Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\6b8d413f-4b1a-49e0-b96b-42b9c65e95c8\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 21-апрели № 61

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

89-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Жеке менчик формасындагы юридикалык жактар өзүнүн аталышында мамлекеттик (муниципалдык) органдардын аталышын, ошондой эле саясий (атайын) жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарына кирген кызмат орундарынын аталыштарын пайдаланууга укуксуз.".

 

2-берене.

 

Өзүнүн аталышында мамлекеттик (муниципалдык) органдардын аталышын, ошондой эле саясий (атайын) жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарына кирген кызмат орундарынын аталыштарын пайдаланган жеке менчик формасындагы юридикалык жактар ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып бир жылдын ичинде юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн аталышын өзгөртүүгө милдеттүү.

Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып өзүнүн аталышынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу бир жылдын ичинде белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өтпөгөн юридикалык жактар юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын тиешелүү арызынын негизинде сот тарабынан мажбурлап жоюлууга жатат.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

      Президенти

 

А.Атамбаев