Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\8f631ebc-32e6-44be-bb51-76954eb7fd15\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 30-декабры № 175

Ветеринария жөнүндө

(КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2017-жылдын 24-майындагы № 89 , 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам ветеринария жаатындагы укуктук, социалдык, уюштуруучулук, каржы-экономикалык негиздерди аныктайт жана адамдардын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринен калкты коргоого, Кыргыз Республикасынын аймагында эпизоотиялык амандыкты жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

1-глава. Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

Ветеринария - жаныбарлардын ылаңдарын алдын алууга, диагноз коюуга, дарылоого, адамдардын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринен адамдарды коргоого, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүгө багытталган илимий билимдердин жана практикалык иштердин жыйындысы;

ветеринардык врач - жогорку ветеринардык билими бар жана ветеринардык практиканы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашыруучу адам;

параветеринардык адис - ветеринардык врачтын контролу жана жоопкерчилиги астында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу ветеринардык фельдшер же мал чарбачылыгы тармагындагы дипломдуу адис;

ветеринардык иш - бул жеке жана юридикалык жактардын ветеринария милдеттерин чечүүгө багытталган иши;

ветеринардык-санитардык корутунду - экспертиза объекттеринин милдеттүү ветеринардык талаптарга ылайыктуу же ылайыктуу эместигин тастыктоочу документ;

ветеринардык дары-дармек каражаттары - жаныбарларга диагноз коюуга, алдын алуу үчүн иммундук чараларга жана дарылоого арналган биологиялык, өсүмдүктөн жасалган, химиялык-фармацевттик дары-дармектер, башка каражаттар;

ветеринардык-санитардык чаралар - жаныбарлардын жугуштуу жана жапырт жукпай турган ылаңдарынын пайда болушунун жана жайылып кетишинин алдын алууга, элдерди адамдар менен жаныбарлар ооруучу жалпы илдеттерден коргоого, жаныбарлардын ылаңдары келтирүүчү зыяндын алдын алууга багытталган иш-чаралар тутуму;

ветеринардык көзөмөл - ветеринардык-санитардык талаптардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча жол-жобо;

ветеринардык-санитардык кызмат көрсөтүүлөр - ветеринардык милдеттерди чечүү үчүн ветеринардык врачтар жана буга укугу бар башка адамдар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр;

ветеринардык практика - жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алуу, диагноз коюу жана дарылоо, ветеринардык чөйрөдө окутуу, консультацияларды берүү, изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча, ошондой эле сертификаттоо, тери астына имплантаттарды киргизүү, ветеринардык дары-дармек каражаттарын жөнөтүү, сатып өткөрүү жана таркатуу боюнча кызмат көрсөтүү боюнча иштер;

ветеринардык-санитардык экспертиза - жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулардын коопсуздугун аныктоо үчүн аларды атайын изилдөөлөрдүн комплекси;

жаныбарлар - ар кандай сүт эмүүчүлөр, канаттуулар, аарылар, ошондой эле суу фаунасынын өкүлдөрү;

карантин - жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын таркап кетүүсүнүн алдын алууга жана аларды жоюуга багытталган убактылуу ветеринардык-санитардык жана администрациялык чектөөчү чаралардын комплекси;

тоюттар - жаныбарларды тоюттандыруу үчүн пайдаланылуучу жана жаныбарлардын ден соолугуна зыяндуу таасирин тийгизбөөчү, сиңимдүү, аш болумдуу заттарды камтыган өсүмдүктөн, жаныбардан алынган азыктар;

тоют кошулмалары - жаныбарлардын рационундагы жетишпеген аш болумдуу, минералдык заттар менен витаминдердин булактары катары пайдаланылуучу органикалык, минералдык, микробиологиялык жана синтетикалык заттар;

жаныбардан алынган продуктылар - ветеринардык көзөмөлдүн жана ветеринардык-санитардык экспертизанын предметтери болуп саналган жаныбарлардан, канаттуулардан, балыктардан, аарылардан алынган ар кандай азыктар жана чийки заттар;

эпизоотияга каршы иш-чаралар - эпизоотиянын алдын алууга, табууга же жоюуга багытталган уюштуруучулук жана атайын иш-чаралар тутуму;

өзгөчө коркунучтуу ылаңдардын тизмеги - алдын алуу, диагноз коюу, дарылоо жана жоюу иштери республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилүүчү ылаңдардын тизмеги;

эпизоотия - тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын кеңири таралышы;

эпизоотиялык амандык - жаныбарлардын жугуштуу жана массалык жугуштуу эмес ылаңдары боюнча белгилүү аймактагы (зонадагы) ветеринардык-санитардык абал, мында жаныбарларды айдоо жана жаныбарлар, жаныбарлардын азыктары менен соода кылуу чектелбейт.

2-берене. Ветеринардык иштин принциптери

Ветеринардык иш төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:

1) адамдын жана жаныбарлардын өмүрү менен ден-соолугуна, айлана-чөйрөгө, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын мүлкүнө зыян келтирилишин четтетүү;

2) ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүдө жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алуу артыкчылыгы;

3) ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүнүн илимий негиздүүлүгү жана экономикалык натыйжалуулугу;

4) эпизоотиялык кырдаал жөнүндө, анын өзгөрүшү жана эпизоотиялык амандыкты камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтардын аныктыгы, жеткиликтүүлүгү жана ачыктыгы;

5) ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү;

6) жаныбарлардын амандыгын сактоону камсыз кылуу;

7) жеке ветеринарлар тарабынан жүзөгө ашырылуучу ветеринардык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө.

3-берене. Ветеринария жаатындагы негизги милдеттер

Ветеринария жаатындагы негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жаныбарлардын жана адамдардын жалпы илдеттеринен калктын ден соолугун сактоо;

2) жаныбарлардын ден соолугун ылаңдардан коргоо жана эпизоотиялык амандыгын камсыз кылуу;

3) Кыргыз Республикасынын аймагын алып келинген жаныбарлардын жугуштуу жана экзотикалык ылаңдарынын таралып кетүүсүнөн сактоо;

4) жаныбардан жана өсүмдүктөн алынган продуктулардын, чийки заттардын, ветеринардык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын коопсуздугун контролдоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды көрүү;

5) диагностиканын заманбап, илимий жактан негизделген усулдарын иштеп чыгуу жана пайдалануу жана жаныбарлардын ылаңдарына каршы күрөшүү;

6) эпизоотияга каршы иш-чараларды өз убагында жүргүзүү;

7) ветеринардык илимди, базалык жана үзгүлтүксүз ветеринардык билим берүүнү өнүктүрүү.

2-глава. Кыргыз Республикасындагы ветеринария тутуму

 

4-берене. Кыргыз Республикасындагы ветеринария тутуму

Кыргыз Республикасынын ветеринария тутумуна төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;

2) ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

3) өз компетенциясынын алкактарында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

4) Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органы;

5) ушул мыйзамда белгиленген тартипте ветеринардык ишкердик менен алектенген адамдар.

(КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2017-жылдын 24-майындагы № 89 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ветеринария жаатындагы компетенциясы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ветеринария жаатында компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

2) мамлекеттик программаларды бекитүү, ишке ашыруу жана аларды каржылоо;

3) ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү;

4) техникалык регламенттерди, эрежелерди жана ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү;

5) ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча алдын алуу, диагноз коюу жана жоюу республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылуучу жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегин бекитүү;

6) ветеринария жаатында чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу.

7) ветеринардык практиканы жөнгө салуу жаатындагы эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды бекитүү.

(КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-берене. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) жаныбарлардын ден соолугун коргоо жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

2) жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын алдын алуу жана аларга диагноз коюу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тизмекке ылайык келишимдик негизде ветеринардык практикага укугу бар жактарга ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү;

4) Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегин аныктоо;

5) жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдары пайда болгондо карантинди жана башка чектөө чараларын киргизүүнүн, алып салуунун тартибин аныктоо;

6) жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын алдын алуу, диагноз коюу жана жоюу боюнча ветеринардык иш-чараларды уюштуруу жана камсыз кылуу;

7) Кыргыз Республикасынын аймагын башка мамлекеттерден жаныбарлардын жугуштуу жана экзотикалык ылаңдарынын алып келинишинен жана таркап кетүүсүнөн сактоо;

8) ветеринардык дары-дармектердин республикалык корун түзүүнүн, пайдалануунун жана эсептен чыгаруунун тартиби менен ченемдерин иштеп чыгуу;

9) эл аралык уюмдардын жана башка өлкөлөрдүн ветеринардык-санитардык чараларынын бирдей экендигин таануу;

10) жаныбарлардын ылаңдарынын алып келинишинин жана алардын жайылып кетишинин коркунучу пайда болгон учурда контролдонуучу товарлар менен жүктөрдү ташып келүүгө жана ташып чыгарууга убактылуу чектөөчү чараларды киргизүү;

11) эпизоотиялык кырдаалдын өзгөрүшү жана ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, кызыкдар болгон министрликтер менен ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга маалымдоо;

12) аймактарды ветеринардык зоналаштырууну жүргүзүү;

13) ветеринария жаатындагы техникалык регламенттерди, эрежелерди жана ветеринардык-санитардык талаптарды иштеп чыгуу;

14) ветеринардык милдеттер үчүн биопрепараттардын резервдик фондун түзүү, анын тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт;

15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар.

(КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктары

1. Жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын пайда болуу же табылуу коркунучу учурунда ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактарында карантиндик же башка чектөө чараларын белгилейт же алып салат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенциясынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн которулган каражаттардын эсебинен каржылоону жүзөгө ашырат жана карантиндик жана башка чектөөчү чараларды жүргүзүүдө уюштуруучулук жана чарбачылык иш үчүн жоопкерчилик тартат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун алкактарында ветеринардык-санитардык талаптарды жана эпизоотияга каршы иш-чараларды аткарууну камсыз кылат.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз ыйгарым укуктарынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында табылган оорулуу жаныбарларды жок кылууну жүзөгө ашыруу үчүн, ошондой эле өлгөн жаныбарлар көмүлгөн жерлерди талаптагыдай күтүү үчүн жоопкерчилик тартат.

(КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-глава. Ветеринардык-санитардык иш-чаралар жана тараптардын катышуусу

 

8-берене. Жаныбарлардын ээлеринин жана мал чарбачылыгынын азыктарын өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү жана сатуу жагынан иш жүргүзгөн жактардын укуктары жана милдеттери

1. Менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан, жаныбарлардын, жаныбарлардан алынган азыктар менен чийки заттардын ээлери болуп саналган жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өз убагында жана сапаттуу ветеринардык-санитардык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;

2) жаныбарлардын жугуштуу илдеттерине каршы диагностикалык изилдөөлөрдү жана алдын алуучу эмдөөлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;

3) ветеринардык врачтардан мал чарбачылыгынын чийки заттарын жана продуктуларын өндүрүүнүн, даярдоонун, кайра иштетүүнүн, ташуунун жана сатуунун ветеринардык-санитардык коопсуздугуна байланышкан консультацияларды алууга.

2. Жаныбарлардын ээлери жана мал чарбачылыгынын чийки заттарын жана продуктуларын өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, ташуу жана сатуу жагынан иш жүргүзгөн адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ветеринардык мыйзамдарда каралган ветеринардык талаптарды, эрежелерди жана ченемдерди аткарууга;

2) жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алууну жана жаныбарлардан алынган продуктулардын жана чийки заттардын ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуучу чарбалык жана башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга;

3) жаныбарларды багуу, жаныбарлардан алынган продуктуларды, чийки затты кайра иштетүү, сактоо жана сатуу менен байланышкан объекттерди жайлаштырууда, курууда, пайдаланууда ветеринардык-санитардык талаптарды сактоого;

4) жаңы сатып алынган жаныбарлар жөнүндө жана алынган төл тууралуу тейлөөчү ветеринардык врачка кабарлоого;

5) жаныбарлардын кырылышы, союлушу, бала салуусу жөнүндө, бир эле учурда бир нече жаныбардын ылаңдап калуусу тууралуу же алардын демейдегиден башкача кыймыл-аракети тууралуу тейлөөчү ветеринардык врачка кабарлоого жана ветеринардык врач кел-генге чейин аларды бөлүп кармоону камсыз кылууга;

6) жаныбарларды кароону жүргүзүүгө, диагностикалык изилдөөлөр жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн жаныбарлардан патологиялык жана башка материалдардын үлгүсүн алууга ветеринардык врачка тоскоолдук кылбоого;

7) жугуштуу ылаңдарга каршы жаныбарларга милдеттүү түрдө эмдөөлөрдү жүргүзүү тууралуу ветеринардык врачтардын талаптарын аткарууга;

8) ветеринардык-коштоочу документтери болгондо гана жаныбарларды ташууну жана сатууну, жаныбарлардан алынган продуктуларды жана чийки заттарды, тоюттарды жана тоют кошулмаларын даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону, ташууну жана сатууну жүзөгө ашырууга;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте малды союунун, союлган малдын этин же башка продуктуларын сатуунун технологиялык жана ветеринардык эрежелерин сактоого;

10) үйдө союлган жаныбарлардын этин базарларда жана соода түйүндөрүндө сатууга жол бербөөгө;

11) өзгөчө коркунучтуу ылаңдар менен ооруган жаныбарлардын бүкүлү этин, өлгөн жаныбарлардын өлүктөрүн жана союлган малдын башка продуктуларын ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык утилдештирүүгө;

12) жаныбарларды дарылоо-алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн ветеринардык практикага укугу бар адамдарга гана жол берүүгө.

3. Жаныбарлардын ден соолугу, багылышы жана пайдаланылышы үчүн жоопкерчиликти - алардын ээлери, ал эми мал чарбачылыгынын чийки заттарынын жана продуктуларынын ветеринардык-санитардык жактан коопсуздугу үчүн аларды өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, ташуу жана сатуу жагынан ишкердик кылган адамдар тартат.

9-берене. Жаныбарлардан алынган продуктылар менен чийки заттарды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо жана сатуу боюнча ишкердикти каттоо

Жаныбарлардан алынган продуктуларды жана чийки заттарды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өтүүгө милдеттүү.

10-берене. Ветеринардык зоналаштыруу

Ветеринардык зоналаштыруу эпизоотиялык амандыгы же начардыгы боюнча аймактарды, зоналарды, диференциялоо жана алардын статусун аныктоо, ошондой эле эпизоотиянын өтүшүн, коркунучка баа берүүнү жана эл аралык соода үчүн шарттардын түзүлүшүн божомолдоо максатында ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

11-берене. Жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулардын лабораториялык диагностикасы жана ветеринардык-санитардык экспертизасы

1. Лабораториялык диагностика жана ветеринардык-санитардык экспертиза Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген ветеринардык лабораторияларда жүргүзүлөт.

2. Жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулар аларды пайдалануунун коопсуздугун аныктоо максатында милдеттүү түрдө ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүүгө тийиш.

3. Ветеринардык-санитардык экспертизаны уюштуруу жана аны жүргүзүү тартиби, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияны тамак-аш максаттарында пайдалануу шарттары тамак-аш коопсуздугу боюнча техникалык регламенттер менен аныкталат.

4. Изилдөөнүн натыйжалары боюнча шарттуу түрдө жарактуу деп таанылган жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктар зыянсыздандырууга, кайра иштетилүүгө тийиш, ал эми ветеринардык-санитардык экспертизадан өтпөгөндөр мыйзамдарда белгиленген тартипте конфискацияланууга, утилдештирилүүгө тийиш.

5. Шарттуу түрдө жарактуу же конфискацияланууга жатат деп таанылган продуктуларды зыянсыздандыруу, кайра иштетүү, утилдештирүү менен байланышкан жоготууларды жана чыгымдарды алардын ээси тартат.

12-берене. Эпизоотияга каршы иш-чаралар

1. Эпизоотияга каршы иш-чаралар жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын, жапырт ууланууларынын пайда болушунун, таркап кетишинин алдын алуу жана аларды жоюу максатында жүргүзүлөт.

2. Өзгөчө коркунучтуу ылаңдардын тизмегине киргизилген жаныбарлардын ылаңдарына каршы эпизоотияга каршы иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

3. Эпизоотияга каршы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө иштеп жаткан аккредиттелген диагностикалык лабораториялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбакер субъектилердин ветеринардык түзүмдөрү, жаныбарлардын ээлери жана келишимдик негизде жеке ветеринардык иш жүргүзгөн адамдар тартылышат.

4. Эпизоотияга каршы алдын алуу иш-чараларынын аткарылышына контролдук ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

13-берене. Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык-санитардык жактан коргоо

1. Кыргыз Республикасынын аймагын коргоо жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарын козгогучтарды, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдөн алынган, тамак-аш жана биологиялык коопсуздуктун талаптарына жооп бербеген продуктуларды анын аймагына алып келүүгө жана жайылтууга жол бербөө максатында жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык-санитардык коргоо мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бажылык жол-жоболоштуруу орундарында уюштурулат.

3. Чек аралык ветеринардык контролдун мамлекеттик ветеринардык инспекторлорунун жумуш орду бажы контролунун зонасында болот.

4. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө алынуучу товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү алар милдеттүү ветеринардык контролдон өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторунун уруксаты боюнча жүзөгө ашырылат.

5. Ветеринардык көзөмөлгө алынуучу товарлардын тизмеги Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленет.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-берене. Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарын жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүү убагында зыян келтирилгендиги үчүн алардын ээлерине компенсация

Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын таралып кетишин четтетүү максатында идентификациялоодон өткөрүлгөн жаныбарлардын жана/же жаныбардан алынган продуктулардын ээлерине жаныбарларды аргасыз союуда, алып коюуда, жок кылууда, утилдештирүүдө келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте компенсацияланат.

15-берене. Социалдык мобилизациялоо жана калкка эпизоотиялык кырдаал жөнүндө кабарлоо

1. Социалдык мобилизациялоо жана калкка кабарлоо жугуштуу жана жугуштуу эмес ылаңдардын жайылышын четтетүү, жаныбарларды кармоо жана багуу маселелеринде маалымдар болууну жана билимдерди арттыруу, адамдардын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринин (дарттарынын) пайда болуу тобокелдиктерин азайтуу максатында жаныбарлардын ден соолугун сактоо жана коомдук саламаттыкты сактоо маселелери боюнча тиешелүү органдар тарабынан жүргүзүлөт.

2. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, саламаттык сактоо органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эпизоотиялык кырдаалдын өзгөрүшү жана көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле киргизилип жаткан чектөө иш-чаралары жөнүндө калкка өз убагында кабарлайт.

16-берене. Жергиликтүү жамааттын, коомдук уюмдардын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын жаныбарлардын ден соолугун коргоого жана калкты кабардар кылууга катышуусу

Жергиликтүү жамааттар, коомдук уюмдар жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн уставдык максаттарына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жаныбарлардын соолугун сактоону жана эпизоотиялык амандыкты камсыз кылуу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга катышууга;

2) ветеринардык-санитардык жана алдын алуу иш-чараларынын, чектөөчү жана коргоо-карантиндик иш-чаралардын аткарылышына көмөктөшүүгө;

3) социалдык мобилизациялоого жана эпизоотиялык кырдаал тууралуу калкка маалымдоого катышууга;

4) жаныбарлардын соолугун коргоо боюнча улуттук жана жергиликтүү пландарды даярдоого жана ишке ашырууга катышууга.

4-глава. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл

 

17-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл

1. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл - бул ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын ветеринария жагындагы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, табуу жана жоюу аркылуу ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыздоого багытталган иши.

2. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл мал чарбачылыгынын продуктуларын жана чийки затын, ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүгө, сактоого, ташууга, кайра иштетүүгө жана сатууга, ошондой эле алып келинген, ташып чыгарылган жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен ташылып өтүүчү мамлекеттик ветеринардык көзөмөл алдындагы товарларга жана жүктөргө карата жүргүзүлөт.

3. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ветеринардык-санитардык жагдайды иликтөө жана ага баа берүү, жаныбарлардын жугуштуу жана жугуштуу эмес ылаңдарынын, анын ичинде адамдардын жана жаныбарлардын жалпы илдеттердин, ошондой эле тамак-аштан уулануулардын пайда болуу жана таралып кетүү себептерин жана шарттарын табуу;

2) жугуштуу жана жугуштуу эмес ылаңдардын козгоочуларын алып кирүүдөн жана жайылтуудан Кыргыз Республикасынын аймактарын коргоо боюнча ветеринардык иш-чараларды контролдоо;

3) адаттан тышкаркы факторлордун, табигый жана техногендик апааттардын зыян келтирүүчү таасиринен жаныбарларды коргоо боюнча ветеринардык иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

4) жаныбарларды айдоону жана аларды ташууну, жаныбарлардан алынган азыктарды жана чийки заттарды жерде жүрүүчү, аба жана темир жол транспорту менен ташууну контролдоо;

5) ветеринардык биологиялык препараттарды өндүрүү жана сактоо боюнча ветеринардык лабораторияларда, илим-изилдөө институттарында жана ишканаларда микроорганизмдердин штаммдарын сактоо режиминин сакталышын контролдоо;

6) мал чарбачылыгын жүргүзүүдө, жаныбарларды багууда, мал чарбачылыгынын продуктуларын өндүрүүдө, сактоодо, ташууда, кайра иштетүүдө жана сатууда милдеттүү түрдө аткарылышы үчүн ветеринардык ченемдерди жана эрежелерди, башка ченемдик актыларды иштеп чыгуу.

18-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл объекттери

Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө кирген объекттер (мындан ары - ветеринардык көзөмөл объекттери) болуп төмөнкүлөр саналат:

1) фермалар, мал чарбачылыгы, жырткыч чарбачылыгы, балык чарбачылыгы, балчылык чарбачылыгы;

2) жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо жана сатуу боюнча ишканалар, ошондой эле коомдук тамактануу пункттары;

3) тоюттарды жана тоют кошулмаларын, ветеринардык дары-дармек каражаттарын, биологиялык препараттарды өндүрүү, даярдоо, сактоо жана сатуу боюнча объекттер;

4) темир жол жана автомобиль бекеттери, аэропорттор, мамлекеттик чек ара аркылуу транспорт каражаттарын, жаныбарларды, жаныбарлардан алынган продуктулар менен чийки заттарды өткөрүүчү жерлер;

5) малды ташуу, айдап өтүү трассалары, жайыт участоктору жана коктулар;

6) жарандардын жеке көмөкчү чарбалары;

7) ветеринардык эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча документтер, ветеринардык күбөлүктөр, тастыктамалар, маалымдамалар, ветеринардык-санитардык корутунду, экспертиза актысы жана ветеринария жаатындагы башка ченемдик-техникалык документтер;

8) эпизоотиядан өлгөн же анын таралып кетишин алдын алуу тартибинде союлган айыл чарба жана үй жаныбарларынын өлүктөрүн кемүү үчүн бөлүнүп берилген (мал көмүлгөн жайлар) жайлар;

9) мал, малдын жыныстык жана соматикалык клеткалары;

10) малдын ылаңдарынын козгогучтары жана штаммдар;

11) жеке жана юридикалык жактардын ветеринария чөйрөсүндөгү ишмердиги.

19-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын укуктары

1. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктарга ээ.

2. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери бир эле мезгилде тиешелүү администрациялык аймактардын Башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторлору болуп саналат.

3. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары өз ишинде көз карандысыз болуп саналышат жана ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын ветеринария жагындагы мыйзамдарынын талаптарын жетекчиликке алат.

4. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ветеринардык көзөмөл объекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте тоскоолдуксуз барууга жана текшерүүгө;

2) эпизоотиялык жагдайды, жаныбарлардын ылаңдарынын себептерин табуу, жаныбарлардан алынган азыктар менен чийки заттардын ветеринардык-санитардык сапатына баа берүү, ветеринардык-санитардык талаптарды аткаруу үчүн мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана чарбакер субъекттерден, жарандардан зарыл документтерди жана маалыматтарды алууга;

3) аткаруу бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экенине карабастан чарбакер субъекттерден, жарандардан эпизоотияга каршы иш-чараларды жана ветеринардык-санитардык талаптарды милдеттүү түрдө аткарууга талап кылууга;

4) жугуштуу оору менен ылаңдап калды деп шек саналган же ылаңдап калган жаныбарларды ташып чыгууга, ордун которууга жана айдап кетүүгө тыюу салууга жана тиешелүү түрдө аларды бөлүп кармоо же союп салуу жөнүндө көрсөтмө берүүгө;

5) жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган, ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген продуктулар менен чийки заттарды алып коюуга;

6) ветеринардык тиешелүү коштомо документи болбогон мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөгү жаныбарларды жана продукцияны алып кирүүгө (импорттоого), алып чыгууга (экспорттоого) тыюу салууга, ошондой эле ушул товарларды алып кирүүгө (импорттоого), алып чыгууга (экспорттоого) уруксат берүүгө;

7) ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген жаныбарлардан алынган продуктуларды жана чийки заттарды, ошондой эле ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, даярдоого жана сатууга тыюу салууга;

8) ветеринардык-санитардык талаптарга ылайыктуулугун белгилөө үчүн транспорт каражаттарына ветеринардык-санитардык кароого жана ташылып бараткан жаныбарларды, жаныбарлардан алынган продуктуларды, тоюттарды жана тоют кошулмаларын жана ветеринардык көзөмөл контролдугуна алынган башка товарларды (жүктөрдү) кароого;

9) ветеринария жагынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулгандыгы жөнүндө протокол түзүүгө жана аларды четтетүү жөнүндө көрсөтмө берүүгө, токтомдорду кабыл алууга жана администрациялык жаза колдонууга, ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сотто доо коюуга, ошондой эле мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөгү жаныбарларды жана азыктарды алып кирүүгө (импорттоого), алып чыгууга (экспорттоого) уруксат берүү же тыюу салуу боюнча арыз ээлерине 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жүйөлүү жооп берүүгө;

10) (КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

11) үлгүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген формалык кийимдерди кийүүгө.

(КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын милдеттери

1. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өздөрүнүн иш-милдеттерин аткарууда өзүнүн кызматтык ырастамасын көрсөтүүгө;

2) жаныбарлардын жугуштуу жана жугуштуу эмес ылаңдарынын пайда болуу себептери менен шарттарын белгилөөгө;

3) жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдары же жапырт уулануусу табылганда, өз компетенциясынын чегинде ылаңдардын таркап кетишинин алдын алуу боюнча шашылыш чараларды көрүшү үчүн тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тез арада маалымдоого;

4) эпизоотиялык кырдаал жөнүндө жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын пайда болушунун, таркап кетүүсүнүн алдын алуу жана жоюу, калкты адамдар менен жаныбарлар үчүн жалпы илдеттерден жана тамак-аш ууланууларынан сактоо боюнча ветеринардык органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, элге кабарлоого.

21-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын актылары

1. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн натыйжалары боюнча, Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузууларга жараша таасир этүүнүн укуктук чараларын көрүү максатында кызмат адамдары тарабынан төмөнкү актылар чыгарылат:

1) Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын бузууларды жоюу жөнүндө милдеттендирүүчү буйруктар;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик же администрациялык жаза колдонуу жөнүндө токтом.

2. Ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын актыларын жеке жана юридикалык жактар аткарууга милдеттүү.

22-берене. Ветеринардык багыттагы дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошундуларын жүгүртүү чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө

1. Ветеринардык багыттагы дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошундуларын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамилелерди көзөмөлдөөнү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

2. Ветеринардык багыттагы дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошундуларын сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдын корутундусунун негизинде өндүрүүгө, сатууга колдонууга жол берилет.

3. Ветеринардык багыттагы дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошундуларын өндүрүүнүн, сактоонун, сатуунун, ташуунун, колдонуунун, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун коопсуздугу боюнча талаптар техникалык регламенттердин ченемдери менен аныкталат.

5-глава. Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органы

 

23-берене. Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органы

1. Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органы (мындан ары - Ветеринардык палата) - өзүн өзү башкаруу принциптеринде иштеген жана өлкөдө жеке ветеринардык практиканы жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу коммерциялык эмес уюм.

2. Ветеринардык палата ветеринардык практиканы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана Ветеринардык палатанын Уставында аныкталуучу тартипте жөнгө салат.

(КР 2017-жылдын 24-майындагы N 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-берене. Ветеринардык палатанын компетенциясы

Ветеринардык палатанын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген, Ветеринардык палатанын реестринде каттоо үчүн зарыл болгон минималдуу талаптарга жактардын квалификациясынын ылайык келишине баа берүү;

2) минималдык квалификациялык талаптарга ылайык келүүчү, ветеринардык практика менен алектенүүчү жактарды акы төлөнүүчү негизде каттоо/кайра каттоо жана алардын реестрин жүргүзүү;

3) жеке ветеринардык врачтар жана параветеринардык адистер тарабынан ветеринардык врачтардын Кесиптик этика кодексинин ченемдеринин сакталышын контролдоо;

4) өз компетенциясынын чектеринде мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, эл аралык жана башка уюмдарга Ветеринардык палатанын ишине тиешелүү маселелер боюнча кеңеш берүү.

(КР 2017-жылдын 24-майындагы N 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-глава. Жеке ветеринардык практика

 

25-берене. Жеке ветеринардык практиканы жүргүзүүгө укук

1. Жеке ветеринардык практика менен алектенүү укугуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте Ветеринардык палатанын реестринде катталган ветеринардык врачтар жана параветеринардык адистер ээ болот.

2. Жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу адамдар өз кесиптик ишинде ушул Мыйзамды, Ветеринардык врачтардын кесиптик этика кодексин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

3. Жеке менчик ветеринардык лабораториялар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык диагностиканы, ветеринардык-санитардык экспертизаны ишке ашыра алат.

(КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-берене. Жеке ветеринардык практиканы жүргүзгөн жактардын укуктары жана милдеттери

1. Ветеринардык практиканы жүргүзгөн адамдар квалификациясына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:

1) акы төлөнүүчү ветеринардык-санитардык кызматтарды көрсөтүүгө жана жаныбарларды ветеринардык жактан тейлөөнү жүзөгө ашырууга;

2) ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды келишимдик негизде аткарууга;

3) жайыт пайдалануучулардын бирикмелерине ветеринардык кызматтарды көрсөтүүгө;

4) ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын бузган жактарга карата чара көрүү жөнүндө өтүнүч жасоого;

5) өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдар шектелгенде жана тездик менен күр чыкканда, жаныбарлардын соолугу үчүн техногендик жана башка зыяндуу таасирлер болгондо ветеринария объекттерине барууга жана текшерүү жүргүзүүгө жана ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштарды киргизүүгө.

2. Жеке ветеринардык практиканы жүргүзгөн адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына жана ветеринардык этиканын ченемдерине ылайык иштерди жүзөгө ашырууга;

2) өзүнүн кесиптик даярдыгынын деңгээлин туруктуу жогорулатууга;

3) өзүнүн практикалык ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн ветеринардык препараттарды жана дары-дармек каражаттарын колдонууга;

4) жугуштуу ылаң жукту деп шектелгенде же ал күр чыкканда ыйгарым укуктуу мамлекеттик ветеринардык органга тез арада кабарлоого;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырууга.

(КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-глава. Ветеринария жаатындагы каржылоо

 

27-берене. Мамлекеттик ветеринария органдарын каржылоо булактары

Кыргыз Республикасында мамлекеттик ветеринария органдарын каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин акчалай каражаттары;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактар.

28-берене. Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдарынын жайылып кетүүсүн четтетүү жана аларды контролдоо боюнча ветеринардык-санитардык чараларды каржылоо

1. Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдарынын жайылып кетүүсүнүн четтетүү жана аларды контролдоо боюнча диагностикалык, иммундук алдын алуу жана башка эпизоотияга каршы иш чараларды каржылоо республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин жана көрсөтүлгөн максаттар үчүн тартылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

2. Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегине киргизилген ылаңдарга каршы диагностикалык изилдөөлөрдү жана алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн иммундук-биологиялык дары-дармектерди сатып алуу, анын ичинде аларды жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

3. Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегине кирбеген ылаңдарга каршы жаныбарларды иммундук эмдөө үчүн дары-дармектерди сатып алуу жаныбарлардын ээлеринин жана көрсөтүлгөн максаттар үчүн тартылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржы булактарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

4. Карантиндик жана башка чектөө чараларын каржылоо республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин жана көрсөтүлгөн максаттар үчүн тартылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржы булактарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

8-глава. Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

29-берене. Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн ветеринария субъекттеринин жоопкерчилиги

1. Жаныбарлардын ээлери төмөнкүлөр үчүн жарандык, администрациялык, жазык жоопкерчилигин тартат:

1) жаныбарларды күтүү жана пайдалануу эрежелерин бузгандыгы;

2) диагностикалык жана иммундук алдын алуу иш чараларынан баш тарткандыгы;

3) ветеринардык практикага укугу жок жактарга жаныбарларды алдын ала эмдөөгө жана дарылоого бергендиги;

4) Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарынын башка талаптарын бузгандыгы.

2. Жаныбарларды, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулар менен чийки заттарды өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, даярдоодо, сактоодо, ташууда жана сатууда ветеринардык-санитардык талаптар бузулгандыгы үчүн жарандык, администрациялык жана жазык жоопкерчилиги каралат.

3. Ветеринардык лабораториялар жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык экспертизанын, диагностикалык изилдөөлөрдүн аныктыгы жана объективдүүлүгү жана корутундуларды бергендиги үчүн жоопкер болот.

30-берене. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын жоопкерчилиги

1. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу адамдар жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактар өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган, өз ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланган, ветеринария жаатындагы мыйзамдарды бузган, жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары пайда болгон фактыларды жана алардын пайда болуу жана таркап кетүү коркунучун түзгөн жагдайларды жашырган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

2. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын мыйзамсыз аракеттеринин же аракетсиздигинин кесепетинен келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулат.

3. Ветеринардык палатанын реестринде каттоосуз жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

(КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-глава. Ветеринария жаатындагы эл аралык кызматташтык

 

31-берене. Ветеринария жаатындагы эл аралык кызматташтык

1. Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен ветеринария жаатындагы кызматташтыгы эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандардан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

10-глава. Корутунду жоболор

32-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам кабыл алынгандан кийин алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 8, 546-ст.);

2) "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 120 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 342-бер.).

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А.Ш.Атамбаев