Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\926088aa-e246-4874-941b-e0ebb6f59409\document.files\image001.jpg

1999-жылдын 9-июну № 48

Биосфералык аймактар жөнүндө

(КР 2018-жылдын 26-майындагы № 55, 2020-жылдын 13-мартындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактардын түзүлүшүнүн жана ишинин укуктук негиздерин аныктайт.

1-статья. Биосфералык аймактардын түзүүнүн максаты

Биосфералык аймактар:

- жаратылыш менен маданияттын мурастарына бай табигый аймактарды сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу;

- аймактардын экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүсүнө узак мезгилдүү, туруктуу колдоо көрсөтүү, анын ичинде жаратылыш ресурстарын сактоо жана калыбына келтирүү максатында рекреациялык пайдалануу;

- узак мөөнөткө эсептелген экологиялык контролдоо, мониторинг жана экологиялык изилдөөлөр, ошондой эле экологиялык агартуу жана тарбиялоо максатында уюштурулат.

2-статья. Биосфералык аймактар түшүнүгү жана статусу

Биосфералык аймактар жер бетиндеги жана суудагы экологиялык тутумдардын участокторун же алардын биологиялык ар түрдүүлүктүн туруктуу тең салмактуулугун, экологиялык өнүгүүнү текшерүүнү жана маданий баалуулуктарды коргоону камсыз кылуучу айкалышын билдирет.

Биосфералык аймактар өздөрү үчүн коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген улуттук деңгээлдеги өзгөчө корголуучу аймактардын статусуна ээ.

Биосфералык аймак өзгөчө жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык, рекреациялык жана ден соолукту чыңдоочу мааниге ээ.

Биосфералык аймактын статусу төмөнкүлөр менен аныкталат:

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын болушу;

- флоранын жана фаунанын объекттеринин ар түрдүүлүгү, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан түрлөрү;

- жаратылыш жана тарыхый-маданий эстеликтердин комплекси;

- туристтик, курорттук-рекреациялык комплекси.

(КР 2020-жылдын 13-мартындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Биосфералык аймактар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мый замдары

Биосфералык аймактарды түзүү жана иштетүү жагындагы мамилелер жаратылышты коргоо мыйзамдары, ушул Мыйзам, Биосфералык аймак жөнүндө жобо жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актылары менен жөнгө салынат.

4-статья. Биосфералык аймактарды түзүүнүн тартиби

Биосфералык аймактар Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү илимий негиздөөнүн жана техникалык долбоордун негизинде түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Биосфералык аймактар жөнүндө жобого ылайык иштейт.

Биосфералык аймак жөнүндө жобо биосфералык аймактын чек араларын, пайдалануунун ар кандай режимдери бар зоналарга бөлүнүшүн, биосфералык аймактын башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы менен алардын өз ара аракеттенүүсүн, жаратылышты коргоо иш-чараларын, ошондой эле биосфералык аймактын иштеши үчүн зарыл болгон башка маселелерди аныктайт.

Түзүлгөн биосфералык аймактар эл аралык биосфералык резерваттар тутумуна киргизүү үчүн ЮНЕСКОго берилет, бул ЮНЕСКОнун тиешелүү ырастамасын берүү менен далилденет.

(КР 2020-жылдын 13-мартындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому

5-статья. Биосфералык аймактардын жаратылышты коргоо зоналары жана режими

Биосфералык аймактар ар кандай коргоо жана пайдалануу режимдери бар зоналарга бөлүнөт:

- ядро зонасы-аймактын бүткүл жаратылыш комплекси өтө катуу корголгон, илимий изилдөөлөр жана экологиялык тутумдардагы өзгөрүүлөргө мониторинг, жаратылыштын табигый өнүгүү процесстерин бузбоочу башка иш-чаралар жүргүзүлүүчү участогу;

- буфердик зона-аймактын демейде ядро зонасын курчап же чектеш турган жана айыл чарбасына жарактуу жерлерди, экологиялык туризмди регламенттеп пайдаланууну кошуп алганда чарба жүргүзүүнүн экстенсивдүү түрүндөгү салтка айланган иштер, экологиялык туризм үчүн, ошондой эле ар кандай илимий изилдөөлөр үчүн жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу участогу;

- өткөөл зона-аймактын экологияга багытталган чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн пайдаланылган участогу;

- санация зонасы-аймактын регенерациялык жана калыбына келтирүү чараларын талап кылган участогу.

Биосфералык аймактын зоналарга бөлүштүрүлүшү өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын категориясын жана статусун эске алуу менен тиешелүү илимий негиздөөлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат.

Ядро зонасы бүткүл ландшафттык жана биологиялык ар түрдүүлүктүн сакталышын камсыз кылуучу катуу корголуучу борбордук участокторду камтыйт. Бул зонада ар кандай чарбалык иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат. Ядро зонасында илим-изилдөө жана жаратылышты коргоо иштери менен "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 10, 13-статьяларына ылайык корголуучу коомдоштуктарга таасир этүүчү эң төмөнкү мониторинг өткөрүүгө гана уруксат берилет.

Буфердик зонада ядро экологиялык тутумунун абалына терс таасир этүүнү болтурбоочу иштердин ар кандай түрлөрү:

- илимий изилдөөлөр жана адистерди окутуунун жана даярдоонун борборлорун уюштуруу;

- айлана-чөйрөнүн мониторинги жана экологиялык тутумдардын өзгөрүшүн контролдоо;

- токой чарба иши жана токой массивдерин коргоо;

- ядронун узак мезгилдүү сакталышын жана биологиялык ар түрдүүлүгүнүн бузулбастыгын камсыз кылуунун алкагындагы салтка айланган жерди пайдалануу;

- экологиялык жол берилүүчү ченемдерде тыкыр контролдонуучу жана жөнгө салынуучу рекреациялык пайдалануу, жаратылышта эс алуу,туризм;

- минералдык сууларды жана дарылоо ресурстарын пайдалануу;

- экологиялык агартуу, демонстрациялык участокторду, суу технологияларынын борборлорун уюштуруу жана жаратылышты пайдалануунун окутуп-үйрөтүүчү программалары менен менеджментин өткөрүү жүзөгө ашырылат.

Буфердик зонада жаңы конуштарды түзүүгө, өнөр жай объекттерин жайгаштырууга жана пайдаланууга, өндүрүштүк объекттерди курууга жана пайдаланууга, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана пайдалуу кендерди иштетүүгө, токойду калыбына келтирүүчү кыюулардан тышкары башкы пайдалануу тартибинде токойлорду кыюуга, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаңы түрлөрүн кое берүүгө (климатташтырууга), ядронун суу режимин өзгөртүүчү аракеттерге жана бүтүндөй экологиялык тутумга таасир этүүгө жөндөмдүү башка ишке тыюу салынат.

Өткөөл зонада өндүрүштүк иштин ар кандай түрлөрүнө жол берилет. Ошол аймакта жашоочу, экономикалык жактан кызыккан топтор жана жарандар өндүрүшкө жана аймактын экологиялык жана экономикалык жактан туруктуулугун камсыз кылуучу экологиялык талаптарды сактоо менен жаратылыш ресурстарын узак мезгилдүү пайдаланууга биргелешип катышат. Өткөөл зонада айдоого жарактуу жерлер, айыл чарба, өндүрүштүк жана дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексттери, минералдык суулардын булактары, ошондой эле өндүрүштүк борборлору бар эксперименттик участоктор жайгаштырылат.

Санация зонасында бузулган ландшафттарды калыбына келтирүү максатында регенерациялык, рекультивациялык, ремедиациялык, эрозияга каршы, жайыттарды калыбына келтирүүчү жана токой тигүү иш-чаралары жүзөгө ашырылат.

(КР 2020-жылдын 13-мартындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Жаратылышты пайдалануунун ченемдери

Биосфералык аймакта жаратылыш ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун зоналар боюнча айрым-айрым режимдери белгиленет. Жаратылышты пайдалануунун тартиби, ченемдери колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

7-статья. Биосфералык аймактарды башкаруу

Биосфералык аймакты башкаруу Биосфералык аймак жөнүндө жобонун негизинде түзүлүүчү дирекция тарабынан жүзөгө ашырылат.

Биосфералык аймактын дирекциясы юридикалык жак болуп саналып, республикалык бюджеттин эсебинен күтүлөт жана өзү карамагында турган орган тарабынан бекитилүүчү ал жөнүндө жобого ылайык иштейт.

(КР 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

71-статья. Илимий-изилдөө иши

Биосфералык аймактагы илимий-изилдөө иши жаратылыш комплекстерин жана (же) объекттерин изилдөөгө, экологиялык кырдаалды баалоо жана алдын ала болжолдоо максатында жаратылыш процесстеринин динамикасына байкоо жүргүзүүгө, жаратылышты коргоонун илимий негиздерин иштеп чыгууга, биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү коргоого, жаратылыш ресурстарын кайра өндүрүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга жана туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.

(КР 2020-жылдын 13-мартындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Каржылоо

Биосфералык аймактардын иштеши боюнча иш-чараларды каржылоо республикалык бюджеттин, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, экологиялык төгүмдөрдүн жана мыйзамдарга каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.

(КР 2018-жылдын 26-майындагы № 55, 2020-жылдын 13-мартындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. Компенсациялык чаралар

Биосфералык аймактардагы жаратылышты пайдалануу маселелерине айрым чектөөлөр киргизилген учурда жергиликтүү калкка келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тартипте компенсацияланат.

10-статья. Биосфералык аймактын зоналарынын режимин бузгандык үчүн жоопкерчилик

Жаратылышты пайдалануу жана биосфералык аймакты коргоо режимдерин бузууда күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

(КР 2020-жылдын 13-мартындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев

 

 

 

 

 

1999-жылдын 13-майында

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган