Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\096aad71-243c-42f4-948e-12e0a5ebaf92\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 10-июлу № 129

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 21-беренеде:

2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Төраганын орун басарынын кызмат ордуна талапкер, бош орун түзүлгөн күндөн тартып, тиешелүү фракция тарабынан 10 жумушчу күндүн ичинде сунушталат.";

3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Бардык фракциялардын макулдугу менен Төраганын бир нече орун басарларын шайлоо альтернативдик эмес негизде бирдиктүү тизме менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында фракция бир гана талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Калган учурларда бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү менен жүзөгө ашырылат.".

2. 34-берененин 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Жашыруун добуш берүү жол-жобосун камсыз кылуу үчүн Жогорку Кеңеш убактылуу комиссияларды түзүү үчүн каралган тартипте эсептөө комиссиясын шайлайт.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А. Атамбаев