КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 469-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 16-февралы № 58-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам демилгелөө укугун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары - 2018-жылга план) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2018-жылга планды ишке ашырууга жооптуу министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор:
1) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин экспертизалардын адистештирилген түрлөрүн, коомдук талкууну, жөнгө салуу таасирин талдоону милдеттүү түрдө жүргүзүү жөнүндө талаптарын эске алуу менен белгиленген мөөнөттөрдө 2018-жылга планда каралган мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылышсын;
2) эки жумалык мөөнөттө мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландарын бекитишсин;
3) мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландары бекитилген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине беришсин;
4) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей 2017-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) 2018-жылга пландын аткарылышын контролдосун;
2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2018-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет берсин;
3) зарыл болгон учурда 2018-жылга план боюнча жооптуу аткаруучулар болуп саналган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрсүн.
4. 2018-жылга планда көрсөтүлгөн мыйзамдардын долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тескеген орун басарларына жүктөлсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-январындагы № 15-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 376-б буйругу;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 403-б буйругу;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 511-б буйругу.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
|
С.Дж.Исаков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга мыйзам долбоорлоо
иштеринин
ПЛАНЫ
|
Мыйзам долбоорунун аталышы |
Максаты |
Жооптуу аткаруучулар |
Долбоорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жактыруу жөнүндө токтомун кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтү |
| ||||
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү тармагында (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 450-б буйругуна ылайык күчүн жоготту) |
| |||||||||
2 |
2017-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын, "Бишкекжылуулуктармактары" ачык акционердик коомунун, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө |
Мамлекеттик ички жол-жоболорду максатында |
ӨЭЖМК |
I квартал |
II квартал |
| ||||
3 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө |
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
ЭМ |
II квартал |
III квартал |
| ||||
4 |
2017-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чыгышэлектр" ААКын реабилитациялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын, "Чыгышэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чыгышэлектр" ААКын реабилитациялоо долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө |
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
ӨЭЖМК |
II квартал |
III квартал |
| ||||
5 |
2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорун каржылоо боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө |
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
ӨЭЖМК |
II квартал |
III квартал |
| ||||
6 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза" долбоорун каржылоо боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө |
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
ӨЭЖМК |
III квартал |
IV квартал |
| ||||
7 |
Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге, капиталдын өсүшүнө салык төлөөлөрдү болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу |
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
ЭМ |
I квартал |
II квартал |
| ||||
Бюджеттик мамилелер тармагында |
| |||||||||
8 |
"Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн |
ФМ |
II квартал |
II квартал | |||||
9 |
Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн |
ФМ |
III квартал |
III квартал |
| ||||
10 |
"Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн |
ФМ |
III квартал |
IV квартал |
| ||||
11 |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджетинин жана 2020-2021-жылдарга болжолунун негизги параметрлерин кабыл алуу |
СФ |
III квартал |
III квартал |
| ||||
12 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджетинин жана 2020-2021-жылдарга болжолунун негизги параметрлерин кабыл алуу |
ССМ, ММКФ |
III квартал |
IV квартал |
| ||||
Айыл чарба тармагында |
| |||||||||
13 |
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруунун алкагында, өндүрүштүк кубаттуулуктарды минималдык пайдалануунун ченемдерин белгилөө максатында |
АЧТММ |
I квартал |
II квартал | |||||
14 |
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы кенемтелерди жана айырмачылыктарды жоюу максатында |
АЧТММ |
II квартал |
III квартал |
| ||||
15 |
Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө |
Республиканын үрөнчүлүк чарбаларын өнүктүрүү жана артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоону көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында |
АЧТММ |
II квартал |
III квартал |
| ||||
16 |
"Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Айыл чарба жерлеринин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жана жакшыртуу максатында |
АЧТММ |
II квартал |
III квартал |
| ||||
17 |
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Ичүүчү суу жөнүндө", "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары) |
Суу ресурстарынын стратегиялык жана экологиялык мааниси сууну пайдаланууга, агынды сууларды чыгаруу жана төлөө тутумунун тартибин киргизүү максатка ылайыктуулугун таңуулайт, ал суу объекттерин рационалдуу пайдалануу, калыбына келтирүү жана коргоо максатын көздөйт |
АЧТММ |
II квартал |
III квартал |
| ||||
18 |
"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Айыл чарба кооперативдеринин ишин жакшыртуу, чечимдерди кабыл алууну жөнөкөйлөштүруү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 237 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2017-2021-жылдарга айыл чарба кооперативдик системасын өнүктүрүү концепциясын аткаруу үчүн |
АЧТММ |
Ш квартал |
IV квартал |
| ||||
19 |
"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Маркердик селекция (геномдук) же молекулярдык деңгээлде айыл чарба жандыктарынын аныктыгын белгилөө максатында |
АЧТММ |
IV квартал |
IV квартал |
| ||||
Кодификация |
| |||||||||
20 |
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
Чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки тездетилген өндүрүштү жүзөгө ашыруу үчүн алгачкы текшерүүчү орган катары бажы органдарына ыйгарым укуктарды берүү максатында |
МБК |
I квартал |
II квартал | |||||
21 |
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине, "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) |
Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарындагы карама-каршылыктарга жана өксүктөргө байланыштуу |
Курулуш агенттиги |
III квартал |
IV квартал |
| ||||
Өнөр жай тармагында |
| |||||||||
22 |
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын жүгүртүү боюнча ишти жөнгө салуу |
ӨЭЖМК |
I квартал |
II квартал | |||||
Саламаттыкты сактоо тармагында |
| |||||||||
23 |
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Жөнгө салуунун тутумдук анализин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү (коллизияларды жоюу) үчүн |
ССМ |
III квартал |
IV квартал | |||||
Миграция тармагында |
| |||||||||
24 |
"Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Мыйзам долбоорунун максаты - нукура этнос кыргыздарга кайрылман статусу жөнүндө документтерди, ошондой эле аларга жеңилдиктерди берүү тартибин өркүндөтүү |
ММК |
III квартал |
IV квартал | |||||
25 |
"Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Мыйзам долбоорунун максаты - "мекендеш" түшүнүгүн кеңейтүү, "диаспора", "диаспоралык "уюм" түшүнүктөрүн киргизүү, мекендештерди колдоо боюнча ишти жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктоо саналат |
ММК |
III квартал |
IV квартал |
| ||||
26 |
"Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жеринде жана барган жеринде каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында |
ЮМ, МКК |
I квартал |
II квартал |
| ||||
Адам укугу тармагында |
| |||||||||
27 |
Жарандык абалдын актылары жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруунун алкагында, жарандык абалдын актыларын каттоону оптималдаштыруу максатында |
ЮМ, МКК |
II квартал |
III квартал | |||||
Жарнама тармагында |
| |||||||||
28 |
"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен карама-каршылыктарды жоюу, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, алкоголдуу продукция маселеси боюнча бирдей терминология жагында түшүнүк аппаратын унификациялоо максатында |
ЭМ |
IV квартал |
IV квартал | |||||
Архитектура жана курулуш тармагында |
| |||||||||
29 |
"Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
"Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы өксүктөрдү жоюу максатында |
Курулуш агенттиги |
III квартал |
IV квартал | |||||
Ишкердик тармагында |
| |||||||||
30 |
"Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Чакан жана орто ишкерликти колдоо максатында |
Мамфинкөзөмөл |
I квартал |
II квартал | |||||
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында |
| |||||||||
31 |
Айрым калктуу пункттарды айыл категориясына киргизүү тууралуу |
Айылдардын өз алдынча жана натыйжалуу өнүгүүсү максатында |
ЖӨБ жана этностор агенттиги |
III квартал |
IV квартал | |||||
Жол тармагында |
| |||||||||
32 |
Транспорт тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ("Автомобиль транспорту жөнүндө", "Жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) |
Жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында: - автобустар жана кичи автобустар менен тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү бар жана 5 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук тажрыйбасы бар адамдарга; - жеңил автотранспорттук каражаттар менен тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү жана 3 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук тажрыйбасы бар адамдарга |
ТЖМ |
II квартал |
III квартал | |||||
Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы туруу тармагында |
| |||||||||
33 |
Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын террористтик жана экстремисттик ишти каржылоону легалдаштырууга каршы туруу чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарга (ФАТФтын рекомендацияларына) ылайык келтирүү максатында |
ФЧМК |
I квартал |
I квартал | |||||
|
|
|
|
|
|
|
(*) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жактыруу жөнүндө токтомдорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү жана чыгаруу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген мөөнөттөрдө киргизүү үчүн тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү жооптуу аткаруучулар болушат.