КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 31-декабры № 182
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 337-берененин 6-бөлүгүндө "Райондук кеңештер" деген сөздөр "Жергиликтүү кеңештер" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 339-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кз зоналык коэффициентинин мааниси жергиликтүү кеңештер тарабынан экономикалык-пландалуучу зоналардын өзгөчөлүктөрүнө жараша, өтүп жаткан жылдын 1-октябрынан кечиктирилбеген мөөнөттө 3 жылда бир жолу төмөнкү өлчөмдө белгиленет:
1) Бишкек шаарында - 0,6дан 3кө чейин;
2) Ош шаарында - 0,3төн 3кө чейин;
3) башка калктуу конуштарда - 0,3төн 1,2ге чейин.".
2-берене.
Ушул Мыйзам кабыл алынган жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |