Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\4ed59b95-b9ae-480e-9a6b-0b039075cef0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 30-майы № 82

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене.

 

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 102-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 33-статьяда:

"Мекеменин башкаруу органдарынын" деген сөздөрдөн мурда "Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе," деген сөздөр менен толукталсын;

мамлекеттик тилдеги статьянын текстинде "Мекеменин башкаруу органдарынын" деген сөздөр "мекеменин башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 34-статьянын 1-бөлүгүндө "Граждандык кодексине" деген сөздөр "мыйзамдарына" деген сөзгө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 39-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши өз ишин мамлекеттик билим берүү уюму тарабынан уставдык максаттарына жетүүсү үчүн жүзөгө ашырат.".

2. 44-2 жана 44-3-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын.

 

3-берене.

 

"Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 572-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

10-берененин 6-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо аркылуу жөнгө салынуучу көзөмөлдүк кеңеш же коомдук бирикме түзүлүшү мүмкүн" деген сөздөр "көзөмөлдүк кеңеш түзүлүшү мүмкүн, анын иши мыйзамда аныкталат" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

4-берене.

 

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

 

5-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

      Президенти

 

А.Ш. Атамбаев