Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Көңүл буруңуздар!
КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр,
берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a4247512-9e5b-4441-a203-b7088d5b5d20\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 13-марты № 41

Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2017-жылдын 21-февралындагы № 31 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

биотехникалык иш-чаралар - аңчылык ресурстарынын санын жана түрдүк курамын табигый шарттарда кармап туруу, оптималдаштыруу, мергенчилик кылуучу жерлердин продуктуулугун жогорулатуу максатында аңчылык жаныбарларына жана алардын жашоо чөйрөсүнө (мергенчилик кылуучу жерлерге) түздөн-түз таасир этүүчү иш-чаралар;

көбөйтүү участоктору - чарбалык иштердин жана аңчылыктын убактылуу же туруктуу чектөөлөрү бар мергенчилик кылуучу жерлердин участоктору;

ички чарбалык аңчылыкты уюштуруу - жерлерди инвентаризациялоо, мергенчилик чарба карталарын түзүү, фаунаны эсепке алуу, көбөйтүү жана башка иш-чаралардын планын негиздөө, мергенчилик чарбасын өнүктүрүү багыттарын жана жолдорун белгилөө боюнча иштердин комплекси;

гибриддештирүү - ар кайсы түрлөргө же түрчөлөргө таандык болгон жаныбарларды аргындаштыруу;

мамлекеттик мергенчилик ырастама - жеке жактын аңчынын статусун алгандыгын ырастоочу мамлекеттик документ;

мамлекеттик мергенчилик фонду - алардын жашоо чөйрөсүн бирге алганда аңчылык жаныбарларынын жыйындысы;

аңчылык жаныбарларын олжолоо - аларды атып алуу же кармап алуу жолу менен аңчылык жаныбарларын табигый чөйрөдөн алуу;

Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби (мындан ары - Кызыл китеп) - ага киргизилген сейрек кездешүүчү, жоголуп бараткан же жок болуу коркунучу алдында турган жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин жана козу карындардын биологиясы, таралышы жана жашоо чөйрөсүнүн абалы, аларды сактап калуу, калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу боюнча көрүлүп жаткан жана сунушталуучу чаралар жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;

лимит - республиканын мергенчилик кылуучу жерлеринин бардык аймагында же белгилүү бир мергенчилик кылуу жерлеринде белгиленүүчү популяциялардын туруктуу жашоосун жана көбөйүү жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен табигый чөйрөдөн алуу максаттарына карабастан алууга жол берилген айырмаланган түрлөрүнүн чектелген саны;

чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу - мергенчилик чарба иштерин жана аны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарын белгилөөнү жүзөгө ашыруу үчүн арналган мергенчилик кылуучу жерлердин участокторунун чек араларын аныктоо боюнча иштердин комплекси;

аңчылык ресурстарынын мониторинги - аңчылык ресурстарынын таркалышына, санына, дене-бой абалына, популяциялардын жыныстык-курактык түзүмүнө, алардын жашоо чөйрөсүнүн сапатына жана аянтына ар дайым байкоо жүргүзүү тутуму;

пайдалануу ченемдери - популяциялардын туруктуу жашоого жана кайра көбөйүүгө жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен, белгилүү бир мезгилге, конкреттүү мергенчилик кылуучу жерлерге же бир аңчыга белгиленүүчү табигый чөйрөдөн алууга карата жол берилген аңчылык жаныбарларынын лимиттелбеген өзгөчөлөнгөн түрлөрүнүн чектелген саны;

аңчылардын бирикмеси - аңчылыкты жүзгө ашырууга алардын укуктарын ишке ашыруу үчүн кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизинде биригишкен жеке жактар (аңчылар) тарабынан (коомдоштук, клубдар жана башка уюмдар түрүндө) түзүлгөн ыктыярдуу, өз алдынча башкарылуучу уюм;

аңчылык - олжолоо максатында мергенчилер тарабынан издөөнү, аңдууну, артынан түшүүнү жүзөгө ашыруу процессин жана табигый эркиндик абалындагы, же жарым-жартылай эркин шарттардагы жапайы айбанаттарды жана канаттууларды иш жүзүндө олжолоонун (кармап алуу же атып алуу жолу менен) өзүн билдирген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануунун түрү;

аңчы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик мергенчилик ырастамасын алган жеке жак, же болбосо аңчыга теңдештирилген адам;

мергенчилик минимуму - аңчынын, аңчылыкты пайдалануучунун, алгыр жырткыч куштарды багуучунун билүүгө зарыл болгон аңчылык жаныбарларынын биологиясы, аңчылыктын эрежелери жана ыкмалары, курал колдонуудагы коопсуздук чаралары, аңчылык эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги жана аңчылык жана мергенчилик чарбасына байланышкан башка маселелер боюнча минималдуу маалыматтардын комплекси;

мергенчилик чарба иши - мергенчилик кылуучу жерлерде аңчылык жаныбарларын сактоо жана туруктуу пайдалануу, аларды көбөйтүү жана мергенчилик жерлердин продуктуулугун арттыруу боюнча чарбалык иштердин түрү;

аңчылык жаныбарлары - аларды сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу жаратылыштын табигый шарттарында же аңчылык питомниктеринде болгон алардын түрдүк таандыгы боюнча (жапайы айбанаттар жана канаттуулар) жаныбарлар дүйнөсүнүн өзгөчөлөнгөн түрлөрү. Алардын тизмеги Кыргыз Республикасында Аңчылык эрежелеринде көрсөтүлөт;

аңчылык ресурстары - аңчылык жаныбарларынын түрдүк жана сандык жыйындысы;

мергенчилик кылуучу жерлер - юридикалык жактарга мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилиши мүмкүн болгон, аңчылык жаныбарларынын жашоо чөйрөсү болуп кызмат кылган белгилүү бир чек аралары бар аймактар же акваториялар;

аңчылык питомниги - аңчылык кылуу жана көбөйтүү үчүн, ошондой эле башка максаттарды ишке ашыруу (сатуу) үчүн мергенчилик кылуучу жерлерге кийинчерээк кое берүү максаты менен аңчылык жаныбарларын жарым-жартылай эркин шарттарда же колдо багууну (көбөйтүүнү, өстүрүүнү) жүзөгө ашыруучу чарбалык бөлүм;

аңчылыкты пайдалануучу - аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө Келишимге ылайык берилген белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарбасын жүргүзүү укугуна ээ (менчигинин формасына жана уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан) юридикалык жак;

мергенчилик чарба пландары - мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарбасын туруктуу өнүктүрүү жана жүргүзүү боюнча пландар;

аңчылык продукциясы - аңчылыкты жүзөгө ашыруунун натыйжасында олжолонгон/алынган аңчылык жаныбарлары, алардын эти, терилери жана башка продукциялар;

аңчылык жаныбарларын олжолоого жолдомо - аңчылыкты пайдалануучуга мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлерде аңчылык жаныбарларынын лимиттелбеген түрлөрүнүн ченеми боюнча олжолоого аңчылыкты пайдалануучу тарабынан аңчыга берилүүчү уруксат документи;

кайра акклиматташтыруу - ал жерде мурда жок болуп кеткен жаныбардын түрүн кандайдыр бир жерге жасалма кайра алып келүү;

аңчылык ресурстарын сактоо - аңчылык жаныбарларынын түрдүк, генетикалык, экотутумдук ар түрдүүлүгүн күтүүгө жана туруктуу көбөйүшү үчүн алардын популяцияларынын жетиштүү болгон санын сактап калууга мүмкүндүк берүүчү абалда аңчылык ресурстарын сактоо боюнча иш;

аңчылык ресурстарын туруктуу пайдалануу - алардын абалын, түзүмүн жана популяциялардын генетикалык курамын начарлатууну жана жашоо чөйрөсүн начарлатууну жокко чыгаруучу аңчылык ресурстарын узак мөөнөттүү пайдалануу.

2-берене. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү мамилелерди укуктук жөнгө салуу

1. Аңчылыкты жүзөгө ашырууда жана мергенчилик чарба иштерин жүргүзүүдө (мындан ары - аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсү) пайда болгон аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамилелер ушул Мыйзамдын жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуу предмети болуп саналат.

2. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү мамилелер ошондой эле "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" жана "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

3-берене. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелердин объекттери

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мергенчилик фондун түзгөн алардын жашоо чөйрөсү менен жыйындысында аңчылык жаныбарлары ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү мамилелердин объекттери болуп саналат.

2. Аңчылык жаныбарларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасындагы Аңчылык эрежелеринин тизмегинде көрсөтүлгөн жаныбарлардын түрлөрү кирет.

3. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү Кызыл китеп жөнүндө Жобого ылайык жүргүзүлөт.

4-берене. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салуунун негизги принциптери

Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салуу төмөнкүдөй негизги принциптерге негизденет:

1) узак мөөнөттүү келечекте биологиялык ар түрдүүлүктүн жабыркоосуна алып келбегендей, ошону менен бирге азыркы жана кийинки муундардын керектөөлөрүн канааттандыруу мүмкүнчүлүктөрүн сактап калгандай жана алардын үмүттөрүн актагандай кылып, ушундай темп, ушундай жол менен жүзөгө ашырууга; биологиялык, экологиялык жана социалдык-экономикалык факторлорду эске алуу менен, аңчылык жаныбарларын олжолоонун көлөмүн белгилөө аркылуу аңчылык ресурстарын туруктуу пайдаланууну жүзөгө ашырууга;

2) аңчылык ресурстарынын абалы жана аларды пайдаланууга берүү жөнүндө маалыматтардын кеңири коомчулук үчүн ачыктыгына (айкындуулугуна);

3) аңчылык ресурстарын атайын пайдаланууга акы төлөнүшүнө;

4) аларды пайдалануунун эсебинен аңчылык ресурстарын андан ары сактоого, алардын популяцияларынын жана жашоо чөйрөлөрүнүн абалын жакшыртууга, жергиликтүү коомдоштуктарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталуучу каражаттарды алууга өбөлгө болуучу аңчылык жаныбарларын сактоону жана көбөйтүүнү камсыз кылууга;

5) кандай болбосун кызыкдар адамдардын белгиленген тартипте аңчылык ресурстарына карата жеткиликтүүлүгүнүн тең укуктуулугуна;

6) мамлекеттик органдардын чарба жүргүзүүчү жана контролдоо-жөнгө салуучу иш-милдеттеринин бөлүштүрүлүшүнө;

7) бардык кызыкдар тараптарды аңчылык ресурстарын башкарууга тартууга жана ар бир тараптын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин так аныктоого; аңчылык ресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө тиешеси бар чечимдерди даярдоодо жана ишке ашырууда жарандардын жана алардын бирикмелеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катышуусуна; аңчылык ресурстарын башкарууга;

8) жооптуу органдардын жана уюмдардын илимий мекемелер менен өз ара тыгыз байланышта болушуна;

9) бардык аңчылыкты пайдалануучулардын (менчигинин формасына жана уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү өз иштеринин маселелери боюнча аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттуулугуна;

10) гумандуулук жана жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоону болтурбоо талаптарына ылайык келген аңчылык куралдарын жана аңчылык ыкмаларын колдонуу менен аңчылык жаныбарларын пайдаланууга;

11) улуттук мергенчилик салттарын сактоого жана өнүктүрүүгө;

12) мамлекет тарабынан мергенчилик чарбасын өлкөнүн маанилүү тармагы жана аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ишкердик ишти бирдиктүү жөнгө салуунун талаптары катары таанууга.

2-глава. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

 

5-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды жана мамлекеттик программаларды кабыл алуу жана бекитүү жана аларды ишке ашырууну контролдоо;

2) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин координациялоо;

3) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүү (аныктоо);

4) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иши үчүн мергенчилик чарба ишин натыйжалуу жөнгө салууга, контролдоого жана көзөмөлдөөгө, Кыргыз Республикасында аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоого жана көбөйтүүгө жана туруктуу пайдаланууга өбөлгө болуучу шарттарды камсыз кылуу;

5) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуу;

6) аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо максатында жаратылышты пайдалангандай эле (кен байлыктарды пайдалануу, сууну пайдалануу, жайытты пайдалануу, башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу) жерди пайдалануунун башка түрлөрүн жөнгө салуу;

7) аңчылык жаныбарларына жана алардын жашоо чөйрөсүнө карата эл аралык деңгээлде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу.

6-берене. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары

1. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт (аныкталат).

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мергенчилик фонду аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында болот.

3. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара тыгыз аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.

4. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иш-милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;

2) юридикалык жактардын (аңчылыкты пайдалануучулардын) мергенчилик чарбалык иштерди жүргүзүүсүн жөнгө салуу, анын ичинде:

а) юридикалык жактардын белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарбасын жүргүзүү укугун алуусуна сынактарды өткөрүү;

б) юридикалык жактар менен мергенчилик чарбасын жүргүзүү жөнүндө келишимдерди түзүү/бузуу;

в) аңчылыкты пайдалануучулардын аңчылык пландарын макулдашуу;

г) аңчылык жаныбарларынын мониторингин жүзөгө ашыруу боюнча усулдук нускамаларды иштеп чыгуу жана бекитүү;

д) аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан олжолонгон аңчылык жаныбарларынын эсебин алуу параметрлерин белгилөө;

3) жеке жактар тарабынан аңчынын статусун алуусун жана аңчылыкты жүзөгө ашырууга алардын укугунун ишке ашырылышын жөнгө салуу, анын ичинде:

а) мергенчилик минимумун түзүү, жарыялоо жапа ал боюнча экзамен тапшыруу боюнча иштерди уюштуруу жана координациялоо;

б) мамлекеттик мергенчилик ырастамаларын, аңчылык жаныбарларын атайын пайдаланууга уруксаттарды жана табигый чөйрөдөн алынган жана колдо кармалган алгыр жырткыч куштарга жана башка аңчылык жаныбарларына идентификациялык карталарды (паспортторду) белгиленген тартипте жол-жоболоштуруу, берүү, алып коюу, кайтарып берүү, жокко чыгаруу жана жараксыз деп таануу;

в) пломбаларды (биркаларды, шакекчелерди, микрочиптерди) даярдоону, берүүнү жана жок кылууну координациялоо;

г) жапайы фаунанын жана флоранын жоголуп кетүү коркунучу алдында турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча Конвенциянын (мындан ары - CITES Конвенциясы) колдонулушуна туура келбеген аңчылык жаныбарларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгарууга уруксаттарды жана CITES Конвенциясынын колдонулушуна туура келген аңчылык жаныбарларын, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасын чегине алып келүүгө/чегинен тышкары алып чыгарууга уруксаттарды, ошондой эле аңчылык жасоого же көргөзмөлөргө, мелдештерге жана башка иш-чараларга катышуу максатында алгыр жырткыч куштарды Кыргыз Республикасына алып келүүгө/чегинен тышкары алып чыгарууга маалымкаттарды белгиленген тартипте жол-жоболоштурууну, берүүнү, колдонулушун токтото турууну, алып коюуну, кайтарып берүүнү, жокко чыгарууну жүзөгө ашыруу;

д) табигый чөйрөдөн алынган жана колдо кармалган алгыр жырткыч куштарды жана башка аңчылык жаныбарларын жана аларды баккан юридикалык жана жеке жактарды каттоону жүргүзүү;

4) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү юридикалык жана жеке жактардын ишине жана аракеттерине мамлекеттик мергенчилик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, анын ичинде:

а) өндүрүштүк мергенчилик контролду уюштурууда жана жүзөгө ашырууда аңчылыкты пайдалануучуларга көмөк көрсөтүү;

б) мамлекеттик, өндүрүштүк жана коомдук мергенчилик контролдун келип түшкөн материалдарын жана маалыматтарын кароого кабыл алуу;

в) айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине жана алардын жашоо чөйрөсүнө залал келтирүү жөнүндө протоколдорду түзүү;

г) күнөөлүү адамдарга белгиленген тартипте айыптарды салуу жана башка администрациялык жазаларды колдонуу, зарыл болгондо - күнөөлүү аламдарды белгиленген жоопкерчиликке тартуу үчүн иштерди укук коргоо жана сот органдарынын кароосуна белгиленген тартипте өткөрүп берүү;

д) мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдердин шарттарын сактоо предметине аңчылыкты пайдалануучулардын ишин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу;

е) айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин жана алардын жашоо чөйрөсүн пайдалануу жөнүндө мыйзамдарды бузуунун кесепетинен жаныбарлар, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген залалдын ордун толтуруу жөнүндө доолорду табылган тартип бузуулар боюнча юридикалык жана жекече жактарга белгиленген тартипте коюу;

5) юридикалык жактарга мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилбеген мергенчилик кылуучу жерлерде зарыл болгондо биотехникалык иш-чараларды жүргүзүү;

6) аңчылык ресурстарынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалына ар дайым мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;

7) аңчылык ресурстарынын кадастрын жүргүзүү;

8) чарбалар аралык аңчылык жүргүзүүнү уюштуруу боюнча иштерди координациялоо жана жүзөгө ашыруу;

9) жаныбарлардын, анын ичинде адамдар жана жаныбарлар үчүн жалпы жугуштуу ооруларды табуу, пайда болуусунун жана жайылып кетишинин алдын алуу боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык чараларды жана иш-чараларды мамлекеттик ветеринария менен бирдикте уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;

10) аңчылык жаныбарларына жана алардын жашоо чөйрөсүнө карата эл аралык деңгээлде Кыргыз Республикасынын атынан өз компетенциясынын чегинде чыгууга катышуу;

11) мергенчилик чарба иштери, илимий изилдөөлөр, аңчылык ресурстарын сактоо, аларды көбөйтүү жана туруктуу пайдалануу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

12) республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык экологиялык маалымат тутумдарынын алкагында белгиленген тартипте экологиялык маалыматтарды жыйноону жана алмашууну; чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен мергенчилик чарба иши чөйрөсүндө кызматташууну жүзөгө ашыруу;

13) мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, калк жана башка кызыкдар жактар менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүү;

14) аңчылык ресурстары жана алардын жашоо чөйрөсү тууралуу билимдерди пропагандалоону жана жайылтууну жүзөгө ашыруу;

15) мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү боюнча юридикалык жактарга кеңеш берүү жана усулдук жардамдарды көрсөтүү, финансылык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө көмөктөшүү.

5. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекеттик мергенчилик ырастамаларды жана уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн төлөм алууга;

2) сот органдарында доогер жана жоопкер катары өз алдынча чыгууга;

3) аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактардан (анын ичинде чет өлкөлүк) маалымкаттарды, маалыматтарды, отчетторду жана документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) белгиленген тартипте сурап алууга жана алууга;

4) өзүнүн ыйгарым укуктарына киргизилген маселелер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук бирикмелер жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүгө;

5) жеке жана юридикалык жактарды ыктыярдуу негизде өзүнүн ишине тартууга.

6. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө Жобого ылайык жүзөгө так ашырууга милдеттүү.

7. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын кызмат адамдары өздөрүнүн укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

7-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышуу;

2) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана табигый жана техногендик мүнөздөгү жаратылыш кырсыктарында жана өзгөчө кырдаалдарда аларды куткаруу боюнча иш-чараларга катышуу;

3) коомдук мергенчилик контролду уюштурууга жана жүзөгө ашырууга катышуу;

4) аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймагында аңчылык ишти киргизүү боюнча чаралар жөнүндө жергиликтүү калкты кабардар кылуу;

5) аңчылык ресурстарын сактоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу маселелеринде жергиликтүү коомдоштуктар менен өз ара мамилелерди түзүүдө аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көмөк көрсөтүү.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-глава. Аңчылык ресурстарын пайдалануу

 

8-берене. Мергенчилик минимуму жана мамлекеттик мергенчилик ырастама

1. Аңчы жана алгыр жырткыч куштарды күтүүчү, ошондой эле аңчылыкты пайдалануучулардын наамын алууга талапкер болгон юридикалык жактардын жетекчилери болууга ниеттенген жеке жактар аңчылык жана мергенчилик чарбалык иш чөйрөсүндөгү билимдерге жана көндүмдөргө, атап айтканда, мергенчилик минимуму билимине ээ болууга милдеттүү.

2. Мергенчилик минимумун иштеп чыгуу илимий жана башка зарыл адистерди тартуу менен аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштурулат. Мергенчилик минимум аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет, анын сайтында жайгаштырылат жана басылмалар түрүндө чыгарылат.

3. Мергенчилик минимумду окуп-үйрөнүү кийин мамлекеттик мергенчилик ырастама алуу үчүн ал боюнча экзамен тапшыруу менен, жеке жактар тарабынан өз алдынча да, уюмдашылган түрдө да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

4. Мергенчилик минимуму боюнча экзамен алуу жана жеке жактарга мамлекеттик мергенчилик ырастамаларын берүү аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же болбосо анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан уюштурулат жана жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик мергенчилик ырастама мергенчилик минимум боюнча экзамен тапшырган жеке жактарга берилет.

5. Мергенчилик минимуму суроолорду, аларга жоопторду жана чечмелөөлөрдү камтыйт жана негизги жана кошумча бөлүктөрдөн турат. Мергенчилик минимумдун негизги бөлүгүн билүү мергенчи, алгыр жырткыч куштарды күтүүчү же аңчылыкты пайдалануучунун жетекчиси болууга ниеттенген бардык жеке жактар үчүн милдеттүү; тиешелүү кошумча бөлүктөрүн билүү аңчылыкты пайдалануучулардын жетекчилери жана алгыр жырткыч куштарды күтүүчүлөр үчүн милдеттүү.

6. Мергенчилик минимуму боюнча экзамен тапшырган жеке жактарга "А", "Б" жана "Л" тиешелүү атайын категорияларын көрсөтүү менен мамлекеттик мергенчилик ырастама берилет. "А" категориясы жеке жактын мамлекеттик мергенчилик ырастамасын алуучу бардык жактар үчүн милдеттүү болгон мергенчилик минимумдун негизги бөлүгүн билгендигин ырастайт. "Б" жана "Л" кошумча категориялары жеке жактын тиешелүүлүгүнө жараша аңчылыкты пайдалануучулардын жетекчилери жана алгыр жырткыч куштарды күтүүчүлөр үчүн маалыматтарды билгендигин ырастайт. Жеке жактар тарабынан мамлекеттик мергенчилик ырастамасынын "А"; "А" жана "Б"; "А" жана "Л" же болбосо, "А", "Б" жана "Л" категорияларын алышы чектелбейт жана алардын каалоосуна жана мергенчилик минимуму боюнча экзамен тапшырышынын натыйжаларына жараша жүзөгө ашырылат же болбосо алардын андан аркы аракеттеринин (ишинин) багытталгандыгына жараша милдеттүү болуп саналат.

7. Мамлекеттик мергенчилик ырастама документ болуп саналат, бирдиктүү формага, эсептик серияга жана номерге ээ. Белгиленген тартипте берилген мамлекеттик мергенчилик ырастамалар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлүү үчүн жарактуу жана башка мамлекеттердин аймактарында да таанылышы мүмкүн.

8. Мергенчи жол берген укук бузуу (браконьерлик) фактылары табылганда, анын мамлекеттик мергенчилик ырастамасы мамлекеттик мергенчилик инспекторлору же мамлекеттик мергенчилик инспекторлорунун укуктары берилген башка жактар тарабынан алынып коюлат. Алынып коюлган мамлекеттик мергенчилик ырастама аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же укук бузуу (браконьерлик) фактысы табылган жердеги анын аймактык түзүмдүк бөлүмүнө белгиленген тартипте  өткөрүп берилет. Мамлекеттик мергенчилик ырастаманы кайтарып берүү укук бузган мергенчиге коюлган айыптык жана доолук суммалар төлөнгөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик мергенчилик ырастама бир нече жолу (3 жолудан көп) алынып коюлган учурда, аңчы өз статусунан мергенчилик минимум боюнча экзаменди кайталап (кайрадан) тапшырганга чейин ажыратылат.

9. Мергенчилик минимуму боюнча экзамен тапшыруу жана мамлекеттик мергенчилик ырастамасын берүү акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат.

10. Мергенчилик минимуму боюнча экзамен тапшыруунун жана кайрадан тапшыруунун тартиби, мамлекеттик мергенчилик ырастамалардын формасы жана мазмуну, аларды жол-жоболоштуруунун, берүүнүн, алып коюунун, кайтарып берүүнүн, жокко чыгаруунун (жараксыз деп таануунун) тартиби, экзамен тапшыруу жана мамлекеттик мергенчилик ырастамасын алуу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

9-берене. Аңчы

1. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөр аңчы боло алат:

1) атылуучу мергенчилик куралынан тышкары, уруксат берилген аңчылык куралдары, ошондой эле алгыр жырткыч куштары жана иттери менен аңчылыкты белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга укугу бар - 16 жашка чыккан жеке жак;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө уруксат берилген атылуучу мергенчилик куралдары, уруксат берилген башка аңчылык куралдары, ошондой эле алгыр жырткыч куштары жана иттери менен аңчылыкка укугу бар - "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жашка чыккан жеке жак.

2. Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн, аңчылыкты пайдалануучу же үчүнчү жак менен түзүлгөн келишим боюнча аңчылыкты жүзөгө ашырууга талапкер болгон, Кыргыз Республикасында же башка өлкөлөрдө аңчылыкты пайдалануучунун кызыкчылыктарын келишимдик негизде билдирген чет өлкөлүк жаран аңчыга теңдештирилет.

3. Аңчылар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) аңчылардын бирикмелерин түзүүгө жана аларга мүчө болууга;

2) аңчылыкты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга;

3) белгиленген тартипте олжолонгон аңчылык жаныбарларын менчигине алууга.

4. Аңчы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасында аңчылыкты жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык документтерди алып жүрүүгө;

2) жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого;

3) аңчылыкты жүзөгө ашырууда белгиленген тартипте уруксат берилген гана аңчылык куралдарын жана алгыр жырткыч куштарды пайдаланууга;

4) аңчылык ресурстарын белгиленген көлөмдөрдө жана белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлердин чек араларынын чектеринде пайдаланууга;

5) аймагында аңчылык жүзөгө ашырылган аңчылыкты пайдалануучуга аңчылыктын натыйжаларын билдирүүгө;

6) олжолонгон жаныбарларды (мергенчилик трофейлерди) белгиленген тартипте пломбалар (биркалар, микрочиптер, эн тамгалар) менен маркировкалоого;

7) аңчылыкты пайдалануучуга же аңчылык жана мергенчилик чарбасы  чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (анын аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн) өкүлүнө жаныбарларда ылаңдар табылгандыгы жана ылаңдар байкалган бардык аңчылык жаныбарлары жөнүндө (түрдүк курамы, саны ж.б.) өз алдынча же болбосо сурамжылоо жүргүзүлгөндө билдирүүгө.

5. Аңчы өзүнүн укукка каршы аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

10-берене. Аңчылыкты пайдалануучу

1. Аңчылыкты пайдалануучу аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө түзүлгөн Келишимге ылайык, ага мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген аңчылык жерлерде мергенчилик чарба иштерин жүргүзөт.

2. Аңчылыкты пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери ушул Мыйзам жана Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө келишим менен жөнгө салынат.

3. Аңчылыкты пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) белгиленген лимиттердин жана олжолоо ченемдеринин чектеринде жана аңчылык ресурстарын атайын пайдаланууга уруксаттардын негизинде, ага пайдаланууга берилген аңчылык жаныбарларын пайдаланууга;

2) тиешелүү уруксат документтерин берүү жана сатуу жолу менен аңчыларга аңчылык жаныбарларын пайдалануу укугун берүүгө;

3) мыйзамдуу тартипте олжолонгон аңчылык жаныбарларын жана аңчылыктын башка продукциясын менчигине алууга;

4) олжолонгон продукцияны кайра иштетүүнү жана сатууну жүргүзүүгө;

5) мыйзамдардын бузулгандыгы жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине жана алардын жашоо чөйрөсүнө залал келтирүү жөнүндө протоколдорду түзүүгө;

6) аракеттери пайданы жоготууга жана аңчылыкты пайдалануучуга мүлктүк зыян келтирүүгө алып келген юридикалык жана жеке жактарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте доо коюуга;

7) мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын аңчылыкты пайдалануучунун жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга анын укугун бузган чечимдерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга;

8) жерди пайдалануучулар, илимий уюмдар жана мекемелер, аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин жашоо чөйрөсүн жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга;

9) мергенчилик чарба иштерин биргелешип жүргүзүү максатында башка аңчылыкты пайдалануучулар менен биригүүгө.

4. Аңчылыкты пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өзүнүн кызматкерлеринин штатында мергенчилик чарбасын жүргүзүү чөйрөсүндөгү квалификациялуу адистердин болушун камсыз кылууга жана мергенчилик чарба иштерин мергенчилик чарба пландарынын негизинде гана жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга;

2) өзүнө мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлердин чек араларын белгилөөнү жүргүзүүгө (мамылар, аншлагдар жана башкалар);

3) аңчылык жаныбарларынын ага уруксат берилген түрлөрүн гана белгиленген тартипте пайдаланууга;

4) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген ченемдерди, эрежелерди жана башка талаптарды аңчыларга түшүндүрүүгө жана алардын сакталышын камсыз кылууга;

5) аларды сактоону жана көбөйтүүнү камсыз кылуу максатында аңчылык ресурстарын пайдаланууну өз алдынча чектөөгө;

6) аңчылыкты пайдалануучунун мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө Келишимди сактоосуна текшерүү жүргүзүү үчүн мамлекеттик мергенчилик контролду жана көзөмөлдү белгиленген тартипте жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын тоскоолдуксуз киргизүүгө жана берилген жазма буйрукту өз убагында аткарууга;

7) аңчылык жаныбарларын пайдалануу үчүн белгиленген акыны өз убагында төлөөгө;

8) аларды пайдаланууда аңчылык жаныбарларына ырайымсыз мамиле жасоону болтурбоого;

9) аңчылык ресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө анын күнөөсү боюнча келтирилген залалдын ордун белгиленген тартипте толтурууга;

10) ага мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлердеги аңчылык ресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө мониторинг жүргүзүүгө, аңчылык жаныбарларын олжолоонун эсебин алууга жана аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө) тийиштүү маалыматтарды өз убагында берүүгө;

11) аңчылык ресурстарын сактоого жана көбөйтүүгө көмөк көрсөтүүгө;

12) ага мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлердин чек араларында жапайы жаныбарларды жана алардын жашоо чөйрөсүн жыл бою кайтарууну камсыз кылууга;

13) ылаңдардын айкындалгандыгы жөнүндө, аңчылык ресурстарынын абалы начарлагандыгы жөнүндө 5 календардык күндүн ичинде аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтарга маалымдоого; ылаңдардын алдын алуу, аларга каршы күрөшүү жана табигый кырсыктар жана табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда жаныбарларга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга;

14) укук бузуулар (браконьердик кылуу) учурларын айкындоого жана аларга бөгөт коюуга;

15) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга мергенчилик чарба иштери боюнча маалыматтарды камтыган, белгиленген форма боюнча отчетторду жыл сайын берүүгө.

5. Аңчылыкты пайдалануучу ага мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлердеги аңчылык ресурстарынын абалы үчүн жана өзүнүн укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Аңчылыкты пайдалануучу себебин болтурбоого болбой турган жагдайлар (форс-мажор) болгондо аңчылык ресурстарынын абалынын начарлагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-берене. Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугун берүү

1. Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу юридикалык жактарга (аңчылыкты пайдалануучуларга) белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруунун алкагында аныкталган мергенчилик кылуучу жерлерди жайгаштыруунун схемасына жараша аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө келишимдерге ылайык берилет. Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө келишим 15 жылдык мөөнөткө түзүлөт.

2. Белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу юридикалык жактарга сынактык негизде берилет.

3. Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугун берүү сынагына уюштуруу документтеринде алардын ишинин багыты аңчылык жана мергенчилик чарбасын жүргүзүү чөйрөсү жана алардын жетекчилеринин минимумунун "А" жана "Б" категориялары көрсөтүлгөн мамлекеттик мергенчилик ырастамалары бар экендигин ырастаган юридикалык жактар киргизилет.

4. Белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугун берүү сынагын өткөрүү атайын сынактык комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Атайын сынактык комиссияны түзүү, анын ишин камсыз кылуу, сынакты уюштуруу жана өткөрүү аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.

5. Атайын сынактык комиссия 7 адамдан кем эмес санда түзүлөт. Атайын сынактык комиссиянын курамына аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, илимий мекемелердин, аңчылыкты пайдалануучулардын ассоциациясынын жана өкмөттүк эмес экологиялык уюмдардын (ӨЭУ) өкүлдөрү кирет. Сынактык комиссиянын ишине ошондой эле тиешелүүлүгүнө жараша регионунда мергенчилик кылуучу жерлер жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү добуш берүү укугу менен тартылышы мүмкүн. Комиссиянын жеке курамын түзүү аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 3 жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат.

6. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сынак өткөрүлгөнгө чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында жана анын сайтында 7 жумадан кеч эмес жарыяланат.

7. Комиссиянын негизги курамынын 3/2 кем эмес мүчөлөрү болгондо гана сынак өткөрүлөт.

8. Талапкерлерди кароодо сынакка берилген документтердин пакеттеринин сапаты жана мазмуну, талапкерлердин билими жана алардын мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы, мергенчилик чарбасын башкарууга карата мамилеси эске алынат. Натыйжалуу иштөөчү болуп саналган, ошондой эле өзүнүн кызматкерлеринин штатында мергенчилик чарбасын жүргүзүү чөйрөсүндөгү квалификациялуу адистери бар юридикалык жактар мергенчилик чарба жүргүзүү укугун алууда кошумча артыкчылыктан пайдаланышат. Сынактын жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан сынактын жеңүүчүсү жана жеңүүчү баш тарткан учурга экинчи жак тандалды; сынактын жеңүүчүсү тандалган жок деген негизделген чечим чыгарылышы мүмкүн.

9. Талапкерлер берген документтерге баа берүү, алардын сүйлөгөн сөздөрүн угуу жана сынактык комиссиянын чечими протоколдоштурулат. Протоколдор аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 15 жыл бою сакталат.

10. Белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилгендиги үчүн аңчылыкты пайдалануучулардан акы алынбайт.

11. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жактарга (аңчылыкты пайдалануучуларга) мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлер тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана ушул мергенчилик кылуучу жерлердин курамына кирген аймактар карамагында же менчигинде турган башка органдарга кабарлайт.

12. Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө Келишимде келишимге келип жаткан тараптар жөнүндө, мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу аңчылыкты пайдалануучуга берилген мергенчилик кылуучу жерлер (чек араларынын сыпаттамасын, иштетилүүчү аймактын аянтын кошуп алганда) тууралуу толук маалыматтар, Келишимдин колдонуу мөөнөттөрү, келишимге келип жаткан тараптардын укуктары жана милдеттери, финансылык милдеттенмелери, колтамгалары камтылат.

13. Аңчылыкты пайдалануучу анын шарттарын сактаганда мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө Келишим аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аны колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин бир тараптуу тартипте жокко чыгарылышы мүмкүн эмес.

14. Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө Келишим төмөнкүдөй учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн:

1) мергенчилик жерлери башка мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынганда;

2) аңчылыкты пайдалануучуну мергенчилик чарба иштерин жүргүзүүчү юридикалык жак катары жоюлганда;

3) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча аңчылыкты пайдалануучу Келишимдин шарттарын аткарбаганда (анын ичинде мергенчилик жаныбарларын пайдалангандыгы үчүн төлөмдү өз убагында төлөбөгөндө - белгиленген мөөнөттөрдөн 6 айдан ашык кармаганда же аңчылыкты пайдалануучу тарабынан браконьердик фактыларына эки жолудан ашык жол берилгенде, же Келишим түзүлгөн датадан тартып биринчи жылдын ичинде мергенчилик кылуучу жерлердин иштетилүүчү аймактарын пландаштыруу жана уюштуруу боюнча жумуштар жана иш-чаралар болбогондо жана мергенчилик чарбалык иш-чараларын жүргүзүү пландарын аткарбаганда);

4) юридикалык жак (аңчылыкты пайдалануучу) мергенчилик чарба иштерин жүргүзүүдөн баш тартканда;

5) соттун чечими боюнча.

15. Эгерде болтурбоого болбой турган жагдайлардан (форс-мажордон) улам алар аткарылбай калса, аңчылыкты пайдалануучу Келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

16. Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө Келишимди бузууда көбөйтүүгө, кайтарууга, ыңгайлаштырууга жана башка иштердин түрлөрүнө жумшалган чыгымдардын орду мергенчиликти пайдалануучуга толтурулуп берилбейт.

17. Сынак өткөрүүнүн жана белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга (аңчылыкты пайдалануучуларга) берүүнүн тартиби, мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө Келишимдин типтүү формасы жана аны түзүүнүн жана жокко чыгаруунун, мергенчилик кылуу жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сынак өткөрүүгө жана Келишимди түзүүгө чыгымдарынын ордун толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

18. Аңчылыкты пайдалануучу мергенчилик кылуучу жерлердеги өз иштерин мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу аңчылыкты пайдалануучуга берилген мергенчилик кылуучу жерлердин курамына кирген (жер, суу, токой, айыл чарба, жайыт жана башка) аймактардын башка мүмкүн болгон пайдалануучулары жана менчик ээлери менен бир убакта жүзөгө ашырат.

Эгерде аңчылыкты пайдалануучунун иши мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу аңчылыкты пайдалануучуга берилген мергенчилик жерлердин курамына кирген (жер, суу, токой, айыл чарба, жайыт жана башка) аймактардын башка мүмкүн болгон пайдалануучуларынын жана менчик ээлеринин ишин жокко чыгарбаса жана чектебесе, анда көрсөтүлгөн аймак (жер, суу, токой, айыл чарба, жайыт жана башка) үчүн аңчылыкты пайдалануучудан акы алынбайт. Аңчылыкты пайдалануучу өз ишинде башка ресурстарды (жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринен тышкары) аларды тикелей багыты боюнча колдонбогон, башка адамдардын пайдаланышын жокко чыгарбаган жана чектебеген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын колдонгондугу үчүн гана акы төлөйт.

Башка пайдалануучулар жана ушул мергенчилик кылуучу жерлер курамына кирген аймактын (жер, суу, токой, айыл чарба, жайыт жана башка) менчик ээлери мергенчилик чарба иштерин жүзөгө ашырууга жана андагы аңчылык ресурстарын тескөөгө укугу жок.

12-берене. Аңчылык жаныбарларын пайдаланууга берүү

1. Аңчылык жаныбарларын жалпы пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын кандай болбосун жеткиликтүү аймактарында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жаратылыш чөйрөсүнөн алып койбостон, юридикалык жана жеке жактар тарабынан акысыз ишке ашырылат жана кандайдыр бир атайын уруксатты талап кылбайт.

2. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу укугу аңчылыкты пайдалануучуга төмөнкүдөй берилет: лимиттелбеген түрлөрү боюнча - кошумча уруксат документсиз, лимиттелген түрлөрү боюнча - аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аңчылыкты пайдалануучуга аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу уруксатын берүү жолу менен.

3. Аңчылыкты пайдалануучунун аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу укугу аңчылыкты пайдалануучунун ошол мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлерге гана жайылтылат.

4. Аңчылык жаныбарларынын лимиттелбеген айырмаланган түрлөрүн жаратылыш чөйрөсүнөн алып коюу (олжолоо) укугу аңчылыкты пайдалануучу тарабынан аңчыга белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде жаныбарларды олжолоого жолдомо берүү жолу менен өткөрүп берилет. Аңчылык жаныбарларынын лимиттелген айырмаланган түрлөрүн жаратылыш чөйрөсүнөн алып коюу (олжолоо) укугу аңчылыкты пайдалануучу тарабынан аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аңчыга берген аңчылык жаныбарларын атайын пайдаланууга уруксаттардын дубликаттарын берүү жолу менен өткөрүп берилет.

5. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу аңчылыкты пайдалануучулардын жана аңчылардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү Кыргыз Республикасында Аңчылыктын эрежелерин сактоосу менен жүзөгө ашырылат.

6. Аңчылык жаныбарларынын лимиттелген түрлөрүн атайын пайдаланууга уруксаттардын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жаныбарлардын лимиттелбеген түрлөрүн олжолоого жолдомолору - аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан белгиленет.

7. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөө "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Мыйзамга ылайык белгиленет жана алынат. Белгиленген төлөм аңчылык жаныбарларын атайын пайдаланууга уруксаат алууда толук көлөмдө төлөнөт жана кайра кайтарылууга жатпайт.

8. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу үчүн төлөмдүн суммасы төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

1) 25 пайызы - жаныбардын олжолонгон жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттерине;

2) 35 пайызы - аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аңчылык ресурстарынын мониторинги, кайтаруу жана көбөйтүү, чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүүгө, аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу, координациялоочу жана башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырууга;

3) 40 пайызы - жаратылыш ресурстарын пландарга ылайык сактоо жана көбөйтүү боюнча иштерди кошумча каржылоо максатында аңчылыкты пайдалануучуларга.

9. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу үчүн акы алуунун жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4-глава. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү пландаштыруу жана мониторинг

 

13-берене. Чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу

1. Мергенчилик чарбаларын уюштуруу жана аларды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоочу зоналарды белгилөө үчүн жерлерди аныктоо чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруунун максаты болуп саналат.

2. Чарбалар аралык аңчылыкты уюштурууну жүргүзүү аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзүлөрүнүн, ошондой эле тартылган адистердин жана адистештирилген уюмдардын күчү менен координацияланат жана жүзөгө ашырылат.

3. Чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруунун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) мергенчилик чарба иштерин жүзөгө ашыруу (мергенчилик чарбасын уюштуруу) үчүн арналган мергенчилик жерлеринин чек араларын аныктоо;

2) чарба иштеринин айрым түрлөрүн (айыл чарбалык жана башка) белгилүү бир мезгилдерде жүргүзүүгө тыюу салынган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарын белгилөө;

3) аңчылык жаныбарларын жана мергенчилик кылуучу жерлерди кайтаруунун жана пайдалануунун белгилүү бир режимин белгилөө;

4) мергенчилик чарбасын жүргүзүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилөө.

4. Аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалын чагылдырган мониторингдердин маалыматтары, картографиянын, илимий изилдөөлөрдүн жана адабий булактардын материалдары чарбалар аралык аңчылыкты уюштурууну жүргүзүү үчүн негизги баштапкы материалдар болуп кызмат кылат.

5. Чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу зарылчылыкка жараша жүргүзүлөт.

6. Чарбалар аралык мергенчиликти уюштуруунун алдын ала натыйжалары техникалык кеңешмелерде бардык кызыкдар жактардын катышуусунда этап боюнча талкууланат, аларды өткөрүү жөнүндө маалыматтар аларды өткөргөнгө чейин 10 күн мурда аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгаштырылат.

7. Негиздемени, чек аралардын сүрөттөлүшүн жана карта-схемаларды камтыган долбоорлор:

1) мергенчилик кылуучу жерлерди жайгаштыруу;

2) аларда айыл чарбалык жана башка иштерге тыюу салуу убактысын көрсөтүү менен жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарын жайгаштыруу чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруунун натыйжасы болуп саналат.

8. Мергенчилик кылуучу жерлердин курамына төмөнкүлөр кирбейт:

1) мамлекеттик коруктардын, корук зоналарынын, мамлекеттик улуттук жаратылыш парктарынын экологиялык турукташтыруу зоналарынын жана биосфералык аймактардын ядролук зоналарынын, зоологиялык коруктардын аймактары;

2) калктуу конуштардын аймактары жана шаарчадан 500 м жана райондук борборлордон, шаар тибиндеги шаарчалардан жана шаарлардан 2 км аралыктарда аларга жанаша жайгашкан аймактар;

3) өнөр жайлык, чарбалык, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, аскердик жана башка объекттердин аймактары жана аларга 500 м аралыкта жанаша жайгашкан аймактар;

4) калктын жалпы эс алуучу жайларынын, парктардын, дачалык участоктордун аймактары жана аларга 500 м аралыкта жанаша жайгашкан аймактар.

9. Мергенчилик кылуучу жерлердин участокторунун чек аралары төмөнкүдөй белгиленет:

1) кургак жерде - рельефтин мүнөздүү чекиттери, сызыктары (суу бөлгүчтөр) жана даана көрүнгөн, таанууга мүмкүн болгон башка багыттамалары боюнча белгиленген чек ара узундуктарын бүтүндөй бойлой кеткен жерлерде;

2) дарыяларда (өзөндөрдө) - алардын тең ортосу боюнча же дарыянын башкы айрыгынын ортосу боюнча;

3) көлмөлөрдө - аларга чыгуучу чек араларды бириктирген түз сызык боюнча, же көлмөлөрдүн жээктери боюнча.

10. Мергенчилик кылуучу жерлердин участокторунун чек аралары жана аянттары жапайы жаныбарлардын түрдүк курамын, белгилүү бир популяциялардын өлчөмдөрүн, алардын таралуу ареалын жана миграциялык жолдорун, рельефтин шарттарын, аймакты браконьердиктен кайтарууга алуунун жүзөгө ашырылуучулугун, мергенчилик кылуучу жерлердин бирдиктүү участокторунун аянттарынын белгиленген минималдык өлчөмдөрүн эске алуу менен белгиленет. Мүмкүнчүлүгүнө жараша аймактык администрациялык бирдиктердин чек аралары эске алынат.

11. Мергенчилик кылуучу жерлердин бүтүндөй участокторунун аянттарынын минималдык өлчөмү төмөнкүдөй белгиленет:

1) туяктуу жаныбарлардын жашоосу үчүн жарактуу жерлерде:

а) аркар-кулжа (Ovis ammon) - 70000 га дан кем эмес;

б) жапайы эчки-теке (Capra sibirica), марал (ак бугу) (Cervus elaphus), жейрен (Gazella subgutturosa) - 20000 га дан кем эмес;

в) доңуз (Sus scrofa) - 20000 га дан кем эмес;

г) элик (Capreolus pygargus) - 10000 га дан кем эмес;

2) териси баалуу жаныбарлардын жана канаттуулардын жашашы үчүн жарактуу жерлерде - 500 га дан кем эмес;

3) жапайы жаныбарлардын аралаш курамы жашашы үчүн жарактуу жерлерде мергенчилик кылуучу жерлердин аянтынын өлчөмү аянты боюнча кыйла көбүрөөк керектөөлөрү менен түрүнө жараша аныкталат.

12. Мергенчилик кылуучу жерлерди жайгаштыруунун схемасы аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет жана орчундуу географиялык жана администрациялык өзгөртүүлөрдүн учурларында гана кайра каралат .

13. Жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо үчүн зоналардын чек аралары жана аянттары, аларда айыл чарба иштеринин айрым түрлөрүнө (айыл чарбалык жана башка) тыюу салуу убактысы жапайы жаныбарлардын санына, табигый жерлеринин жайгашуусуна жана төлдөө убактысына, миграциялануу жолдоруна жана токтомо жерлерине, баштапкы (адаттагы) жашаган жана мезгилдүү топтолуу жерлерине жараша аныкталат.

14. Кыргыз Республикасында жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарынын оптималдуу суммалык аянттары жана аларда чарбалык иштердин айрым түрлөрүн чектөө мезгилдери төмөнкүдөй белгиленет:

1) төлдөө жерлеринде - майда жана июнда, кышкы оттоо жерлеринде майдан тартып сентябрды кошуп алганда жаныбарлардын кышкы топтолуу жерлеринде - күзгү-кышкы-жазгы мезгилде (октябрдан тартып мартты кошуп алганда), орун которуу жолдорунда - октябрда, ноябрда, мартта, апрелде чарбалык иштин айрым түрлөрүн чектөө менен 900000 га аркар-кулжа (Ovis ammon) үчүн жарактуу аймактарда;

2) күз-кыш-жаз мезгилдеринде (сентябрдан тартып майды кошуп алганда) чарбалык иштин айрым түрлөрүн чектөө менен 300000 га жапайы эчки-теке (Capra sibirica) үчүн жарактуу аймактарда;

3) куштар жапырт түрдө учуп өтүү мезгилинде чарбалык иштин айрым түрлөрүн чектөө менен 300000 га келгин куштар үчүн жарактуу аймактарда;

4) жапайы жаныбарлардын башка түрлөрү үчүн жарактуу аймактарда аянттар жана аларда чарбалык иштин айрым түрлөрүн чектөө мезгили - актуалдуу илимий маалыматтарга жараша болот.

15. Жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарынын схемасы жана аларда чарбалык иштин айрым түрлөрүн (айыл чарбалык жана башка) чектөө режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана мамлекеттик мониторингдин жана илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында башка маалыматтар алынган учурда гана өзгөртүлүшү мүмкүн.

16. Жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарынын жана мергенчилик кылуучу жерлерди жайгаштыруунун схемалары жөнүндө маалыматтарды аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү аймактардын жер ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдарына чейин жеткирет жана өзүнүн сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырат.

17. Чарбалар аралык аңчылыкты уюштурууну жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат, чарбалар аралык аңчылыкты уюштурууну жүргүзүү боюнча колдонмо (усулдук көрсөтмөлөр) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

14-берене. Мергенчилик чарба пландары

1. Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү аңчылык жаныбарларын туруктуу пайдаланууга негизденет жана мергенчилик чарба пландарынын негизинде гана жүзөгө ашырылат.

2. Мергенчилик чарба пландары төмөнкүлөрдөн турат:

1) мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планынан;

2) мергенчилик чарба иш-чараларын жүргүзүүнүн ар жылдык пландарынан.

3. Мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планы мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө Келишимди колдонуу мезгилине түзүлөт жана ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) аңчылыкты пайдалануучуга мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлер жана аңчылык ресурстары жөнүндө негизги маалыматтарды;

2) аңчылык ресурстарынын түрдүк курамын, санын жана абалын, мергенчилик чарбасын өнүктүрүүнүн дараметин жана максаттарын баалоону;

3) аңчылык жаныбарларын жана алардын жашаган жерин сактоо, аңчылык жаныбарларынын негизги түрлөрүнүн популяцияларынын мониторингин, аңчылыкты жүзөгө ашыруу маселелерин камтыган негизги аракеттердин планын;

4) өзгөчө маанилүү мергенчилик чарба зоналарынын - мергенчилик лагерлеринин, көбөйтүү участокторунун жайгашкан жерлеринин жайгашуу схемасын.

4. Мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планы аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү мергенчилик чарбасын уюштуруу жана өнүктүрүү долбоору болуп саналат. Мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планы ички чарбалык аңчылыкты уюштуруу маалыматтарынын негизинде иштелип чыгат.

5. Ички чарбалык аңчылыкты уюштурууну жүргүзүү жана мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планын түзүү аңчылыкты пайдалануучу тарабынан өзүнүн каражаттарынын эсебинен өз алдынча же болбосо аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдөрүн, башка адистештирилген уюмдарды жана айрым адистерди тартуу менен мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө Келишим түзүлгөн күндөн тартып бир жылдын ичинде жүзөгө ашырылат.

6. Мергенчилик чарба иш-чараларын жүргүзүүнүн ар жылдык планы алардын сапатын жана саны эске алуу менен жумуштардын түрлөрү боюнча календардык планды камтыйт.

7. Мергенчилик чарба иш-чараларын жүргүзүүнүн ар жылдык пландары мергенчилик иштерди жүргүзүү жөнүндө келишим түзүлгөндөн кийин бир айлык мөөнөттө - учурдагы жылга жана учурдагы жылдын 31-декабрына чейин - аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келерки жылга макулдашуу боюнча аңчылыкты пайдалануучу тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

8. Мергенчилик чарба иш-чараларынын ар жылдык пландарын иштеп чыгуу аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат жана мергенчиликти пайдалануучулардын өз кызматкерлеринин, ошондой эле тартылган адистердин жана адистештирилген уюмдардын күчү менен жүзөгө ашырылат.

9. Мергенчилик чарба пландары чарбалар аралык жана ички чарбалык аңчылыкты уюштуруунун, жапайы жаныбарлардын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн мониторингинин, илимий изилдөөлөрдүн, жеткиликтүү картографиялык материалдардын маалыматтарынын жана башка маалыматтардын негизинде түзүлөт.

10. Ички чарбалык аңчылыкты уюштурууну жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат, ички чарбалык аңчылыкты жүргүзүү боюнча колдонмо (усулдук көрсөтмөлөр) жана мергенчилик чарба пландарын иштеп чыгуу аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

11. Аңчылыкты пайдалануучуда мергенчилик чарба пландары болбогондо, ага жапайы жаныбарларды атайын пайдаланууга тыюу салынат.

15-берене. Аңчылык жаныбарларынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн мониторинги

1. Аңчылык жаныбарларынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн мониторинги курчап турган чөйрөнүн мамлекеттик мониторингинин тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат, аңчылык жаныбарларын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, аңчылыкты жүзөгө ашыруу жана мергенчилик чарба ишин жүргүзүү чөйрөсүн мамлекеттик башкаруу максатында жүргүзүлөт.

2. Аңчылык жаныбарларынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн мониторинги аракеттердин төмөнкүдөй этаптарынан турат:

1) байкоо (көз салуу) жана аңчылык жаныбарлары жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалы жөнүндө маалыматтарды алуу;

2) аңчылык жаныбарлары жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалынын кырдаалын талдоо, баалоо жана божомолдоо.

3. Мониторинг аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын субъекттери, аңчылыкты пайдалануучулар, илимий уюмдар жана мекемелер, көз карандысыз эксперттер жана коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аңчылык жаныбарларынын мамлекеттик мониторингин - лимиттенүүчү түрлөр боюнча 5 жылда бир жолудан кем эмес уюштурат жана мезгил-мезгили менен жүзөгө ашырат. Мамлекеттик мониторингдин маалыматтары аңчылык жаныбарларын олжолоонун лимиттерин белгилөөдө пайдаланылат.

5. Аңчылыкты пайдалануучу аңчылык жаныбарларынын негизги түрлөрү боюнча жылына бир жолудан кем эмес өндүрүштүк мониторинг жүргүзүүнү өз каражаттарынын эсебинен уюштурат жана жүзөгө ашырат. Өндүрүштүк мониторингдин маалыматтары аңчылык жаныбарларын олжолоонун лимиттерин айрым бир мергенчилик кылуучу жерлердин деңгээлинде белгилөөдө пайдаланылат. Өндүрүштүк мониторингдин маалыматтары аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын аймактык түзүмдүк бөлүктөрү аркылуу берилет. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аңчылыкты пайдалануучулардын карамагында турган аңчылык кылуучу жерлердин аймактарындагы аңчылык жаныбарларынын санын текшерүү эсебин кошумча жүзөгө ашырууга укуктуу.

6. Пландаштырылган мамлекеттик мониторинг жөнүндө маалыматтар, мамлекеттик жана өндүрүштүк мониторингдердин натыйжалары коомчулукка жеткиликтүү болуп саналат жана аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгаштырылат.

7. Аңчылык жаныбарларынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн мониторингинин натыйжалары боюнча маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти мониторингди жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар тартышат.

8. Аңчылык жаныбарларынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн мониторингин жүзөгө ашыруу боюнча усулдук нускама илимий органдар менен макулдашуу боюнча аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

16-берене. Аңчылык жаныбарларынын кадастры

1. Аңчылык жаныбарларынын кадастры популяциялардын таралуу ареалдары, алардын саны жана түзүмү, жашаган жерлеринин абалы, аңчылык алкагындагы олжолоо, аларды мыйзамсыз олжолоо фактылар боюнча, жаратылыш чөйрөсүнөн алынган колдо багылган алгыр жырткыч куштар (шумкар сымалдар) жана башка аңчылык жаныбарлары боюнча мониторингдин маалыматтарын жана аңчылык жаныбарлары боюнча башка маалыматтарды камтыйт.

2. Аңчылык жаныбарларынын кадастры алардын абалын жана көбөйүү жөндөмдүүлүктөрүн баалоо жана божомолдоо, аларды туруктуу пайдаланууну координациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, мергенчилик чарба иштерин өнүктүрүүнүн келечектүүлүгүн аныктоо максатында жүргүзүлөт.

3. Аңчылык жаныбарларынын кадастры жаныбарлар дүйнөсүнүн абалын жана мүнөздөмөсүн белгилүү бир экономикалык наркы бар жаратылыш ресурсу катары баалоо үчүн маалыматтын негизги расмий булагы катары кызмат кылат.

4. Аңчылык жаныбарларынын кадастрын аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

5. Аңчылыкты пайдалануучулар жана башка адамдар аңчылык жаныбарларынын кадастрына киргизүү үчүн аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кадастрдык маалыматтарды берет.

6. Аңчылык жаныбарларынын кадастрын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

7. Аңчылык жаныбарларынын кадастрын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасы үчүн бирдиктүү болгон жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин, суу объекттеринин, токой жана жер ресурстарынын мамлекеттик кадастрын жүргүзүү тутумуна кирет.

5-глава. Аңчылык жаныбарларын сактоо жана көбөйтүү

 

17-берене. Аңчылык жаныбарларын көбөйтүү

1. Аңчылык ресурстарын сактоо, аңчылык жаныбарларынын санын кармап туруу жана көбөйтүү максатында аларды табигый көбөйтүү үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүлөт: жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналары белгиленет, көбөйтүү участоктору бөлүнөт, биотехникалык иш-чаралар жүргүзүлөт.

2. Жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарын белгилөө көбөйтүү участокторун бөлүү чарбалар аралык жана ички чарбалык аңчылыкты уюштурууда эске алынат; зарыл болгондо ушул Мыйзамдын 13 жана 21-беренелерине ылайык аларга айыл чарбалык иштин айрым түрлөрүнө (айыл чарбалык жана башка) чектөөлөр белгиленет жана аңчылыкты жүзөгө ашыруу чектелет.

18-берене. Биотехникалык иш-чаралар

1. Мергенчилик чарба пландарын иштеп чыгууда биотехникалык иш-чараларды жүргүзүүнүн зарылдыгы эске алынат. Мергенчилик чарба пландарында пландаштырылуучу биотехникалык иш-чаралардын тизмектери (аталыштары, саны/көлөмдөрү жана башка параметрлерди көрсөтүү менен) камтылган бөлүмдөр каралат.

2. Төмөнкү белгилүү бир иш-чаралар биотехникалык кирет:

1) жерлердин тоюттук, коргоочулук жана уяга жарактуулук касиеттерин жакшыртуу үчүн жерлердин сапатын жогорулатуу жолу менен аңчылык жаныбарларынын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча;

2) аңчылык жаныбарларынын жашоо шарттарын убактылуу жакшыртуу боюнча;

3) катастрофалык кырдаалдарда жаныбарларды куткаруу боюнча;

4) аңчылык жаныбарларынын популяцияларын жакшыртуу жана эпизоотияларынын алдын алуу үчүн пайдаланылуучу ветеринардык-профилактикалык;

5) аңчылык жаныбарларын кайра аклиматташтыруу боюнча;

6) кийин аларды жерлерге кое берүү үчүн аңчылык жаныбарларын жасалма көбөйтүү боюнча;

7) аңчылык жаныбарларынын популяцияларынын сандык жана сапаттык курамын оптималдаштыруу боюнча.

3. Биотехникалык иш-чараларды керектөөлөргө жана жергиликтүү шарттарга жараша жүргүзүү мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу өздөрүнө берилген мергенчилик кылуучу жерлерде аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан камсыз кылынат.

4. Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу кимдир-бирөөлөргө берилбеген мергенчилик кылуучу жерлерде биотехникалык иш-чаралар зарыл болгондо аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү) тарабынан жүргүзүлөт.

19-берене. Аңчылык питомниктери, аңчылык жаныбарларын кайра аклиматташтыруу жана гибриддештирүү

1. Аңчылык жана көбөйтүү, сатуу жана башка максаттар үчүн пайдалануу жана аңчылык жаныбарларын кайра аклиматташтыруу үчүн андан ары мергенчилик кылуучу жерлерине чыгаруу менен аңчылык жаныбарларын жарым-жартылай эркин шарттарда же жасалма түзүлгөн чөйрөдө (колдо) багуу (көбөйтүү, өстүрүү) милдеттүү экологиялык экспертизага жаткан долбоорлордун негизинде жүзөгө ашырылып, алардын бир нускасы аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.

2. Жаратылыш чөйрөсүнөн алынган жана колдо багылган же ушул максат үчүн сатып алынган аңчылык жаныбарлары жана аларды багуучу юридикалык жана жеке жактар (күтүүчүлөр) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (анын аймактык түзүмдүк бөлүмүндө) каттоого жатат. Күтүүчүлөр сатып алгандан же жаныбарларды жаратылыш чөйрөсүнөн алгандан кийин 10 күндөн кечиктирбестен багуудагы жаныбарларга идентификациялык карталарды (паспортторду) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (анын аймактык түзүмдүк бөлүмүндө) жол-жоболоштурат.

3. Ар кайсы түрлөргө же түрчөлөргө таандык болгон аңчылык жаныбарларын гибриддештирүүгө (аргындаштырууга), ошондой эле аргындаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө жол берилбейт.

4. Аңчылык жаныбарларын жарым-жартылай эркин шарттарда же жасалма түзүлгөн чөйрөдө (колдо) багуу (көбөйтүү, өстүрүү) жана жаныбарларды кайра аклиматташтыруу илимий негизделген сунуштамаларды, аңчылык жаныбарларынын популяцияларына, экотутумдардын биологиялык ар түрдүүлүгүнө жана абалына карата күтүлгөн жана мүмкүн болуучу таасирлерди талдоону эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

5. Аңчылык жаныбарларынын чоочун түрлөрүн жана түрчөлөрүн интродукциялоого тыюу салынат.

20-берене. Айыл чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү табийгый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо аңчылык жаныбарларын сактап калуу жана алардын өлүмүн болтурбоо

1. Аңчылык жаныбарларынын абалына жана алардын жашоо шарттарына таасир көрсөтүүчү же көрсөтө алуучу айыл чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда аңчылык жаныбарларын жана алардын жашоо чөйрөсүн, жаныбарларды көбөйтүү шарттарын жана миграция болуу жолдорун сактоо, аңчылык жаныбарларынын ылаңдарын жана өлүмүн болтурбоо боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.

2. Жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү табийгый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо аңчылыкты пайдалануучулар жана башка кызыкдар адамдар тарабынан аңчылык жаныбарларын куткаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.

21-берене. Аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо жана мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү максатында жер ээлеринин, жерди пайдалануучулардын жана башка жаратылыштык ресурстарды пайдалануучулардын укуктарын чектөө

1. Аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо максатында жер ээлеринин, жерди пайдалануучулардын жана башка жаратылыштык ресурстарды пайдалануучулардын айыл чарба жана башка иштерди (анын ичинде мал жаюуну жана чөп чабууну) жүзөгө ашырууга укугу төмөнкүдөй толук же жарым-жартылай чектелет:

1) чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруунун алкагында белгиленүүчү жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарында;

2) мергенчилик чарбаны пландаштыруунун алкагында белгиленүүчү өзгөчө мергенчилик чарба маанисиндеги (көбөйтүү участоктору, мергенчилик лагерлери жайгаштырылган жерлер) зоналарда.

2. Ушул аймактарда жер ээлеринин, жер пайдалануучулардын жана башка жаратылыштык ресурстарды пайдалануучулардын айыл чарбалык жана башка иштерди жүзөгө ашырууга укуктарын чектөө жер ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан тийиштүү аймактардагы жерди пайдалануучулардын милдеттенмелерине киргизилет.

6-глава. Аңчылыкты жүзөгө ашыруунун жана мергенчилик чарба ишин жүргүзүүнүн эрежелери, чектөөлөрү, ченемдештирүүлөрү

 

22-берене. Аңчылык

1. Кыргыз Республикасында аңчылык аңчы статусуна ээ болгон жеке жактар же мергенчиге теңдештирилген жактар тарабынан ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Атылуучу, пневматикалык жана ыргытуучу курал, алгыр жырткыч куштар, капкандар жана аңчылыктын башка шаймандары же болбосо аңчылыктын продукциясы менен мергенчилик кылуучу жерлердин курамына кирбеген мергенчилик кылуучу жерлеринде жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын участокторунда (зоналарында) болуу аңчылыкка теңдештирилет.

3. Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу кимдир-бирөөлөргө берилбеген мергенчилик кылуучу жерлерде аңчылык жаныбарларына аңчылыкка жол берилбейт.

23-берене. Аңчылык эрежелери

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, төмөнкүлөрдү белгилөөчү Кыргыз Республикасындагы Аңчылык эрежелери аңчылыкты жүзөгө ашыруу үчүн негиз болуп саналат:

1) аңчылыктын мөөнөттөрү, ыкмалары жана куралдары;

2) аңчылык ресурстарын олжолоонун ченемдери жана лимиттери;

3) бүтүндөй аңчылыкка жана жаныбарлардын белгилүү бир түрлөрүнө карата талаптар;

4) алгыр жырткыч куштар жана аңчылык иттери менен аңчылыкка карата талаптар;

5) коопсуздук техникасынын негизги талаптары.

2. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында аңчылыкты жүзөгө ашырууда аңчылар төмөнкүлөрдү алып жүрүүгө тийиш:

1) мамлекеттик мергенчилик ырастаманы;

2) көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык мергенчилик куралына кирбеген аңчылык куралдарын колдонуу менен аңчылыкты жүзөгө ашыруу учурларын кошпогондо, "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте берилген мергенчилик куралын сактоого жана алып жүрүүгө уруксатты;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленүүчү аңчылык укугуна мамлекеттик алымдын аңчы тарабынан учурдагы жылда төлөнгөндүгү тууралуу документти;

4) алгыр жырткыч куш менен аңчылык учурларында - аңчылыкты жүзөгө ашырууда пайдаланылуучу алгыр жырткыч кушка идентификациялык картаны (паспортту);

5) аймагында аңчылык кылуу жүзөгө ашырыла турган аңчылыкты пайдалануучу тарабынан аңчыга берилген аңчылык укугуна уруксат документти:

а) лимиттелбеген түрлөрү боюнча - жаныбарларды олжолоого жолдомону;

б) лимиттелген түрлөрү боюнча - аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аңчылыкты пайдалануучуга берилген аңчылык жаныбарларын атайын пайдаланууга уруксаттын дубликатын.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында каралган талаптар Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн, аңчылыкты пайдалануучулар же Кыргыз Республикасында же башка өлкөлөрдө алардын кызыкчылыктарын келишимдик негизде билдирүүчү үчүнчү жактар менен түзүлгөн келишимдер боюнча аңчылыкты жүзөгө ашырууга талапкер болгон аңчыларга теңдештирилген чет өлкөлүк жарандарга жайылтылбайт.

4. Кыргыз Республикасында аңчылыкты жүзөгө ашыруучу, мергенчилерге теңдештирилген чет өлкөлүк жарандар өздөрүнүн мергенчилик куралын алып кирүүгө жана алып чыгууга Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын уруксатын, аңчылыкта пайдаланылуучу алгыр жырткыч куштарды алып кирүүгө жана алып чыгууга аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын алып жүрүүгө милдеттүү.

5. Кыргыз Республикасынын аңчылары жана Кыргыз Республикасында аңчылыкты жүзөгө ашыруучу, аңчыларга теңдештирилген чет өлкөлүк жарандар аңчылыкты пайдалануучулар менен түзгөн келишим боюнча аңчыдада найынын каналынын тиешелүү тибиндеги аңчылык куралдарды сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу укугуна Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын уруксаттары, ал эми чет өлкөлүк жаранда (аңчыда) өз өлкөсүнүн уруксаттары болгондо, ушул аңчылык куралы бекитилип берилген адамдын катышуусунда аңчылыкты пайдалануучунун аңчылык куралын аңчылык үчүн убактылуу пайдаланууга укуктуу.

6. Кыргыз Республикасында аңчылык максатында аскердик куралды, 3-номерден жогорку өлчөмдөгү капкандарды, жарык берүүчү приборлорду, жарылма заттарды, ууларды, клейлерди жана орлорду пайдаланууга тыюу салынат. Тик учактардан, автомототранспорт каражаттарынан жана авточаналардан аңчылык кылууга тыюу салынат.

Чек ара тилкесинде, ошондой эле анын сырткы чегинен 500 метр аралыкта, Мамлекеттик чек ара сызыгынан чек ара тилкесинин туурасы 50-100 метрди түзгөн жерлерде аң уулоого тыюу салынат.

7. Кыргыз Республикасында аңчылык эрежелери аңчылыкты (жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдаланууну) жана мергенчилик чарба иштерин жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу бардык жактар тарабынан сактоо үчүн милдеттүү.

(КР 2017-жылдын 21-февралындагы № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

24-берене. Алгыр жырткыч куштарды багуунун эрежелери

1. Аңчылыктын салттуу улуттук түрлөрүн сактоо жана колдоо үчүн аларды алгыр куш катары пайдалануу максатында жырткыч куштарды багууга жол берилет.

2. Алгыр жырткыч куштар ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жаратылыш чөйрөсүнөн алынат же катталган питомниктердин ээлеринен же башка мыйзамдуу ээлеринен сатылып алынат.

3. Алгыр жырткыч кушту күтүүчү жырткыч куштарды багуу, аны менен алектенүү жана аларды аңчылыкта пайдалануу боюнча билими жана көндүмдөрү бар экендигин ырастаган "А" категориясын жана кошумча "Л" категориясын көрсөтүү менен мамлекеттик мергенчилик ырастамасына ээ болууга милдеттүү.

4. Алгыр жырткыч куштарды күтүүчү Кыргыз Республикасындагы Аңчылык эрежелерине ылайык аларды колдо багуунун талаптагыдай шарттарын түзүүгө жана ветеринардык контролду камсыз кылууга милдеттүү.

5. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү) колдо багууга кармап алынган, сатып алынган жана бастырып чыгарылган алгыр жырткыч куштарга идентификациялык карталарды (паспортторду) жол-жоболоштурат.

6. Алгыр жырткыч куш өлгөн учурда ветеринардык көзөмөл органынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен акт түзүлөт. Аңчылык убагында алгыр жырткыч куш жоголуп кеткенде, анын ээси ошондой эле тиешелүү акт түзөт. Алгыр жырткыч куштун өлүшү жана жоголушу жөнүндө актылар аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү) тарабынан катталат.

7. Белгиленген тартипте жол-жоболоштурулбаган алгыр жырткыч куштар мыйзамсыз олжолонгон жана сатып алынган деп эсептелет.

8. CITES Конвенциясынын колдонулушуна туура келбеген жана туура келген алгыр жырткыч куштарды аңчылык кылуу, көргөзмөлөргө, мелдештерге же башка иш-чараларга катышуу максатында Кыргыз Республикасынын чегине алып келүү/чегинен тышкары алып чыгуу, ошондой эле аларды транзиттик ташуу CITES Конвенциясынын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алгыр жырткыч куштарды күтүүчүлөрдүн арыздары боюнча берилүүчү маалымкаттардын негизинде жүзөгө ашырылат. Алгыр жырткыч куштарды ташууда алардын идентификациялык карталарынын (паспортторунун) же башка өлкөлөрдүн тиешелүү документтеринин болушу талап кылынат.

9. Алгыр жырткыч куштарды күтүүчү аларды күтүүнүн шарттарын текшерүү максатында аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүн киргизүүгө милдеттүү. Текшерүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгү жылына бир жолудан көп болбогондой жүзөгө ашырылууга тийиш. Аларды күтүүнүн шарттары талаптагыдай болбогон учурда, күтүүчүгө кемчиликтерди жапа тартип бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйрук чыгарылат, ал аны көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш. Жазма буйрукту көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарбаганда алгыр жырткыч куш аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү) тарабынан алынып коюлушу мүмкүн.

10. Шакекче менен белгиленген өлүп калган алгыр жырткыч куштар табылган учурда, алар аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (анын аймактык түзүмдүк бөлүмүнө) тапшырылат.

25-берене. Мергенчилик чарба ишин жүргүзүүнүн эрежелери

1. Мергенчилик чарба иши төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

1) мергенчилик чарбалык пландаштырууну;

2) өндүрүштүк мониторингди;

3) аңчылык ресурстарын сактоого жана аларды көбөйтүүгө көмөк көрсөтүүнү;

4) өндүрүштүк мергенчилик контролду уюштурууну жана жүзөгө ашырууну;

5) аңчылык ресурстарын пайдаланууну уюштурууну;

6) документацияларды жана отчеттуулукту жүргүзүүнү.

2. Аңчылыкты пайдалануучуда төмөнкүлөр болууга тийиш:

1) мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө Келишим тиркемелери менен;

2) мергенчилик чарба иш-чараларын өткөрүүнүн ар жылдык пландары;

3) аңчылыкты пайдалануучунун жетекчисинде же мергенчилик чарбасы үчүн жооптуу адамда жана өндүрүштүк мергенчилик контролду жүзөгө ашыруучу адамдарда "А" жана "Б" категориялары белгиси менен мамлекеттик мергенчилик ырастама;

4) мергенчилик чарбасынын ички тартип эрежелери.

3. Аңчылык ресурстарын сактоо, көбөйтүү жана туруктуу пайдалануу максатында аңчылыкты пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аңчылыкты пайдалануучунун карамагында болгон мергенчилик кылуучу жерлердин аймагында жарандардын болуусун жөнгө салуучу мергенчилик чарбасынын ички тартип эрежелерин белгилейт. Мергенчилик чарбасынын ички тартип эрежелери аңчылыкты пайдалануучунун буйругу менен жол-жоболоштурулат жана кандай болбосун кызыкдар адамдар үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.

4. Ички тартип эрежелери төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) егерлердин фамилияларын жана алардын участокторун көрсөтүү менен аңчылык участокторунун, аңчылык жаныбарларынын түрлөрүн сактоо зоналарынын, көбөйтүү участокторунун чек араларын сүрөттөп жазуу менен мергенчилик кылуучу жерлердин аймагын уюштуруу жөнүндө маалыматты;

2) мергенчилик жерлерге баруу жана аңчылыкты жүзөгө ашыруу эрежелерин;

3) аңчылыктын уруксат берилген объекттеринин тизмегин жана көрсөтүлүүчү кызматтарга баалардын прейскурантын;

4) өндүрүштүк мергенчилик контролун жүзөгө ашыруучу кызматкерлердин тизмегин;

5) башка зарыл маалыматтарды.

5. Аңчылыкты пайдалануучу жыл сайын аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына (же анын аймактык түзүмдүк бөлүмүнө) төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган отчетту берет:

1) мергенчилик чарбасында жашаган аңчылык жаныбарларынын жана Кызыл китепке киргизилген башка жапайы жаныбарлардын негизги түрлөрү боюнча санына эсеп жүргүзүүнүн натыйжаларын;

2) мергенчилик чарбаларына (аңчылык участокторго) аңчылардын келүүсү жана жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу жана олжолоо укугуна уруксат документтеринин чыгымдалышы жөнүндө маалыматты;

3) аңчылык ресурстарын (жаныбарлардын түрлөрү боюнча) иш жүзүндө пайдалануу (олжолоо) жөнүндө маалыматты;

4) өткөрүлгөн коргоо жана биотехникалык иш-чаралар жөнүндө маалыматты.

6. Отчет талап кылынган мөөнөттө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган жана аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген отчеттуулуктун формалары боюнча берилет.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-берене. Аңчылык жаныбарларын олжолоо ченемдери жана лимиттери

1. Аңчылык жаныбарларын туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында аларды олжолоо ченемдери жана лимиттери белгиленет. Мониторингдин маалыматтары, башка булактардын маалыматтары, илимий мекемелердин негиздемеси (макулдашуусу) аларды белгилөөнүн негизи болуп саналат.

2. Аңчылык жаныбарларынын популяцияларынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн алардын түрлөрү эки топко бөлүнөт:

1) лимиттелбеген түрлөр - бул саны көп, көбөйүүсү жогору түрлөр, алардын бирдигин алуу популяциянын санынын мониторинги менен белгиленгенден жаныбарларды мүмкүн болгон олжолоонун эң көп жол берилген үлүшү (лимити) түрүндөгү так чектөөлөрдү талап кылбайт. Мында аңчылык мезгилин аныктоо, аңчылык жаныбарларын олжолоого жолдомолордун санын чектөө, бир жолдомо үчүн чыгуу жана чыгууда олжолонуучу саны жана (же) башка белгилүү бир мезгил түрүндөгү олжолоо ченемдери (чектөөлөр) белгиленет;

2) лимиттелген түрлөр - бул алардын бирдигин алуу сандык мониторинги жана популяциялардын абалы тарабынан белгиленгенге негизденүү менен жаныбарларды олжолоонун мүмкүн болгон бирдигинин (лимитинин) чектүү санын белгилөөнү талап кылган аңчылык жаныбарларынын белгилүү түрлөрү.

3. Лимиттелген түрлөр эки топко бөлүнөт:

1) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына же болбосо айрым бир мергенчилик кылуучу жерлердин деңгээлинде алар боюнча лимиттер белгиленүүчү түрлөр - бул айрым бир мергенчилик кылуучу жерлердин аймагына караганда бир кыйла чоң аймактар боюнча үзгүлтүксүз жер которуп жүрүүчү түрлөр. Бул түрлөр бир же бир нече мамлекеттердин чек араларын үзгүлтүксүз кесип өтүүчү жапайы жаныбарлардын миграция боло турган түрлөрүн сактоо боюнча Конвенциянын II тиркемесинде (Бонн Конвенциясы) саналган миграциялануучу түрлөрүн да камтыйт;

2) айрым бир мергенчилик кылуучу жерлердин алар боюнча деңгээлинде лимиттер белгиленүүчү түрлөр - бул айрым бир мергенчилик жерлердин же комплекстүү бир нече мергенчилик кылуучу жерлердин чектеринде популяцияларын башкарууга мүмкүн болгон түрлөр.

4. Аңчылык жаныбарларын олжолоонун лимиттери учурдагы жылдын 15-январынан кечиктирилбеген мөөнөттө белгиленет:

1) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына лимиттер - акыркы өткөрүлгөн мамлекеттик мониторингдин жана башка негизделген булактардын маалыматтарынын негизинде;

2) айрым бир мергенчилик кылуучу жерлердин деңгээлиндеги лимиттер - акыркы өткөрүлгөн мамлекеттик мониторингдин жана текшерме эсепке алуулардын маалыматтарын эске алуу менен аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан өткөн жылы өткөрүлгөн мониторингдин маалыматтарынын негизинде.

5. Аңчылыкты пайдалануучу лимитти өзүнүн карамагында турган айрым мергенчилик кылуучу жерлердин деңгээлинде бөлүп-бөлүп же болбосо толук көлөмдө пайдалана алат. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдаланууга уруксаттарды берүү жаратылышты пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн толук көлөмдө төлөнүшүнө жараша жүзөгө ашырылат, ал кайтарылып берүүгө жатпайт. Жалпы республикалык лимиттин чоңдугу айрым мергенчилик кылуучу жерлерге белгиленген лимиттердин суммасына караганда төмөн белгиленген учурда, уруксаттарды берүү жалпы республикалык лимит бүткөнгө чейин жүзөгө ашырылат.

6. Аңчылык жаныбарларын олжолоонун лимиттери атайын уруксат берүүчү комиссия тарабынан аныкталат, аны түзүү жана иши аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан камсыз кылынат. Атайын уруксат берүүчү комиссиянын курамына аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эки өкүлү, илимий мекемелерден, аңчылыкты пайдалануучулардын ассоциациясынан, өкмөттүк эмес экологиялык уюмдардан бирден өкүл кирет. Комиссиянын жеке курамы аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 3 жылдык мөөнөткө белгиленет. Аңчылык жаныбарларын олжолоо лимиттерин аныктоо жөнүндө комиссиянын чечими аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу түрүндө жол-жоболоштурулат.

7. Аларга карата жол берилген олжолоо лимиттери жана ченемдери белгиленген аңчылык жаныбарларынын түрлөрүнүн тизмеги, өлчөмдөрү жана лимиттерди жана ченемдерди пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасындагы Аңчылык эрежелеринде көрсөтүлөт.

27-берене. Аңчылыктын продукциясына менчик ээси болуу укугу

1. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу жана аңчылыкты (аңчылык жаныбарларын олжолоону) жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон аңчылыкты пайдалануучулар жана аңчылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте олжолонгон аңчылык продукциясынын менчик ээси болуу укугуна ээ.

2. Жаратылыш чөйрөсүнөн белгиленген тартипте алынган аңчылык жаныбарлары, алардан алынган продукция, ошондой эле колдо жана жарым-жартылай колдо багуунун негизинде өстүрүлгөн аңчылык жаныбарлары жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана менчиктин башка формаларында болушу мүмкүн.

28-берене. Аңчылык жаныбарларын олжолоонун эсебин алуу

1. Аңчылыкты пайдалануучулар өздөрүнө мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлерде жаныбардын түрүн, олжолонгон жерин жана датасын, жаныбардын болжолдуу жашын жана эркек-ургаачы экендигин, аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленүүчү башка параметрлерин көрсөтүү менен аңчылык жаныбарларын олжолоонун эсебин алууну жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Аңчылык жаныбарларын олжолоонун эсебин алуунун маалыматтары аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген тартипте берилет, аңчылык жаныбарларынын мониторингинин алкагында сакталат жана талдоого алынат.

3. Олжолонгон туяктуу жаныбарлар мергенчилик кылуучу жеринде аңчылыкты пайдалануучунун өкүлү же аңчы тарабынан пломбалар (биркалар, микрочиптер, эн тамгалар) менен маркирленет.

4. Жаратылыш чөйрөсүнөн алынган жана (же) колдо бастырылып чыгарылган алгыр жырткыч куштар аңчылыкты пайдалануучунун өкүлү же кармоочу тарабынан алардын эсебинен түшпөс шакекчелер же болбосо микрочиптер менен белгиленүүгө тийиш. Кармалган алгыр кушту күтүүчү куштагы шакекчени жана (же) микрочипти мөөнөтсүз калтырууга милдеттүү.

5. Пломбалар (биркалар, шакекчелер, микрочиптер, эн тамгалар) катуу отчеттуулуктагы, эсепке алуу сериясы жана номери бар бирдиктүү мамлекеттик үлгүнүн предметтери болуп саналат, аларды берүү аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык түзүмдүк бөлүмү) тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Пломбалар (биркалар, шакекчелер, микрочиптер, эн тамгалар) менен маркирлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасындагы Аңчылык эрежелери менен жөнгө салынат.

7-глава. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү контроль жана көзөмөл

 

29-берене. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү контролдун жана көзөмөлдүн максаты жана түрлөрү

1. Аңчылык ресурстарын сактоо, аларды көбөйтүү жана рационалдуу пайдалануу, аңчылыкты жүзөгө ашыруу жана мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген талаптардын сакталышын камсыз кылуу аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү контролдун жана көзөмөлдүн (мындан ары - мергенчилик контроль жана көзөмөл) максаты болуп саналат.

2. Мамлекеттик органдар, чарбакер субъекттер, башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышын текшерүү, мыйзам бузуу (браконьердик) фактыларына жол берген адамдарды табуу, администрациялык жаза чарасын салууну жана доо суммаларын коюуну эске алуу менен аларды белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу мергенчилик контролдун жана көзөмөлдүн негизи болуп саналат.

3. Мамлекеттик мергенчилик контроль жана көзөмөл, өндүрүштүк мергенчилик контроль, коомдук мергенчилик контроль ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Мамлекеттик мергенчилик контроль жана көзөмөл аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (алардын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү) тарабынан белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик мергенчилик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын тизмеги аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.

5. Өндүрүштүк мергенчилик контроль аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан аларга мергенчилик чарбасынын иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлердин чектеринде жүзөгө ашырылат. Өндүрүштүк мергенчилик контролду жүзөгө ашыруучу кызматкерлердин тизмеги аңчылыкты пайдалануучулардын буйруктары менен бекитилет.

6. Коомдук мергенчилик контроль жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө коомдук контролду жүргүзүүнүн тартиби ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.

30-берене. Мамлекеттик мергенчилик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери

1. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик мергенчилик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары мамлекеттик мергенчилик инспекторлору болуп саналышат.

2. Мамлекеттик мергенчилик инспекторлор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) иши аңчылык ресурстарын пайдалануу (олжолоо, чогултуу жана кайра иштетүү) же аларга башка таасир көрсөтүү менен байланышкан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте барууга, өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон документтер жана материалдар менен таанышууга;

2) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдардын талаптарынын юридикалык жана жеке жактар тарабынан сакталышын, аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдердин шарттарынын сакталышын белгиленген тартипте текшерүүгө;

3) табылган кемчиликтерди жана тартип бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйруктарды чыгарууга;

4) айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндө табылган мыйзамдарды бузуулар боюнча протоколдорду түзүүгө;

5) жеке тинтүүнү жана буюмдарын карап чыгууну жүргүзүп, укук бузуучуларды кармоону жүзөгө ашырууга, укук бузууларды жасоо предметтерин же куралдарын (анын ичинде мыйзамсыз олжолонгон жаратылыш объекттерин) алын коюуга, транспорт каражаттарына текшерүүнү жүзөгө ашырууга;

6) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндөгү администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого, күнөөлүүлөргө айып акыларды жана башка администрациялык жазаларды салууга, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолорду коюуга, зарыл болгондо күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн иштерди укук коргоо жана сот органдарына өткөрүп берүүгө;

7) кызматтык милдеттерин аткарууда кызматтык жана жарандык атылуучу куралды жана атайын каражаттарды жана жабдууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жобого ылайык айырмалык белгилери бар формалык кийим кийип жүрүүгө;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылуучу жаныбарлар дүйнөсүнүн ресурстарын пайдалануу боюнча жумуштарды жүргүзүүгө тыюу салууга;

10) жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу, жаратылышты коргоо багытындагы орнотмолорду жана курулмаларды эксплуатациялоо стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин одоно же такай бузуу менен жүзөгө ашырылган ишти жана жаратылыштык ресурстарды пайдаланууну тыюуга, токтотуп коюуга;

11) республиканын аймагында жашаган (өсүп-чоңойгон) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтириши мүмкүн болгон жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү алып келүүгө, алып чыгууга, кое берүүгө, жайгаштырууга жана кайра аклиматташтырууга тыюу салууга;

12) ушул Мыйзамдын жана айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу боюнча башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышына багытталган башка чараларды көрүүгө;

13) мамлекеттик экологиялык экспертиза дайындоого жана анын корутундуларынын аткарылышына контролду камсыз кылууга.

3. Мамлекеттик мергенчилик инспекторлор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кызматтык милдеттерин аткарууда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын сактоого;

2) текшерилип жаткан жактарга карата сыпайы мамиле жасоого;

3) аңчылыкты пайдалануучулардын кызматкерлеринин өндүрүштүк мергенчилик контролун жүзөгө ашыруу боюнча ишине жана коомдук мергенчилик контролун жүзөгө ашырып жаткан адамдарга көмөк көрсөтүүгө.

31-берене. Өндүрүштүк мергенчилик контролун жүзөгө ашыруучу аңчылыкты пайдалануучулардын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери

1. Өндүрүштүк мергенчилик контролун жүзөгө ашыруучу аңчылыкты пайдалануучулардын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу;

1) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуучуларды кармоого, инсандыгын белгилөөгө, документтерин текшерүүгө, кармалган адамдарды жеке тинтүүнү жана алардын жанында болгон буюмдарын, куралдарын жана башка аңчылык куралдарын, сууда сүзүүчү жана транспорттук каражаттарын карап чыгууну жүргүзүүгө, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө протоколдорду түзүүгө;

2) укук бузуучулардан мыйзамсыз олжолонгон аңчылыктын продукцияларын, куралдарын жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин олжолоонун башка куралдарын, ошондой эле алып коюну белгиленген тартипте жол-жоболоштуруу менен мергенчилик ырастамасын жана башка документтерин алып коюуга.

2. Өндүрүштүк мергенчилик контролун жүзөгө ашыруучу аңчылыкты пайдалануучулардын кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө протоколдорду жана алынып коюлган укук бузууларды жасоо предметтерин жана куралдарын, анын ичинде мыйзамсыз олжолонгон жаратылыш объекттерин жана башка аңчылык продукцияларын аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө) өткөрүп берүүгө;

2) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө) жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун бардык фактылары боюнча маалыматтарды берүүгө.

32-берене. Коомдук мергенчилик контролду жүзөгө ашыруучу жактардын укуктары

1. Коомдук мергенчилик контролду жүзөгө ашыруучу жактар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдарды бузуу учурларын эркин формада акт түзүү түрүндө жазып белгилөөгө;

2) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдардын сакталышына байкоо жүргүзүүгө;

3) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн) ишине көмөк көрсөтүүгө.

2. Коомдук мергенчилик контролун жүзөгө ашыруучу жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдарды бузуу учурлары боюнча түзүлгөн актыларды аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүүгө;

2) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдарды бузуу жөнүндө маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартууга.

33-берене. Аңчылык чөйрөсүндө контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун жана аңчылык продукциясын пайдалануунун тартиби

1. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө табылган тартип бузуулар (браконьердик) боюнча айып пул жана доо суммаларын коюу жана өндүрүү жана өндүрүлгөн суммаларды пайдалануу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө жол берилген тартип бузуулар үчүн айып пулдун өлчөмдөрү жана аңчылык жаныбарларына жана алардын жашоо чөйрөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууга доолордун өлчөмүн эсептеп чыгуу үчүн таксалар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат. Аңчылык жаныбарларын мыйзамсыз алгандыгы үчүн доолордун суммаларын эсептөө үчүн таксалардын өлчөмдөрү чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар тарабынан жаныбарлардын ушул түрлөрүн атайын пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн ставкаларынын өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.

3. Аңчылык жаныбарларына жана алардын жашоо чөйрөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууда өндүрүлгөн доолордун суммалары аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине чегерилет. Тартип бузуулардын жана браконьердиктин фактыларын тапкан адамдарга (протоколдорду түзүүчүлөргө) мергенчилик жаныбарларына жана алардын жашоо чөйрөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууда өндүрүлгөн доолордун суммаларынын 30 пайызы сыйакы катарында төлөнүп берилет.

4. Мыйзамсыз олжолонгон аңчылык жаныбарлары жана аңчылыктын башка продукциялары, аңчылык жаныбарларын мыйзамсыз олжолоо куралы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акысыз алынып коюуга же конфискацияланууга жатат.

5. Тартип бузуучулардан (браконьерлерден) акысыз алынып коюлган же конфискацияланган тирүү аңчылык жаныбарлары аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илимий мекемелер менен макулдашылган чечими боюнча жашоо чөйрөсүнө кайра кайтарып берүүгө жатат.

Эгерде акысыз алынып коюлган же конфискацияланган жаныбарлардын дене-бой абалы, аларды колдо багуунун узактыгы, бул жаныбарлардын жаралган жери тууралуу маалыматтын жоктугу же башка факторлор аларды жашоо чөйрөсүнө кайра кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүк бербесе, көрсөтүлгөн аңчылык жаныбарлары келишим боюнча кызыкдар жактарга (реабилитациялык борборлорго, питомниктерге, зоопарктарга жана башкаларга) акысыз өткөрүп берилүүгө же жок кылынууга жатат.

6. Белгиленген тартипте акысыз алынып коюлган же конфискацияланган аңчылык жаныбарларын, аңчылыктын башка продукцияларын жана мыйзамсыз олжолоо куралдарын сактоонун (кармап туруунун), пайдалануунун, өткөрүп берүүнүн же жок кылуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

7. Мамлекеттик мергенчилик контролду жана көзөмөлдү, өндүрүштүк мергенчилик контролду жүзөгө ашыруучу адамдар текшерүүлөрдү жүргүзүүдө кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурларда, ошондой эле коомдук мергенчилик контролду жүзөгө ашыруучу адамдар тарабынан укукка каршы аракеттер жасалганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

8. Мамлекеттик мергенчилик контролду жана көзөмөлдү, өндүрүштүк мергенчилик контролду жүзөгө ашыруучу адамдардын кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги), ошондой эле коомдук мергенчилик контролду жүзөгө ашыруучу адамдардын укукка каршы аракеттери алардын жогору турган органына (уюмуна) жана (же) кызмат адамына же сотко Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

9. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык, жазыктык жана администрациялык жоопкерчилик тартышат.

10. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү) өз компетенциясынын чегинде тартип бузуучуларды жана браконьерлерди белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу, аңчылык жаныбарларына жана алардын жашоо чөйрөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу доолорун өндүрүп алуу жөнүндө сот органдарына кайрылууга укуктуу.

11. Мыйзамсыз аңчылык жана жапайы жаныбарларды олжолоо (браконьердик) жагдайлары жана фактылары жазылып алынган видео- жана фото тартуулар алардын жасалгандыгынын далили катары көрсөтүлүшү мүмкүн.

12. Мергенчилик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

34-берене. Аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан келишимдердин сакталышына контролду жүзөгө ашыруунун тартиби

1. Аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдердин шарттарынын сакталышына контроль аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү) тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген отчеттордун аныктыгын жана сапатын, ошондой эле аңчылыкты пайдалануучулардын мергенчилик чарба пландарын аткаруу боюнча документтерин зарылдыгына жараша текшерет. Текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча актылар түзүлөт жана табылган кемчиликтерди жана тартип бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйруктар чыгарылат. Аңчылыкты пайдалануучу жазма буйрукту аткаргандыгы тууралуу аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө маалымдайт.

3. Аңчылыкты пайдалануучу тарабынан жаныбарлар дүйнөсүнө зыян келтирилгенде ага белгиленген тартипте айып пул салынат, доолор коюлат.

35-берене. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укук коргоо, бажы, салык жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү

Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү) өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын укук коргоо, бажы, салык жана башка мамлекеттик органдары, чек ара кызматы (аскерлери) менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана алардын негизинде кабыл алынган ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн биргелешкен актыларында аныкталган тартипте жана башталыштарда өз ара аракеттенет.

8-глава. Корутунду жоболор

 

36-берене. Өтмө жоболор

1. Мергенчилик ресурстарына карата жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин атайын пайдаланууга алган уруксаттарынын негизинде аңчылыкты пайдалануучуларда келип чыккан аңчылык ресурстарын пайдалануу укуктары, ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, аталган уруксаттардын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин сакталат.

2. Чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруунун алкагында мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун берүүгө алдыдагы сынакта аларды кароо үчүн арналган мергенчилик кылуучу жерлердин белгилүү бир чегинде колдонуудагы аңчылыкты пайдалануучулар мергенчилик кылуучу жерлердин айрым участоктору кирген учурларды кошпогондо, ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин түзүлгөн мергенчилик чарбасын жүргүзүү үчүн мергенчилик кылуучу жерлерди бекитип берүүгө келишимдер келишимдерде көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаганга чейин өз колдонулушун сактап калат. Келишимдери алдыдагы сынакта кароого жаткан мергенчилик кылуучу жерлердин курамына кирген мергенчилик кылуучу жерлердин ушундай айрым участокторуна жайылтылган аңчылыкты пайдалануучуларга сынакка катышуу сунуш кылынат, бул жөнүндө аларга аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сынак өткөрүү жөнүндө кулактандыруу менен бир убакта маалымдалат.

3. Жеке жактардын аңчы статусуна ээ болуу үчүн мамлекеттик мергенчилик ырастамаларын алуусу жөнүндө талап ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып колдонулат.

4. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген алардын ээсинин аңчылардын тигил же бул бирикмесине мүчөлүгүн ырастоочу анык мүчөлүк мергенчилик билеттери (мурда мергенчилик минимуму боюнча экзаменден өткөндүгү жөнүндө белгиси менен) бар аңчыларга ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып 2 жылдын ичинде алардын мүчөлүк мергенчилик билеттеринин негизинде мергенчилик минимуму боюнча экзаменден өтпөстөн мамлекеттик мергенчилик ырастамалары берилет.

37-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 6 айлык мөөнөттө аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;

2) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев