КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 18-февралы № 32
"Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 901-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1) экстремисттик уюмдардын атрибутикаларын же символикаларын пропагандалоого;";
төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"экстремисттик уюмдардын атрибутикалары жана символикалары - ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашырууга байланыштуу жоюу же тыюу салуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими кабыл алынган уюмдун атрибутикалары менен символикалары. Экстремисттик уюмдардын атрибутикаларын жана символикаларын илимий максатта гана колдонууга жол берилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
А.Атамбаев |