Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3c99206c-5bb2-4cc8-b329-7aea3c15f420\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 21-майы № 144-б

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыксын, бекитсин жана ишке ашырууну камсыз кылсын.

3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.

4. Мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар ишке тартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун каражаттарынын, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнсүн.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев

 

 

 

Тиркеме

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин
КУРАМЫ

Өмүрбекова Алтынай Сейтбековна

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Ишекеев Назаркул Ишекеевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Турсунбеков Чыныбай Акунович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Момбеков Рыскелди Чыныбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Садык Шер-Нияз

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Мавлянова Махабат Эргешовна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Жаманкулов Азамат Капарович

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;

Жеенбаева Бактыгүл Жаныбековна

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Кудайбердиева Гүлмира Каримовна

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;

Ташпаева Назгүл Аскеровна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Салиев Бахтияр Усманович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Жуматаев Мурат Садырбекович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Суракматов Азиз Эмилбекович

-

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Жайнак Үсөн уулу

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Мусаев Айбек Ырсалиевич

-

Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;

Бобков Юрий Иванович

-

Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);

Курбанов Райымжан Рахманович

-

"Кыргыз тили" республикалык коомунун президенти (макулдашуу боюнча).