Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\63dc8a97-b5e2-42db-88e3-d3aa869c5ecd\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2015-жылдын 12-январы № 3

"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 2-статьяда:

статья "жаратылыш ресурстарын калыбына келтирүү" деген түшүнүктөн кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"озонду бузуучу заттарды калыбына келтирүү - озонду бузуучу заттардын керектөө касиеттерин калыбына келтирүү максатында чыпкалоо, кургатуу, дистилляциялоо, химиялык иштетүү жолу менен рекуперацияланган озонду бузуучу заттарды иштетүү;";

статья "парник газдары" деген түшүнүктөн кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"озонду бузуучу заттарды керектөө - башка мамлекеттерге экспорттолуучу озонду бузуучу заттарды кошпогондо, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана башка мамлекеттерден импорттолгон озонду бузуучу заттардын жалпы саны;";

статья "жаратылышты коргоо мыйзамдары" деген түшүнүктөн кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"озонду бузуучу заттардын рекуперациясы - аларды техникалык жактан тейлөөнүн жүрүшүндө же аларды пайдалануудан чыгаруу алдында машиналарда жана жабдууларда, алардын курамдык бөлүктөрүндө, контейнерлерде камтылган озонду бузуучу заттарды чыгаруу, топтоо жана сактоо;

кайра циркуляциялоо - аларды кайталап пайдалануу максатында озонду бузуучу заттарды иштетүү;";

статья "жаратылышты атайылап пайдалануу" деген түшүнүктөн кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"озонду бузуучу заттарды жок кылуу - аларды бузулууга же озонду бузуучу заттар болуп саналбаган затка айланууга алып келүүчү озонду бузуучу заттардын бузулуу процесси.".

2. 20-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Өзүнүн керектөө касиеттерин жоготкон жана озонду бузуучу заттарды камтыган продукцияны бул заттарды рекуперациялоосуз андан ары кайра циркуляциялоо жана жок кылуу үчүн өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын жайгаштыруу объекттеринде көмүүгө тыюу салынат.".

3. 25-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен толукталсын:

"Атмосферанын озон катмарын чарбачылык жана башка иштин терс таасиринен коргоо максатында озонду бузуучу заттардын тизмеги белгиленет, Кыргыз Республикасында алар менен иш жүргүзүү мамлекеттик жөнгө салууга жатат.

Алар менен иш жүргүзүү мамлекеттик жөнгө салууга жаткан озонду бузуучу заттардын тизмеги, Кыргыз Республикасында озонду бузуучу заттарды керектөөнүн жол берилген көлөмү, озонду бузуучу заттар менен иш жүргүзүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар чарбачылык жана башка ишти жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын талаптарын сактоого милдеттүү.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө эл аралык Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А. Атамбаев