Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\comp\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3b920238-f91b-4076-9b90-866175cdd2c1\document.files\image001.jpg

ТОКТМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIV СЕССИЯСЫ

2014-жылдын 15-апрели №102/14-3

“Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясы жөнүндө”

 жобону бекитүү жөнүндө

Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун 10.04.14-ж. чыг.№485 кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12-беренесинин негизинде,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,

Токмок шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. “Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясы жөнүндө” жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом “Менин шаарым Токмок-Мой город Токмок” шаардык газетасына белгиленген тартипте чыгарылсын.

3.Токмок шаардык Кеңешинин аппараты тарабынан, ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстициянын Чүй-Бишкек башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Р.Таманбаев

 

 

Токмок шаардык Кеңешинин

15 апрель 2014-ж.

№102/14-3 токтому менен бекитилген

“Токмок ш. турак жай маселелери боюнча

комиссиясы жөнүндө” жобо

1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эсепке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы №117 Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан  бекитилген, 2012-жылдын 23-июлундагы №517 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүз боюнча типтүү нускамага ылайык иштелип чыккан.

2. Турак жай маселелери боюнча комиссия (мындан ары- Комиссия), турак жайга муктаж жарандарды эсепке алуу жана муниципалдык турак жай фондунан жарандарга турак жай берүү, ошондой эле Токмок ш. жарандарына батирлерди менчиктештирүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде ачыктыкты камсыздоо максатында түзүлдү.

3.Комиссиянын курамы Токмок шаардык Кеңешинин токтому менен бекитилет.

Комиссиянын төрагасы болуп Токмок ш. вице-мэри саналат. Комиссиянын курамына Токмок архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын, Токмок-Чүй аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жетекчилери (же жетекчилердин орун басарлары) кирет. Ошондой эле Комиссиянын курамына Токмок ш. мэриясынын юристи жана депутаттар кирет. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так болуш керек.

Комиссиянын катчысы болуп, Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык кызматчысы шайланат жана анын курамына кирбейт.

4.Комиссиянын иш милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

-кийин кезекте тургандардын журналына каттоо максатында, турак жай шарттарын жакшыртууга  жарандардын муктаждыгын таануу боюнча документтер топтомун кароо;

-турак жай аянтын берүү жөнүндө маселени кароо;

Токмок ш. муниципалдык менчигиндеги ж.б. турак жайды ижарага берүү  жөнүндө келишим түзүүгө уруксат берүү;

- Токмок ш. муниципалдык менчигиндеги ж.б. батирлерди менчиктештирүүгө уруксат берүү боюнча чечимдерди кабыл алуу.

5.Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

-жарандардын кезекке коюу, турак жай берүү жана башка турак жай маселелери боюнча кайрылууларын жана даттанууларын кароо;

-каттоого коюу, каттоодон алуу же турак жай аянтын берүү боюнча маселени чечүү үчүн, жерине баруу менен жарандардын турак жай шарттарын иликтөө, ошондой эле комиссиянын отурумуна кызыкдар адамдарды чакыруу.

6.Комиссия өз ишмердүүлүгүн отурумдарды өткөрүү түрүндө жүргүзөт. Отурумдардын жыйынтыктары протокол түрүндө даярдалат, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.

Комиссиянын отурумдары  материалдардын түшүүсүнө жараша, комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталат.

Комиссиянын отурумун төрага алып барат, ал жок болгон  учурда  төраганын орун басары алып барат.

Комиссиянын отуруму, эгер ага комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынын көбү катышса, укуктуу деп саналат. Комиссиянын чечими, отурумга катышып жаткан комиссиянын мүчөлөрүнүн санынын  жөнөкөй көпчүлүгүнүн, ачык добуш берүүсү менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.

Комиссиянын ар бир  мүчөсү, бир маселени кароодо эгер каржылык кызыкчылыгы болсо же чечим кабыл алып жаткан арыз беръъчъ менен туугандык мамиледе болсо, ошол маселени кароодон жана добуш беръъд\н бошотулат.

Комиссиянын өзүнүн архиви бар, анда анын бардык отурумдарынын протоколдору, комиссиянын ишмердүүлүгү менен байланышкан башка материалдар кармалат, алардын сакталышын комиссиянын катчысы камсыздайт.

Турак жай комиссиясынын отурумунун протоколуна, отурум өткөн күндөн баштап беш жумушчу күнүнүн ичинде турак жай комиссиясынын төрагасы кол коет жана турак жай комиссиясынын катчысында сакталат.

Комиссиянын отурумунда катчы протокол жазат. Протоколдо комиссиянын аталышы, отурумдун датасы, протоколдун номери, комиссиянын мүчөлөрүнүн  саны жана отурумга катышкандардын тизмеси, күн тартиби чагылдырылат.  Протоколго каралып жаткан маселелердин кыскача мазмуну, ал боюнча кабыл алынган чечим, зарыл учурларда конкреттүү маселелер боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери жазылат.

 

Токмок ш. Муниципалдык менчик

башкармалыгынын башкаруучусу

 

К.Чотбаев