Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3c99206c-5bb2-4cc8-b329-7aea3c15f420\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 29-ноябры, № 453-б

«Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун андан аркы натыйжалуу ишин камсыздоо, ата мекендик авиаташуучуну колдоо жана өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22, 23, 25 жана 28-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун акцияларынын жалпы санынын 51 пайызын түзүүчү, жалпы суммасы 409 785 000 (төрт жүз тогуз миллион жети жүз сексен беш миң) сом, жайгаштыруу баасы 100 (жүз) сом болгон 4 097 850 (төрт миллион токсон жети миң сегиз жүз элүү) даана акция санында «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун акцияларын кошумча чыгаруу жолу менен жүгүртүлүүчү акциялардын санын көбөйтүү жөнүндө маселени «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы чогулушуна койсун.

2. «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

- кызыкдар инвесторлорго жекече сунуштоо жолу менен «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун кошумча чыгарылган акцияларынын 49 пайыз акцияларын ачык жайгаштыруу;

- Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына сатуу үчүн Кыргыз фондулук биржасында «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун кошумча чыгарылган акцияларынын 2 пайыз акцияларын жайгаштыруу;

- акциялардын кошумча эмиссиясын каттоо аяктагандан кийин «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун уставына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунун кошумча чыгарылган акцияларын мамлекеттик каттоо жүргүзсүн.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев