Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
2019-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b3aa500f-8ca1-4bf2-b5b3-f7456090f23e\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 16-январы № 16

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

221-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"эсептик көрсөткүчтөрдүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айыпка, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"эсептик көрсөткүчтөрдүн бир миңден төрт миңге чейинки өлчөмүндө айыпка, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

статья төмөнкүдөй мазмундагы 3, 4-бөлүктөр менен толукталсын:

"(3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун акцияларынын 30дан ашык пайызы (үлүшү) мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болгон коммерциялык уюмдагы башкаруу милдетин аткаруучу адам тарабынан жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен, беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(4) Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган, оор кесепеттерге алып келген, ага тете жосун:

1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) өзгөчө ири зыян келтирүү менен жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен, сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

эскертүүдө:

2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Эгерде ушул статьяда же болбосо ушул главанын башка статьяларында каралган жосун мамлекеттик же муниципалдык түзүлүш акцияларга (уставдык капиталдагы үлүшкө) ээлик кылган мамлекеттик же муниципалдык ишкана, чарбалык коом болуп саналбаган коммерциялык уюмдун гана кызыкчылыктарына зыян келтирсе, кылмыш-жаза куугунтугуна алуу ошол уюмдун арызы боюнча же анын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.";

эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Ушул статьяда каралган жосун, эгерде ал кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма миң эсе ашса, өзгөчө ири зыян келтирүү менен жасалган деп таанылат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

А. Атамбаев