Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\e0ea831f-cb00-4e6f-9773-c4aade7082b0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1999-жылдын 15-июну № 51

Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө

(КР 2003-жылдын 24-июнундагы № 109, 2005-жылдын 9-августундагы № 145,
2013-жылдын 11-мартындагы № 37, 2015-жылдын 12-январы № 5, 2016-жылдын 24-мартындагы № 28,
2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 (Преамбула КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

I бөлүк
Жалпы жоболор

 

1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Атмосфералык аба (атмосфера) - ар кандай газдардын, суу бууларынын жана чаңдардын аралашмасынан турган жердин газ сымал кыртышы.

Зыяндуу табыгый таасир - айлана-чөйрөнү (анын компоненттерин), айрыкча жылуулук, акустикалык, электромагниттик, дагы башка нурланууларды өзүнө камтыган атмосфералык абаны булгоочу негизги формалардын бири.

Булгоочу заттардын чыгаруулары - булгоочу булактардан булганган заттардын атмосфералык абага чыгарылышы.

Атмосферанын булганышы - чарбалык же башка иштердин адамдын ден-соолугуна, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнүн абалына, материалдык баалуулуктарга коркунуч туудурушунун натыйжасында атмосфералык абанын сапатынын өзгөрүшү.

Булгоочу заттар - белгилүү бир концентрацияда айлана-чөйрөгө түшкөндө адамдын ден соолугуна, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнүн абалына, материалдык жана маданий баалуулуктарга коркунуч туудурган заттар.

Атмосфераны булгоо булагы - атмосферага булгоочу заттарды жайуучу объект.

Атмосферанын сапаты - адамга, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнө, жалпы эле айлана-чөйрөгө ар кандай күчтөр жана биологиялык факторлор аркылуу таасир этүү даражасын аныктоочу атмосфера параметрлеринин туундусу.

Атмосферанын булганышына контроль - атмосфераны булгоочу заттардын белгиленген талаптарга ылайык келишин текшерүү.

Мониторинг - атмосфералык абанын параметрлерине байкоо жүргүзүү, алардын абалына баа берүү жана боло турган өзгөрүштөрдү алдын ала божомолдоо.

Парник газдары - инфракызыл нурданууну сиңирип алган жана кайра нурланткан газ сымал булгоочу заттар.

Абанын сапатын ченемге салуу - абанын табигый касиеттеринин өзгөрүшүнө жол берилүүчү чектерди белгилөө.

Салыштырмалуу уулуу химиялык зат - өндүрүштө колдонуу, ташуу, ошондой эле тиричиликте пайдалануу шарттарында адамдын ден соолугуна жана чөйрөгө жагымсыз таасир тийгизүүчү зат.

Атмосферадагы жол берүүчү чектелген кошундулардын аралашмасы (АЖКА) - мезгили менен таасир берүүчү адамга жана аны айлана - чөйрөгө же ал жашап турган мезгилде зыяндуу таасир бербеген ар кандай кошундулардын эң ири аралашмасы.

Жол берүүчү чектелген чыгаруулар (ЖЧЧ) - абанын жер бетине жакынкы катмарындагы булгоочу булактан же алардын кошундусунан чыккан заттардын тутуму же адам, айбанаттар жана өсүмдүктөр дүйнөсү керектөөчү абанын сапатынын чектелген ченемдеринен ашпаган шарттарга ылайыкталган ченем.

Жол берилүүчү чектелген деңгээл (ЖЧД) - мезгил-мезгили менен же өмүр бою адамга таасир этсе да, ага жана жалпы эле айлана-чөйрөгө зыяны жок таасирлер.

Атмосфералык абаны атайын пайдалануу - өндүрүш муктаждыктары үчүн жаратылыш ресурстарын, айрыкча атмосфералык абаны пайдалануунун бир түрү.

Булгануу деңгээли - абадагы белгилүү бир нокоттогу же зонадагы булгоочу заттардын аралашмасы, системалуу түрдө өлчөө жүргүзүү, белгилүү чен өлчөмдөр (фондук булгануу, адамдын ден-соолугуна жана (же) айлана-чөйрөгө таасир этүүгө жол берилген концентрация) менен анализ жасоо аркылуу чектелип көрсөтүлөт.

(КР 2013-жылдын 11-мартындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрө жөнүндө" Мыйзамы, ушул Мыйзам жана ушул мыйзамдарга ылайык чыгарылган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларына ылайык жөнгө салынат.

3-статья. Атмосфералык абаны коргоо боюнча иш-чаралар

Атмосфералык абаны коргоо, калк жана айлана-чөйрөгө жагымсыз кесепеттерди алып келүүчү атмосферага күч менен тийгизүүчү зыяндуу таасирлерди четтетүү жана азайтуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында төмөндөгүдөй иш-чаралар:

- атмосфералык абанын сапатына ченемдер коюу;

- чыгаруулардын атмосфералык абага жайылышына жол берилүүчү жана ага тийгизүүчү зыяндуу табигый таасирлердин ченемдерин бекитүү;

- атмосферага туруктуу жана көчмө булактардан зыяндуу заттарды чыгарууну жөнгө салуу;

- ишкана, курулма жана башка объекттерди жайгаштырууга, долбоорлоого, курууга жана ишке киргизүүгө коюлчу талаптарды белгилөө;

- атмосфералык абаны өндүрүштүк муктаждык үчүн пайдалануу багытындагы талаптарды белгилөө;

- булгоочу заттарды чыгарууга жана өндүрүштүк муктаждыктар үчүн атмосфералык абаны керектөөлөргө ченемдик акыларды белгилөө;

- атмосфералык абага тийгизген зыяндуу таасирлердин эсебин алуу, анын абалына байкоо жана контроль жүргүзүү;

- атмосфералык абаны коргоо жаатындагы укук бузуулардын түрлөрүн чектөө жана алардын бузулушуна жоопкерчилик чараларын көрүүнү белгилөө;

- атмосфералык абаны коргоо боюнча дагы башка чаралар ишке ашырылат.

(КР 2003-жылдын 24-июнундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы жарандардын укуктары жана милдеттери

Жарандар өтөлгөлүү өмүр сүрүүсү жана ден-соолукта болушу үчүн жагымдуу атмосфералык абадан пайдаланууга, атмосфералык абанын абалы тууралу өз убагында жана ишенимдүү маалымат алууга, аны коргоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чараларды билүүгө, эгерде булгоочу заттардын таштандылары аркылуу алардын ден-соолугуна зыян келтирилсе, аны калыбына келтирүү жагын талап кылууга укуктуу.

Жарандар атмосфералык абанын булганышына, начарланышына алып келүүчү жана ага тийгизүүчү табигый таасирлердин болушун шарттоочу иш-аракетти жасабоого, атмосфералык абага сарамжал мамиле кылууга милдеттүү.

II бөлүк
Атмосфералык абаны ченемге салуу

 

5-статья. Атмосфералык абанын сапатына коюлчу ченемдер

Адамдардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо кызыкчылыгында атмосфералык абанын сапатын текшерүүгө төмөндөгүдөй ченемдер белгиленет:

- булгоочу заттардын, зыяндуу микроорганизмдердин, атмосфералык абаны булгоочу жана башка биологиялык заттардын жол берилүүчү чектүү аралашмасы (АЖКА);

- атмосфералык абага акустикалык, электромагниттик, иондоочу жана башка табигый таасирлердин жол берилүүчү чектелген деңгээлдери (ЖЧД).

6-статья. Атмосфералык абанын сапатына ченем коюунун тартиби

Атмосфералык абанын сапатына коюлчу ченемдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чектеген тартипте иштелип чыгат жана бекитилет.

Атмосфералык абанын сапатына коюлчу ченемдер Кыргыз Республикасынын бардык аймагы үчүн бирдей болуп эсептелет. Зарыл учурларда айрым аймактар үчүн атайын ченемдер белгиленет.

7-статья. Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы стандарттар

Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы стандарттар атмосфералык абаны коргоо режимин, анын абалын контролдоо усулдарын аныктайт, атмосфералык абаны коргоо боюнча башка талаптарды белгилейт.

Адам, айлана-чөйрөдөгү объекттер үчүн атмосфералык абаны коргоо, климатты жана озон катмарын сактоо жаатындагы стандарттар (санитардык ченемдер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Пайдаланылышы атмосфералык абага зыяндуу таасир тийгизүүчү отун жана мунай продуктыларынын, чийки зат жана башка продукцияларынын бардык түрлөрүнүн сапаттык стандарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III бөлүк
Булгоочу заттардын атмосфералык абага чыгарылышынын жана ага зыяндуу таасирлеринин ченемдери

 

8-статья. Булгоочу заттардын атмосфералык абага чыгарылышынын жана ага зыяндуу таасирлеринин жол берилген ченемдери

Атмосфералык абаны коргоо максатында туруктуу жана көчмө булгоочу заттардын чыгарууларына жол берилүүчү, ошондой эле зыяндуу таасир тийгизүүчү ченемдери белгиленет.

Бул ченемдер атмосфералык абага зыяндуу заттардын чыгарууларын же ага зыяндуу таасир тийгизүүчү ар бир туруктуу булактарга, ошондой эле көчмө каражаттардын жана түзүлмөлөрдүн ар бир үлгүсүнө коюлат.

9-статья. Булгоочу заттардын атмосфералык абага чыгарылышынын жана ага зыяндуу таасирлеринин жол берилген ченемдерине коюлчу талаптар

Булгоочу заттардын атмосфералык абага чыгарылышынын жол берилүүчү зыяндуу чыгаруулардын жана ага тийгизилчү табигый зыяндуу таасирлеринин ченемдери мындай деңгээлде чектелет: ошол белгилүү райондогу конкреттүү булак, дагы башка бардык булактар чыгарган булгоочу заттардын чыгаруулары жана алар тийгизген зыяндуу таасирлер андан аркы өнүгүштү эсепке алганда атмосфералык абадагы булгоочу заттарга жол берүүчү чектелген аралашмасынын ченемдеринен жана тийгизилген зыяндуу таасирлердин чегинен ашпагыдай болуш керек.

10-статья. Булгоочу заттардын атмосфералык абага чыгарылышынын жана ага зыяндуу таасирлеринин жол берилген чектик ченемдерин белгилөө тартиби

Көчмө жана туруктуу булгоочу булактар үчүн булгоочу заттардын чыгарылышынын жол берилген чектик ченемдери, ошондой эле туруктуу жана көчмө булактар үчүн атмосфералык абага зыяндуу таасирлеринин жол берилген чектик деңгээлдеринин ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Көчмө жана туруктуу булгоочу булактар үчүн булгоочу заттардын чыгарылышынын жол берилген чектик ченемдерин иштеп чыгуу тартиби, усулу жана бекитүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Атмосфералык абаны керектөө ченемдери

Өндүрүштүк муктаждыктар үчүн атмосфералык абаны керектөө ченемдери анын табигый абалы өзгөрүлбөгөндөй деңгээлде белгиленет.

Атмосфералык абаны керектөөнүн усулдары, иштеп чыгуу тартиби жана ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Атмосфералык абаны пайдалануунун шарттары

(КР 2003-жылдын 24-июнундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган)

IV бөлүк
Булгоочу заттардын атмосферага чыгарылышын туруктуу булгоочу булактардан чыгарууларын жөнгө салуу

 

13-статья. Булгоочу заттардын туруктуу булгоочу булактардан чыгарууларына уруксат берүү

(КР 2003-жылдын 24-июнундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган)

14-статья. Зыяндуу заттарды атмосферага чыгарууга чек коюу, токтотуу же тыюу салуу

Берилген уруксаттагы шарттар менен талаптар бузулуп, калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч туулса, булгоочу заттарды атмосферага чыгарууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте чек коюлууга, тыюу салынууга же токтотулууга тийиш.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-1-статья. Булгоочу заттардын атмосферага туруктуу булактардан чыгарылышын жөнгө салуу.

Туруктуу булактардан булгоочу заттардын атмосферага чыгарылышына лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык жол берилет.

Булгоочу заттарды атмосферага чыгарууга берилген уруксат булгоочу заттарды чыгаруунун бекитилген жол берилүүчү чектик ченемдерине ылайык, аларды чыгаруунун чектик көлөмүн (санын) аныктайт (белгилейт) жана атмосфералык абаны коргоону камсыз кылуучу башка шарттарды жана талаптарды белгилейт.

(КР 2005-жылдын 9-августундагы № 145, 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

15-статья. Аварияларда булгоочу заттардын атмосферага чыгарылышын туруктуу орнотмолор менен жөнгө салуу

Булгоочу заттардын атмосферага чыгарылышынын белгиленген жол берилген чектик ченемдерден ашып кетүүсүнө алып келген аварияларда, юридикалык жана жеке жактар алардын себептерин жана кесепеттерин жоюу боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө тийиш.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-статья. Ыңгайсыз метеорологиялык шарттарда булгоочу заттардын атмосферага чыгарууларын жөнгө салуу

Ыңгайсыз метеорологиялык шарттарга байланыштуу атмосфералык абада булгоочу заттардын аралашмасынын көбөйүү мүмкүндүгү жөнүндө эскертүү алганда, чарбакер субъекттер мындай заттардын атмосферага чыгарууларын азайтууга кызмат кылчу иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Ченемдер жок учурда атмосферага тийгизүүчү зыяндуу таасирлерди жөнгө салуу

Зыяндуу заттардын жана башка зыяндуу таасирлердин атмосферага чыгарууларына, тиешелүү ченемдер коюлбаганда, лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык өзгөчө учурда, белгилүү бир мөөнөткө гана жол берилиши мүмкүн.

(КР 2003-жылдын 24-июнундагы № 109, 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

V бөлүк
Автомобилдер, самолеттор жана башка көчмө каражаттар жана орнотмолор атмосферага чыгарган булгоочу заттарды жөнгө салуу

 

18-статья. Транспорт каражаттарынын, башка көчмө орнотмолордун өндүрүшүнө, ташып келүүсүнө, транзит менен ташып өтүүсүнө жана эксплуатациясына коюлчу талаптар

Транспорт каражаттарында жана башка көчмө орнотмолордо атмосфералык абага чыгарган булгоочу заттардын чыгарууларынын болушу же тийгизүүчү табигый таасирлери чектелген ченемдерден ашкан чыгарууга, ташып келүүсүнө, кирүүсүнө, транзит менен өтүшүнө жана эксплуатациясына тыюу салынат.

Көчмө каражаттарды оңдоочу жана, техникалык тейлөөдөн өткөрүүчү ишканалар менен уюмдар газдардагы иштелип чыккан жана шуулдаган үндөрдүн ченемдерге ылайык келерлигин, булгоочу заттардын болушун текшерүүнү жана жөнгө салууну камсыз кылууга милдеттүү.

19-статья. Транспорт каражаттарынын жана башка көчмө орнотмолордун жана атмосферага тийгизүүчү зыяндуу таасирин азайтуу боюнча чаралар

Атмосфералык абаны көчмө каражаттардын жана орнотмолордун чыгарган зыяндуу заттары менен булгабай коргоо, калктуу конуштардагы шуулдак деңгээлин азайтуу, ошондой эле экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын көрсөтмөсү же макулдугу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүдөй:

- калк жыш жайгашкан кварталдардан автотранспорт ишканаларын жана автомобиль майбекеттерин алып чыгуу;

- жол кыймылын жөнгө салуучу автоматташкан тутумдарды ишке киргизүү;

- эс алуу, туризм, турак-жай конуштарынын белгилүү зоналарына автомобиль транспортунун жана башка көчмө каражаттардын киришине чектөө коюу;

- калктуу конуштарда жана андан тышкаркы жерлерде, автомобиль, темир жолдорунун бойлоруна, аэропорттордун, темир жол жана авто жол вокзалдардын, автобекет жана автоконуштардын тегерегине жашыл зоналарды түзүү;

- көчмө каражаттардан чыккан иштелген газдарды жоюу жана тазалоо иштерин жүзөгө ашыруучу атайын жабдууларды куруу, аларды экологиялык жактан таза отундар менен иштетүүгө өткөрүү;

- көчмө каражаттардын жана жабдуулардын атмосфералык абага тийгизүүчү зыяндуу таасирлерин азайтуу боюнча жана башка чараларды жүзөгө ашырат.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

VI бөлүк
Атмосфералык абага күч менен тийгизилчү зыяндуу таасирлерди жөнгө салуу

 

20-статья. Атмосфералык абага күч менен тийгизилчү табигый зыяндуу таасирлерин алдын алуу, азайтуу жана четтетүү боюнча иш-чаралар

Атмосфералык абаны коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбакер субъекттер, атмосфералык абаны коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында атмосфералык абага тийгизилчү табигый зыяндуу таасирлердин алдын алуу, азайтуу жана четтетүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга милдеттүү.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

21-статья. Атмосфералык абага тийгизилчү табигый зыяндуу таасирлерге чек коюу, токтотуу же тыюу салуу

Атмосфералык абага тийгизилчү табигый зыяндуу таасирлердин айрым түрлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берген уруксатта белгиленгендей, зыяндуу заттардын жол берилүүчү чектелген деңгээлдери жана башка талаптары сакталган шарттарда гана жол берилиши мүмкүн.

Айрым өнөр жай жана башка орнотмолордун, цехтердин, ишканалардын, уюмдардын ж.б. чарбакер субъекттердин тиешелүү иши уруксат кагаздарында каралган талаптар бузулса, бул талаптардын бузулушуна алып келген себептер четтелмейинче, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечими менен токтотулушу, чек коюлушу же тыюу салынышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VII бөлүк
Чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүдө Атмосфералык абаны коргоо боюнча талаптар

 

22-статья. Атмосфералык абаны коргоо боюнча чарбакер субъекттердин милдеттери

Булгоочу заттарды атмосферага чыгарууларга жана ага зыяндуу табигый таасир этүү менен иши байланышкан чарбакер субъекттер:

- санитардык коргоо зоналарын түзүүгө;

- зыяндуу табигый таасирлерди жана чыгарууларды азайтуу боюнча чараларды көрүүгө;

- атмосферага чыгарылууларды тазалоо жана зыяндуу табигый таасирлерди азайтуу, ошондой эле аларды контролдоо үчүн курулмаларды, жабдууларды жана аппаратураларды пайдалануунун эрежелерин сактоого;

- жол берилүүчү чектелген чыгаруулардын жана тийгизилчү табигый зыяндуу таасирлердин ченемдерин сактоого контролдукту жүргүзүүгө, алардын эсебин алууга жана белгиленген тартипте статистикалык отчеттуулук берүүгө;

- энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, отун-энергетика каражаттарын үнөмдөө, экологиялык жактан таза энергия булактарын пайдаланууга;

- булгоочу объекттер таасир кылчу зонадагы айлана-жаратылыш чөйрөсүнө жана калктын саламаттыгына келтирилчү зыяндуу таасирлерге баа берүүгө милдеттүү.

23-статья. Отун жана күйүүчү-майлоочу материалдардын сапатына талаптар

Колдонуу учурунда атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгаруулары белгиленген ченемдерден ашып кетишине алып келген, стандарттардын талаптарына же техникалык шарттарга жооп бербеген отунду, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүүгө, өндүрүүгө же пайдаланууга тыюу салынат.

Айрым шаарлар менен райондордо, өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын чечими боюнча бензиндин этилденген сортторун ташып келүүгө жана пайдаланууга тыюу салынат.

24-статья. Булгоочу заттардын атмосферага чыгарууларын азайтуу үчүн чаң, газ тазалоочу жабдууларды, дагы башка каражаттар менен орнотмолорду пайдалануу боюнча талаптар

Булгоочу заттардын атмосферага чыгарууларын азайтуу үчүн чаң, газ тазалоочу жабдуулардын жана башка каражаттар менен орнотмолордун алардын белгиленген талаптарга ылайык келе турганын ырастаган сертификаттары болсо аларды пайдаланууга жол берилет.

25-статья. Атмосфералык абанын абалына таасир тийгизчү ишкана, курулуш жана башка объекттерди жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу жана ишке киргизүү шарттары

Атмосфералык абаны коргоо боюнча талаптарга жооп бербеген жаңы жана реконструкцияланган ишкана, курулма жана башка объекттерди ишке киргизүүгө тыюу салынат.

Жаңы жана реконструкцияланган ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу жана ишке киргизүү учурунда иштеп жаткан жана жаңы технологиялык процесстерди, жабдууларды өндүрүшкө киргизүүнү өркүндөтүүдө атмосфералык абага зыяндуу табигый таасирлердин жана жол берилүүчү чектелген чыгаруулардын ченемдик сакталышын камсыз кылуу зарыл. Мындай учурда зыяндуу заттарды жана калдыктарды чыпкалап калуу, керектен чыгаруу, зыянсыздоо же зыяндуу заттардын чыгарууларына толук жол бербөө, атмосфералык абаны коргоо боюнча жана башка талаптарды аткаруу каралууга тийиш.

Объекттер ишке киргизилген убактысына карабастан, булгоочу заттардын чыгарууларына байланышкан атмосферага жайылуучу булгоочу заттардын көлөмүн жана курамын контролдоо каражаттары жана атмосферага чыгарууларды тазалоо үчүн курулмалар, жабдуулар жана аппаратуралар менен жабдылууга тийиш.

26-статья. Атмосфералык абанын абалына таасирин тийгизүүчү ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди куруу үчүн орундар, курулуш жана реконструкциялоо долбоорлору

Атмосфералык абанын абалына таасирин тийгизүүчү ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди куруу орундарын, курулуш жана реконструкциялоо долбоорлорун тандап алуу экологиялык экспертиза жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталат.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-статья. Шаарларды жана башка калктуу конуштарды келечекке пландоо, жайгаштыруу, өнүктүрүү жана аларды долбоорлоо, куруу, реконструкциялоодо атмосфералык абаны коргоо боюнча талаптар

Шаарларды, шаарчаларды жана башка калктуу конуштарды келечекке пландоо, жайгаштыруу жана аларды куруу, өнүктүрүү, реконструкциялоо учурунда физика-географиялык шарттар, атмосфералык абанын булгануу абалы, анын өзгөрүшүнүн божомолу жана атмосфералык абаны зыяндуу таасирлерден коргоо боюнча иш-чаралар жана анын өзгөрүү болжолдуу эсепке алынышы керек.

Шаарларды, шаарчаларды жана башка калктуу конуштарды пландоо, жайгаштыруу, өнүктүрүү жана аларды долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо иштери атмосфералык абаны коргоо боюнча санитардык-гигиеналык жана башка ченемдерге ылайык жүргүзүлөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында шаарларды, райондорду, шаарчаларды жана башка калктуу конуштардын долбоорлорунда, программаларында, өнүгүү пландарында, жайгаштыруу, реконструкциялоо учурунда абаны коргоо иш-чараларын аткаруу боюнча каралган чараларды кабыл алууга тийиш.

28-статья. Химиялык өтө уулуу заттарды чыгаруу, пайдалануу, зыянсыздандыруу жана сактоо

Каттоодон өткөрүлбөгөн же пайдаланууга тыюу салынган химиялык өтө уулуу заттарды чыгарууга, чет өлкөлөрдөн алууга, пайдаланууга, сактоого тыюу салынат.

Чарбалык иште жана тиричиликте колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган жана чет өлкөдөн сатылып алынган химиялык өтө уулуу заттар мамлекеттик каттоодон өткөрүлүшү керек.

Химиялык өтө уулуу заттарды мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

Химиялык өтө уулуу заттарды өндүрүүчү же пайдалануучу ишканалар менен уюмдар:

- химиялык уулуу заттардын стандарттарга жана сертификаттарга ылайык келишине кепилдик берүүгө;

- атмосфералык абада бул заттардын жол берилүүчү топтомунун иштеп чыгууну жана алар жок учурларды контролдоочу каржылоону камсыз кылууга милдеттүү.

Тыюу салынган жана жараксыз болуп калган химиялык өтө уулуу заттарды зыянсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын негизинде жүргүзүлөт.

Химиялык өтө уулуу заттарды өсүмдүктөрдү коргоо каражаты, аларды өстүрүүгө өбөлгө, минералдык жер семирткич катары жана башка препараттар катары колдонуу жер үстүндө жүргүзүлүүчү ыкмалар аркылуу гана жүргүзүлөт.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-статья. Айыл чарбасында колдонууга уруксат берилген препараттардын тизмесин жана аларды колдонуу ыкмаларын макулдашуу

Айыл чарбасында колдонулууга уруксат берилген өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттардын, алардын өсүү өбөлгөлөрүнүн, жер семирткичтердин жана башка препараттардын тизмеси, ошондой эле аларды колдонуу ыкмалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аныкталат.

Көрсөтүлгөн максаттар үчүн колдонулуучу жаңы препараттарды жасоодо жол берилүүчү топтолуунун ченемдери жана ушул препараттардын атмосфералык абада калган калдыктарын аныктоонун усулдары иштелип чыгууга тийиш.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

30-статья. Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жана башка препараттарды ташуу, сактоо жана колдонуу эрежелерин сактоо

Юридикалык жана жеке жактар өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, аларды өстүрүүгө өбөлгө берүүчү минералдык жер семирткичтерди жана башка препараттарды ташуу, сактоо жана колдонуу боюнча эрежелерди сактоого, алар менен атмосфералык абаны булгоого жол бербөөгө милдеттүү.

31-статья. Өндүрүштөн жана керектөөдөн чыккан таштандыларды жайгаштырууга же көмүүгө талаптар

Калктуу конуштар жайгашкан аймакта же аларга жакын жерлерде атмосфераны булгаган же ага башкача таасир тийгизген өндүрүштөн жана керектөөдөн чыккан өз билгениндей жайгаштырууга, ошондой эле ишкана, мекеме, уюм жана калктуу конуштардын аймагында аларды өрттөөгө тыюу салынат.

Атмосфералык абаны булгоочу булактар болуп саналган өндүрүштөн жана керектөөдөн чыккан таштандылар жок кылынууга, кайра иштетилүүгө, тазаланууга, жыты кетирилүүгө же болбосо өндүрүш жана керектөө таштандылары жөнүндө мыйзамдарга ылайык атайын полигондордо же өзүнчө бөлүнгөн жерлерде жыйылууга тийиш.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

32-статья. Пайдалуу кендерди казуу жана кайра иштетүү учурунда атмосфералык абаны коргоо ишине талаптар

Пайдалуу кендерди казуу, аларды кайра иштетүү, жардыруу иштерин жүргүзүү, калдыктарды, террикондорду, урандыларды жайгаштыруу жана иштетүү атмосфералык абаны коргоо ыкмаларын колдонуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

33-статья. Ачылыштарды, ойлоп табууларды, рационализатордук сунуштарды, жаңы техникалык тутумдарды, заттарды жана материалдарды өндүрүшкө киргизүү, ошондой эле аларды сатып алууда атмосфералык абаны коргоо ишине талаптар

Эгерде атмосфералык абаны коргоо боюнча чектелген талаптары алымсындырбаса жана контроль жүргүзүүнүн техникалык каражаттары менен камсыз кылынбаса, ачылыштарды, ойлоп табууларды жана рационализатордук сунуштарды, жаңы техникалык тутумдарды, заттарды жана материалдарды өндүрүшкө киргизүүгө, ошондой эле чет өлкөлөрдөн технологиялык жабдуу-шайманддарды жана башка объекттерди сатып алууга тыюу салынат.

VIII бөлүк
Атмосферанын озон катмарына жана климатка тийчү зыяндуу таасирлерин четтетүү боюнча чаралар

 

34-статья. Озон катмарына тийчү зыяндуу таасирлерди четтетүү боюнча чаралар

Озонду буза турган заттары бар муздаткыч техниканы, кондиционерлерди, өрт өчүргүч каражаттарды жана башка продукцияны ремонттоочу жана (же) пайдалануучу юридикалык жактар аларды эсепке алууну камсыз кылуу менен атмосферага зыяндуу таасирлерди четтетүү боюнча иш-чараларды аткарууга милдеттүү.

Озонду бузуучу заттар камтылган продукцияларды ташып келүү, өндүрүү жана колдонуу озон катмарын коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталат.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

35-статья. Климаттын өзгөрүүсүнө тийгизүүчү зыяндуу таасирди четтетүү боюнча чаралар

Климаттын өзгөрүүсүнө тийгизүүчү зыяндуу таасирди четтетүү максатында Кыргыз Республикасында төмөнкүдөй чаралар жүзөгө ашырылат:

- Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган. Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган булактардан антропогендик чыгуунун жана бардык парник газдарын сиңирип алуучулардын абсорбциясынын улуттук кадастрын жүргүзүү;

- беш жылда бир жолудан кем эмес парник газдарынын чыгышын азайтуу жана климаттын өзгөрүүсүнө адекваттуу ыңгайлашуу боюнча улуттук, региондук жана тармактык программаларды иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана үзгүлтүксүз жаңылап туруу;

- бардык тиешелүү секторлордо, энергетиканы, транспортту, өнөр жайын, айыл чарбасын, токой чарбасын жана калдыктар менен иштөөнү кошуп алганда, Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган, Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган бардык парник газдарынын чыгышын чектөөгө, төмөндөтүүгө же токтотууга алып келүүчү технологияларды, усулдарды жана процесстерди өткөрүп берүүнү кошуп алганда, иштеп чыгууну, колдонууну жана жайылтууну колдоо;

- социалдык, экономикалык жана экологиялык саясат жүргүзүүдө климаттын өзгөрүүсүнүн проблемаларын эске алуу;

- климаттык тутумга байланыштуу илимий, технологиялык, техникалык, социалдык-экономикалык жана башка изилдөөлөрдү, тутумдук байкоолорду жүргүзүүнү жана маалыматтар банкын түзүүнү колдоо;

- климаттын өзгөрүү маселелери боюнча билим берүү, кадрларды даярдоо жана калкты агартуу тутумундарын өркүндөтүү.

(КР 2013-жылдын 11-мартындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

36-статья. Атмосфералык кубулуштарды жасалма түрдө өзгөртүүгө багытталган иш-аракетти аткаруунун шарттары

Атмосфералык кубулуштарды жасалма түрдө чарбалык максаттарда өзгөртүүгө багытталган иш-аракеттер, аба ырайына жана климатка жагымсыз таасир тийгизбей турган болсо, атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдар берген уруксат боюнча жүзөгө ашырылат.

IX бөлүк
Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мониторинг жана контроль

 

37-статья. Атмосфералык абанын мониторинги

Атмосфералык абага байкоо жүргүзүү, ал боюнча маалымат жыйноо, аны жалпылоо, талдоо, атмосфералык абанын абалын болжолдоо айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте айлана-чөйрөнүн мамлекеттик мониторинг тутуму аркылуу ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган атмосфералык абанын булганышынын коркунучтуу деңгээлдери жөнүндө шашылыш маалыматты кошуп алганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана республиканын калкын атмосфералык абанын абалы жөнүндө чыныгы жана болжолдуу маалыматтар менен камсыз кылат.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

38-статья. Атмосфералык абаны коргоону контролдоо

Атмосфералык абаны коргоону мамлекеттик контролдоо атмосфералык абаны коргоо жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

39-статья. Атмосфералык аба адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирген абалда айлана-чөйрөнүн булгануу деңгээлине байкоо жүргүзүүчү мамлекеттик кызматтардын милдеттери

Эгерде жагымсыз метеорологиялык факторлор менен коштолуп, атмосферага булгоочу заттардын чыгаруулары жана башка зыяндуу таасирлер атмосфералык абага жасалса, ошондон айрым райондордо адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч туулса, айлана-чөйрөнүн булгануу деңгээлине байкоо жүргүзүүчү мамлекеттик органдар бул тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө дароо кабар берүүгө милдеттүү.

(КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Х бөлүк
Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мамлекеттик эсеп

 

40-статья. Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мамлекеттик эсеп

Атмосфералык абага зыяндуу таасир тийгизүүчү объекттер, атмосферага чыгарылчу зыяндуу заттардын түрлөрү жана өлчөмү, ошондой эле зыяндуу табигый таасирлердин түрү жана деңгээли мамлекеттик эсепке алынууга тийиш.

Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мамлекеттик эсеп Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгиленген тартипте бирдиктүү тутум боюнча жүзөгө ашырылат.

40-1-статья. Озонду бузуучу жана аларды алмаштыруучу заттар менен иштөөнү мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо

Озонду бузуучу жана аларды алмаштыруучу заттар менен иштөөнү мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо Кыргыз Республикасында озонду бузуучу заттарды өндүрүүнүн жана керектөөнүн жол берилген көлөмүн белгилөө, ошондой эле озон катмарын сактоо жана бузулушунун алдын-алуу, аны калыбына келтирүү, озон катмарынын бузулушу менен болуучу жагымсыз кесепеттерден адамдардын ден-соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында жүзөгө ашырылат.

Озонду бузуучу жана аларды алмаштыруучу заттар менен иштөөнү мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо Кыргыз Республикасына ташып келинген же Кыргыз Республикасынан ташып чыгарылган озонду бузуучу заттар боюнча бажы статистикасынын маалыматтарынын жана озонду бузуучу заттар менен иштөө маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын отчеттуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат.

Озонду бузуучу заттар менен иштөөнү мамлекеттик эсепке алуунун жана контролдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2015-жылдын 12-январындагы № 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

41-статья. Атмосфералык абага тийгизүүчү зыяндуу таасирлерди мамлекеттик эсепке ала турган юридикалык жактардын милдеттери

Жүргүзгөн иши атмосфералык абаны булгоого, ага зыяндуу табигый таасир тийгизүү жана озонду буза турган заттарды пайдаланууга байланышкан бардык юридикалык жактар атмосферага тийгизүүчү зыяндуу таасирлердин алгачкы эсебин алып, белгиленген тартипте тийиштүү статистикалык отчеттуулукту тапшырууга милдеттүү.

Булгоочу объекттердин ээлери-юридикалык жана жеке жактар белгиленген тартипте ишкананын экологиялык паспортун иштеп чыгууга жана аны жүргүзүүгө милдеттүү.

XI бөлүк
Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары

 

(Бөлүк КР 2016-жылдын 24-мартындагы № 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

XII бөлүк
Атмосфералык абаны коргоонун экономикалык механизми

 

44-статья. Атмосфералык абаны коргоонун экономикалык механизми

Атмосфералык абаны коргоонун экономикалык механизми - айлана-чөйрөнү коргоонун экономикалык механизминин тутумдаш бөлүгү, ал өз алдына атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгарууларына жана ага тийгизилчү зыяндуу табигый таасирлерге чектөө коюу же четтетүү максатын көздөйт.

Бул максаттар:

- атмосфералык абага чыгарылуучу булгоочу заттардын чыгарууларынын мамлекеттик эсебин жүргүзүү;

- булгоочу заттарды атмосфералык абага чыгарууну ишке ашыруу жана ал заттарды өндүрүш муктаждыктары үчүн керектөөгө акы;

- атмосфералык абаны коргоо боюнча иш-чараларды пландоо;

- атмосфералык абаны коргоо боюнча иш-чараларды каржылоочу булактардын бири катары экологиялык фонддорду өнүктүрүү;

- экологиялык жактан таза жана ресурстарды үнөмдөөчү өндүрүштөрдү, технологияларды киргизүү жана пайдаланууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

- республиканын аймагында экологиялык шарты туура келбеген зоналарда атмосфералык абага зыяндуу заттардын чыгарууларына жана ал абаны керектөөгө дифференциалдык төлөмдөрдү киргизүү жолдору менен жетишилет.

Атмосфералык абаны коргоонун экономикалык механизми Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

XIII бөлүк
Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

45-статья. Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги

Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын төмөнкүдөй бузууга жол берген кызмат жана жеке адамдары:

- атмосферага булгоочу заттардын чыгарууларынын ченемдерден ашып кетүүсүнө;

- атмосфералык абанын өндүрүштүк муктаждык үчүн керектөө ченемдеринен ашып кетүүсүнө;

- атмосфералык абага жол берилүүчү зыяндуу табигый таасирлердин ченемдеринен ашып кетүүсүнө;

- белгиленген тартипти бузууда, атмосферага булгоочу заттарды чыгарууларына, өндүрүштүк муктаждыктар үчүн атмосфералык абанын пайдалануусуна;

- эксплуатациянын эрежелерин бузуусуна, ошондой эле атмосферага чыгарууларды тазалоочу жана аларга контролдук кылуу үчүн орнотулган курулмаларды, жабдууларды, аппаратураларды колдонбоосуна;

- атмосфералык абаны коргоо боюнча талаптарды алымсындырбаган жаңы жана реконструкцияланган ишкана, курулма жана башка объекттерди ишке киргизүүгө;

- булгоочу заттардын чыгарууларында, ошондой эле иштеткенде чыккан дооштору ченемдерден ашып кеткен автомобиль, самолет, кеме жана башка кыймылдуу каражаттардын жана орнотмолордун өндүрүүсүнө жана эксплуатациясына;

- Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны коргоо боюнча коюлган талаптары алымсындырбаган жана атмосферадагы чыгарууларга контролдоочу техникалык каражаттар менен жабдылбаган ачылыш, ойлоп табуу, рационализатордук сунуш, жаңы техникалык тутум, заттардын жана материалдардын өндүрүшкө киргизилүүсүнө, ошондой эле чет өлкөдөн технологиялык жабдууларды жана башка объекттердин сатылып алынышына;

- атмосфералык абанын булганышына алып келчү же булганган өнөр жай жана тиричилик таштандыларын жыйноо, өсүмдүктү коргоо каражаттарын, аларды өстүрүүчү өбөлгөлөрдү, минералдык жер семирткичтерди жана башка препараттарды колдонуу эрежелеринин бузулушуна;

- атмосфералык абаны коргоо боюнча мамлекеттик контролду ишке ашыруучу органдардын буйрук-көрсөтмөлөрүнүн аткарылбай калышына;

- атмосфералык абаны коргоо жаатындагы жана башка укук бузуулары үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза, административдик жана башка жоопкерчилик тартышат.

Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган жоопкерчилик тартышат.

(КР 2003-жылдын 24-июнундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

46-статья. Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу

Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузулушунун кесепетинен келтирген чыгымдын ордун ага күнөөлүү ишканалар, мекемелер, уюмдар, башка чарбакер субъекттер жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген өлчөмдө жана тартипте толтурууга милдеттүү.

Ишканаларды, мекемелерди, уюмдарды келтирилген зыяндын ордун толтурууга кирептер кылган кызмат адамдары жана башка кызматчылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык жоопкерчилик тартышат.

XIV бөлүк
Эл аралык келишимдер

 

47-статья. Эл аралык келишимдер

Эгерде эл аралык келишимдерде же макулдашууларда, Кыргыз Республикасынын атмосфералык абаны, климатты, озон катмарын коргоо жөнүндөгү мыйзамдарында каралгандан башка талаптар коюлса, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

XV бөлүк
Корутунду жоболор

 

48-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып;

Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөгү Кыргыз ССРинин Закону (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1981-ж. № 12, 96-ст.);

"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тартиби тууралу" Кыргыз ССР Жогорку Советинин токтому (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1981-ж. № 12, 97-ст.).

"Кыргыз ССРинин айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указынын 8-пункту (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттору, 1985-ж, № 5, 36-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн укуктук ченем актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары ушул Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин ушул Мыйзамга каршы келбеген гана ченемдик укуктук актылар колдонулат.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Акаев