Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3c99206c-5bb2-4cc8-b329-7aea3c15f420\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 16-июну № 234-б

Витаминдүү кошундулар менен байытылган ундун сапатын жана коопсуздугун камсыздоо, республиканын калкынын микронутриенттердин жетишсиздигинен пайда болуучу ооруларынын деңгээлин азайтуу боюнча чараларды көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:

- ун тартуучу ишканаларда унду байытуу үчүн витамин-минералдуу же минералдуу кошулмалардын (мындан ары - премикс) ар жылдык көлөмүн аныктасын;

- жогорку жана биринчи сорттогу ун өндүрүүчү ишканаларда премикстин болушуна жана колдонулушуна дайыма мониторинг жүргүзсүн, керек учурда ун тартуучу ишканаларга премиксти кайрадан бөлүштүрсүн;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте ун тартуучу ишканаларга унду байытуу боюнча уюштуруу-методикалык жана консультациялык жардам көрсөтсүн жана микронутриенттер менен байытылган азыктарды колдонуунун артыкчылыгы жана пайдасы жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жогорку жана биринчи сорттогу наабайканалык унду фортификациялоо (байытуу) үчүн премикстин курамын жана сапатын аныктасын;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте "Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 569 токтому менен бекитилген "Байытылган ундун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин Бажы союзунун "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" (ТС 021/2011) техникалык регламентинин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келишине талдоо жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирдикте 2017-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө Евразия экономикалык комиссиясы менен Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 1 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин Регламентине ылайык байытылган унга Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын (ТЭИ ТН) кодун берүү маселесин иштеп чыксын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С. Ш. Жээнбеков