Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\49e88fc4-b2dd-4333-8781-49db1bdf8726\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 30-декабры № 177

"Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 6-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) ЭЭЗ башкы дирекциясы - ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлүүчү ЭЭЗ башкаруу органы;".

2. 2-берененин 1-бөлүгүндөгү "бажы мыйзамдарында" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 5-беренеде:

1-бөлүктө:

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктарды жана бажы төлөмдөрүн төлөгөндөн кийин түздөн-түз өндүрүштүк максаттарга арналган жана акциздик товарларга кирбеген товарларды өндүрүү үчүн акциздик товарларды кошпогондо, акциздик товарларды алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга.";

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-пункттар менен толукталсын:

"3) куралдарды жана ок-дарыларды өндүрүүгө, оңдоого жана сатууга, куралдарды жасап чыгарууда пайдаланылуучу жардыргыч заттарды өндүрүүгө жана сатууга;

4) радиактивдүү, ядролук жана башка коркунучтуу материалдарды өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, сактоого, зыянсыздандырууга, сатууга;

5) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды ташып келүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга, буга аларды алып келүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу өндүрүштүк максаттарда пайдаланылуучу алардын прекурсорлору кирбейт.".

4. 6-беренеде:

1-бөлүгүндөгү "бажы" деген сөз алып салынсын;

2-бөлүгүндөгү "бажы режими" деген сөздөр "бажы жол-жобосу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. ЭЭЗ башкы дирекциялары жыл сайын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдү жүргүзөт. Түшкөн каражаттардан республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир ЭЭЗ үчүн өзүнчө аныкталат. Түшкөн каражаттардан жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн өлчөмү 0,01%ды түзөт.";

10-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "бажы иши чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын.

5. 8-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"6. ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бажы бирлигинин органдарына Кыргыз Республикасынын аймагында ЭЭЗ түзүү жөнүндө же болбосо ЭЭЗ иштешинин токтотулушу жөнүндө маалымат берет.".

6. 9-беренеде:

1-бөлүгүнүн 11-пунктундагы "бажы мыйзамдарынын" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт.".

7. 11-беренеде:

11-бөлүгү "мамлекеттик органга," деген сөздөрдөн кийин "ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга," деген сөздөр менен толукталсын;

13-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13. ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бажы бирлигинин органдарына ЭЭЗ субъекттеринин реестрине киргизилген ЭЭЗ субъекттери жөнүндө маалыматтарды Бажы бирлиги органы тарабынан аныкталган тартипте берет.".

8. 12-беренеде:

1-бөлүгүнүн 1-пунктундагы ''Кыргыз Республикасынын салык жана/же бажы мыйзамдарынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана/же бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

9-бөлүгү "мамлекеттик органга," деген сөздөрдөн кийин "ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга," деген сөздөр менен толукталсын;

берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:

"10. ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бажы бирлигинин органдарына ЭЭЗ cyбъектинин статусунан ажыраган же болбосо айрылган ЭЭЗ субъекттери жөнүндө  маалыматтарды Бажы бирлиги органы тарабынан аныкталган тартипте берет.".

9. 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14-берене. ЭЭЗде колдонулуучу бажы жол-жобосу

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы контролунун ченемдерин сактоо максатында ЭЭЗ аймагы Бажы бирлигинин бажы аймагынын бир бөлүгү болуп саналат.

2. Эркин бажы зонасы - ЭЭЗ субъекттери ЭЭЗ аймагынын чектеринде бажы алымдарын, салыктарын төлөбөстөн, ошондой эле чет өлкөлүк товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонбостон жана Бажы бирлигинин товарларына карата тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонбостон чет өлкөлүк товарларды жайгаштырган жана пайдаланган бажы жол-жобосу.

Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу алдындагы товарларды жайгаштыруунун шарты жана тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык бажы көзөмөлүн камсыз кылуу максатында ыңгайлаштырылган ЭЭЗ аймагында же ЭЭЗ аймагынын бир бөлүгүндө (ЭЭЗ субъектинин жайгашкан жеринде) колдонулат.

4. ЭЭЗ субъекттери тарабынан ЭЭЗ аймагына алып келинген чет өлкөлүк товарлар ЭЭЗ аймагына эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун шарттарына ылайык жайгаштырылат жана пайдаланылат.

ЭЭЗ аймагынан товарларды алып чыгуу бажы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЭЭЗ субъекти тарабынан тандалып алынган бажы жол-жобосунун шарттарында жүзөгө ашырылат.

5. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу колдонулган ЭЭЗ аймагы бажы көзөмөлүнүн зонасы болуп саналат. ЭЭЗ субъекттеринин товарларын бажы жол-жобосу алдында жайгаштырууга байланышкан бажы көзөмөлү жана бажы операциялары бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. ЭЭЗ аймагына ЭЭЗ субъекттери тарабынан алып келинген жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу алдында жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлар бажы алымдарын, салыктарын, ошондой эле тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу максаты үчүн Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары жайгашкан катары каралат.

7. Регионду тез өнүктүрүү максатында түзүлгөн ЭЭЗ аймагында товарлар жагынан операцияларды жүзөгө ашыруучу ЭЭЗ субъекттери алып кирген, алып чыккан, сактаган, даярдаган, кайра иштеткен, утилдештирген, сатып алган жана сатып өткөргөн товарлардын эсеп-кысабын жүргүзүүгө жана ЭЭЗ башкы дирекциясына бул товарлар боюнча отчетторду берүүгө милдеттүү. ЭЭЗ чегиндеги товарлар жагынан болуп өткөн ар кандай өзгөрүүлөр эсеп документтеринде чагылдырылууга тийиш.

8. Кыргыз Республикасынын бажы органдары, ошондой эле ЭЭЗ башкы дирекциясы өз компетенциясынын чектеринде, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЭЭЗ субъекттери товарлар жагынан жүзөгө ашырган операцияларды көзөмөлдөйт жана эсебин жүргүзөт.

9. ЭЭЗ аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген товарларга карата:

1) салык  салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына  ылайык жүргүзүлөт;

2) тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.

10.  Эгерде товар бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык толук өндүрүлгөн же жетиштүү иштетүүгө/кайра иштетүүгө дуушар болсо, товар ЭЭЗ аймагында өндүрүлгөн болуп эсептелет.

11. Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнү кошпогондо, ЭЭЗ өндүрүлгөн продукцияны Бажы бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагына, ошондой эле бажы бирлигинин аймагынан тышкары жакка экспорттоо квоталоодон бошотулат.

Кайра иштетилүүчү айыл чарба продукциясын кошпогондо, ЭЭЗде өндүрүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү квоталанат. Белгиленүүчү квотанын көлөмү жыл ичинде ЭЭЗ ар бир субъекти боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнөн ар бир ЭЭЗ үчүн өзүнчө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасынын аймагына ЭЭЗ өндүрүлгөн продукцияны алып келүүнүн белгиленген квотасынан ЭЭЗ субъекти ашырган көлөмүнө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.

ЭЭЗде өндүрүлгөн продукциянын экспортунун белгиленген квотасын сактоо көзөмөлүн Кыргыз Республикасынын бажы, салык органдары жана ЭЭЗ башкы дирекциясы жүзөгө ашырат.

12. ЭЭЗ субъекттери тарабынан ЭЭЗ аймагына алып келинген жана ЭЭЗ субъекттери тарабынан ЭЭЗ аймагынан алып чыгарылган товарларды бажылык декларациялоо ЭЭЗ башкы дирекциясына кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмекке ылайык ЭЭЗ аймагына алып келүүгө тыюу салынган товарларды эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу алдында жайгаштырууга болбойт.

14. Юридикалык жак ЭЭЗ субъектинин статусунан айрылгандан кийин ЭЭЗ аймагына юридикалык жак алып келген товарлар эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун алдында жайгаштырылбайт.

15. Кыргыз Республикасынын көзөмөлдөнүүчү продукцияларынын Улуттук көзөмөлдүк тизмесине киргизилген, ЭЭЗ aймагына алып келинген товарларга карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 2-пунктун, 4-пунктунун экинчи, үчүнчү, алтынчы абзацтарын, 6-пунктунун экинчи абзацын, 8-пунктунун экинчи абзацын, 9-пункттун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А.Ш.Атамбаев