Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Көңүл буруңуздар!
КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр,
берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\2c4ad42a-ec88-4bd7-a8b5-b4aedbb8eedc\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1999-жылдын 16-июну № 53

Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө

(КР 2002-жылдын 22-февралындагы № 22, 2003-жылдын 11-июнундагы № 101, 2004-жылдын 11-августундагы № 113,
2005-жылдын 6-августундагы № 124, 27 апреля 2009 года № 131, 2013-жылдын 11-мартындагы № 36,
2014-жылдын 13-мартындагы № 42, 2015-жылдын 12-январындагы № 3,
2015-жылдын 16-январындагы № 17, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142,
2016-жылдын 25-июлундагы № 135
2018-жылдын 26-майындагы N 55 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Жаратылыш жана анын бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын улуттук энчиси, анын омоктуу социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги факторлорунун бири.

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы саясатты белгилейт жана укуктук мамилелерди жөнгө салат.

I Бөлүм
Жалпы жоболор

1-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу жаатындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, башка мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын аларга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылары тарабынан жөнгө салынат.

 

2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр

 

Ушул Мыйзамда төмөндөгү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

жаратылыш ресурстарын арбытып өндүрүү - жаратылыш ресурстарынын ордун толтурууга жана көбөйтүүгө же жаратылыш объектилеринин пайдалуу касиеттерин жогорулатууга багытталган илимий, уюштуруучулук, экономикалык жана техникалык чаралардын жыйындысы;

жаратылыш ресурстарын калыбына келтирүү - жаратылыштын антропогенндик таасиринин же табигый күчтөрүнүн натыйжасында жок болуп кеткен жаратылыш ресурстарын толуктоо же жаратылыш объектилеринин пайдалуу касиеттерин күчөтүү боюнча уюштуруу-техникалык экономикалык жана башка чаралар;

озонду бузуучу заттарды калыбына келтирүү - озонду бузуучу заттардын керектөө касиеттерин калыбына келтирүү максатында чыпкалоо, кургатуу, дистилляциялоо, химиялык иштетүү жолу менен рекуперацияланган озонду бузуучу заттарды иштетүү;

айлана-чөйрөгө келтирилген зыян - айлана-чөйрөнүн абалындагы адамдын ишинен улам, чөйрөнүн булганышынын, жаратылыш ресурстарынын кунарсызданышынын, жаратылыштын экологиялык тутумдарынын бузулушунун, бүлүнүшүнүн натыйжасында келип чыккан, адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө, материалдык баалуулуктарга айкын коркунуч келтирген терс өзгөрүүлөр;

зыяндуу заттардын абага чыгарылышы, агызып чыгарылышы - кандайдыр бир булгоочу булактардан тышкы чөйрөгө (атмосфералык абага, суу объектилерине, жерге) булгоочу заттардын чыгарылышы;

жаныбарлар дүйнөсү - табигый эркин абалда болгон, экологиялык, экономикалык жана маданий-ден соолукту чыңдоочу милдеттерди аткаруучу курт-кумурскаларды, сойлоп жүрүүчүлөрдү, жырткычтарды, канаттууларды, балыктарды жана башка жаныбарларды камтыган мыйзам тарабынан корголуучу жаратылыш объектиси (ресурсу);

булгоочу заттар - белгилүү бир концентрацияда айлана-чөйрөгө түшкөндө адамдын ден соолугуна, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнүн абалына, материалдык жана маданий баалуулуктарга коркунуч туудурган заттар;

коргоо зоналары (айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы) - чарбалык иштин терс таасирин же жаратылыштын табигый күчтөрүнүн зыяндуу таасирин болтурбай коюу максатында мыйзам боюнча өзгөчө корголуучу режимдеги табигый мейкиндиктин (жер, суу, кен) бир бөлүгү;

жашыл зоналар - адам жашаган чөйрөгө чарбалык иштин терс таасир тийгизишин болтурбай коюу максатында мыйзам боюнча өзгөчө корголуучу режим белгиленген шаарлардын, өнөр жай борборлорунун айланасында жайгашкан, токой, калкалап турган жашылдандыруучу өсүмдүктөр өскөн коргоо зоналарынын бир түрү, жер мейкиндигинин бир бөлүгү;

курорттук зоналар - курортко тиешелүү санитардык-гигиеналык ден соолукту чыңдоочу, рекреациялык шарттарды камсыз кылуу максатында мыйзам боюнча өзгөчө корголуучу режим белгиленген курорттун, анын санитардык коргоо чөлкөмдөрүн камтыган коргоо зоналарынын бир түрү, жер суу мейкиндигинин бир бөлүгү;

дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу зоналар - караңыз: коргоочу, курорттук, жашыл, рекрациялык зоналар;

корголуучу зоналар (айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы) - корук объектилерин кайтаруу максатында жаратылышты пайдаланууга белгилүү бир чектөөлөрдү киргизүү аркылуу коруктардын, улуттук жаратылыш парктарынын аймактарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте түзүлгөн коргоо зоналарынын бир түрү, мейкиндиктин бир бөлүгү;

санитардык коргоо зоналары - атмосферанын жерге жакын жайгашкан катмарында булгоочу заттардын болушунун талап кылынган гигиеналык ченемдерин камсыз кылуу, ишканалардын, транспорт коммуникацияларынын, электр берүү линияларынын, калктын айланасындагы жеке таасир берүүчү факторлордун - ызы-чуунун, термелүүнүн деңгээлинин жогорулашынын, инфра үндүн, электрмагниттик толкундардын жана статикалык электрлештирүүнүн терс таасирин азайтуу үчүн арналган аймактар;

рекреациялык зоналар - эс алуу жана туризм үчүн пайдаланылуучу айлана-чөйрөнүн мейкиндигинин бир бөлүгү, анын ичинде жашыл, курорттук, дарылоочу - ден соолукту чыңдоочу зоналар;

өзгөчө экологиялык кырдаалдар зоналары - адамдын ооруга чалдыгышы жана өлүмү орточо көрсөткүчтөрдөн алда канча жогору болуп, кескин күчөгөнү аныкталган, жаратылыштын экологиялык тутумдарынын бузулуш, айлана-чөйрөнү булганыш, суу, жер, өсүмдүктөр жана жаныбарлар ресурстарынын азайыш процессинин белгилери так белгилүү болгон, мамлекет тарабынан расмий түрдө жарыяланган аймактын бир бөлүгү (шаар, область, регион);

экологиялык кырсык зоналары - жаратылыштын экологиялык тутумдарынын толук бузулганынын, атмосфералык абанын, көлмөлөрдүн, кыртыштын булганганынын, суунун, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын ресурстарынын кедери толук кеткенинин белгилери белгилүү болгон жана калктын ооруга чалдыгышы жана өлүмү жогорку деңгээлде экени аныкталган, мамлекет тарабынан расмий түрдө жарыяланган аймактын бир бөлүгү (шаар, область, регион);

айлана-чөйрө тууралу маалымат - суунун, абанын, кыртыштын, кен-байлыктарынын абалы, алардын абалына таасир тийгизе турган иш тууралу маалымат;

жаратылыш ресурстарынын кадастры - жаратылыш ресурстарынын сандык жана сапаттык абалы, аларды экологиялык, экономикалык (анын ичинде дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу) жагынан баалоо тууралу маалыматтардын жыйындысы. Кадастрдын: жер, суу, токой, пайдалуу кен чыккан жерлер, жаныбарлар дүйнөсүнүн (балыктар менен жер үстүндөгү жаныбарлар боюнча өзүнчө), табигый, корук объектилеринин, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу жаратылыш ресурстарынын кадастрлары сыяктуу түрлөрү бар. Алардын структурасы жана жүргүзүү тартиби (кадастрлардын) мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленет;

Кызыл китеп - ага киргизилген сейрек кездешүүчү, жоголуп бараткан же жок болуу коркунучу алдында турган жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин жана козу карындардын биологиясы, таралышы жана жашоо чөйрөсүнүн абалы, аларды сактап калуу, калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу боюнча көрүлүп жаткан жана сунушталуучу чаралар жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;

лимит (айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы) - жаратылыш ресурсун алуунун, керектөөнүн, зыяндуу заттарды абага чыгаруунун, агызып чыгаруунун чектелген саны. Жаратылышты коргоо, анын ресурстарын сарамжал пайдалануу ага карата зыяндуу таасирлерди болтурбай коюу үчүн белгиленет;

айлана - чөйрөнүн мониторинги - айлана-чөйрөнүн чен-өлчөмдөрүнө байкоо жүргүзүү, анын абалына баа берүү, күтүлүүчү өзгөрүүлөрдү болжолдоо;

айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү - айлана-чөйрөнүн сапаттык көрсөткүчтөрүнүн тутумун белгилөө;

айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирлердин жол берилүүчү чектелген ченемдери - айлана-чөйрөнүн корголушун, жаратылыш ресурстарынын сарамжал пайдаланылышын, коомдун экологиялык коопсуздугун жана адамдын ден соолугун камсыз кылуучу чарбалык, рекреациялык жана башка иштин айлана-чөйрөнүн абалына таасир тийгизишинин жол берилүүчү чектелген ченемдеринин көрсөткүчтөрү;

айлана-чөйрөнүн сапаттык ченемдери - айлана-чөйрөнүн сапаттык абалын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр: зыяндуу заттардын, алардын абага чыгарылышынын, агызып чыгарылышынын жол берилүүчү чектелген концентрациясы (ЖБЧКсы), радиациялык таасирдин, ызы-чуунун деңгээлинин, термелүүнүн, магнит талааларынын жол берилүүчү чектелген деңгээли (ЖБЧДсы), айыл чарбасында колдонулуучу химиялык заттардын химиялык заттардын жол берилүүчү чектелген ченемдери (ХЗЖЧсы), тамак аш азыктарындагы химиялык заттардын калдыктарынын жол берилүүчү чектелген саны, антропогенндик иштин айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин жол берилүүчү чектелген ченемдери;

айлана-чөйрөнү оң абалга келтирүү - чарбалык иштин зыяндуу экологиялык кесепеттерин болтурбай коюуга жана аларды четтетүүгө, адамды курчап турган чөйрөнүн сапатын жакшыртууга багытталган санитардык-гигиеналык, экономикалык-укуктук чаралардын жыйындысы;

озон катмары - тирүү организмдер үчүн зыяндуу таасири бар, космостон чыккан ультрафиолеттик нурланууну сиңирип алуучу, озондун молекулалары өтө көп топтолгон, уюлдарда 7-8 км бийиктиктеги, планетанын үстүнкү бетиндеги экватордо 17-18 км бийиктикте жайгашкан атмосфера катмары;

айлана-чөйрө - адам жашаган чөйрө, адамдын жана башка жандуу организмдердин жашоосунун шарты, каражаты жана орду катары кызмат кылуучу биологиялык чөйрө, ал табигый экологиялык тутум катары жаратылышты жана адамдын аткарган ишинин натыйжасында кайра жаралган жаратылыш чөйрөсүнүн бир бөлүгүн камтып турат;

өзгөчө корголо турган табигый аймактар - алар үчүн коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгилене турган жаратылыш комплекстерин же жаратылыштын айрым объектилерин камтыган жер, суу участоктору (акваторий). Өзгөчө корголо турган табигый аймактарга табигый же жасалма түрдө түзүлгөн өзгөчө экологиялык, жаратылышты коргоочу, илимий, тарыхый-маданий, эстетикалык, ден соолукту чыңдоочу мааниге ээ болгон табигый комплекстер жана жаратылыштын объектилери;

таштандылар - сырьелордун, материалдардын, жарым фабрикаттардын, чарбалык иштин жүрүшүндө түзүлгөн башка буюмдардын жана продуктылардын калдыктары;

айлана-чөйрөнү коргоо - жаратылыш байлыктарын сактоонун жана арбытып өндүрүүнүн, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануунун, адамды курчап турган жашоо чөйрөсүнүн сапатын жакшыртуунун негизинде коом менен жаратылыштын шайкеш өз ара аракетин камсыз кылууга багытталган мамлекеттик жана коомдук чаралардын тутуму;

айлана-чөйрөгө тийген таасирге баа берүү (АЧТТББ) - белгиленип жаткан чарбалык жана башка иштин болжолдуу таасирин, ал тарабынан айлана-чөйрөдө пайда боло турган өзгөрүүлөрдү аныктоо, талдоо, баа берүү жана долбоордук чечимдерде эсепке алуу;

парник газдары - инфракызыл нурданууну сиңирип алган жана кайра нурланткан газ сымал булгоочу заттар;

озонду бузуучу заттарды керектөө - башка мамлекеттерге экспорттолуучу озонду бузуучу заттарды кошпогондо, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана башка мамлекеттерден импорттолгон озонду бузуучу заттардын жалпы саны;

жаратылыш ресурстары - адамдын жаратылышты керектөөсүнүн табигый булактары (жер, суу, токой ресурстары, пайдалуу кендер, минералдык сырьенун корлору, радиоактивдүү материалдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, алардын компоненттери жана башка табигый жыргалчылыктар);

жаратылышты пайдалануу - табигый-ресурстук потенциалды пайдалануунун жана аны сактоо боюнча чаралардын бардык формаларынын жыйындысы;

жаратылышты коргоо мыйзамдары - экономикалык таламдарды илимий негизде айкалыштырууну жана айлана чөйрөнүн оптималдуу сапатына жетишүүнү камсыз кылуу максатында жаратылышты коргоонун, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануунун тартибин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын жыйындысы;

озонду бузуучу заттардын рекуперациясы - аларды техникалык жактан тейлөөнүн жүрүшүндө же аларды пайдалануудан чыгаруу алдында машиналарда жана жабдууларда, алардын курамдык бөлүктөрүндө, контейнерлерде камтылган озонду бузуучу заттарды чыгаруу, топтоо жана сактоо;

кайра циркуляциялоо - аларды кайталап пайдалануу максатында озонду бузуучу заттарды иштетүү;

жаратылышты атайылап пайдалануу - аларды айлана-чөйрөдөн алып коюу аркылуу (казып алуу, жыйноо, иргөө жана башкалар) жүзөгө ашырылуучу жаратылыш ресурстарын пайдалануунун бардык түрлөрү;

озонду бузуучу заттарды жок кылуу - аларды бузулууга же озонду бузуучу заттар болуп саналбаган затка айланууга алып келүүчү озонду бузуучу заттардын бузулуу процесси;

айлана-чөйрөгө зыян келтирүү - коомдун айлана-чөйрөнү өзгөртүүнүн, аны булгоонун натыйжасында келип чыгуучу экономикалык жана акчалай түрдө эсептеле турган экономикадан тышкаркы жоготуулары;

(абзац КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

экологиялык аудит - мурдагы жана азыркы проблемалуу маселелерди, потенциалдуу экологиялык тобокелчиликти жана жоопкерчиликти аныктоо максатында ишкананын, мүлктүн же иштин экологиялык абалына обзор берүү (текшерүү, баа берүү);

экологиялык коопсуздук - антропогендик жана табигый таасирлердин натыйжасында келип чыккан коркунучтардан адамдын жана коомдун жашоосунун корголгондугунун шарты жана каражаттары катарында инсандын, коомдук турмуштук маанилүү таламдарынын, айлана-чөйрөнүн корголгондугунун абалы;

экологиялык сертификат - экологиялык сертификациялоо тутумунун талаптарына ылайык иштелип чыккан, сертификациялана турган объектилердин экологиялык коопсуздук даражасын ырастай турган, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аккредиттелген органдар тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү расмий документ;

экологиялык сертификация - сертификациялануучу объектинин белгиленген экологиялык талаптарга ылайык келишин ырастоо боюнча иш;

экологиялык сертификат - экологиялык сертификациялоо тутумунун талаптарына ылайык иштелип чыккан, сертификациялана турган объектилердин экологиялык коопсуздук даражасын ырастай турган, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилүүчү расмий документ;

экологиялык тутумдар - заттардын жана энергиянын алмашуу процессин жүзөгө ашыруучу айлана-чөйрөнүн табигый компоненттеринин бирдиктүү, туруктуу, өз ара байланыштуу, өз алдынча өнүккөн, өз алдынча жөнгө салынган жыйындылары. Табигый (алгачкы түзүлгөн), модификацияланган (өзгөртүлгөн), трансформацияланган (кайра түзүлгөн) экологиялык тутумдар деп айырмалашат;

экологиялык контролдук - ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жарандардын айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча экологиялык талаптарды сакташын текшерүү;

экологиялык укук бузуу - жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган жана айлана-чөйрө менен адамдын ден соолугуна зыян келтирген күнөөлүү, укукка жат жосун;

экологиялык кылмыштар - белгиленген экологиялык укук тартибине, коомдун экологиялык коопсуздугуна шек келтирген, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна зыян келтирген коомдук коркунучтуу күнөөлүү жосун.

 (КР 2002-жылдын 22-февралындагы № 22, 2003-жылдын 11-июнундагы № 101, 2013-жылдын 11-мартындагы № 36, 2014-жылдын 13-мартындагы № 42, 2015-жылдын 12-январындагы № 3, 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-статья. Айлана-чөйрөнү коргоонун негизги принциптери

Ар-бир жаран жашоосу жана ден соолугу үчүн жагымдуу болгон айлана-чөйрөгө жана чарбалык же башка ишти жүзөгө ашыруунун натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген жагымсыз таасирлер аркылуу ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алууга укуктуу.

Төмөндөгүлөр:

- артыкчылык берүү принциби: адамдын жашоосу, эмгеги жана эс алуусу үчүн жагымдуу болгон айлана-чөйрөгө болгон укуктарын сактоонун айкын кепилдиктерин, адамдын жашоосун жана ден соолугун камсыз кылуучу айлана-чөйрөнү коргоого артыкчылык берүүнү камсыз кылуу;

- тең салмактуулук принциби: экологиялык тутумдардын туруктуулугун сактоо, чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин сактоо, жаратылыш ресурстарын арбытып өндүрүү, айлана-чөйрө жана адамдын ден соолугу үчүн орду толбой турган кесепеттерге жол бербөө;

- комплекстүүлүк принциби: коомдун экологиялык, экономикалык жана социалдык таламдарын шайкеш илимий негизделген түрдө ылайыкташтыруу, ресурстарды үнөмдөө жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүнүн комплекстүүлүгү;

- кармап туруу принциби: чарбалык иштин жана башка айлана-чөйрөгө таасирлердин тийгизген таасирин ченемдештирүү, экологиялык экспертизанын милдеттүүлүгү, негиздүүлүгү жана чектелиши.

- жоопкерчилик принциби: айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бекем сактоо, аны бузгандык үчүн жоопкерчиликтин шексиздиги, ишканалар, мекемелер, уюмдар, чарбалар жана жарандар тарабынан айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу;

- айкындуулук принциби: экологиялык кесепеттерге алып келген чарбалык жана башка иштин учурунда жаратылышты коргоо милдеттерин чечүүнүн маалымдуулугу, коомдук уюмдар жана калк менен тыгыз байланышта болуу, жаратылыш ресурстарын коргоого жана сарамжал пайдаланууга багытталган чараларга колдоо көрсөтүү жана түрткү берүү, айлана чөйрөнү коргоо жагында улуттук, региондук жана эл аралык таламдарды айкалыштыруу айлана-чөйрөнү коргоонун негизги принциптери болуп саналат.

(КР 2002-жылдын 22-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Корголуучу объектилер

 

Жер жана анын казыналары, кыртыш катмары, суулар, токойлор, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсү жана алардын генетикалык фонду, атмосфера абасы, башка жаратылыш объектилери, комплекстер жана экологиялык тутумдар, ошондой эле жердин климаты менен озондук катмары жана жер планета катарында булгануудан, бузулуудан, зыянга учуроодон, жараксыз абалга келүүдөн, бузулуудан, жок кылуудан жана башка терс таасирлерден корголууга тийиш.

5-статья. Өзгөчө корголуучу объектилер

Өзгөчө экологиялык, жаратылышты коргоочу, илимий, тарыхый-маданий, эстетикалык, ден соолукту чыңдоочу мааниге ээ болгон табигый же жасалма түрдө түзүлгөн жаратылыш комплекстери жана жаратылыш объектилери, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана тукум курут болуу коркунучу алдында турган түрлөрү жана алар жашаган жерлер өзгөчө корголууга тийиш. Бул максаттарда Кыргыз Республикасында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары: мамлекеттик коруктар, биосфералык аймактар, мамлекеттик атайын табигый коруктар, улуттук жаратылыш парктары, жаратылыш эстеликтери, табигый жана рекреациялык зоналар, ботаникалык бакчалар, дендерологиялык жана зоологиялык парктар түзүлөт.

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүнүн тартиби жана укуктук статусу "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары тарабынан белгиленет.

Сейрек кездешүүчү же тукум курут болуу коркунучу алдында турган өсүмдүктөр менен жаныбарларды өзгөчө коргоо максатында Кыргыз Республикасында Кызыл китеп түзүлөт. Кызыл китеп жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу боюнча чаралар

Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү коргоо максатында төмөндөгүдөй чаралар:

- жаратылыш ресурстарын мамлекеттик эсепке алуу жана социалдык-экономикалык баа берүү;

- айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү (зыяндуу заттардын атмосфералык абадагы, суудагы, кыртыштагы, жер казынасындагы жана башка табигый объектилердеги);

- чарбалык жана экологиялык мамилелерди комплекстүү жөнгө салуу;

- жаратылышка таасир тийгизүүгө байланыштуу чарбалык же башка ишке карата экологиялык талаптарды белгилөө;

- жаратылыш ресурстарын пайдалануу, булгоочу заттарды абага чыгаруу, агызып чыгаруу, жеке же башка зыяндуу таасирлерди тийгизүү, таштандыларды айлана-чөйрөгө жайгаштыруу үчүн акы төлөөнүн ченемдерин белгилөө;

- жаратылышты пайдалануучу тарабынан калдыксыз жана калдык аз чыккан технологиялар ишке киргизилгенде аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

- экологиялык ишкердикти жайылтуу;

- иштин ушул түрү аркылуу айлана-чөйрөгө мүмкүн болуучу жагымсыз таасирлерди болтурбай коюу максатында чарбалык же башка ишти долбоорлоодо жана жүзөгө ашырууда экологиялык экспертизаны өткөрүү;

- атайын экологиялык укук колдонуу кызматтарынын ушул максаттар үчүн түзүлгөн коруктарды, атайын коруктарды, улуттук парктарды, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү түрлөрүн жана башка объектилерди өзгөчө коргоо;

- (абзац КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын күнөөлүү тарабынан ордун толтуруу жана айлана-чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;

- экологиялык укук бузууларды жана аларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө;

- айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы укук бузуучуларды жоопкерчиликке тартуу;

- токой массивдерин сактоо жана арбытып өндүрүү;

- табигый суулардын тазалыгын калыбына келтирүү;

- атмосферанын булганышын болтурбай коюу;

- шамалдын жана күндүн энергиясын, ошондой эле башка салттуу эмес ресурстарды сактап калуучу энергия булактарын пайдалануу;

- гидроэлектростанцияларды курууда экологиялык аспектилерди эсепке алуу (тоолордун өтө аярлуу экологиялык тутумдарына антропогендик таасир тийгизүү, жер астындагы суулардын деңгээлин көтөрүү, жер көчкүлөрдү жана жер титирөөлөрдү жана башкаларды чыгаруу) жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринде айлана-чөйрөнү коргоо боюнча башка чаралар да белгилениши мүмкүн.

(КР 2002-жылдын 22-февралындагы № 22, 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

II Бөлүм
Айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү

 

7-статья. Айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү

Айлана-чөйрөгө таасирдин жол берилүүчү чектелген ченемдерин белгилөө максатында айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү жүргүзүлөт.

Айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү илимдин жаңы жетишкендиктерин эске алуу менен эл аралык конвенциялардын жана макулдашуулардын негизинде иштелип чыккан айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин жана стандарттарынын тутумун билдирет.

Айлана-чөйрөнүн сапатынын, зыяндуу таасирлердин жол берилүүчү чектелген ченемдери, ошондой эле аларды аныктоонун ыкмалары айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо органдары тарабынан башка атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен алардын компетенциясына ылайык макулдашуу боюнча бекитилет.

 

8-статья. Айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин түрлөрү

 

Айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин жана стандарттарынын тутумуна:

- зыяндуу заттардын жол берилүүчү чектелген концентрацияларынын атмосфералык абадагы, суудагы, кыртыштагы жана жер казынасындагы ченемдери;

- зыяндуу заттарды абага чыгаруунун жана агызып чыгаруунун жол берилүүчү чектелген ченемдери;

- радиациялык таасирдин деңгээлинин жол берилүүчү чектелген ченемдери;

- айлана-чөйрөгө таасирдин деңгээлинин жол берилүүчү чектелген ченемдери;

- санитардык жана коргоо зоналарынын ченемдери;

- пайдаланылган жаратылыш ресурстарына карата стандарттар;

- ызы-чуунун, термелүүнүн, электр магниттик талаалардын жана башка зыяндуу жеке таасирлердин деңгээлинин жол берилүүчү чектелген ченемдери;

- айыл чарбасында химикаттарды колдонуунун жол берилүүчү чектелген ченемдери;

- тамак-аш азыктарындагы химиялык, уулуу, канцерогенндик заттардын жана биологиялык кошундулардын жол берилүүчү чектелген ченемдери кирет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин башка түрлөрү белгилениши мүмкүн.

 

9-статья. Айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдерин бекитүүнүн тартиби

 

Зыяндуу заттарды абага чыгаруунун жана агызып чыгаруунун жол берилүүчү чектелген, радиациялык коопсуздуктун деңгээлинин жол берилүүчү чектелген, айлана-чөйрөгө таасирдин деңгээлинин жол берилүүчү чектелген, санитардык жана коргоо зоналарынын, атмосфералык абадагы, суудагы, кыртыштагы, жер казынасындагы жана башка жаратылыш объектилериндеги зыяндуу заттардын жол берилүүчү чектелген концентрациясынын ченемдери, ошондой эле экологиялык жагынан коркунучтуу продукцияга карата стандарттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.

III Бөлүм
Жаратылышты пайдалануу

 

10-статья. Жаратылышты пайдалануунун түрлөрү

 

Жаратылышты пайдалануу жалпы жана атайын түрлөрдө жүзөгө ашырылат.

Жаратылышты жалпы пайдалануу кандайдыр бир атайын уруксатты талап кылбайт, жарандар тарабынан өзүнүн төрөлүшүнүн жана жашашынын натыйжасы катары келип чыккан жана орун алган табигый укуктардын күчүнөн улам жүзөгө ашырылат (атмосфералык абадан, ичүү, дарылоочу-ден соолукту

чыңдоочу муктаждыктар жана башкалар үчүн суудан пайдалануу).

(КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 101 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

11-статья. Жаратылышты атайын пайдалануу

 

Пайдаланылган объектилердин түрлөрү боюнча жаратылышты атайын пайдалануу жерди пайдалануу, жер казынасын пайдалануу, токойду пайдалануу, сууну пайдалануу, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн пайдалануу, атмосфералык абаны пайдалануу болуп бөлүнөт.

Жаратылыш ресурстарын пайдалануунун тартиби жана шарттары ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстук мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленет.

 

12-статья. Жаратылышты пайдаланууга жана жаратылышты коргоо багытындагы кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу ишти лицензиялоо

 

(КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

13-статья. Жаратылышты пайдаланууну лимиттештирүү

 

Жаратылышты атайын пайдалануу белгиленген лимиттердин чектеринде жүзөгө ашырылат.

Жаратылышты пайдаланууга лимиттер жаратылышты пайдалануучулар үчүн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан, жаратылыш ресурстарын пайдалануунун, (алып коюунун) ченемдик көлөмдөрүнө, зыяндуу заттардын айлана-чөйрөдөгү абага чыгарылышынын жана агызып чыгарылышынын жол берилүүчү чектерине жана өндүрүштүн калдыктарын региондогу экологиялык жагдайды эске алуу менен жайгаштыруунун ченемдик көлөмдөрүнө негизденүү менен белгиленет.

Лимиттештирүү:

- жаратылыш ресурстарын айлана-чөйрөдөн алып коюунун жол берилүүчү чектелген ченемдери;

- зыяндуу заттардын айлана-чөйрөдөгү абага чыгарылышынын, агызып чыгарылышынын, таштандылардын жайгаштырылышынын жол берилүүчү чектелген ченемдери болуп бөлүнөт.

14-статья. Жаратылыш ресурстарын мамлекеттик эсепке алуу жана социалдык-экономикалык баа берүү

Айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган, башка атайын ыйгарым укуктуу органдар, жаратылышты пайдалануучулар менен биргелешип, жаратылыш ресурстарын жана кайталанма сырьену эсепке алууну жүргүзөт, алардын социалдык-экономикалык маанисин аныктайт.

Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга мамлекеттик жер, суу, токой кадастрларын, жер казынасынын жаныбарлар дүйнөсүнүн, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана объектилердин, ошондой эле өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарынын кадастрларын жүргүзүү жүктөлөт.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

15-статья. Жаратылышты пайдалануу үчүн акы төлөө

 

Жаратылышты атайын пайдалануу акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.

Жаратылышты пайдалануу үчүн акы жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн акыдан, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жана башка жаратылышка терс таасирлерди тийгизгендиги үчүн акыдан турат.

Жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы: жаратылыш ресурстарын белгиленген лимиттердин чектеринде пайдалануу үчүн; жаратылыш ресурстарын лимиттен ашык пайдалануу үчүн белгиленет жана мамлекеттик бюджетке белгиленген тартипке ылайык киргизилет жана айлана-чөйрөнү коргоо жана жакшы абалга келтирүү боюнча иш-чараларга пайдаланылат.

Булгоочу заттарды абага чыгаруу, агызып чыгаруу, таштандыларды жайгаштыруу жана башка булгоонун түрлөрү жана жаратылышка терс таасир тийгизүү, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акы алынат.

Зыяндуу заттарды абага чыгаруу, агызып чыгаруу, таштандыларды жайгаштыруу үчүн акы юридикалык жана жеке жактар тарабынан республикалык бюджетке чегерилет.

Жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы, айлана-чөйрөнү булгагандыгы жана жаратылышка тийгизген башка терс таасирлери үчүн төлөмдөрдүн ставкалары жана ченемдери, аларды өндүрүп алуунун жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Жаратылышты пайдалануу үчүн акы төлөө жаратылышты пайдалануучуну айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды аткаруудан, өзүнүн жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузушунун кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруудан, жасаган укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартуудан бошотпойт.

 (КР 2002-жылдын 22-февралындагы № 22, 2004-жылдын 11-августундагы № 113, 2015-жылдын 16-январындагы № 17, 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

IV Бөлүм
Чарбалык жана башка ишке карата коюлуучу экологиялык талаптар

 

16-статья. Экологиялык экспертиза

 

Экологиялык экспертиза белгиленип жаткан чарбалык жана башка иштин айлана-чөйрөгө тийгизе турган мүмкүн болуучу жагымсыз таасирин болтурбай коюу максатында жүргүзүлөт.

Экологиялык экспертиза чарбалык чечим кабыл алынганга чейин милдеттүү түрдө өткөрүүнүн, негиздүүлүктүн, көз карандысыздыктын, объективдүүлүктүн, анын тыянактарынын мыйзамдуулугунун жана маалымдуулугунун принциптеринде жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болбогон учурда жаратылышты пайдаланууга байланыштуу долбоорлорду каржылоого жана ишке ашырууга тыюу салынат.

Экологиялык экспертизага байланыштуу мамилелер "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан жөнгө салынат.

 

17-статья. Ишканаларды, курулуштарды жана башка объектилерди жайгаштырууга, долбоорлоого, курууга, кайра конструкциялоого, пайдаланууга берүүгө карата экологиялык талаптар

 

Айлана-чөйрөнүн абалына тикелей же кыйыр таасир тийгизүүчү объектилерди жана иштин түрлөрүн жайгаштырууда, курууда, кайра конструкциялоодо, техникалык жагынан кайра жабдууда, пайдаланууга берүүдө жаратылышты коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, арбытып өндүрүү, экологиялык ченемдерге ылайык айлана-чөйрөнү жакшы абалга келтирүү боюнча иш-чаралар каралууга жана аткарылууга жана пландаштырылып жаткан иштин айлана-чөйрөгө (АЧТББ) таасирине баа берүү жүзөгө ашырылууга тийиш.

Чарбалык объектилерди жайгаштыруучу жерлерди аныктоо, ошондой эле долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга берүү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде жүргүзүлөт. Бекитилген долбоорду экологиялык коопсуздуктун таламдарына каршы өзгөртүүгө жол берилбейт.

Зыяндуу калдыктарды абага чыгарууну, агызып чыгарууну жол берилүүчү чектелген деңгээлге чейин тазалоо, зыянсыздандыруу жана утилдештирүү боюнча курулуштар жана жабдуулар менен камсыз кылынбаган объектилерди пайдаланууга берүүгө тыюу салынат.

 

18-статья. Чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашыруудагы экологиялык талаптар

 

Өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда чарба жүргүзүүчү жана башка субъектилер бекитилген технологиялык режимдерди сактоого, тазалоочу курулуштарга, жабдууларга жана калдыктарды контролдоочу, зыянсыздандыруучу жана утилдештирүүчү каражаттарга ээ болууга, алардын ишенимдүү жана натыйжалуу ишин камсыз кылууга, экологиялык жагынан коопсуз технологияларды жана өндүрүштөрдү жайылтууну жүргүзүүгө, жерлерди, жер казынасын, сууларды, атмосфералык абаны, токойлорду, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн коргоону жана сарамжал пайдаланууну, жаратылыш ресурстарын арбытып өндүрүүнү жүзөгө ашырууга милдеттүү.

Мал чарба жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жагында товардык өндүрүштү жүзөгө ашыруучу субъектилердин зарыл болгон санитардык-коргоо зоналары жана тазалоочу курулуштары болууга тийиш.

Мелиорациялык тутумдарды пайдаланууда жана мелиорациялык жумуштарды аткарууда суу балансын сактоо, сууларды пайдалануу, жерлерди, токойлорду кедери кетүүдөн, чөгүп кетүүдөн, суу басуудан коргоо жана айлана-чөйрө үчүн башка терс кесепеттерди болтурбай коюу боюнча чаралар сакталууга тийиш.

Гидроэлектростанцияларды пайдалануу балык корлорун коргоо боюнча талаптарга так ылайыкталып, айлана-чөйрөгө терс таасирлерге жол бербөө менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

 

19-статья. Калк жашаган пункттарды пландаштыруудагы жана куруудагы экологиялык талаптар

 

Шаарларды жана башка калк жашаган пункттарды пландаштырууда жана курууда коммуналдык, турмуш-тиричилик калдыктарын санитардык тазалоо, зыянсыздандыруу, утилдештирүү, кайра иштетүү, болбосо көмүү, калкты коркунучтуу геологиялык жана гидрогеологиялык процесстерден сактоо, тарыхый эстеликтерди, табигый эстеликтерди коргоо боюнча талаптар сакталууга тийиш.

Шаарлардын жана башка калк жашаган пункттардын, экологиялык жагынан зыяндуу объектилердин айланасында жаратылышты пайдалануунун чектелген режими бар, чарбалык интенсивдүү пайдалануудан алынган токой, бак-дарак, жашыл, коргоо зоналары түзүлөт.

 

20-статья. Радиоактивдүү материалдар жана химиялык заттар менен иш жүргүзүүдөгү экологиялык талаптар

 

Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды жана химиялык заттарды өндүрүүдө, сактоодо, ташууда, сатууда, колдонууда, зыянсыздандырууда жана көмүүдө юридикалык жана жеке жактар экологиялык талаптарды, белгиленген ченемдерди, эрежелерди сактоого, зыяндуу кесепеттерди болтурбай коюуга жана жоюуга карата чараларды көрүүгө жана ушул ченемдер жогору болгон учурда радиациялык жана химиялык коопсуздук органдарына токтоосуз түрдө маалымдоого милдеттүү.

Радиоактивдүү калдыктарды жана материалдарды башка мамлекеттерден сактоо же көмүү максатында алып келүүгө тыюу салынат.

Өзүнүн керектөө касиеттерин жоготкон жана озонду бузуучу заттарды камтыган продукцияны бул заттарды рекуперациялоосуз андан ары кайра циркуляциялоо жана жок кылуу үчүн өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын жайгаштыруу объекттеринде көмүүгө тыюу салынат.

Бөлүнбөй турган, адамдын организмине жана айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүчү уулуу химиялык препараттарды колдонууга тыюу салынат.

Радиоактивдүү материалдарды жана уулуу химиялык заттарды пайдаланууга байланыштуу чарба жүргүзүүчү же башка субъектилердин иши лицензиялар (уруксаттар) болгон учурда жүзөгө ашырылат. Радиоактивдүү материалдарды жана уулуу химиялык заттарды пайдаланууга уруксат (лицензия) атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан берилет.

(КР 2002-жылдын 22-февралындагы № 22, 2015-жылдын 12-январындагы № 3 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

21-статья. Контролдонбой турган жана зыяндуу биологиялык таасирден айлана-чөйрөнү коргоо

 

Карантиндик сертификаты болмоюнча биологиялык объектилерди жана продуктыларды алып келүүгө, анын ичинде транзиттик жол менен ташууга тыюу салынат. Республика үчүн белгилүү болбогон биологиялык объектилерди интродукциялоо жана акклиматизациялаштырууга илим изилдөө, медициналык жана ветеринардык максаттарда гана, экологиялык экспертизадан өткөндөн кийин жол берилет. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк селекциядан чыккан өсүмдүктөрдүн жаңы сортторуна, жаныбарлардын тукумдарын, микроорганизмдердин штаммдарын өнөр жайлык өндүрүүгө экспертиза өткөрүлгөндөн, экологиялык коопсуздуктун чаралары иштелип чыккандан жана мамлекеттик сыноодон өткөндөн кийин гана уруксат берилет. Тийиштүү региондун жаратылышына таандык болбогон биологиялык объекттерди, ошондой эле жасалма жол менен, табигый жамаатташтыкта көбөйтүлбөстөн жана ага киргизилбестен туруп алынган генетикалык материалды колдонууга жана өстүрүүгө тыюу салынат.

Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн организмдерин өндүрүүдө, көбөйтүүдө, сактоодо, ташууда, сатууда, көмүүдө, жок кылууда генофонд үчүн, ошондой эле адамдын ден соолугу үчүн терс таасирлердин мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган экологиялык коопсуздуктун чаралары милдеттүү түрдө сакталууга тийиш.

(КР 2002-жылдын 22-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-статья. Айлана-чөйрөнү зыяндуу жеке таасирлерден сактоо

 

Адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө өндүрүштүк жана башкадан пайда болгон ызы-чуунун, термелүүнүн, электр магниттик талаалардын жана башка зыяндуу жеке таасирлердин жол берилген чектелген ченемдерин жогорулатууга тыюу салынат.

Юридикалык жана жеке жактар айлана-чөйрөгө өндүрүштүк жана башкадан пайда болгон ызы-чуунун, термелүүнүн, электр магниттик талаалардын жана башка зыяндуу жеке таасирлердин ченемдерин жогорулатууну болтурбай коюу жана четтетүү боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

Жол берилүүчү чектелген ченемдерди сактоону гарантиялаган чаралар шаарларды жана калк жашаган пункттарды пландаштырууда жана курууда, ишканаларды, цехтерди, технологиялык линияларды курууну жана кайра конструкциялоону долбоорлоодо, жаңы техниканы түзүүдө жана өздөштүрүүдө, жер үстүндөгү, суу жана аба транспортунун каражаттарын, көңүл ачуу мекемелерин кайра конструкциялоодо жана долбоорлоодо иштелип чыгат.

(КР 2002-жылдын 22-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-статья. Айлана-чөйрөнү өндүрүштүк, турмуш-тиричиликтин жана башка калдыктардан коргоо

 

Өндүрүштүк жана башка калдыктарды белгиленген тартипте агызып чыгаруу атайын бөлүнгөн жерлерге гана уруксат берилет. Калдыктарды жана канализациялык агындыларды жалпы пайдалануудагы көлмөлөргө, жер астындагы суу жаткан катмарларга агызууга тыюу салынат.

Юридикалык жана жеке жактар өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик калдыктарын зыянсыздандыруу, кайра иштетүү, утилдештирүү, бир жерге топтоо же көмүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө, колдонуудагы экологиялык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы ченемдерди жана эрежелерди сактоого милдеттүү.

Калдыктарды бир жерге чогултуу жана көмүү Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен аныкталган жерлерде жүргүзүлөт.

Калдыктарды бир жерге топтоо жана көмүү мыйзамдарда каралган тартипте жүргүзүлөт.

Өтө эле коркунучтуу, абдан уулуу жана радиоактивдүү калдыктарды көмүү же башкача жайгаштыруу, атайын жабдылган полигондордо Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын лицензиясы боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо боюнча республикалык мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.

Уулуу калдыктарды, анын ичинде атом өнөр жай өндүрүшүнүн калдыктарын шаарлардын жана башка калк жашаган пункттардын аймагында жана ага жакын жерлерге, токойлорго, токой, бак-дарак өскөн, курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, рекреациялык зоналарга жана калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөнүн абалына коркунуч түзүлүшү мүмкүн болгон башка жерлерге жайгаштырууга тыюу салынат.

(КР 2002-жылдын 22-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-статья. Аскердик жана коргоо объектилерине, аскердик ишке карата экологиялык талаптар

 

Ушул Мыйзамда коюлган экологиялык талаптар толук даражада аскердик жана коргоо объектилерине, Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылып жаткан аскердик ишке таандык болот.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик башкаруу органдары айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

 

25-статья. Климатты жана атмосферанын озондук катмарын коргоо

 

Айлана-чөйрөнү климаттын экологиялык коркунучтуу өзгөрүүлөрүнөн, атмосферанын озондук катмарын коргоо:

- чарбалык жана башка иштин жана башка процесстердин таасири астында климаттын, озондук катмардын абалынын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүүнү, эсепке алууну жана контролдоону уюштуруу;

- Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган, Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган булактардан антропогендик чыгуу жана бардык парник газдарын сиңирип алуучулардын абсорбциясы, ошондой эле озонду бузуучу заттардын керектелиши боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултууну жана эсепке алууну уюштуруу;

- климаттын жана озондук катмардын абалына таасир тийгизүүчү зыяндуу заттардын абага чыгарылышынын жол берилүүчү чектелген ченемдерин белгилөө жана сактоо;

- беш жылда бир жолудан кем эмес парник газдарынын чыгышын азайтуу жана климаттын өзгөрүүсүнө адекваттуу ыңгайлашуу боюнча улуттук, региондук жана тармактык программаларды иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана үзгүлтүксүз жаңылап туруу;

- өндүрүштө жана турмуш-тиричиликте озондук катмарды бузуучу заттарды жөнгө салуу;

- аталган талаптарды бузгандык үчүн, жоопкерчилик чараларын колдонуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарынын чечими менен зыяндуу ишти токтото туруу же ага тыюу салуу аркылуу камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларына ылайык министрликтер менен ведомстволор, ишканалар, мекемелер, уюмдар озондук катмарга зыяндуу таасир тийгизүүчү химиялык заттарды керектөөнү кыскартууга жана кийин толук токтотууга милдеттүү.

Атмосферанын озон катмарынын абалына зыяндуу таасир тийгизген химиялык заттардын жана өндүрүштүк калдыктардын тизмеси Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы тарабынан бекитилет жана мамлекеттик бийлик жана башкаруунун бардык органдарына, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга кабарланат.

Атмосферанын озон катмарын чарбачылык жана башка иштин терс таасиринен коргоо максатында озонду бузуучу заттардын тизмеги белгиленет, Кыргыз Республикасында алар менен иш жүргүзүү мамлекеттик жөнгө салууга жатат.

Алар менен иш жүргүзүү мамлекеттик жөнгө салууга жаткан озонду бузуучу заттардын тизмеги, Кыргыз Республикасында озонду бузуучу заттарды керектөөнүн жол берилген көлөмү, озонду бузуучу заттар менен иш жүргүзүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар чарбачылык жана башка ишти жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын талаптарын сактоого милдеттүү.

(КР 2013-жылдын 11-мартындагы № 36, 2015-жылдын 12-январындагы № 3 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

26-статья. Экологиялык стандартташтыруу жана сертификациялоо

 

Экологиялык коопсуздукка, калктын өмүрүнө жана ден соолугуна, жаратылыш ресурстарын арбытып өндүрүүгө жана сарамжал пайдаланууга коркунуч келтириши мүмкүн болгон Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн же анын аймагына алынып келинүүчү продукция (процесстер, кызмат көрсөтүүлөр) экологиялык стандартташтыруу жана сертификациялоо объектилерине таандык кылынат.

Экологиялык стандартташтыруу жана сертификациялоо объектилеринин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттары жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы техникалык шарттар мыйзамдарда белгиленген тартипте иштелип чыгат, бекитилет жана катталат.

Продукцияларды (буюмдарды) катталган техникалык регламенттердин, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы стандарттар жана техникалык шарттарды бузуу менен иштеп чыгууга, даярдоого, жөнөтүүгө, (сатууга), сактоого, ташууга, пайдаланууга, (ишке киргизүүгө) жана оңдоого, процесстерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарууга тыюу салынат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында стандарттар менен техникалык шарттарга ылайык келүүнү аныктоо максатында мыйзамдарда белгиленген тартипте экологиялык сертификациялоо жүзөгө ашырылат.

 

27-статья. Ишканаларды менчиктештирүүдө экологиялык маселелерди чечүү

 

Мамлекеттик ишканалар менчиктештирилгенде жаңы менчик ээлери менен мамлекеттин ортосунда ал тарабынан айлана-чөйрөгө, юридикалык жана жеке жактардын мүлкүнө жана жарандардын ден соолугуна ушул ишканалардын чарбалык ишин жүзөгө ашыруунун натыйжасында айлана-чөйрөгө жагымсыз таасир көрсөтүү менен келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти так чектөө жүзөгө ашырылат.

Менчиктештирүүдө жана менчик укугун башкача өткөрүп берүүдө ишканаларда экологиялык абалга жана алардын айлана-чөйрөгө келтирген зыянына баа берүү максатында экологиялык аудит жүргүзүлөт.

 

28-статья. Экологиялык аудит

 

Экологиялык аудит Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тартипте көз карандысыз эксперттер тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууларды болтурбай коюу жана жоюу жана ишкананын мурдагы иши менен булгоонун өтө жогорку тобокелчилигин аныктоо максатында жүргүзүлөт.

Экологиялык аудит аны өткөрүүгө таламдаш болгон юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын же тартылган каражаттардын эсебинен мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

V Бөлүм
Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы контролдук

 

29-статья. Айлана-чөйрөнүн мониторинги

 

Айлана-чөйрөнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы анын ресурстарынын абалына жана өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүү менен эсепке алууну, баа берүүнү, болжолдоону, контролдоону жана башкарууну камсыз кылуу максатында айлана-чөйрөнүн мамлекеттик мониторингинин тутуму түзүлөт.

Айлана-чөйрөнүн мамлекеттик мониторингинин структурасы, мазмуну жана аны жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Айлана-чөйрөнүн абалына, анын ичинде булгануулардын чек ара аркылуу өтүшүнө, жаратылыш ресурстарынын пайдаланышына байкоо жүргүзүү республиканын бүткүл аймагында атайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан шаарлардагы, өнөр жай борборлорундагы, жаратылыш объектилериндеги жана айрым аймактардагы байкоо тутумдары аркылуу, ошондой эле иши айлана-чөйрөнүн абалынын начарлашына алып келген же алып келиши мүмкүн болгон ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылат.

Атайын ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле ишканалар, уюмдар жана мекемелер айлана-чөйрөнүн жана калктын ден соолугунун мониторингин жүзөгө ашырып жаткан тиешелүү мамлекеттик органдарга өз байкоолорунун материалдарын акысыз берип турууга милдеттүү.

 

30-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы контролдоонун милдеттери

 

Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы контролдук төмөндөгүлөрдү: чарбалык жана башка иштин таасири астында айлана-чөйрөнүн абалына жана өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүү, жаратылышты коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, айлана-чөйрөнү жакшы абалга келтирүү, жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын жана айлана чөйрөнүн сапатынын ченемдерин сактоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын текшерүү өзүнүн милдети катары коет.

Айлана-чөйрөнү коргоого контролдук тутумуна мамлекеттик, ведомстволук жана коомдук контролдук кирет.

 

31-статья. Айлана-чөйрөнүн абалына контролдукту жүзөгө ашыруучу субъектилер

 

Айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүчү чарба жүргүзүүчү жана башка субъектилер тиешелүү аймактарда жана объектилерде айлана-чөйрөнүн абалына контролдукту жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын министрликтери менен администрациялык ведомстволору айлана-чөйрөнүн абалына өздөрүнө баш ийген объектилерде жаратылышты коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, арбытып өндүрүү, айлана-чөйрөнү жакшы абалга келтирүү жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча иш чаралардын аткарылышын текшерүү максатында жүзөгө ашырат.

Айлана-чөйрөнү коргоонун абалына жана жаратылыш ресурстарынын пайдаланылышына мамлекеттик, ведомстволордун үстүнөн контролдук жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык жана аймактык мамлекеттик органдары жүзөгө ашырат. Айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылыш ресурстарын пайдалануунун абалына мамлекеттик контролдукту жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын жаратылышты коргоого тиешелүү чечими бардык министрликтер, администрациялык ведомстволор, жарандар, чарба жүргүзүүчү башка субъектилер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жагында коомдук контролдукту жүргүзүүнүн тартиби коомдук бирикмелер жөнүндө мыйзамдар, ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген алар жөнүндө уставдар жана жоболор тарабынан жөнгө салынат.

 

32-статья. Айлана-чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органдарынын Кыргыз Республикасынын укук коргоо, бажы, салык жана башка мамлекеттик органдары менен өз ара аракети

 

Айлана-чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын укук коргоо, бажы, салык жана башка мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын чек ара аскерлери менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жана анын негизинде кабыл алынган ведомстволор аралык өз ара аракеттердин биргелешкен актыларынын негизинде кабыл алынган тартипте жана башталыштарда өз ара аракеттенет.

 

VI Бөлүм
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды каржылоо

 

33-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралар

 

Айлана-чөйрөнүн булганышын болтурбай коюу жана жаратылышты сарамжал пайдалануу максатында Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралар өндүрүштүк күчтөрдү өнүктүрүүнүн жана жайгаштыруунун, жаратылыш ресурстарын пайдалануунун мамлекеттер аралык, республикалык, тармактык, аймактык программаларында жана схемаларында, ишканалардын өндүрүштүк-каржылык ишинин күндөлүк жана келечектеги пландарында, ошондой эле максаттуу экологиялык программаларда каралат.

 

34-статья. Жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоо

Жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлөт.

(КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

35-статья. Жаратылышты коргоо фонддору

(КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

36-статья. Экологиялык камсыздандыруу

 

Кыргыз Республикасынын калкынын өмүрүн, ден соолугун жана мүлктүк таламдарын камсыздандыруу жагынан коргоону камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке жактарды, алардын менчик объектилерин жана кирешелерин экологиялык кырсыктардын, кыйроолордун жана алааматтардын учурунда ыктыярдуу жана милдеттүү экологиялык камсыздандыруу, ошондой эле айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу жүзөгө ашырылат.

Чарбалык жана башка иштин экологиялык коркунучтуу түрлөрүн ишке ашырган юридикалык жактар жана жарандар милдеттүү экологиялык камсыздандыруудан өтүүгө тийиш.

Экологиялык камсыздандырууга байланыштуу мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат.

 

VII Бөлүм
Экологиялык жагынан жагымсыз зоналар

 

37-статья. Экологиялык жагынан жагымсыз зоналар

 

Кыргыз Республикасынын аймагынын айрым участокторунда экологиялык жагымсыздыктын даражасына жараша экологиялык жагдай төмөндөгү категориялар боюнча:

- салыштырмалуу түрдө канааттандыраарлык;

- өтө курч;

- оор;

- кризистик же өзгөчө экологиялык жагдай зонасы;

- алааматтык же экологиялык кырсык зонасы деп классификацияланышы мүмкүн.

Экологиялык жагымсыздыкты классификациялоонун критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.

 

38-статья. Өзгөчө экологиялык жагдай жана экологиялык кырсык зоналары

 

Кыргыз Республикасынын аймагынын чарбалык же башка иштин, табигый кырсыктын, болбосо кыйроолордун, алааматтардын кыйратуучу таасиринин натыйжасында айлана-чөйрөдө калктын ден соолугуна, табигый экологиялык тутумдардын абалына, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын генетикалык фонддоруна коркунуч келтирген туруктуу терс өзгөрүүлөр болуп жаткан участоктору өзгөчө (кризистик) экологиялык жагдай зоналары деп жарыяланышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын аймагынын айлана-чөйрөдө ордуна келбей турган терең өзгөрүүлөр болгон, калктын саламаттыгынын олутту начарлашына, табигый тең салмактуулуктун, табигый экологиялык тутумдардын бузулушуна, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын деградацияланыша алып келген терең өзгөрүүлөр болгон участоктору экологиялык кырсык (катастрофалык) зоналар деп жарыяланышы мүмкүн.

Өзгөчө экологиялык жагдай же экологиялык кырсык зоналары деп жарыялоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын айрым аймактарындагы өзгөчө экологиялык жагдай зоналарында иштин жана жаратылышты пайдалануунун айрым түрлөрүнө тыюу салынышы же чектөө коюлушу мүмкүн.

Экологиялык кырсык зоналарында айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизген иш токтотулат, калкты тейлөөгө байланыштуу болбогон чарбалык объектилердин иши токтотула турат, жаратылышты пайдаланууга чек коюлат.

Өзгөчө экологиялык жагдай жана экологиялык кырсык зоналарында жаратылыш ресурстарын калыбына келтирүү жана арбытып өндүрүү, айлана-чөйрөнү жакшы абалга келтирүү, калкты социалдык жактан коргоо боюнча шашылыш чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Өзгөчө экологиялык кырдаал жана экологиялык кырсык зоналарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды каржылоо түздөн-түз күнөөлүүлөрдүн каражаттарынын эсебинен, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин максаттуу каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

(КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

39-статья. Өзгөчө экологиялык жагдайларды болтурбай коюу

 

Чарба жүргүзүүчү жана башка объектилерди долбоорлоодо, пайдаланууда, консервациялоодо жана жоюуда кыйратуучу жагдайларды болтурбай коюу жана алардын кесепеттерин четтетүү боюнча чаралар иштелип чыгат жана жүзөгө ашырылат.

Кыйроо, алаамат болгон учурда юридикалык жана жеке жактар аларды жоюуга токтоосуз киришүүгө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга, адистештирилген кызматтарга жана калкка тезинен билдирүүгө (кабарлоого) милдеттүү.

 

VIII Бөлүм
Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик органдардын компетенциясы, коомдук бирикмелердин ыйгарым укуктары, жарандардын, жаратылышты пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери

 

40-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы компетенциясы

Айлана-чөйрөнү коргоо жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына:

- министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын ишин башкарууну, координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашыруу;

- республиканын аймагында жаратылыш ресурстарына мониторинг киргизүүгө жана алардын пайдаланылышын жөнгө салууга контролдук жүргүзүү;

- айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акы төлөөнү аныктоонун усулун бекитүүнү;

- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык, региондор аралык, мамлекеттер аралык программаларды жана пландарды жүзөгө ашыруунун концепцияларын иштеп чыгууну, бекитүүнү, каржылоону, ишке ашырууну жана контролдоону уюштуруу;

- жаратылыш ресурстарынын кадастрларын жүргүзүүнү уюштуруу;

- экологиялык коопсуздуктун ченемдерин, жаратылышты пайдалануунун лимиттерин жана ченемдерин бекитүү;

- жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруунун тартибин жана өлчөмдөрүн бекитүү;

- Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик контролдугу жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик экологиялык экспертиза жөнүндө жоболорду бекитүү;

- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитүү;

- эгерде аларды жүзөгө ашыруу айлана-чөйрөнүн абалынын начарлашына алып келсе, өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүнүн жана жайгаштыруунун, мелиорациянын, химиялаштыруунун жана башка чечимдердин мурда кабыл алынган схемаларын токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;

- утилдештирилбеген уулуу, ошондой эле радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу жана көмүү боюнча полигондорду жайгаштыруучу жерлерди аныктоо;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, объектилер жөнүндө жана аларды Кыргыз Республикасынын табигый-корук фондусуна киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

- экологиялык камсыздандыруу тартибин бекитүү;

- жарандарга экологиялык билим берүүнү жана тарбиялоону камсыз кылуу;

- эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу таандык кылынат.

 (КР 2002-жылдын 22-февралындагы № 22, 2004-жылдын 11-августундагы № 113, 2018-жылдын 26-майындагы N 55 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

41-статья. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын компетенциясы

Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ишине контролдукту жүзөгө ашырат.

Төмөндөгүлөр:

- айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана комплекстүү башкарууну жүргүзүү, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ушул жааттагы ишин координациялоо;

- жерлерди, жер казынасын, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды, атмосфералык абаны, токойлорду жана башка өсүмдүктөрдү, жаныбарлар дүйнөсүн пайдаланууга жана коргоого, ошондой эле экологиялык коопсуздуктун ченемдеринин сакталышына мамлекеттик контролдук;

- айлана-чөйрөнүн мониторингин уюштуруу;

- жаратылыш ресурстарын пайдаланууну жана айлана-чөйрөнү булгануудан жана башка зыяндуу таасирлерден коргоону жөнгө салуу боюнча эрежелерди, жоболорду, усулдарды, ченемдерди жана стандарттарды иштеп чыгууну уюштуруу, иштеп чыгуу жана бекитүү;

- экологиялык сертификациялоо жаатында иш жүргүзүүгө укуктуу мамлекеттик башкаруунун органын уюштуруу айлана-чөйрөнүн объектилерин, жаратылыш ресурстарын продукциялардын, материалдардын жана сырьелордун, өндүрүштүн жана керектөөнүн, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга жана айлана-чөйрөгө келтирилүүчү зыянды болтурбай коюуга багытталган технологиялык процесстерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү экологиялык сертификациялоону жүргүзүү, экологиялык сертификаттарды берүү экологиялык сертификаттоо боюнча органдарды, айлана-чөйрөнү коргоонун башкаруу тутумун, экоаналитикалык лабораторияларды аккредиттөө;

- мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүзөгө ашыруу;

- министрликтерден, администрациялык ведомстволордон, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан экологиялык мүнөздөгү маалыматтарды акысыз алуу;

- жаратылыш ресурстарын пайдалануу укугун токтотуу, экологиялык зыяндуу ишти чектөө, токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уулу материалдарды жана заттардын калдыктарын утилдештирүүгө, жайгаштырууга, жок кылууга жана көмүүгө, анын ичинде радиоактивдүү, жаратылыш ресурстарын алып келүүгө, алып кетүүгө жана сатууга сертификаттарды пайдаланууга лицензияларды берүү;

- эгерде аларды пайдалануу жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу менен же булгоочу заттарды абага чыгаруунун жана агызып чыгаруунун лимиттеринен ашык жүзөгө ашырылып жатса, ишканалардын жана башка объектилердин ишин чектөө, токтото туруу же токтотуу;

- региондук, мамлекеттик, мамлекеттер аралык экологиялык программаларды иштеп чыгуу;

- жаратылыш ресурстарын эсепке алууну жана баа берүүнү уюштуруу, жаратылыш ресурстарынын мамлекеттик кадастарын жүргүзүү;

- айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылышты пайдаланууну башкаруунун экономикалык механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы алуу жана анын өлчөмдөрүн түзөтүү;

- Кыргыз Республикасынын табигый-корук фондусун башкаруу, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебин жүргүзүү;

- табигый-корук ишин уюштуруу;

- айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча атайын ыйгарым укуктуу башка мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;

- жарандарды жалпыга бирдей тынымсыз экологиялык тарбиялоо жана билим берүү тутумун уюштурууга катыштыруу;

- айлана-чөйрөнү коргоо, продукциялардын жана технологиялык процесстердин экологиялык коопсуздугун жүзөгө ашыруу, эл аралык тажрыйбаны иликтөө, жалпылоо жана жайылтуу, Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык макулдашууларга ылайык милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын компетенциясына таандык кылынат.

Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык жана аймактык мамлекеттик органдарынын өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган маселелери боюнча чечимдери бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.

(КР 2002-жылдын 22-февралындагы № 22, 2003-жылдын 11-июнундагы № 101, 2016-жылдын 25-июлундагы № 135 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

42-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы

 

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар экологиялык программаларды иштеп чыгууга жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды ишке ашырууга катышат жана мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык аракеттенет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ведомствого караштуу аймактарда айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат, экологиялык программаларды иштеп чыгууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды ишке ашырууга катышат.

(КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

43-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы

 

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жоболор менен аныкталат.

 

44-статья. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери

 

Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык жана аймактык мамлекеттик органдарынын жана башка атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары белгиленген тартипте өздөрүнө жүктөлгөн функцияларды аткарууну камсыз кылууга милдеттүү жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык төмөндөгүлөргө:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, рынокторго (базарларга) аскер бөлүктөрүнө, атайын объектилерге жана аскердик кичи бөлүктөрдүн кызматтарына жана ички иштер жана коопсуздук органдарына тоскоолдуксуз барууга, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон документтер, талдоолордун натыйжалары, башка материалдар менен таанышууга;

- жаратылышты коргоо мыйзамдарынын, айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин талаптарынын сакталышын, жаратылышты коргоо боюнча ишчаралардын, тазалоочу курулуштардын жана башка жаратылышты коргоочу жабдуулардын, аларды контролдоочу каражаттардын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте текшерүүгө;

- булгоо булактарынын зыяндуу заттарды айлана-чөйрөдөгү абага чыгарышынын жана агызып чыгарышынын ченемдерин белгилөөгө;

- мамлекеттик экологиялык экспертизаны дайындоого, анын корутундусунун аткарылышына контролдукту камсыз кылууга;

- табылган кемчиликтерди четтетүүнү талап кылууга, объектилерди долбоорлоого, курууга, кайра конструкциялоого, пайдаланууга берүүгө жана объектилерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча көрсөтмөлөрдү же корутундуларды берүүгө;

- жеке карап чыгуу жана буюмдарын карап чыгуу менен укук бузуучуларды кармоону жүзөгө ашырууга, укук бузууларды жасоонун нерселерин жана куралдарын (анын ичинде жаратылыштын мыйзамсыз алынган объектилерин алып коюуга), транспорт каражаттарын текшерүүнү жүзөгө ашырууга;

- айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого, күнөлүүлөргө жазапулдарды салууга жана башка администрациялык чараларды көрүүгө, зарыл болгондо күнөөлүү адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө, айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доо менен кайрылууга;

- кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматтык ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды сактоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык айырмалоочу белгиси бар формалуу кийимди кийүүгө жана колдонууга;

- жаратылышты коргоо мыйзамдарын, жаратылышты коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча стандарттарды, ченемдерди жана эрежелерди бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча жумуштарды жана иштин башка түрлөрүн жүргүзүүдө курулушка, кайра конструкциялоого, технологиясын өзгөртүүгө тыюу салууга;

- менчигинин түрүнө карабастан айлана чөйрөгө жеке жана башка таасир кылып жаткан бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, айрым цехтердин, участоктордун жабдуулардын жана башка объектилердин жаратылыш ресурстарын коргоонун жана пайдалануунун, жаратылышты коргоо багытындагы жабдуулар менен курулуштарды пайдалануунун стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин одоно же такай бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан жумуштарына жана жаратылыш ресурстарын пайдалануусуна тыюу салууга, токтото турууга, агызып чыгарууларын жана абага чыгарууларын, айлана-чөйрөгө жеке жана башка таасирин чектөөгө;

- аларды колдонуу айлана чөйрөнү булгоого же бүлгүнгө учуратууга алып келсе, адамдардын ден соолугуна зыян келтирсе продукцияларды, заттарды жана материалдарды өндүрүүгө, алып келүүгө тыюу салууга;

- зыяндуу заттарды белгиленген ченемдерден ашык абага чыгарган транспорт каражаттарын жана башка жүрүүчү жабдуулар менен объектилерди пайдаланууну токтото турууга же ага тыюу салууга;

- республиканын аймагында жашаган (өсүп-өнүгүп жаткан) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерине зыян келтириши мүмкүн болгон жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү алып келүүгө, алып кетүүгө, чыгарууга, көчүрүп келүүгө жана акклиматизациялоого тыюу салууга;

- ушул Мыйзамды жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча башка ченемдик актыларды аткарууга багытталган башка чараларды көрүүгө укуктуу.

(КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 101, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 131 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

45-статья. Коомдук бирикмелердин укуктары

 

Экологиялык функцияларды аткарган коомдук бирикмелер жана кошундар:

- өздөрүнүн экологиялык программаларын иштеп чыгууга жана пропагандалоого, калктын экологиялык укуктарын жана таламдарын коргоого, экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө, ыктыярдуу башталыштарда жарандарды активдүү жаратылышты коргоо ишине тартууга;

- өздөрүнүн жана тартылган каражаттарынын эсебинен жана ыктыярдуу эмгектик катышуу менен жаратылыш ресурстарын коргоо, арбытып өндүрүү, айлана чөйрөнү коргоо боюнча иштерди аткарууга;

- айлана-чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органдарына жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууларга каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүүгө;

- жаратылышты коргоо боюнча коомдук фондуларды түзүүгө жана алардын каражаттарын экологиялык иш-чараларды жүргүзүүгө чыгымдоого;

- айлана-чөйрөнүн булганышы, жаратылышты коргоонун абалы жөнүндө өз убагында жана толук маалымат алууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча чогулуштарды, митингдерди, демонстрацияларды, кол чогултууларды уюштурууга, референдумдарды, мыйзам долбоорлорун калк менен талкуулоону өткөрүү жөнүндө сунуштар менен кирүүгө;

- мамлекеттик экологиялык экспертизаны белгилөөнү талап кылууга, экологиялык платформасын басма сөздө, радио жана теле көрсөтүү аркылуу баяндап чыгууга;

- коомдук экономикалык экспертизаны өткөрүүгө;

- жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын текшерүүгө катышууга;

- айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө күнөөлүү болгон кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну, ээлеген кызматынан бошотууну талап кылууга, жаратылышты коргоо мыйзамын бузуу аркылуу жарандардын ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доо менен кайрылууга укуктуу.

Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы коомдук бирикмелердин жана кошундардын иши алардын уставына жана колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2002-жылдын 22-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

46-статья. Жарандардын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы укуктары жана милдеттери

 

Жарандар:

- айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал жана комплекстүү пайдалануу, анын ичинде мыйзам чыгаруу процесси боюнча чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышууга;

- белгиленген тартипте жаратылыш ресурстарын пайдаланууга;

- жаратылышты коргоонун коомдук бирикмелерин түзүүгө;

- айлана-чөйрөнүн жана калктын ден соолугунун абалы жөнүндө, курууга пландаштырылып жаткан өндүрүштүк объектилер тууралу толук жана так маалымат алууга;

- коомдук экологиялык экспертизаны өткөрүүгө катышууга;

- экологиялык билим алууга;

- табиятка, ден соолугуна жана мүлкүнө айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүнүн натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге, кызмат адамдарына жана жарандарга талаптарды жана доолорду коюуга укуктуу.

Жарандар:

- айлана-чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына этият мамиле кылууга;

- жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоого жана айлана-чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органдарынын буйруктарын аткарууга;

- товарларды, башка продукцияларды даярдоодо алардын экологиялык коопсуздугун жана калктын ден соолугу үчүн зыянсыздыгын камсыз кылууга;

- айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

Жарандар (алардын бирикмелери) саясий, экономикалык жана социалдык терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон жалган (текшерилбеген) экологиялык маалыматты жайылтууга укуксуз.

 

47-статья. Жаратылышты пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери

 

Жаратылышты пайдалануучу:

- жаратылыш ресурстарын өзүнө берилген максаттарда пайдаланууга;

- жаратылыш ресурстарын негизги максатка жетүүнү камсыз кылуучу башка муктаждыктар үчүн белгиленген тартипте пайдаланууга;

- ресурстардын башка табигый касиеттерин айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен пайдаланууга;

- мыйзамдарда каралган учурларда жаратылыш ресурстарын кайталап пайдаланууга берүүгө;

- мыйзамдарда каралган учурларда айрым уюмдар жана жарандар үчүн ар кандай чектөөлөрдү киргизүүгө;

- укукка ылайык да, ошондой эле укукка жат да аракеттер менен келтирилген зыяндардын ордун толтурууну талап кылууга;

- бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү талап кылууга укуктуу.

Жаратылышты пайдалануучу:

- жаратылыш ресурстарын өзүнө берилген максаттарда сарамжал пайдаланууга;

- жаратылышты кайталап пайдалануучулардын мыйзамдарды сакташына контролдукту жүзөгө ашырууга;

- жаратылышты башка пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузбоого;

- айлана-чөйрөнү пайдалануу, коргоо, сактоо, калыбына келтирүү боюнча белгиленген талаптарды сактоого;

- өзүнө менчик укугунда, чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда таандык болгон курулуштарды, курулмаларды жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууга байланыштуу аймактарды айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген абалда күтүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жаратылышты пайдалануучулардын башка укуктары жана милдеттери белгилениши мүмкүн.

 

IX Бөлүм
Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында билим берүү, тарбиялоо, илимий изилдөөлөр, маалыматтар

 

48-статья. Экологиялык билим берүү жана тарбиялоо

 

Зарыл билимдерди берүү, коомдун экологиялык маданиятын жана адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу максатында айлана-чөйрөнү коргоо жагында үй-бүлөдөн жана мектепке чейинки мекемелерден тартып үзгүлтүксүз билим берүү жана тарбиялоо камсыз кылынат.

Айлана-чөйрөнү коргоонун, билим берүүнүн мамлекеттик органдары, башка мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар, массалык маалымат каражаттары экологиялык билимдерди жайылтат, айлана чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына карата аяр мамилени пропагандалоону жүргүзөт.

 

49-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы илимий изилдөөлөр

 

Айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылышты пайдалануунун илимий негиздүүлүгүн камсыз кылуучу багыттары боюнча пайдубалдуу жана көрсөтмөлүү илимий-изилдөө иштери артыкчылыктуу болуп эсептелет.

Айлана-чөйрөнү коргоону илимий жагынан камсыз кылуу максатында төмөндөгүлөргө багытталган:

- мамлекеттин жаратылышты коргоо саясатынын илимий негиздерин иштеп чыгууга, өнөр жай, транспорт, айыл чарба жана башка ишканаларынын, аларды пайдалануудагы курулуштардын жана объектилердин экологиялык коопсуздугун камсыз кылуучу прогрессивдүү аз калдыктуу жана калдыксыз технологиялык процесстерин иштеп чыгууга;

- экономикалык жагынан сарамжал, ресурстарды үнөмдөөчү жаратылышты пайдаланууну камсыз кылууга;

- айлана-чөйрөнүн абалынын мониторингинин, өндүрүштү башкаруунун, жабдууларды кыйроосуз жана коопсуз пайдалануунун каражаттарын жана тутумдарын түзүүгө;

- айлана-чөйрөгө жол берилген басым жасоону аныктоого жана айлана-чөйрөдө адамдын чарбалык ишинин таасири астында болуп жаткан процесстерди иликтөөгө;

- айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирлердин кесепеттерин болтурбай коюунун, төмөндөтүүнүн жана жоюунун ыкмаларын иштеп чыгууга;

- айлана-чөйрөнүн зарыл болгон сапаттарын калыбына келтирүүгө;

- жаратылышты коргоонун ченемдерин жана жаратылышты коргоонун ченемдик-техникалык документтерин иштеп чыгууга;

- айлана-чөйрөнүн калктын ден соолугунун көрсөткүчүнө тийгизген таасирин иликтөөгө жана зыяндуу экологиялык факторлордун адамдын организмине терс таасирин алдын алуунун натыйжалуу чараларын иштеп чыгууга багытталган изилдөөлөр жүргүзүлөт;

- биологиялык ар түрдүүлүктү үйрөнүүгө жана аны сактап калуу боюнча иш чараларга.

(КР 2002-жылдын 22-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

50-статья. Айлана-чөйрө жөнүндө маалымат

 

Ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык ар бир жаран же уюм мамлекеттик органдарда болгон айлана-чөйрө жөнүндө маалыматтарга укуктуу болот. Бул максаттарда мезгилдүү басма сөздө жыл сайын экологиялык бюллетендер жарыяланат.

Айлана-чөйрө жөнүндө маалымат колунда болгон министрликтер, администрациялык ведомстволор жана башка органдар жарандардын жана уюмдардын каалоосу боюнча маалымат берүүгө милдеттүү.

Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө маалымат мамлекеттик органдар тарабынан арыздануучунун кат жүзүндөгү сунуш-талабы боюнча техникалык (көчүрмөсүн алуу, дискеттер жана башкалар) жана аны даярдоого кеткен эмгектик коромжулуктардын наркынан ашпаган акы үчүн берилет.

Арызды кароонун мөөнөтү 6 жума.

Мамлекеттик органдар эгерде бул төмөндөгүлөргө зыян келтирсе:

- эл аралык мамилелерге;

- мамлекеттин аскердик таламдарына;

- ишканалардын коммерциялык сырын сактоого;

- жазык ишин тергөөгө зыян келтирсе айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө

маалымат берүүдөн баш тарта алат.

Буюртманын четке кагылышында баш тартуунун себеби жана анын негиздемеси камтылууга тийиш.

 

X Бөлүм
Экологиялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы талаштарды чечүү

 

51-статья. Экологиялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик

 

Экологиялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактар ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык дисциплинардык, администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартылат.

Дисциплинардык, администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартуу күнөөлүү адамдарды алардын айлана чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтуруу милдетинен бошотпойт.

 

52-статья. Экологиялык жоруктар үчүн дисциплинардык жоопкерчилик

 

Ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдары жана башка күнөөлүү кызматкерлери жоболорго, уставдарга, ички тартип эрежелерине жана башка ченемдик актыларга ылайык жаратылышты коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу боюнча иш-чараларды аткарбагандыгы, айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдерин бузгандыгы жана эмгектик функциялардан же кызматтык милдеттерден келип чыгуучу жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн дисциплинардык жоопкерчиликке тартылат.

Күнөөсү боюнча ишкана, мекеме, уюм экологиялык укук бузуу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чыгым тарткан кызмат адамдары жана башка кызматкерлер ишканалардын мекемелердин, уюмдардын алдында толук материалдык жоопкерчилик тартат.

 

53-статья. Экологиялык укук бузуулар үчүн администрациялык жана жазык жоопкерчилиги

 

Экологиялык укук бузууларды жасаган кызмат адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылат.

Администрациялык жоопкерчиликке тартуу күнөөлүүлөрдү келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетинен бошотпойт.

 

54-статья. Экологиялык укук бузуу тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу

 

Айлана-чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын ден соолугуна жана мүлкүнө жана мамлекетке айлана-чөйрөнү булгоо, бузуу, жаратылыш ресурстарын бузуу, жок кылуу, зыянга учуратуу, сарамжал эмес пайдалануу, табигый экологиялык тутумдарды бузуу жана башка экологиялык укук бузуулар аркылуу мамлекетке зыян келтирген юридикалык жана жеке, анын ичинде чет өлкөлүк жактар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык анын ордун толук көлөмдө толтурууга милдеттүү.

Экологиялык укук бузуунун натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу ыктыярдуу түрдө, болбосо соттун чечими боюнча белгиленген тартипте бекитилген зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларына жана усулдарына ылайык, ал эми алар жок болгондо айлана-чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүүгө кетүүчү фактылай чыгымдар боюнча келтирилген зыяндарды анын ичинде алынбай калган пайданы эске алуу менен жүргүзүлөт.

Соттун чечими боюнча өндүрүлүүчү зыяндын суммасы республикалык жана (же) жергиликтүү бюджетке чегерилет.

Юридикалык жана жеке жактардын иши пайда кылган айлана-чөйрөгө жагымсыз таасирдин натыйжасында жарандардын ден соолугуна келтирилген зыян жабырлануучунун эмгекке жарактуулугун жоготуу даражасын, аны дарылоого, ден соолугун калыбына келтирүүгө, оорулууну багууга кеткен чыгымдарды, башка чыгашаларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган пенсиялар менен жөлөкпулдарды эске алуу менен толук көлөмдө орду толтурулууга тийиш.

Жарандардын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жабырлануучунун, анын жакын туугандарынын, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кесиптик бирлик органдарынын же прокурордун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

Жарандардын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн акчалай каражаттардын суммасы зыян келтирген жактан же ал өкүлү болгон ишканадан, мекемеден, уюмдан өндүрүлөт, ал эми аларды аныктоо мүмкүн болбогондо - тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен өндүрүлөт.

Юридикалык жана жеке жактардын ишинен келип чыккан айлана-чөйрөгө жагымсыз таасирдин натыйжасында жарандардын мүлкүнө келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоодо курулуштардын, турак-жай жана өндүрүштүк имарат-жайлардын, жабдуулардын. мүлктүн, жер участогунун, ушул участоктон алынуучу продукциянын бузулушуна жана наркынын төмөндөшүнө жана алынбай калган пайдага байланыштуу айкын зыян эске алынат.

Зыян келтирүүчүлөр бир нече адам болгондо алар баары колдонуудагы мыйзамдарга ылайык бирдей жоопкерчилик тартат.

Объектилерди менчиктештирүү процессинде 1992-жылга чейинки калдыктык булгоо же айлана-чөйрөгө келтирилген өткөндөгү зыян үчүн мамлекет жоопкерчилик тартат. Калган учурларда көрсөтүлгөн жоопкерчиликти белгиленген тартипте булгоочу-объектинин ээлери болгон юридикалык же жеке жактар тартат.

(КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

55-статья. Юридикалык жактардын айлана-чөйрөнү булгоо үчүн жоопкерчилиги

 

Юридикалык жактар айлана-чөйрөнү булгоо үчүн колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

 

56-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы талаштарды чечүүнүн тартиби

 

Ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана жарандардын ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы талаштары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айлана-чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органдары тарабынан чечилет. Алардын компетенциясына кирбей турган талаштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, болбосо сот тарабынан чечилет.

Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттер аралык талаштар эл аралык укуктун ченемдерине ылайык чечилет.

 

XI Бөлүм
Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык мамилелер

 

57-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык мамилелер жана эл аралык кызматташтыктын принциптери

 

Адамдардын азыркы жана келечектеги муундарынын жалпыга бирдей экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасы эл аралык жаратылышты коргоо кызматташтыгын жүзөгө ашырат жана төмөндөгү принциптерди жетекчиликке алат:

- ар бир адам жагымдуу экологиялык шарттарда жашоого укуктуу болот;

- мамлекет өзүнүн жарандарынын муктаждыктарын камсыз кылууну өнүктүрүү максаттарында айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууга укуктуу болот;

- бир мамлекеттин экологиялык бейпилдиги башка мамлекеттердин эсебинен же алардын таламын эске албастан камсыз кылынышы мүмкүн эмес;

- мамлекеттин иши айлана-чөйрөгө зыян келтирбөөгө тийиш;

- тышкы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн табигый-экологиялык аспектисине такай талдоо жүргүзүү, өз ара пайданын эң негиздүү принцибин сактоо;

- айлана-чөйрөнүн жана анын ресурстарынын абалына жана өзгөрүшүнө эл аралык деңгээлде таанылган критерийлердин жана чен-өлчөмдөрдүн негизинде өз ара контролдукту белгилөө;

- айлана-чөйрө проблемалары боюнча илимий-техникалык маалыматтарды эл аралык алмашуу; экологиялык маалымат банктарын түзүү, адис-экологдорду даярдоо;

- мамлекеттердин өзгөчө экологиялык жагдайлардагы өз ара жардамдашуусу;

- айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы талаштарды тынчтык жолу менен чечүү;

- эл аралык уюмдардын ишин Кыргыз Республикасынын улуттук таламдарына шайкеш келтирүү принциптерин жетекчиликке алат.

Эл аралык мамилелер:

- жаратылыш ресурстарын чет өлкөгө алып кетүүнүн экологиялык кесепеттерине жана экономикалык зыянга баа берүүнү;

- дүйнөлүк рынокко төмөнкү баалар менен сатуудан келип чыккан коммерциялык жоготууларды;

- жаратылыш ресурстарын иштетилбеген же начар иштетилген түрдө жөнөтүүдөн алынбай калган кирешелерди;

- жаратылыш ресурстарын казып алуунун натыйжасында келип чыккан экологиялык зыянга баа берүүнү;

- түзүлүп жаткан биргелешкен ишканаларда экологиялык жагынан таза жана аз калдыктуу технологияларды пайдалануунун талаптарын;

- коомдук жаратылышты коргоо уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты;

- тышкы экономикалык байланыштардын маалымдуулугун эске алуу менен түзүлүүгө тийиш.

 

58-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык келишимдер

 

Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарында камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

 

XII Бөлүм
Корутунду жоболор

 

59-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

 

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам колдонууга киргизилген күндөн тартып:

- "Жаратылышты коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Закону (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, 8, 242-ст.);

- "Жаратылышты коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законун колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, 8, 243-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген ченемдик укуктук актылар гана колдонулат.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А. Акаев