Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 14-майы № 191-б

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-октябрындагы № 475-б буйругунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планынын 117-пунктун аткаруу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2012-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө ведомстволук маалыматтар базасында камтылган маалыматтардын негизинде мамлекеттик мүлктүн маалыматтарынын курамына жана көлөмүнө талдоо жүргүзүшсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ("Инфосистема" мамлекеттик ишканасы), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ("Инфоком" мамлекеттик ишканасы) жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - ММБР АМС) иштеп чыгууга техникалык тапшырма даярдашсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги 2012-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоого даярдоо жана өткөрүү, ММБР АМСты түзүү жана жүргүзүү боюнча иштерди жана мамлекеттик менчикти эсепке алуу системасын оптималдаштыруу менен байланышкан башка иштерди каржылоо боюнча маселелерди чечишсин.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго мамлекеттик органдардын адистерин, эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.

5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери:

- мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо боюнча ишти даярдоо жана өткөрүү боюнча жер-жерлерде жумушчу комиссияларды түзүшсүн;

- мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоону 2012-жылдын 1-январына, 2012-жылдын 1-июлуна жана 2013-жылдын 1-январына карата жүргүзүшсүн;

- Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоону отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-январына карата жыл сайын жүргүзүшсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго инвентаризациялоонун жыйынтыгын кагаз жанаэлектрондук форматта жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-февралына чейин беришсин.».

 ММБР АМСты иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө, мамлекеттик мүлккө инвентаризациялоо жүргүзүүгө жана мамлекеттик менчикти эсепке алуу системасын оптималдаштыруу менен байланышкан башка иштерге көмөк көрсөтүшсүн;

- министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин орун басарларына инвентаризациялоонун жыйынтыктарынын толуктугуна, сапатына, өз учурунда берилгендигине жана тууралыгына жана тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жекече жоопкерчилик жүктөлсүн.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев