Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3c99206c-5bb2-4cc8-b329-7aea3c15f420\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 7-августу № 328-б

Улуттук электр энергетика рынокторунун субъекттеринин Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетика рыногуна катышуусуна Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин даярдыктарын камсыздоо жана анын натыйжалуу иштөөсүнө шарттарды түзүү максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 20 чечимине ылайык:

1. Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетика рыногун түзүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Иш-чаралардын планын ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар жана энергетикалык компаниялар (макулдашуу боюнча) алардын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын камсыз кылышсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С. Ш. Жээнбеков

Тиркеме

Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетика рыногун түзүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын
ПЛАНЫ

Иш-чаралардын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

Аткаруучу

Каржылоо булагы

Натыйжа

I. Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) жалпы электр энергетика рыногун жөнгө салуучу актылар системасын түзүү

1

Электр энергетика чөйрөсүндөгү табигый монополиялар субъектилеринин кызматтарын алуунун бирдиктүү эрежелерин камтыган Бирликтин жалпы электр энергетика рыногун түзүү жөнүндө эл аралык келишимдин долбоорун (мындан ары - эл аралык келишим) кароо жана макулдашуу, анын ичинде:

2018-жылдын 1-июлу

 

 

 

эл аралык келишимдин долбоору

 

ӨЭЖМК, макулдашуу боюнча: "УЭХК" ААК, "Электр станциялар" ААК, "Кыргызстан УЭТ" ААК

Мамлекеттик органдарга жана энергетикалык компанияларына каралган каражаттардын чегинде (макулдашуу кеңешмелерине катышуу үчүн кызматкерлердин иш сапарларына сарптоолор)

Эл аралык келишимдин долбоору

электр энергетика жаатындагы табигый субъектилердин кызматтарын алуунун бирдиктүү эрежелеринин долбоору

 

ОЭЖМК, ОЭКМА, макулдашуу боюнча: "УЭХК" ААК, "Электр станциялар" ААК, "Кыргызстан УЭТ" ААК

Мамлекеттик органдарга жана энергия компанияларына каралган каражаттардын чегинде (макулдашуу кеңешмелерине катышуу үчүн кызматкерлердин иш сапарларына сарптоолор)

Электр энергетика жаатындагы табигый субъектилердин кызматтарын алуу жолунун бирдиктүү эрежелеринин долбоору

2

Бирликтин жалпы электр энергетика рыногунун эрежелеринин топтомун кароо жана макулдашуу, анын ичинде:

2018-жылдын 1-июлу

 

 

 

Бирликтин жалпы электр энергетика рыногунда электр энергиясын өз ара соодалашуунун эрежелеринин долбоору

 

ОЭЖМК, ОЭКМА, макулдашуу боюнча: "УЭХК" ААК, "Электр станциялар" ААК, "Кыргызстан УЭТ" ААК

Мамлекеттик органдарга жана энергия компанияларына каралган каражаттардын чегинде (макулдашуу кеңешмелерине катышуу үчүн кызматкерлердин иш сапарларына сарптоолор)

Бирликтин жалпы электр энергетика рыногунда электр энергиясын өз ара соодалашуунун эрежелеринин долбоору

мамлекеттер аралык электр берүү линияларынын өткөрүү жөндөмүн аныктоо жана бөлүштүрүү эрежелеринин долбоору

 

ОЭЖМК, макулдашуу боюнча: "УЭХК" ААК, "Электр станциялар" ААК, "Кыргызстан УЭТ" ААК

Мамлекеттик органдарга жана энергия компанияларына каралган каражаттардын чегинде (макулдашуу кеңешмелерине катышуу үчүн кызматкерлердин иш сапарларына сарптоолор)

Мамлекеттер аралык электр берүү линияларынын өткөрүү жөндөмүн аныктоо жана бөлүштүрүү эрежелеринин долбоору

мамлекеттер аралык электр тармактарын өнүктүрүү жөнүндө жобонун долбоору

 

ОЭЖМК, макулдашуу боюнча: "УЭХК" ААК, "Электр станциялар" ААК, "Кыргызстан УЭТ" ААК

Мамлекеттик органдарга жана энергия компанияларына каралган каражаттардын чегинде (макулдашуу кеңешмелерине катышуу үчүн кызматкерлердин иш сапарларына сарптоолор)

Мамлекеттер аралык электр тармактарын өнүктүрүү жөнүндө жобонун долбоору

маалымат алмашуу эрежелеринин долбоору

 

ОЭЖМК, макулдашуу боюнча: "УЭХК" ААК, "Электр станциялар" ААК, "Кыргызстан УЭТ" ААК

Мамлекеттик органдарга жана энергия компанияларына каралган каражаттардын чегинде (макулдашуу кеңешмелерине катышуу үчүн кызматкерлердин иш сапарларына сарптоолор)

Маалымат алмашуу эрежелеринин долбоору

3

Бирликтин жалпы электр энергетика рыногун жөнгө салуучу актыларды кабыл алуу,

анан ичинде:

 

 

 

 

эл аралык келишимди

2019-жылдын 1-июлу

ОЭЖМК, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча)

Талап кылынбайт

Эл аралык келишим

электр энергетикасы чөйрөсүндөгү табигый монополия субъектилеринин кызматтарын алуунун бирдиктүү эрежелери

2019-жылдын 1-июлу

ОЭЖМК, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча)

Талап кылынбайт

Эл аралык келишим

жалпы электр энергетика эрежелеринин топтому

Эл аралык келишимге ылайык

ОЭЖМК, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча)

Талап кылынбайт

Эл аралык келишимге ылайык

II. Бирликтин жалпы электр энергетика рыногунун технологиялык негиздерин түзүү

1

Бирликтин жалпы электр энергетика рыногунун субъектилеринин өз ара байланышын камсыздай турган маалымат алмашуу системасын түзүү

Эл аралык келишимге ылайык

ОЭЖМК, макулдашуу боюнча: "УЭХК" ААК, "Электр станциялар" ААК, "Кыргызстан УЭТ" ААК

Бирликтин бюджети (Евразия экономикалык комиссиясынын бюджеттик сметасынын каражаттары), Бирликке мүчө мамлекеттердин бюджеттери (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишин камсыздоо каражаттары) жана (же) бюджеттен тышкаркы булактар

Жалпы электр энергетика рыногунун субъектилеринин маалымат алмашуу системасы

2

Тез арадагы контракттар боюнча борборлошкон тооруктарды өткөрүүнү камсыздоочу электрондук соода системасын иштеп чыгуу

Эл аралык келишимге ылайык

ОЭЖМК, макулдашуу боюнча: "УЭХК" ААК, "Электр станциялар" ААК, "Кыргызстан УЭТ" ААК

Бирликтин бюджети (Евразия экономикалык комиссиясынын бюджеттик сметасынын каражаттары), Бирликке мүчө мамлекеттердин бюджеттери (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишин камсыздоо каражаттары) жана (же) бюджеттен тышкаркы булактар

Тез арадагы контракттар боюнча борборлошкон тооруктарды өткөрүүнү камсыздоочу электрондук соода системасы

3

Координацияланган тооруктарды бир сутка алдын ала өткөрүүнү камсыздоочу электрондук соода системасын иштеп чыгуу

Эл аралык келишимге ылайык

ОЭЖМК, макулдашуу боюнча: "УЭХК" ААК, "Электр станциялар" ААК, "Кыргызстан УЭТ" ААК

Бирликтин бюджети (Евразия экономикалык комиссиясынын бюджеттик сметасынын каражаттары), Бирликке мүчө мамлекеттердин бюджеттери (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишин камсыздоо каражаттары) жана (же) бюджеттен тышкаркы булактар

Координацияланган тооруктарды бир сутка алдын ала өткөрүүнү камсыздоочу электрондук соода системасы

III. Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетика рыногун түзүү программасын ишке ашырууну камсыздоо

1

Бирликтин жалпы электр энергетика рыногун түзүү программасынын аткарылышынын мониторинги

Жылына бир жолудан кем эмес

ОЭЖМК, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча)

Талап кылынбайт

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кароосуна баяндама берүү