Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\926088aa-e246-4874-941b-e0ebb6f59409\document.files\image001.jpg

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 31-майы № 191-б

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 418-б, 2012-жылдын 6-февралындагы № 33-б, 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 544-б,2014-жылдын 13-январындагы № 8-б, 2016-жылдын 1-февралындагы № 35-б, 2016-жылдын 23-июнундагы № 287-б, 2017-жылдын 13 декабрындагы № 567-б 2018-жылдын 16-июлундагы № 252-б, 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 411-б 2020-жылдын 30-декабрындагы № 412-б буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 4-пунктун аткаруу үчүн:

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) бул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин жана көз карандысыз эксперттерди коомдук негизде белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.

3-1. Ведомстволор аралык комиссиянын жарымынан кем эмеси кеңеш берүүчү добуш укугу менен жарандык коомдоштуктун жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден турат.

Аларды тандоо жана Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынына чакыруу тартиби каралуучу маселелердин тематикасына жараша Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан аныкталат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы № 8-б, 2016-жылдын 1-февралындагы № 35-б буйруктарынын редакцияларына ылайык).

4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке (муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча) жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 411-б буйругунун редакциясына ылайык)

Премьер-министри

А.Атамбаев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 31-майыдагы
№ 191-б буйругуна
тиркеме

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 412-б буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин экономикалык саясат башкы башкармалыгынын кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү саясатын координациялоо бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасымын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу секторунун башчысы;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

жекече (макулдашуу боюнча):

Мусаева Айжан Эркиновна

-

Регионалистика жана өнүктүрүү борборунун директору;

Капарова Айнура Акимжановна

-

көз карандысыз эксперт;

Третьяков Александр Викторович

-

көз карандысыз эксперт;

Балтагулов Джалалбек Тюрегельдиевич

-

көз карандысыз эксперт;

Коак Александр Николаевич

-

"Коомдук технологиялар борбору" мекемесинин эксперти;

Слепченко Наталья Сергеевна

-

көз карандысыз эксперт;

Чекиров Асылбек Асаналиевич

-

көз карандысыз эксперт;

Мурзакматов Бекжан Мукаевич

-

"Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоорунун техникалык эксперти;

Алдакулова Бубусара Турдалиевна

-

көз карандысыз эксперт;

Ускенбаева Гульнара Тураровна

-

Жеткирүүчүлөр, өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын президенти;

Булатова Юлия Нарыновна

-

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын юристи.

 

Эскертүү. Кызмат орду боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамына киргизилген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечимине же ошол мамлекеттик органдын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык аныкталат. Тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2011-жылдын 31-майындагы

№ 191 токтому менен

бекитилген

 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын
оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө

ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы № 8-б, 2016-жылдын 1-февралындагы № 35-б, 2018-жылдын 16-июлундагы № 252-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин системалаштыруу жана түзүү максатында түзүлгөн, туруктуу негизде иш алып барган консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын  16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 35-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги) жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги) жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар камсыз кылышат.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 35-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары

3. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

(КР Өкмөтүнүн, 2018-жылдын 16-июлундагы № 252-б буйругунун редакциясына ылайык)

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөтүүчү Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин түзүүгө көмөктөшүү;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү системалоонун критерийлерин жана механизмдерин, ошондой эле аларды көрсөтүүнү жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

- жынысына, жаш курагына, ден соолугунун чектелгендигине, тилине, расасына, диний ишенимине, этностук таандыктыгына жана башка жагдайларга карабастан кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын тең укуктуулугунун, мүмкүнчүлүктөрүнүн жана жеткиликтүүлүгүнүн негизинде Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгууга көмөктөшүү.

 (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы № 8-б, 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 411-б буйругунун редакциясына ылайык)

4. Ведомстволор аралык комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

(КР Өкмөтүнүн, 2018-жылдын 16-июлундагы № 252-б буйругунун редакциясына ылайык)

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, бюджеттик мекемелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын ведомстволук тизмелерин, алар Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине, ошондой эле акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча реестрине киргизилгенге чейин бул кызмат көрсөтүүлөрдүн пайдалуулугун жана коомго таңууланбагандыгын кароо;

- - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрлерине (тизмелерине) киргизүү маселелери боюнча корутундуларды кароо жана берүү;

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы № 8-б, 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 411-б буйругунун редакциясына ылайык)

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, бюджеттик мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жалпы абалын кызыкдар тараптар менен иликтөө;

- көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу жана жеке, юридикалык жактарга кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөштүрүү боюнча сунуштарды Ведомстволор аралык комиссияга түшкөн сунуштардын негизинде иштеп чыгуу.

- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана административдик регламенттерди кароо жана жактыруу жөнүндө корутунду берүү.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы № 8-б, 2016-жылдын 1-февралындагы № 35-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)

3. Ведомстволор аралык комиссиянын ыйгарым укуктары

5. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

- иш үчүн зарыл болгон документтерди жана материалдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, бюджеттик мекемелеринен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте суроого;

(КР Өкмөтүнүн, 2018-жылдын 16-июлундагы № 252-б буйругунун редакциясына ылайык)

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча алынган материалдардын аныктыгын текшерүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органына, бюджеттик мекемесине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына барууга демилге көтөрүүгө;

(КР Өкмөтүнүн, 2018-жылдын 16-июлундагы № 252-б буйругунун редакциясына ылайык)

- өзүнүн жыйындарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, бюджеттик мекемелеринен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жетекчилерин Ведомстволор аралык комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча угууга;

(КР Өкмөтүнүн, 2018-жылдын 16-июлундагы № 252-б буйругунун редакциясына ылайык)

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, бюджеттик мекемелеринен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизүүгө;

- Ведомстволор аралык комиссияга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте тартуу менен максаттуу (жумушчу) топторду түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.

4. Ведомстволор аралык комиссиянын

курамы жана ишин уюштуруу

6. Ведомстволор аралык комиссиянын бардык мүчөлөрү өзүнүн ишин коомдук башталышта жүргүзөт.

7. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин төрага, ал эми төрага жок болгон учурда анын орун басары жетектейт.

Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жыйындарда төрагалык кылат, Ведомстволор аралык комиссия кабыл алган чечимдердин ишке ашырылышына жалпы контролдоо жүргүзөт.

8. Ведомстволор аралык комиссия өз ишин туруктуу негизде, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы биринчи жыйында бекиткен иш планына ылайык жүргүзөт.

9. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны анын мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышса мыйзамдуу болуп эсептелет.

10. Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдери жыйынга катышкан Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, протоколго Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчысы кол коет.

11. Чечимдерди кароонун жана кабыл алуунун жүрүшүндө Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү айткан өзгөчө пикирлер милдеттүү түрдө протоколго жазылат жана Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө өзүнчө документ катары берилет.

(КР Өкмөтүнүн, 2018-жылдын 16-июлундагы № 252-б буйругунун редакциясына ылайык)

12. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү өздөрү өкүлдөрү болгон мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бул же тигил мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнө тиешелүү маселелерди кароодо добуш берүү укугуна ээ болбойт.

(КР Өкмөтүнүн, 2018-жылдын 16-июлундагы № 252-б буйругунун редакциясына ылайык)

13. Компетенциясынын чегинде кабыл алынган Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдери Ведомстволор аралык комиссиянын жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөсү же көчүрмөлөр түрүндө мамлекеттик органына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет.

14. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги:

(КР Өкмөтүнүн, 2018-жылдын 16-июлундагы № 252-б буйругунун редакциясына ылайык)

- мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзгөн жумушчу топторунун мүчөлөрүн методологиялык жетектөөнү, окутууну, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү маселелери боюнча, анын ичинде аларды стандартташтыруу маселелери боюнча нускамалык материалдарды иштеп чыгууну жана бекитүүнү уюштурат;

(КР Өкмөтүнүн, 2018-жылдын 16-июлундагы № 252-б буйругунун редакциясына ылайык)

- мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн ведомстволук тизмелеринин долбоорлорун даярдоо боюнча ишти координациялашат;

(КР Өкмөтүнүн, 2018-жылдын 16-июлундагы № 252-б буйругунун редакциясына ылайык)

- Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген материалдардын толуктугуна талдоо жүргүзүшөт;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук тизмелери боюнча корутундулардын долбоорлорун, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизүү үчүн сунушталган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча корутундулардын долбоорлорун, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына карата корутундулардын долбоорлорун даярдашат жана Ведомстволор аралык комиссияга беришет;

- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмелеринин маалыматтык базасын түзүшөт жана жүргүзүшөт;

- Ведомстволор аралык комиссиянын сунуштарынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүшөт.