Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3c99206c-5bb2-4cc8-b329-7aea3c15f420\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2019-жылдын 26-августу № 316-б

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 335-б, 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 366-б, 2019-жылдын 21-октябрындагы № 399-р буйруктарынын редакцияларына ылайык)

2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы № 3218-VI "2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал  жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. 2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия (мындан кийин - Мамлекеттик комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Мамлекеттик комиссия 2019-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө 2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтесин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берүү үчүн корутунду даярдасын.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 366-б , 2019-жылдын 21-октябрындагы № 399-р буйруктарынын редакцияларына ылайык)

3. Ушул буйруктун аткарылышын өзүм контролдойм.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев

 

 

 

Тиркеме

2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын
КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 335-б буйругунун редакциясына ылайык)

Разаков Жениш Парпиевич

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;

Райымкулов Бактыбек Кемелбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:

Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Бакчиев Жаныбек Абдукапарович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Мамытов Талант Турдумаматович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Субанбеков Бакирдин Жамалович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Шайназаров Тынчтык Урайимович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Араев Азамат Муратович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Абдысатаров Рысбек Курмангазиевич

-

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коопсуздук жана коргоо боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);

Джаманкулов Марат Тургунбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

Намазалиев Алтынбек Абдисаламович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Саккараев Марс Намарбекович

-

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;

Асанкулов Бекболсун Сатаркулович

-

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы (макулдашуу боюнча);

Медетбеков Артур Капарович

-

"Антитеррор-Альфа" ветерандардын коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Исаков Исмаил Исакович

-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Кожоналиев Кубатбек Азатович

-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Мамасалиев Алишер Тургунбаевич

-

эксперт, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Касымбеков Жаркынбек Орозбекович

-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Сооронкулова Клара Сыргакбековна

-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).