунун программасын иштеп чыгат жана ишке киргизет;
7) ар бир аудитордук тапшырманы аткаруу үчүн аудиттин максаттарын, камтылышын, мезгилдүүлүгүн жана ресурстарын аныктайт;
8) төмөндөгүлөргө укуксуз:
а) мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, иштин жүрүшүндө же ага байланыштуу белгилүү болгон маалыматтарды жарыя кылууга жана берүүгө;
б) аудит жүргүзүлгөн адамга зыян келтирүү максатында өзүнүн укуктарын пайдаланууга, ошондой эле өз ишин аткарган учурда ошол укуктары менен кыянатчылык жасоого.".
10. 20-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Ички аудит кызматы жок ички аудит объектисинин жетекчисинин милдеттери
Ички аудит кызматы жок ички аудит объектисинин жетекчиси ага карата сырттан ички аудит жүргүзүлгөндө төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) ички аудитти өткөрүү үчүн шарттарды түзүүгө;
2) иш-аракеттердин планын бекитүүгө жана аудитордук отчетто каралган сунуштарды аткаруу боюнча зарыл чечимдерди кабыл алууга.".
11. 21-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы ички аудит объектилеринде ички аудитти пландоо боюнча ички аудит кызматтарынын ишине кийлигишүүгө укугу жок.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
А.Атамбаев |