Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\096aad71-243c-42f4-948e-12e0a5ebaf92\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 17-июлу № 139

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө

(КР 2016-жылдын 21-октябрындагы № 170, 2016-жылдын 20-июлундагы № 130, 2021-жылдын 23-мартындагы 39, 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118, 2023-жылдын 9-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптерин белгилейт, бул чөйрөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө аткаруучулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин, аларды көрсөтүүнүн стандарттарын түзүүнүн тартибин аныктайт.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада көрсөтүү үчүн электрондук башкаруунун архитектурасын пайдалануу тартиби "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат

2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан бири-бирине кызмат көрсөтүүсүнө жайылтылбайт.

Аталган кызмат көрсөтүүлөр жарандык мыйзамдарга ылайык келишимдин негизинде көрсөтүлөт.

3. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин мамлекеттик көзөмөлдөө, контролдоо жана лицензиялык талаптар боюнча функцияларды ишке ашыруу иштери мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча ишке кирбейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башкача тартипте жөнгө салынат.

(КР 2016-жылдын 20-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдар

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына, административдик ишти жөнгө салган мыйзамга негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүгүндө мындан жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылар менен карама-каршылыктар жок болгондо, ушул Мыйзамга тең юридикалык күчкө ээ болгон башка ченемдик укуктук актылар менен коллизия пайда болгон учурда, ушул Мыйзамдын жоболору колдонулат.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдери колдонулат.

3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:

мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти - көрсөтүүлөр ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүлөрдүн болгондугун кошуп алганда, мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды үчүн керектүү болгон мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучунун административдик жол-жоболорунун (аракеттеринин) мөөнөттөрүн жана ырааттуулугун регламенттөөчү документ;

муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык, муниципалдык мекемелер тарабынан акысыз жана акы төлөө негизинде жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген минималдуу тизмеги;

мамлекеттик кызмат көрсөтүү - жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча алардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылуучу жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга, же болбосо жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында пайда болуучу милдеттерди аткарууга багытталган мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжасы;

мамлекеттик же муниципалдык мекеме - мамлекеттик орган же өз алдынча башкаруу органдары тарабынан башкаруучулук, социалдык-маданий же башка коммерциялык эмес мүнөздөгү функцияларды аткаруу үчүн түзүлгөн жана алар тарабынан толук же жарым-жартылай каржыланган уюм;

муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги - муниципалдык мекемелер тарабынан жеке жана юридикалык жактарга акысыз жана акы төлөө негизинде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген тизмеги, ал жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн улам ар бир администрациялык-аймактык бирдиктин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн базалык реестринен ашык түзүлөт;

бирдиктүү терезе - арыз берүүдөн баштап натыйжалары алынганга чейин бир жерде, бир мекемеде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана көрсөтүүнүн ыкмасы;

мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри - ушул Мыйзамда аныкталган, керектөөчүлөргө мамлекеттик мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипте акысыз жана акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тутумдаштырылган тизмеги;

мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүгө суроо-талап - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формада болгон мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө алууга анын эркин билдирүүсүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү өзү же болбосо ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу жасалган жеке же юридикалык жактын ар кандай аракети;

мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучу - жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптары боюнча өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер;

ведомстволор аралык комиссия - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин тутумдаштыруу жана түзүү (аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү) максатында ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлүүчү, туруктуу негизде аракеттенүүчү консультациялык-кеңеш берүүчү орган;

муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри - конкреттүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында муниципалдык мекемелер тарабынан жеке жана юридикалык жактарга акысыз жана акы төлөө негизинде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген тизмеги;

муниципалдык кызмат көрсөтүү - кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга, же болбосо жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында пайда болуучу милдеттерди аткарууга багытталган жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча алардын компетенциясынын алкактарында жүзөгө ашырылуучу муниципалдык мекемелердин ишинин натыйжасы;

мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу мекеме - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталуучу мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү стандартын иштеп чыгуучу мекеме;

мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоо - ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү субъекттер тарабынан түпкү натыйжаларды ишке ашырууга жетишүүнү же тийиштүү стандарттардын сакталышын изилдөө;

мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчү - мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучуга түздөн-түз же өзүнүн өкүлү аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүгө суроо-талапты жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак;

мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген, мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө карата коюлуучу жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучунун өз ара аракеттенүү жол-жобосун аныктоочу талаптардын тутумдашкан топтому камтылган документ;

ыйгарым укуктуу орган - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү укугуна ээ болгон мамлекеттик орган, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрин жүргүзүү укугуна ээ болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;

мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү электрондук формада көрсөтүү - мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу аралыктан көрсөтүү.

(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 130, 2023-жылдын 9-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптери

1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр: кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу, керектөөчүгө багыт алуу, ак ниеттүүлүк, отчеттуулук, ачык-айкындык, жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандуулугуна, дин тутуусуна, жашына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, ата тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга, кызмат көрсөтүүлөрдү пландаштыруунун, көрсөтүүнүн, сапатын жана натыйжалуулугун баалоонун бардык стадияларында алардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн катышуусу принциптерине негизделет жана жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучу тарабынан керектөөчүгө кийинки кызмат көрсөтүүнү алуу максатында бир мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуу талабын коюуга жол берилбейт.

3. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен административдик органдар тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр административдик ишти жөнгө салган мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

2-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри

 

5-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин түзүү

1. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине киргизилген кызмат көрсөтүүлөрдү гана көрсөтүшөт.

2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин долбоорлору тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилет.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин долбоорун түзүү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарынын негизинде жүзөгө ашырылат.

3. Ведомстволор аралык комиссия түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби төмөнкү милдеттүү шарттарды сактоо менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет:

1) ведомстволор аралык комиссия жарандык коомдоштуктун жана бизнес коомдоштугунун өкүлдөрүнүн жарымынан кем эмесинен турууга тийиш;

2) ведомстволор аралык комиссияны түзүүдө гендердик баланс камсыз кылынат: комиссиянын курамына 70 пайыздан ашпаган бир жыныстагы адамдар кирүүгө тийиш;

3) ведомстволор аралык комиссиянын бардык мүчөлөрү өздөрүнүн ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырышат.

4. Ведомстволор аралык комиссия:

1) ыйгарым укуктуу органдардын сунуштоосу боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринин долбоорун карайт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине корутунду берет;

2) ыйгарым укуктуу органдардын сунуштоосу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин карайт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине корутундуларды берет;

3) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулардын жана ыйгарым укуктуу органдардын баш тартышына керектөөчүлөрдүн даттанууларын карайт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тиешелүү сунуштарды киргизет;

4) ведомстволор аралык комиссияга келип түшкөн сунуштардын негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, аларды жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүнү жөнөкөйлөтүү, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;

5) акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрине киргизүү боюнча корутунду берет.

5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин макулдашууда, ошондой эле аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул Мыйзамдын 6 жана 7-беренелеринде белгиленген критерийлерге ылайык келиши, кызмат көрсөтүүлөрдү коомчулукка таңуулабоо ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусу үчүн негизги шарт болуп саналат.

6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри ведомстволор аралык комиссиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

7. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринен жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегинен турат. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн келип чыккан ар бир администрациялык-аймактык бирдиктин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт.

8. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан түзүлөт жана жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет. Акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине киргизүүгө ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусунан кийин гана жол берилет.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-берене. Кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизүү үчүн критерийлер

1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:

1) жеке жана юридикалык жактардан тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууга суроо-талаптын болушу;

2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун кызмат көрсөтүүнүн ушул түрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын болушу;

3) ушул мамлекеттик мекеме тарабынан кызмат көрсөтүү процессине түздөн-түз байланышкан жана жеке жана юридикалык жактардын башка мамлекеттик/муниципалдык жана мамлекеттик эмес мекемелерге жана ишканаларга акыркы натыйжа алуу үчүн кайрылуусуна зарылдыкты жокко чыгаруучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бүтүндүгү;

4) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү стандартташтыруу мүмкүндүгү.

2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизүү үчүн сунушталган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:

1) жеке жана юридикалык жактардан тиешелүү муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талаптын болушу;

2) муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун кызмат көрсөтүүнүн ушул түрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын болушу;

3) ал муниципалдык мекеме тарабынан кызмат көрсөтүү процессине түздөн-түз байланышкан жана жеке жана юридикалык жактардын башка мамлекеттик/муниципалдык жана мамлекеттик эмес мекемелерге жана ишканаларга акыркы натыйжа алуу үчүн кайрылуусуна зарылдыкты жокко чыгаруучу муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн бүтүндүгү;

4) муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандартташтыруу мүмкүндүгү.

3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык саналган критерийлерге ылайык келүүсү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү реестрге киргизүүнүн шарты болуп саналат.

7-берене. Акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн негиздер

1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген учурларды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр акысыз негизде көрсөтүлөт.

2. Акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө төмөнкү критерийлердин бирине ылайык келген учурда жол берилет:

1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу аны керектөөчүгө жогорку коркунучтун булагы болгон же ишкердик ишке байланышкан объекттерге жана предметтерге ээ болуу жана пайдалануу укугун берет;

2) кайрылуунун көп жолкулугун же болбосо үзгүлтүксүздүгүн караган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, акысыз негизде алгачкы кызмат көрсөтүүнүн шартында, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү кайталап жана кийин ар бир жолу көрсөтүү;

3) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү ушул кызмат көрсөтүүнүн стандартында бекитилгенден ашкан сапаттык параметрлер боюнча көрсөтүү (тездетилген кызмат көрсөтүү, жогорку ыңгайлуулуктун шарттарында кызмат көрсөтүү, керектөөчүнүн турган жери же керектөөчү аныктаган башка жер боюнча кызмат көрсөтүү);

4) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү башкалар менен бирдей алуу үчүн майыптыгы бар адамдарга жана өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз улгайган жарандарга зарыл шарттарды түзүү кызмат көрсөтүүгө акы белгилөө үчүн негиз болуп саналбайт.

3. Акы төлөнбөй тургандыгы Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген, ошондой эле эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринен келип чыгуучу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлбөйт.

4. Мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Акы төлөө өлчөмү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркынан ашпоого тийиш.

6. Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн белгилүү бир категориялары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тиешелүү жеңилдиктер бекемделген шартта акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү өз наркынан төмөн өлчөмдө акы төлөө менен көрсөтүүгө жол берилет.

7. Өзгөчө жеңилдетилген режими бар аймактарда калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмекке ылайык акысыз же жеңилдетилген шарттарда берилет.

(КР 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118, 2023-жылдын 9-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

8-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгеге ыйгарым укуктуу органдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелери (ассоциациялар жана бирликтер) ээ.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелери (ассоциациялар жана бирликтер) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө суроо-талап менен тиешелүү ыйгарым укуктуу органга же болбосо муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына кайрылышат.

3. Ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөрүүлөрдү суроо-талаптын негизинде 30 күндүк мөөнөттө киргизүүнү демилгелейт же болбосо жүйөөлөштүрүп баш тартат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук бирикмелердин (ассоциациялардын жана бирликтердин) дарегине болгон баш тартуу ведомстволор аралык комиссияда, коллегиялык орган катары Министрлер Кабинетинде же сотто Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдин долбоорун ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизет.

5. Ведомстволор аралык комиссия киргизилүүчү кызмат көрсөтүүлөргө, алардын ушул Мыйзамдын 6 жана 7-беренелеринде белгиленген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн критерийлерине ылайык келүү предметине текшерүүнү жүзөгө ашырат.

Ведомстволор аралык комиссия оң корутунду чыгарган учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

6. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим жергиликтүү кеңештин тиешелүү чечими менен кабыл алынат. Акы төлөө негизинде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусу алынгандан кийин кабыл алынат.

7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучусу 10 күндүк мөөнөттө тиешелүү өзгөртүүлөр жөнүндө коомчулукка маалымдоого, анын ичинде веб-сайтка жайгаштыруу жолу менен маалымдоого милдеттүү.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты

 

10-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын иштеп чыгуу жана бекитүү

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн типтүү стандартынын негизинде кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу мекеме тарабынан иштелип чыгат.

2. Стандартташтырууга жооптуу мекеме мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын иштеп чыгууда жана бекитүүдө ушул Мыйзамдын 4-беренесинде аныкталган принциптерди сактоого милдеттүү.

3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана базалык реестрге кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегинин стандарттары тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу мекеме стандарттын (стандартты кайра карап чыгуунун) долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзөт, анын жарымынан кем эмеси милдеттүү тартипте жарандык жана бизнес коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турууга тийиш.

Жумушчу топ түзүүдө гендердик баланс сакталат: комиссиянын курамына 70 пайыздан ашпаган бир жыныстагы адамдар кирүүгө тийиш.

6. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартынын долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук талкуулоого жатат.

(КР 2016-жылдын 21-октябрындагы № 170, 2023-жылдын 9-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

11-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:

1) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун аракеттерин кыскача баяндоо;

2) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мекеменин толук аталышы;

3) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр;

4) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери;

5) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн түпкү натыйжасы;

6) эркектердин жана аялдардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары (башпааналарга, күтүү шарттарына карата талаптар, майыптыгы бар адамдар үчүн акылга сыярлык ыңгайлуулуктар, кезектүүлүктү түзүү ыкмалары ж.б.);

7) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн узактыгы (документтерди кабыл алууга, кызмат көрсөтүүгө жана кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүгө карата чектик убактысы);

8) керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымдоо (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мекемелер;

9) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болуучу ыкмаларды мүнөздөө же саноо);

10) келүүчүлөр менен маектешүү эрежелери (кесиптик-этикалык ченемдерди сактоо, керектөөчүлөрдүн ар түрдүү категориялары - майыптыгы бар адамдар, жашы жете электер, улгайгандар ж.б.у.с. кайрылуунун ыкмалары боюнча өзгөчөлүктөр);

11) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө жашыруундуулукту камсыз кылуу ыкмалары;

12) керектүү документтердин жана/же мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан болгон аракеттердин тизмеги;

13) акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн наркын түзүүнүн тартиби жөнүндө, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн наркын бекитүүчү орган тууралуу маалыматтар;

14) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери;

15) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү;

16) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуунун негиздер жана тартиби;

17) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга даттануунун тартиби;

18) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын өзгөртүү

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш.

Стандарт менен аны кайра карап чыгуунун кыйла кыска мөөнөтү каралышы мүмкүн.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелери (ассоциациялары жана бирликтери) стандартты мөөнөтүнөн мурда кайра карап чыгуу жөнүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу мекемеге кайрылууга укуктуу.

3. Керектөөчүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмесинин (ассоциацияларынын жана бирликтеринин) кайрылуусу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу мекеме 30 күндүк мөөнөттө стандартты өзгөртүүнү демилгелейт же болбосо жүйөөлөштүрүп баш тартат.

4. Стандартты мөөнөтүнөн мурда кайра карап чыгуудан баш тартуу ведомстволор аралык комиссияга, коллегиялуу орган катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, же болбосо сотко административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине ылайык иштелип чыгат жана мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу тартипте бекитилет.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти милдеттүү тартипте төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү процессинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучу тарабынан жасалуучу жана конкреттүү натыйжага ээ болгон ар бир административдик жолжобону (аракетти) баяндоону;

2) ар бир административдик жолжобого жооптуу кызмат адамы, анын милдеттери жөнүндө маалыматты;

3) ар бир административдик жолжобону аткаруунун узактыгы же максималдуу мөөнөтүн;

4) эгерде мындай бар болсо, мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү процессинде башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен өз ара аракеттенүүнүн тартибин;

5) кызмат адамы тарабынан кабыл алынышы мүмкүн же тийиш болгон чечимдер, ал эми чечимдин ар түрдүү варианттары мүмкүн болгондо - чечимдин варианттарын тандоонун критерийлери же жолжоболорун;

6) административдик жол-жобонун натыйжасын жана кийинки административдик жолжобону баштоо үчүн аны өткөрүп берүүнүн тартибин;

7) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартууну кошуп алганда, мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн түпкү натыйжасын мүнөздөөчү маалыматтардын курамын;

8) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн түпкү натыйжасын, анын ичинде электрондук форматта берүүнүн (жиберүүнүн) тартибин жана ыкмасын;

9) эгерде кызмат көрсөтүү электрондук форматта көрсөтүлгөн учурда, мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн айрым категорияларына (майыптыгы бар адамдар, жашы жете электер, пенсионерлер жана башкалар) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн (эгерде мындайлар бар болсо);

10) керектөөчүлөрдү ушул процесске тартууну эске алуу менен административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоонун тартибин жана формаларын;

11) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын аткарылышын камсыз кылууга тийиш жана анын талаптарына ылайык иштелип чыгат.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоо

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына баалоо жүргүзүү төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:

1) керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (ассоциациялары жана бирликтери);

2) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мекеме;

3) ыйгарым укуктуу орган.

2. Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартында көрсөтүлгөн сапаттын белгиленген критерийлерине ылайык жүргүзүлөт.

Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан баалоо жүргүзүүнүн усулу өз алдынча аныкталат.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын ички баалоо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мекеме, ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт, анын натыйжалары боюнча тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартына жана/же административдик регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алынат.

Керектүү өзгөртүүлөр ушул Мыйзамда белгиленген тартипте демилгеленет.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын ички баалоо керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (ассоциациялары жана бирликтери) тарабынан жүргүзүлөт, алар анын натыйжалары боюнча ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын жана административдик регламентин кайра карап чыгууну талап кылууга укуктуу.

4-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү

 

15-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү пункттарын уюштуруу

1. Мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк пункттары же болбосо электрондук формада Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу көрсөтүлөт.

2. Администрациялык аймактык бирдиктерде, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер иштеген чек араларда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү пункттары түзүлөт.

3. Уюштуруу жана башпаана бөлүп берүү тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жүктөлөт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү пункттарынын башпааналары стандарттын талаптарына жооп берүүгө тийиш.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү пункттары стационардык жана/же көчмө (мобилдүү) болушу мүмкүн.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнүн стационардык пункттары жайгашкан жерден алыс турган калктуу конуштарда кыйла талап кылынган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин адистеринин катышуусу менен көчмө (мобилдүү) жетүү пункттары тарабынан көрсөтүлөт.

5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнүн стационардык же көчмө (мобилдүү) пункттарынын ишин уюштуруу кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү стандарттарына жооп берүүгө тийиш.

6. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү пункттарын бирдиктүү терезе ыкмасы боюнча түзүшөт.

7. Майыптыгы бар адамдар үчүн мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү башкалар менен тең шарттарда алуу үчүн зарыл шарттар түзүлөт. Бул категориядагы керектөөчүлөргө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тартибине жана шарттарына карата талаптар тиешелүү стандартта камтылууга тийиш.

8. Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун каражаттарын жана булактарын өткөрүп берүү менен жеке юридикалык жана жеке жактарга аткарууга өткөрүп бере алышат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеке юридикалык жана жеке жактарга аткарууга өткөрүп берүү ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусу алынгандан кийин мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жеке юридикалык жана жеке жактардын аткаруусуна өткөрүп берген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы, анын ичинде белгиленген стандарттарды, ошондой эле кызматтарды акы төлөө негизинде көрсөтүү үчүн ушул Мыйзамдын 7-беренесинде баяндалган негиздерди сактоо үчүн толук жоопкерчилик тартышат.

(КР 2016-жылдын 20-июлундагы № 130, 2023-жылдын 9-мартындагы № 51 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

16-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарга жетүү

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлери, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жана стандарттары, ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте жарыяланууга жатат.

Мындан тышкары, жогоруда аталган ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулардын веб-сайттарында жарыяланат, ошондой эле кызмат көрсөтүлгөн жерлерде жайгаштырылууга тийиш.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун электрондук форматка которуу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык керектөөчүлөрүнө мамлекеттик жана расмий тилде берилиши керек.

3. Майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жана алардын стандарттары тууралуу маалыматтарды башкалар менен тең шарттарда алуу үчүн зарыл шарттар түзүлөт.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө коомчулукту үзгүлтүксүз негизде маалымдап турууга тийиш.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-глава. Ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик

 

17-берене. Ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик

1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү реестрине киргизилбеген акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган киреше Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине толук көлөмдө алынат.

(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

6-глава. Өтмө жана корутунду жоболор

 

18-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А. Атамбаев