Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\78c7e5ae-a09a-46c0-a04e-23c34f5adae9\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 17-февралы № 35

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

1-берене.

"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 458-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 8-статьяда:

1-бөлүгү "бир" деген сөздөн кийин "жумушчу" деген сөз менен толукталсын;

2-бөлүгү "14" деген цифрадан кийин "жумушчу" деген сөз менен толукталсын;

3-бөлүгү "30" деген цифрадан кийин "календардык" деген сөз менен толукталсын;

4-бөлүгү "беш" деген сөздөн кийин "жумушчу" деген сөз менен толукталсын.

2. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16-статья. Жарандардын кайрылуулары жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан ушул Мыйзамды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисине, ал эми ал болбогондо, статс-катчысына же жетекчисинин орун басарына, же аппаратынын жетекчисине жүктөлөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан ушул Мыйзамды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине, ал эми ал болбогондо жетекчисинин орун басарына жүктөлөт.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 62-1-статья менен толукталсын:

"62-1-статья. Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу

Жарандардын электрондук кайрылууларын мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтына кабыл алуу үчүн электрондук почта дарегин жайгаштырбоо, электрондук кайрылууга номер жана каттоо датасын ыйгаруу боюнча белгиленген мөөнөттөрдү бузуу, расмий сайтка андайга ыйгарым укук берилген кызмат адамы тарабынан болбогон электрондук почта дарегин жарыялоо -

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы "82-1" деген цифралардан кийин ", 234-1" деген цифралар менен толукталсын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

              

 

А. Атамбаев