Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\911301a3-504e-46c6-8cd2-8d01d42abd50\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 19-марты № 96-б

"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын минерал-витамин кошумчалар менен байытылган нан унун өндүрүү жагында аткаруу жана республиканын калкынын микронутриенттердин жетишсиздиги менен шартталган ооруларга чалдыгуу деңгээлин төмөндөтүү максатында:

1. Байытылган унду өндүрүү үчүн тандалган ун тартуучу ишканалардын тиркелген тизмеси бекитилсин (мындан ары - ун тартуучу ишканалар).

2. Ушул буйруктун тиркемесинде аталган ун тартуучу ишканаларга даярдоо иштерин жүргүзүү жана премикс алгандан кийин байытылган ун өндүрүүнү камсыздоо сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнүп, жогорку жана биринчи сорттогу ундарды байытуу үчүн арналган каражатка премикс сатып алууну камсыздасын;

- премиксти убактылуу сактоочу кампага жеткирүү менен, андан ары ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн ун тартуучу ишканаларга бөлүштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине өткөрүп берүүнү уюштурсун.

4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Байытылган унду жана нан азыктарын өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Ун тартуучулар союзу (макулдашуу боюнча):

- премикстин партиясынын сакталышын камсыздашсын;

- премиксти ушул буйруктун тиркемесинде аталган ун тартуучу ишканаларга өндүрүштүн иш жүзүндөгү кубаттуулугуна жараша өткөрүп беришсин;

- ушул буйруктун тиркемесинде аталган ун тартуучу ишканалар менен унду байытуу максатында премиксти алуу, сактоо жана пайдалануу боюнча келишимдерди белгиленген тартипте түзүшсүн жана унду байытуу жана сапатын контролдоо маселеси боюнча уюштуруу-методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүшсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду мамлекеттик материалдык резервдеги аштык буудайды иштетүүдө ундун милдеттүү түрдө байытылышын камсыздасын.

6. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:

- унду байытуу жана темирдин жетишсиздигинен болуучу абалдардын алдын алуу маселеси боюнча мамлекеттик органдар менен өндүрүшчүлөрдүн ортосунда өз ара байланыштагы ишти уюштуруу;

- ушул буйруктун тиркемесинде аталган ун тартуучу ишканалардын байытылган унду өндүрүү боюнча туруктуу иштөөсүн камсыздоого ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтүү;

- тендерлерди өткөрүүдө билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык өнүктүрүү, юстиция, коргонуу жана бюджеттик башка уюмдар үчүн премикс менен байытылган унду, байытылган ундан жасалган макарон жана нан азыктарды сатып алуу мүмкүндүгүн караштыруу.

7. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өз компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 569 "Байытылган ундун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Байытылган ундун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин талаптарына ылайык байытылган ундун өндүрүлүшүнө, сапатына, коопсуздугуна, сакталышына, пайдаланылышына контролду камсыздашсын.

8. Менчигинин түрүнө карабастан жалпыга маалымдоо каражаттарына байытылган унду пайдалануу зарылдыгы жөнүндө жарнамалык роликтерди көрсөтүү үчүн ободон убакыт бөлүү сунушталсын.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 129-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.

10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-мартындагы № 96-б буйругу менен бекитилген

Байытылган унду өндүрүү үчүн тандалган ун тартуучу ишканалардын
ТИЗМЕСИ

 

№ п/п

Өндүрүүчүлөрдүн аталышы

Кубаттуулугу, тонна/сутка

Ысык-Көл облусу

1

"Ун-Лайн" ЖЧК, Каракол шаары (2 тегирмен)

80,0

2

"Береке" ЖЧК, Каракол шаары

30,0

3

"Элита" тегирмени, Түп айылы

30,0

4

"Акдан" тегирмени, Түп айылы

30,0

5

"Балыкчы-Дан-Азык" АК, Балыкчы шаары

250,0

6

"Элдан" тегирмени, Каракол шаары

30,0

7

"Кызыл-Дан" тегирмени, Кызыл-Суу айылы

40,0

8

"Алтын-Дан" ААК, Балыкчы шаары

60,0

9

"Осек уулу Сүйүнбек" ЖИ, "Бак-Нур" тегирмени, Жети-Өгүз айылы

10,0

10

АЧК "Айкол", Тоң айылы

30,0

Ош облусу

11

"Сан-Сабыл" ЖЧК, Дөң-Булак айылы

20,0

12

"Карасу-Дан-Азык" ААК, Кара-Суу шаары

60,0

13

"Баирбекжан" ЖЧК, Кара-Суу району

20,0

14

"Зан-Жабыл" ЖЧК, Өзгөн шаары

40,0

15

"Өзгөн-Дан-Азык" ААК, Өзгөн шаары

30,0

16

"Ташматов" ЖИ, Өзгөн району

20,0

17

"Достук" ЖИ, Өзгөн району

10,0

Ош шаары

18

"Ош-Марьям" ЖЧК, Ош шаары

100,0

19

"Саламат" ААК, Ош шаары

70,0

20

"Агросоюз" ЖЧК, Ош шаары

60,0

Жалал-Абад облусу

21

"Азрат-Айыб" ААК, Жалал-Абад шаары

25,0

22

"Жалал-Абад-Марьям" ЖЧК, Жалал-Абад шаары (2 тегирмен)

200,0

23

"Дан-Юг" ЖЧК, Жалал-Абад шаары

160,0

Баткен облусу

24

"Дан" АК, Кызыл-Кыя шаары

25,0

Бишкек шаары

25

"Акун" ЖАК (2 тегирмен)

170,0

26

"Бишкек ун комбинат" АК

250,0

27

"Яшар" ЖЧК

150,0

28

"Экдан-7" ЖЧК

30,0

29

"Лансаров" ЖИ

20,0

30

"Эрт" ЖЧК

35,0

31

"Век" ЖЧК

45,0

32

"Мельник" ЖЧК

10,0

33

"Кубезов" ЖИ

10,0

34

"Үсөнов" ЖИ, "Бин Груп" ЖЧК

40,0

Чүй облусу

35

"Дан" МИ, Кара-Балта шаары

500,0

36

"Аксу-Дан-Азык" ААК, Беловодское айылы

20,0

37

"Москва" ЖЧК, Беловодское айылы

30,0

38

"Голден-Ун" ЖЧК, Шопоков шаары

50,0

39

"Астык" ЖЧК, Ново-Павловка айылы

30,0

40

"Каз-Грейн" ЖЧК, Токмок шаары

250,0

41

"Кулукеев" ЖИ, Аламүдүн району

30,0

42

"Бекпр" ЖЧК, Лебединовка айылы

10,0

43

"Рола" ЖЧК, Фрунзе айылы

10,0

44

"Орион-Экстра" ЖЧК, Кара-Балта шаары

50,0

45

"Золотой Колос" ДЧ, Фрунзе айылы

60,0

46

"Иманбеков" ЖИ, Панфилов айылы

10,0

47

"Андрющенко" ЖИ, Полтавка айылы

10,0

48

"Элнур" ЖЧК, Сокулук району

60

49

"Кант-Дан-Азык" ААК, Кант шаары

30,0

Талас облусу

50

"Талас-Дан-Азык" ААК

20,0

51

"Ак-Ниет" ЖИ, Кара-Буура айылы

25

52

"Ак-Ниет-2" ЖИ, Чолпонбай айылы

40,0

55

"Нур-Ун" ЖЧК, Бакай-Ата району

45,0

54

"Ашина" ЖЧК, Талас шаары

10,0

Нарын облусу

55

"Борсунбаев Эсенбек" ЖИ, Миң-Булак айылы

20,0