Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\926088aa-e246-4874-941b-e0ebb6f59409\document.files\image001.jpg

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 17-августу № 277-б

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 26-б, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 354-т, 2022-жылдын 26-майындагы № 282-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)

Ченем жаратуу ишинин сапатын жогорулатуу, жарандардын мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышуу боюнча конституциялык укуктарын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аткаруу бийлигинин органдары менен бирдикте Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (мындан ары - Бирдиктуу портал) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун илгерилетүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматты берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырсын.

2. Бирдиктүү портал 2022-жылдын 31-декабрына чейин тажрыйбалуу (пилоттук) эксплуатациялоо режиминде иштейт деп аныкталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 26-б, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 354-т, 2022-жылдын 26-мацындагы №282-р тескемелеринин редакцияларына ылайык)

3. Бирдиктүү порталды эксплуатациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

1) Бирдиктүү порталды киргизүү боюнча маалыматтык кампания уюштурсун;

2) Бирдиктүү порталды колдонуу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуу боюнча чараларды көрсүн;

3) Бирдиктүү порталда жайгаштыруу үчүн методикалык сунуштамаларды (окуу материалдарын) иштеп чыксын;

4) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 354-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)

5) Бирдиктүү порталдын жанылыктар блогуна жайгаштыруу үчүн иштелип чыгуудагы эң эле маанилүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жөнүндө маалымат берүү графигин иштеп чыксын жана мамлекеттик органдарга жиберсин.

6) 2022-жылдын 31-декабрынан тартып Бирдиктүү порталды өнөр жайлык эксплуатациялоо режимине киргизүү боюнча чараларды көрсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 354-т, 2022-жылдын 26-майындагы № 282-т тескемелеринин редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыялангандан кийин иштелип чыгуудагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Бирдиктүү порталга жайгаштырууну камсыз кылышсын;

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-майындагы № 282-т тескемесинин редакциясына ылайык)

2) ушул токтомдун 3-пункту менен бекитилген Бирдиктүү порталды эксплуатациялоо тартибин милдеттүү түрдө сакташсын;

3) Бирдиктүү порталдын жанылыктар блогуна жайгаштыруу үчүн иштелип чыгуудагы эң эле маанилүү ченемдик укуктук актылардын (мамлекеттик жана расмий тилдердеги) долбоорлору жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бекитүүчү графикке ылайык жиберишсин;

4) ушул буйруктан келип чыгуучу башка, анын ичинде бекитилген штаттык расписаниенин алкагында администраторду жана Бирдиктүү порталды колдонуу менен иштөөгө тартылган жооптуу адистерди аныктоо боюнча чараларды көрүшсүн.

6. Ченем жаратуучу субъекттерге иштелип чыгуудагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Бирдиктүү порталга жайгаштырууну камсыздоо сунушталсын.

7. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу.

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 26-б, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 354-т , 2022-жылдын 26-майындагы №282-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)

8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

К.А. Боронов

 

Тиркеме

Пилоттук долбоордун алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталын эксплуатациялоо тартиби

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 26-б, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-майындагы № 282-т тескемелеринин редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Пилоттук долбоордун алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталын эксплуатациялоо тартибинде (мындан ары - Тартип) пилоттук долбоорду жүргүзүү учурунда Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталын (мындан ары - Бирдиктүү портал) колдонуу эрежелери белгиленген.

2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

1) Бирдиктү портал - электрондук аянтча, ал төмөнкүлөр үчүн түзүлгөн:

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун (мындан ары - ЧУА долбоору) онлайн режиминде коомдук талкуулоо;

- ЧУА долбоорунун илгерилеши жөнүндө маалымат берүү;

2) иштеп чыгуучу органдын администратору - жооптуу адистердин ортосунда Бирдиктуу порталга кирүү укугун бөлүштүрүүгө жооптуу иштеп чыгуучу органдын кызматкери;

3) иштеп чыгуучу орган - ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана аны илгерилетүү укугуна ээ болгон субъект;

4) жооптуу адис - Бирдиктүү порталга жайгаштырылуучу ЧУА долбоорун иштеп чыгууга, коомдук талкуулоого жана илгерилетүүгө жооптуу болгон иштеп чыгуучу органдын кызматкери.

 

2-глава. Бирдиктүү порталды башкаруу

3. Бирдиктүү порталдын жалпы башкаруусун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - башкы администратор) ишке ашырат.

4. Башкы администратор төмөнкү функцияларды аткарат:

1) Бирдиктүү порталдын үзгүлтүксүз жана талаптагыдай иштешин уюштурат;

2) иштеп чыгуучу органдардын администраторлоруна Бирдиктүү порталга кирүү укугун берет;

3) иштеп чыгуучуларга жана Бирдиктүү порталды колдонуучуларга методикалык жана техникалык жардам көрсөтөт;

4) Бирдиктүү порталдын натыйжалуу иштешине багытталган башка функцияларды аткарат.

5. Башкы администратор иштеп чыгуучулар тарабынан түзүлгөн кошумча барактын мазмунун толуктоого, өзгөртүүгө жана/же өчүрүүгө укуксуз.

6. Иштеп чыгуучу орган өзүнүн чечими менен администраторду жана жооптуу адистерди аныктайт. Администратор башкы администратордон Бирдиктүү порталга кирүү укугун алат жана аны жооптуу адистердин ортосунда бөлүштүрөт.

7. Иштеп чыгуучу органдын администратору жооптуу адистерге Бирдиктүү порталга кирүү укугун берүүгө жана башкы администратор менен өз ара аракеттенүүгө жооптуу.

8. Иштеп чыгуучу органдын жооптуу адистери төмөнкүдөй функцияларды аткарышат:

1) ЧУА долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана башка ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жарыялангандан кийин коомдук талкуулоо жол-жоболорун жүргүзүү үчүн аны Бирдиктүү порталга жайгаштырат;

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-майындагы № 282-т тескемесинин редакциясына ылайык)

2) жайгаштырылган ЧУА долбооруна келип түшкөн комментарийлерге көз салат жана аларга ушул Тартиптин 12-пунктунда белгиленген мөөнөттө жоопторду жарыялайт;

3) ЧУА долбоорун илгерилетүү этаптарын актуалдаштырат.

 

3-глава. ЧУА долбоорлорун Бирдиктуу порталга жайгаштыруу тартиби жана аларды илгерилетүү жөнүндө маалымат берүү

10. ЧУА долбоору иштеп чыгуучу орган тарабынан «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинде каралган коштооочу документтер жана төмөнкүдөй коштоочу документтер менен бирге Бирдиктүү порталга жайгаштырылат:

1) салыштырма таблица, эгерде ЧУА долбоору менен колдонуудагы ЧУАларга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралса;

2) жөнго салуучу таасирди талдоо, эгерде ЧУА долбоору ишкердикти жөнгө салууга багытталган болсо;

3) иштеп чыгуучунун пикири боюнча коомдук талкуу үчүн маанилүү болгон башка документтер.

11. ЧУА долбоору жана коштоочу документтер Бирдиктүү порталда жайгаштырылгандан кийин ал документтердин текстине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.

12. Жооптуу адис жайгаштырылган ЧУА долбооруна келип түшкөн комментарийлерге көз салат жана аларга онлайн режиминде жооп берет. Колдонуучунун комментарийин кароо жана жоопту жарыялоо мөөнөтү комментарий келип түшкөн күндөн тартып 7 жумуш күндү түзөт.

13. Эгерде иштеп чыгуучу орган колдонуучунун комментарийи менен макул болсо, жооптуу адис «Эске алынды» деген жоопту жарыялайт.

Колдонуучунун комментарийи менен макул болбогон же толук эмес макул болгон учурда жооптуу адис тиешелүүлүгүнө жараша «Эске алынган жок» же «Жарым-жартылай эске алынды» деген жоопту жарыялайт жана иштеп чыгуучу органдын чечиминин жүйөлүү позициясын жайгаштырат.

14. Даттануулар келип түшкөн комментарийлер жана цензурага жатпаган сөздөрдү жана билдирүүлөрдү камтыган, ошондой эле жарнамаларды же спам камтыган комментарийлер иштеп чыгуучу органдын жооптуу адиси тарабынан жабылат.

15. Коомдук талкуулоонун мөөнөтү бүткөндөн кийин колдонуучулардын комментарийлери система тарабынан кабыл алынбайт.

16. Колдонуучулардан келип түшкөн комментарийлерди кароонун жыйынтыгы боюнча коомдук талкуулоонун жол-жоболору жүргүзүлгөндөн кийин кайра иштелип чыккан ЧУА долбоорунун редакциясы маалымат үчүн жарыяланат.

17. Бирдиктүү порталда иштеп чыгуучу орган тарабынан ЧУА долбоорлорунун илгерилеши жөнүндө маалымат берилет.

18. Калктын маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн иштеп чыгуучу орган ар бир жаңы этапта ЧУА долбоорунун илгерилеши жөнүндө маалыматты жайгаштырат.

19. Маалымат төмөнкү документтер менен коштолушу мүмкүн:

1) ЧУА долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуулардын, тегерек столдордун протоколдору;

2) адистештирилген экспертизалардын корутундулары;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектери тарабынан демилгеленген мыйзамдын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу;

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-майындагы № 282-т тескемесинин редакциясына ылайык)

4) ЧУА долбоорун кызыкдар тараптар менен макулдашуу убагында келип түшкөн сунуштардын жана сын-пикирлердин жыйынды таблицасы;

5) мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери тарабынан кароонун жыйынтыктары;

6) мыйзамдын долбоорун кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындарынын стенограммалары;

7) кабыл алынган мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президентинин келип түшкөн каршы пикирлери;

8) ЧУАны расмий жарыялоо жана аны ЧУАнын мамлекеттик реестрине киргизүү датасы жана булагы;

9) башка документтер.

Иштеп чыгуучу орган жайгаштырылган ЧУА долбоору боюнча маалыматтарды кечиктирип жана талаптагыдай эмес жаңылагандыгы үчүн. жайгаштырылган ЧУА долбоорлоруна келип түшкөн комментарийлерге жооп бербегендиги же берүү мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн, ушул Тартиптин 14-пунктунда баяндалган критерийлерге туура келбеген комментарийлерди жашыргандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

 

4-глава. Калктын Бирдиктүү порталды колдонуу тартиби

20. Калк Бирдиктүү порталды катталбастан да, катталып да колдоно алат. Каттоосу жок колдонуучуларга жайгаштырылган ЧУА долбоорлорунун тексттери менен таанышуу функциясы гана жеткиликтүү.

ЧУА долбооруна комментарийлерди жайгаштыруу үчүн каттоодон өтүү керек. Колдонуучуларды каттоо электрондук почта же социалдык түйүндөрдө катталган аккаунт аркылуу жүргүзүлөт.

21. Бирдиктүү порталда каттоо учурунда жарандар ушул Тартиптин 22 жана 23-пункттарында көрсөтүлгөн колдонуу келишиминин шарттарына макул болушат.

22. Катталган колдонуучулар төмөнкүдөй укуктарга ээ:

1) коомдук талкуулоо учурунда ЧУА долбоорлоруна комментарийлерди калтырууга;

2) өзүнүн комментарийлерине жүйөлүү жоопторду алууга;

3) жаңы ЧУА долбоорлору боюнча кызыктырган жөнгө салуу чөйрөлөрү же иштеп чыгуучулар жөнүндө Бирдиктүү порталдагы жаңылыктарды алуу үчүн жазылууга;

4) социалдык түйүндөрдө ЧУА долбоорлору жөнүндө маалымат менен бөлүшүүгө;

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 26-б буйругунун редакциясына ылайык)

5) ЧУАны түзүү же өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 26-б буйругунун редакциясына ылайык)

6) Бирдиктүү порталдын башка колдонуучулары менен маектешүүгө;

7) Бирдиктүү порталды колдонуу эрежелери сакталбаган учурда иштеп чыгуучу орган тарабынан "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралуучу даттанууларды берүүгө;

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 26-б буйругунун редакциясына ылайык)

8) жеке кабинетинде өзүнүн Бирдиктүү портал менен колдонуу мезгилин көрүүгө.

23. Катталган колдонуучулар өздөрүнө төмөнкү милдеттенмелерди алышат:

1) этикалык жүрүм-турумдун жана цензуранын ченемдерин сактоого;

2) ЧУА долбоорунун маани-маңызы жана концепциясы боюнча комментарийлерди калтырууга;

3) башка колдонуучулардын пикирин жана укугун сыйлоого;

4) спамдарды, жарнамаларды жана ЧУА долбоорун коомдук талкуулоонун максаттарына ылайык келбеген башка комментарийлерди колдонбоого.

 

5-глава. Мониторинг

24. Башкы администратор квартал сайын Бирдиктүү порталдын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт. Алар төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) Бирдиктүү порталда автоматтык түрдө эсептелген жооптордун статистикасына ылайык колдонуучулардын комментарийлерине карата иштеп чыгуучулардын жоопторунун болушун көзөмөлдөө;

2) иштеп чыгуучу органдар тарабынан жашырылган комментарийлердин ушул Тартиптин 14-пунктуна ылайык максатка ылайыктуулугун кварталдык негизде көзөмөлдөө;

3) Бирдиктүү портал системаларынын туура жана өз убагында иштешин көзөмөлдөө.

25. Мониторингдин жыйынтыгы Бирдиктүү порталда жарыяланат.