Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\926088aa-e246-4874-941b-e0ebb6f59409\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 7-февралы № 38-б

2019-жылдын сентябрь айынын биринчи жана үчүнчү декадасында себилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үшүп кетишине жана зыянга учурашына алып келген нөшөр жаандан жана кар түшүүдөн зыян тарткан Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле дыйкандар жана фермерлерге жагымдуу шарттарды түзүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жоготууларынын ордун толтуруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Чүй облусунун Жайыл районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы менен бирдикте 2019-жылдын сентябрь айынын биринчи жана үчүнчү декадасында болгон нөшөр жаандан жана кар түшүүдөн зыян тарткан Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын чарбакер субъекттеринин тизмесин аныктасын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого ылайык, 2019-жылдын сентябрь айынын биринчи жана үчүнчү декадасында болгон нөшөр жаандан жана кар түшүүдөн зыян тарткан Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын чарбакер субъекттеринин аныкталган тизмесинин негизинде Япония Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттарынан тышкары, 10 жыл аралыгында төлөп берүү мөөнөтү менен, бюджеттик кредиттер боюнча төлөнө элек карыздарынын суммасын аныктасын жана жаздык эгиндин 2018 жана 2019-жылдардын түшүмүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү түрүндө алынган товардык кредиттерди кайтаруу мөөнөтүн 2022-жылдын 1-декабрына чейин, алардын кайтаруу мөөнөтү узартылган мезгилде пайызын жана жаза пулун эсептебестен узартсын.

3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 344-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айылдык кеңешине 2019-жылдын сентябрь айынын биринчи жана үчүнчү декадасында болгон нөшөр жаандан жана кар түшүүдөн зыян тарткан Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл аймаганын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө үч жылга чейинки мөөнөткө айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотуу түрүндө жеңилдиктерди берүү маселесин кароо сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын органы тарабынан Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте аткарылган тиешелүү комиссиялык ырастоо болгон учурда 2019-жылдын сентябрь айынын биринчи жана үчүнчү декадасында болгон нөшөр жаандан жана кар түшүүдөн зыян тарткан айылдык товар өндүрүүчүлөрдү зыян тарткан айыл чарба жерлери үчүн 2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотсун.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине ылайык бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө маселенин макулдашуу жол-жоболорун жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругунун 2-пункту бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин оң корутундусу алынган учурда күчүнө кирет.

7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев