Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\LSoft\CdbSearchClient\0c869b49-353a-4364-8689-1c22e71e3063\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2016-жылдын 2-июну ПБ № 155

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүнө, 65-беренесине, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине жана "Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Бишкек шаарында 2007-жылдын 27-июнунда кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга ылайык:

1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин террорчулукка каршы командалык-штабдык "Тынчтык миссиясы -2016" биргелешкен аскердик машыгуусу (мындан ары - биргелешкен машыгуу) Кыргыз Республикасынын аймагында 2016-жылдын сентябрь айында өткөрүлсүн.

2. Биргелешкен машыгууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча жетекчилик Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү биргелешкен машыгууга даярдык көрүү жана өткөрүү менен байланышкан уюштуруу-укуктук, финансылык жана башка маселелерди чечсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев