Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\1b9bb721-c0de-4cc8-939c-4963c9709803\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1999-жылдын 16-июну № 54

Экологиялык экспертиза жөнүндө

(КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 102, 2007-жылдын 26-февралындагы № 21, 2015-жылдын 4-майындагы № 92
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам экологиялык экспертиза жаатындагы укуктук мамилелерди жөнгө салып, чарбалык жана башка иштерден келип чыгуучу экологиялык терс кесепеттердин алдын алуу менен жагымдуу жаратылыш айлана-чөйрөсүнө болгон жарандардын конституциялык укугун ишке ашырууга багытталат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тиешелүү жоболоруна, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ага ылайык кабыл алынуучу ченемдик укук актыларына негизделет.

I Бөлүм
Жалпы жоболор

 

1-статья. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

Таасир тийгизүү - айкын объектке анда сандык же сапаттык өзгөрүү алып келүүчү, болбосо алып келиши мүмкүн болгон аракет.

Долбоордун демилгечиси - белгиленүүчү долбоордук чечимдерди даярдоо жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каржы каражаттары бар юридикалык же жеке жак, ишти уюштуруучу.

Айлана-чөйрө - адам байыр алган табигый чөйрө, адамдын жана башка жандуу организмдердин жашоосу үчүн шарт, каражат жана орун-жай катары кызмат кылган биосфера, кеңири мааниде өзүнө табигый экологиялык тутумдардын тутуму катары жаратылышты жана адамдын ишинин натыйжасында кайра түзүлгөн табигый чөйрөнүн бир бөлүгү катары айлана-чөйрөнү камтыйт.

Айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүү (АТББ) - белгиленген чарбалык жана башка таасир тийгизүүнү, ал тарабынан келтирилген айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүн табуу, талдоо, ага баа берүү жана эсепке алуу.

Жаратылышты коргоону долбоорлоо:

айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнү (АТББ) иштеп чыгуу;

долбоорлук-сметалык документтердин "Айлана-чөйрөнү коргоо" деген бөлүмүн иштеп чыгуу;

экологиялык паспортту иштеп чыгуу (жол берилүүчү абага чыгаруулардын, жол берилген сууларга агызуулардын ж.б. ченемдери);

экологиялык аудитти жүргүзүү.

Долбоор:

план, ой-ниет;

курулманын, жабдуунун иштелип чыккан планы;

документтин алдын алган эң алгачкы тексти;

чечимди даярдоонун тутумундагы элемент.

Экспертизанын объектин ишке ашыруу - өнөр жай жана башка объекттерди куруу, пайдалануу, жоюу, кызмат көрсөтүүлөр, буюмдар менен технологиялардын план алдындагы, долбоор алдындагы жана долбоорлук документтерде каралган чечимдерге ылайык чарбалык жүгүртүүгө түшүүсү боюнча иштердин башталышы жана жүрүшү, ошондой эле мыйзам актынын күчүнө кириши, экспертизанын объектисинин башкача реалдуу пайдаланылышы.

Экологиялык коопсуздук - адамдын, коомдун жашоосунун шарты жана каражаты катары инсандын, коомдун, айлана-чөйрөнүн корголушу аларга антропогендик жана жаратылыш таасирлеринин айынан болчу коркунучтардан инсандын, коомдун турмуштук маанилүү таламдарынын корголгондугунун абалы.

Экологиялык тобокел - жаратылыш объекттеринин жана факторлорунун ар кандай (атайын же кокусунан, акырындык менен же апааттык) антропогендик өзгөрүүлөрдүн кесепетинен айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна жагымсыз таасир тийгизүүсүнүн ыктымалдыгы.

Экологиялык экспертиза - ишке ашырылышы жаратылыштык айланачөйрөнүн жана жаратылыш ресурстарынын абалына тике же кыйыр таасир этүүчү болжолдонуучу чечимдердин экологиялык тобокелдигинин жана коркунучунун деңгээлин аныктоо.

 

2-статья. Экологиялык экспертизанын максаты

Экологиялык экспертизанын максаттары:

пландаштырылган башкаруучулук, чарбалык жана башка иш-аракеттин калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон кесепеттерин болтурбоо;

пландаштырылган башкаруучулук, чарбалык, инвестициялык алуунун жана башка иш-аракеттерге аларды ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алуунун алдындагы стадияда, ошондой эле аларды куруунун жана ишке ашыруунун жүрүшүндө жаратылышты коргоо мыйзамдарына ылайык келүүсүнө баа берүү болуп саналат.

 

3-статья. Экологиялык экспертизанын объекттери

Экологиялык экспертизанын объекттери:

чарбалык жана башка иш-аракеттерди жөнгө салуучу ченемдик укук актылардын, ченемдик-техникалык, нускама-усулдук документтердин долбоорлору;

өндүрүүчү күчтөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында өнүктүрүүнүн жана жайгаштыруунун долбоорлорун иштеп чыгуунун алдындагы материалдар, анын ичинде;

- жаратылышты пайдалануу менен байланышкан инвестициялык, комплекстүү жана максаттуу социалдык-экономикалык, илимий-техникалык жана башка мамлекеттик программалардын долбоорлору;

- аймакты өнүктүрүүнүн башкы пландарынын долбоорлору, анын ичинде эркин экономикалык зоналардын жана жаратылышты пайдалануунун өзгөчө режими бар аймактардын долбоорлору;

- тармактарды өнүктүрүүнүн схемаларынын долбоорлору;

- аймактарды экологиялык реабилитациялоонун жана жерлерди рекультивациялоонун экологиялык долбоорлорун кошуп алганда жаратылышты коргоонун жана суу, токой, жер жана башка жаратылыш ресурстарын мамлекеттик комплекстик схемаларынын долбоорлору;

- объекттерди куруунун, реконструкциялоонун, кеңейтүүнүн, техникалык жактан кайра жабдуунун, консервациялоонун жана жоюунун техникалык-экономикалык негиздемеси жана долбоорлору, сметалык наркына, ведомствого тиешелүүлүгүнө, менчигинин түрүнө карабастан, аларды ишке ашыруу айлана-чөйрөгө таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон башка долбоорлор;

- алардын жүзөгө ашырылышы үчүн чектеш мамлекеттер менен жалпы жаратылыш объекттерин (ресурстарын) пайдалануу зарыл болгон чектеш мамлекеттердин чарбалык ишинин техникалык-экономикалык негиздемелери жана долбоорлору;

- жаратылышты пайдалануу менен байланышкан эл аралык келишимдердин, контракттардын жана макулдашуулардын долбоорлору;

- жаңы техникага, технологияга, материалдарга, заттарга, сертификациялануучу товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде чет өлкөлөрдөн сатып алынуучу техникалык документация;

- өзгөчө участокторду, аймактарды, ал аймактарга корголуучу жаратылыш аймактарынын укуктук статусун берүүгө негиз болуучу экологиялык жактан комплекстүү изилдөөнүн, экологиялык кырсык зоналарынын же экологиялык өзгөчө кырдаал зоналарынын материалдары, ошондой эле ал аймактарды калыбына келтирүүнүн программалары;

- продукцияны жана жаратылыш ресурстарын ташып келүүнү, ташып кетүүнү кошуп алганда, айлана-чөйрөгө таасир этүүгө жөндөмдүү болгон ишти жүзөгө ашырууга лицензияларды, уруксаттарды жана сертификаттарды берүүнү негиздөөчү материалдар;

- айрым региондордун, жерлердин жана объекттердин экологиялык абалын мүнөздөөчү материалдар;

- айлана-чөйрөгө терс таасир көрсөткөн ишканалардын менчигинин түрүн өзгөртүүгө тиешелүү келишимдер, контракттар, макулдашуулар;

- чарбалык жана башка иштерге негиз болуучу документациянын башка түрлөрү болуп саналат.

 

4-статья. Экологиялык экспертизанын принциптери

Экологиялык экспертиза:

- экспертизанын объектин ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн милдеттүүлүгүнүн;

- белгиленген ар кандай чарбалык иштин жана башка иштин экологиялык коркунуч келтириши мүмкүн экендигинин;

- экспертиза жүргүзүлүп жаткан иштин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине жана кесепеттерине комплекстүү баа берүүнүн жана экологиялык коопсуздуктун талаптарынын эсебин алуунун;

- мамлекеттик экологиялык экспертизага берилүүчү маалыматтын ишенимдүүлүгүнүн;

- экологиялык экспертиза тармагында өздөрүнүн ыйгарым укуктарын

аткарууда эксперттик органдардын жана эксперттердин көз

карандысыздыгынын;

- айкындыктын;

- коомдук пикирди эсепке алуунун;

- таламдаш тараптардын экологиялык экспертизаны уюштуруу, жүргүзүү, анын сапаты, чечимдеринин ишке ашырылышы үчүн жоопкерчилигинин принциптерине негизделинет.

 

5-статья. Экологиялык экспертизанын түрлөрү

Кыргыз Республикасында:

- мамлекеттик экологиялык экспертиза;

- коомдук экологиялык экспертиза жүзөгө ашырылат.

II Бөлүм
Экологиялык экспертиза жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктары

 

6-статья. Экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган

Республикалык мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо органы экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган болуп саналат.

 

7-статья. Экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары, укуктары жана милдеттери

Атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган:

- ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн объекттерди, анын ичинде мамлекеттик экологиялык экспертизанын эскперттик комиссияларын уюштурууну жана өткөрүүнү;

- ушул Мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдик-техникалык жана нускама-усулдук документтерди иштеп чыгууну, кайра кароону жана бекитүүнү;

- белгиленүүчү иш-аракет жөнүндө маалыматтар банкын түзүүнү жана жүргүзүүнү кошуп алганда, экспертизанын объектин ишке ашыруу жөнүндө жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына белгиленүүчү чарбалык иштин таасири жөнүндө мамлекеттик экологиялык экспертизаны илимий, усулдук, маалыматтык камсыз кылууну;

- консультацияларды, биргелешкен экологиялык экспертизаларды, илимий жана усулдук иштеп чыгууларды алмаштыруу, чет өлкөлүк адистерди тартуу максатында башка мамлекеттердин экологиялык-эксперттик органдары менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүнү;

- мамлекеттик экологиялык экспертизаны, аны жүргүзүүнүн тажрыйбасын алмашууну жана экологиялык-эксперттик иштин сапатын жогорулатууну жүзөгө ашыруунун методологиясынын, усулдарынын жана түрлөрүнүн маселелери боюнча семинарларды, конференцияларды өткөрүүнү;

- Кыргыз Республикасындагы экологиялык-эксперттик ишти координациялоону, алардын баш ийүүчүлүгүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, объекттерге экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн маселелери боюнча усулдук жетекчиликти жүзөгө ашырууну;

- аны уюштурууда жана жүргүзүүдө ушул Мыйзамдын жана мамлекеттик экологиялык экспертиза жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын жүзөгө ашырылышын контролдоону;

- экологиялык экспертиза жаатындагы атайын ыйгарым укук берилген органдардын ортосундагы экологиялык экспертизанын жүрүшүндө келип чыгуучу пикир келишпестиктерди кароону;

- экологиялык экспертиза өткөрүүгө катышуучу эксперттердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүүнү;

- өз компетенциясынын чегинде министрликтер, администрациялык ведомстворлор, уюмдар жана алардын эксперттик кичи бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү;

Экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган:

- эл аралык экологиялык экспертизаларды уюштурууга, өткөрүүгө жана аларга катышууга;

- экспертизанын объекти мамлекеттик же коммерциялык жашыруун сырды түзгөн учурларды албаганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чет өлкөлүк окумуштуулар менен адистерди мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүгө тартууга;

- жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жөнүндө министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун маалыматтар банкына кирүүгө;

- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жүзөгө ашырууга укуктуу.

Экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган:

- мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнү ушул Мыйзамдын, башка ченемдик укук актылардын, ченемдик-техникалык, нускама-усулдук документтердин талаптарына ылайык келишин камсыз калууга;

- мамлекеттик экологиялык экспертиза комиссияларынын отурумдарын өткөрүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алдын ала маалымдоого;

- мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундуларын экспертизанын объектин ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алуучу органдарга жиберүүгө;

- коомдук экологиялык экспертиза жүргүзүүчү долбоордун инвесторунун, коомдук уюмдардын талабы боюнча мамлекеттик экологиялык экспертизаны уюштурууну жана жүргүзүүнү регламенттөөчү ченемдик-техникалык, ченемдик-усулдук документацияларды таанышуу үчүн берүүгө;

- белгиленген иш-аракетти жүзөгө ашыруунун экологиялык аспекттерине тиешелүү далилдүү сунуштарды берген жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына, коомдук уюмдарга (бирикмелерге) жана жарандарга мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүгө ошол сунуштардын эске алынгандыгын негиздөөчү материалдарды жиберүүгө;

- алардын сурамы боюнча жүргүзүлгөн мамлекеттик экологиялык экспертизанын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды массалык маалымат каражаттарына берүүгө;

- мамлекеттик экологиялык экспертизанын эксперттерин даярдоону, кайра даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштурууга милдеттүү.

(КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

8-статья. Экологиялык экспертиза жаатындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү аймакта:

- аларды ишке ашыруу өз аймагында болжолдонгон объекттерди экологиялык экспертизадан өткөрүүгө, ошондой эле кошуна администрациялык-аймактык бирдикте болжолдонуучу чарбалык иштин натыйжасында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүсү мүмкүн болгон учурларда катышуу үчүн эксперттик комиссиялардын курамына эксперттерди жиберүүнү;

- коомдук талкуулоолордун, референдумдардын, суроо-жооптордун, коомдук экологиялык уюмдардын жана кыймылдардын арыздарынын натыйжаларынын негизинде экологиялык экспертизанын маселелери боюнча чечимдерди өз ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алууну жана ишке ашырууну;

- жергиликтүү калктын талаптары боюнча коомдук экологиялык экспертиза уюштурууну;

- экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген органга ведомстволук караштуулуктагы администрациялык аймакта болжолдонуучу чарбалык жана башка иш-аракеттер жөнүндө маалымдоону жүзөгө ашырат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдан экологиялык экспертизанын объекттери, алардын жаратылыш айлана-чөйрөсүнө таасирине баа берүү жөнүндө зарыл болгон маалыматты алууга;

- экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга белгиленүүчү ишти ишке ашыруунун экологиялык аспекттерине тиешелүү далилдүү сунуштарды жазуу түрүндө жиберүүгө укуктуу.

III Бөлүм
Мамлекеттик экологиялык экспертиза

 

9-статья. Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү

Мамлекеттик экологиялык экспертиза экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүргүзүлөт.

Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү үчүн долбоордун демилгечиси төмөнкү документацияны берүүгө милдеттүү:

- чарбалык жана башка иш-аракеттин жаратылыш айлана-чөйрөсүнө тийгизген таасирине баа берүүнүн материалдарын;

- тиешелүү атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик контролдоо органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундуларын жана/же макулдашуу документтерин;

- эгерде ал жүргүзүлсө, коомдук экологиялык экспертизанын корутундусун.

(3-бөлүгү КР 2015-жылдын 4-майындагы № 92 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2015-жылдын 4-майындагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

10-статья. Айлана-чөйрөгө таасир көрсөтүүгө баа берүү

Айлана-чөйрөгө таасир көрсөтүүгө баа берүүнүн жол-жобосун колдонуудагы ченемдик укук актыларга ылайык долбоордун демилгечиси камсыз кылат. Айлана-чөйрөгө таасир көрсөтүүгө баа берүүгө иштин төмөнкү түрлөрү үчүн негиздемелерди даярдоодо уюштурулат жана жүргүзүлөт:

- социалдык-экономикалык өнүгүүнүн тармактык жана аймактык концепцияларын, программаларын жана пландарын;

- жаратылыш ресурстарын комплекстүү пайдалануунун жана коргоонун схемаларын;

- шаарлардын, калк жашаган жерлердин башкы пландарын жана башка шаар куруу документациясын;

- айлана-чөйрөгө таасир тийгизген, болбосо таасир тийгизиши мүмкүн болгон иштеп жаткан чарбалык жана башка объекттерди жаңыдан куруунун, реконструкциялоонун, кеңейтүүнүн жана техникалык жактан кайра жабдуунун.

Долбоорлоо документациясын иштеп чыгуунун бүткүл түрлөрүнүн жана стадияларынын курамында айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүгө баа берүүнүн болушу милдеттүү болуп саналат жана экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан чечим кабыл алуу үчүн негиз катары кызмат кылат.

 

11-статья. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын эксперттик комиссиясы

Айкын объекттин мамлекеттик экологиялык экспертизасын экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген орган түзгөн эксперттик комиссия жүргүзөт.

Эксперттик комиссиянын курамына экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын штаттык кызматкерлери жана штаттан тышкаркы эксперттер, анын ичинде компетенциясына жаратылыш айлана-чөйрөсүн коргоонун маселелери кирген уюмдардын адистери киргизилет.

Долбоордун демилгечисинин өкүлү же анын иштеп чыгуучусу мамлекеттик экологиялык экспертизанын эксперти боло албайт.

 

12-статья. Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүнүн мөөнөттөрү

Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүнүн мөөнөтү экспертизанын объектинин татаалдыгы менен аныкталат, бирок ал зарыл материалдарды толук көлөмдө алган учурдан тартып үч айдан ашпоого тийиш.

(КР 2015-жылдын 4-майындагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу

Эксперттелүүчү иш, экспертизанын объектин ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгү жаратылыш айлана-чөйрөсүнө таасир тийгизүүсүнө жол берилерлиги жөнүндө негизделген тыянактарды камтыган, эксперттик комиссия тарабынан даярдалган документ мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу болуп саналат.

Мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу оң же терс болушу мүмкүн.

Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу - экспертизанын объектин каржылоонун, кредит берүүнүн, инвестициялоонун, ишке ашыруунун милдеттүү шарттарынын бири болуп саналат.

Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан аныкталган мөөнөттүн ичинде юридикалык күчкө ээ.

Экспертизанын объектин ишке ашырууга тыюу салуу мамлекеттик экологиялык экспертизанын терс корутундусунун юридикалык натыйжасы болуп саналат.

Мамлекеттик экологиялык экспертизанын терс корутундусу болгон учурда долбоордун демилгечиси корутундуда баяндалган сын-пикирлерди эске алуу менен аларды кайра иштеп чыккан шартта материалдарды мамлекеттик экологиялык экспертизага кайрадан берүүгө укуктуу.

IV Бөлүм
Коомдук экологиялык экспертиза

 

14-статья. Коомдук экологиялык экспертизаны жүзөгө ашыруу

Коомдук экологиялык экспертиза Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте каттоодон өткөн жарандардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердин демилгеси боюнча уюштурулат жана жүргүзүлөт.

Коомдук экологиялык экспертиза мамлекеттик экологиялык экспертизага көз карандысыз жүргүзүлүшү мүмкүн.

Коомдук экологиялык экспертизаны жүргүзүүнүн демилгечилери коомдук экологиялык экспертизаны жүргүзүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алдын ала кат түрүндө кабарлоого милдеттүү.

 

15-статья. Коомдук бирикмелердин жана жарандардын экологиялык экспертиза жаатындагы укуктары

Ушул Мыйзам тарабынан белгиленген тартипте коомдук экологиялык экспертиза өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу коомдук бирикмелер жана жарандар:

- экологиялык экспертизага тиешелүү болгон документациянын долбоорун демилгечиден толук көлөмдө алууга;

- мамлекеттик экологиялык экспертизаны өткөрүүгө карата талаптарды белгилеген ченемдик-техникалык документация менен таанышууга;

- коомдук экологиялык экспертизанын натыйжаларын массалык маалымат каражаттарында жарыялоого укуктуу.

 

16-статья. Коомдук экологиялык экспертиза жүргүзүү жөнүндө арызды каттоодон баш тартуу

Эгерде коомдук экологиялык экспертиза ал жөнүндө маалыматтар мамлекеттик жашыруун сыр жөнүндө мыйзамдарда белгиленүүчү маалыматтардын тизмесине ылайык мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн объектке карата белгиленсе, коомдук экологиялык экспертиза жүргүзүү жөнүндө арызды каттоодон баш тартылышы мүмкүн.

 

17-статья. Коомдук экологиялык экспертизанын корутундусу

Коомдук экологиялык экспертизанын корутундусу мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүзөгө ашыруучу органга, ошондой эле экспертизанын объекттерин ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алуучу органга жиберилет.

Коомдук экологиялык экспертизанын корутундусу сунуш берүүчү болуп саналат. Ал массалык маалымат каражаттарында жарыяланышы, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, долбоордун демилгечилерине, иштеп чыгуучуларына жана башка кызыккан жактарга берилиши мүмкүн.

V Бөлүм
Долбоордун жана башка документациянын демилгечилеринин жана иштеп чыгуучуларынын укуктары менен милдеттери

 

18-статья. Долбоордун, жана башка документациянын демилгечилеринин жана иштеп чыгуучуларынын укуктары

Долбоордун жана башка документациянын демилгечилери менен иштеп чыгуучулары:

- мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнү уюштуруучу органдан экологиялык экспертизаны өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматты, мамлекеттик экологиялык экспертизанын өткөрүлүшүнүн тартиби тууралу нускамалык-усулдук маалыматты алууга;

- мамлекеттик экологиялык экспертиза өткөрүүнү уюштуруучу органдарга экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн белгиленген тартибин бузууларды четтетүү жөнүндө талаптар менен кайрылууга;

- эксперттелип жаткан объекттерге карата жазуу түрүндөгү же оозеки түшүндүрмөлөрдү, сын-пикирлерди, сунуштарды берүүгө;

- экологиялык экспертизанын тыянактары менен таанышууга;

- мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундуларын каржылоону ачуу үчүн банк мекемелерине берүүгө;

- экологиялык экспертиза жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билип туруп бузуу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доолорду берүүгө укуктуу.

 

19-статья. Долбоорлордун жана башка документациянын демилгечилери менен иштеп чыгуучуларынын милдеттери

Долбоорлордун жана башка документациянын демилгечилери менен иштеп чыгуучулары:

- мамлекеттик экологиялык экспертизага документацияны ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык берүүгө;

- (үчүнчү абзац КР 2015-жылдын 4-майындагы № 92 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

- зарыл болгондо экологиялык экспертиза жүргүзүүнү уюштуруучу органдарга экспертизадан өткөрүлүүчү объекттер боюнча кошумча материалдарды берүүгө;

- белгиленүүчү ишти мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун алган документацияга ылайык жүзөгө ашырууга милдеттүү.

(КР 2015-жылдын 4-майындагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-статья. Экологиялык экспертиза жаатындагы пикир келишпестиктерди чечүү

Долбоордун демилгечисинин же аны иштеп чыгуучунун мамлекеттик экологиялык экспертизанын иш-аракеттери, усулдары жана тыянактары менен макул эместиги пикир келишпестик деп эсептелинет.

Пикир келишпестиктер боюнча дооматтар айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органынын жетекчисинин ысымына берилет.

Мамлекеттик экологиялык экспертиза органдары менен долбоорлордун демилгечилеринин ортосунда пайда болуп, протокол түзүлгөн пикир келишпестиктер айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы тарабынан каралат.

Пикир келишпестиктерди кароонун мөөнөтү зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпоого тийиш.

Пикир келишпестиктер боюнча чечим сотко даттанылышы мүмкүн.

Экологиялык экспертизанын корутундусу аны даярдоодо:

- экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн жол-жобосун бузууларга;

- экологиялык коопсуздуктун, айлана-чөйрөнү коргоонун, жаратылыш

ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун жана калыбына келтирүүнүн экологиялык ченемдерин жана эрежелерин, талаптарын аткарбоого же бузууга;

- жарандардын жашоо үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын, калктын башка экологиялык укуктарын жана кызыкчылыктарын, экологиялык-эксперттик процесстин катышуучуларынын укуктарын бузууларга жол берилген учурларда анык эмес деп табылышы мүмкүн.

Экологиялык экспертиза органы өзү кабыл алуучу чечимдер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

VI Бөлүм
Экологиялык экспертизаны каржылоо

 

21-статья. Мамлекеттик экологиялык экспертизаны каржылоо

(КР 2015-жылдын 4-майындагы № 92 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

22-статья. Коомдук экологиялык экспертизаны каржылоо

Коомдук экологиялык экспертизаны каржылоо жарандардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, коомдук экологиялык жана башка фонддордун каражаттарынын, демилгечилердин максатка багытталган ыктыярдуу каражаттарынын, башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

VII Бөлүм
Экологиялык экспертиза жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

23-статья. Экологиялык экспертиза жаатындагы жоопкерчилик белгиленген укук бузуулардын түрлөрү

Төмөндөгүлөр:

долбоордун демилгечиси жана кызыкдар жактар:

- мамлекеттик экологиялык экспертизага берилүүчү маалыматтарды бурмалоодо;

- экспертти билип туруп экологиялык экспертизанын жалган корутундусун даярдоого мажбурлоодо;

- экологиялык экспертизаны уюштурууда жана жүргүзүүдө тоскоолдуктарды түзүүдө;

- эксперттик органдарга зарыл материалдарды, маалыматтарды жана башка маалымдамаларды берүүдөн баш тартууда;

- экспертизанын объектисин мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу жок ишке ашырууда;

- мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун алган документацияга ылайык келбеген иш-аракетти жүзөгө ашырууда күнөөлүү болгондо;

экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жетекчилери жана эксперттик комиссиялардын жетекчилери:

- ушул Мыйзам тарабынан белгиленген экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн жоболорун жана тартибин бузгандык үчүн;

- экологиялык экспертизанын эксперттик комиссияларды түзүүнүн жана алардын ишин уюштуруунун тартибин бузгандык үчүн;

- ушул Мыйзам тарабынан экологиялык экспертиза боюнча атайын ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик орган үчүн белгиленген милдеттерди аткарбагандык үчүн;

мамлекеттик экологиялык экспертизанын эксперттери төмөнкү учурларда:

- экологиялык экспертиза жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка ченемдик укук актыларынын, стандарттардын, нускама-техникалык документтердин талаптары бузулганда;

- мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусунун тыянактары негизсиз болгондо;

- мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусунун тыянактарын бурмаланганда;

- экологиялык экспертиза өткөрүү үчүн берилген материалдарда мамлекеттик жана коммерциялык жашыруун сыр таралгандарда;

мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары:

- жүргүзүлгөн экологиялык экспертизанын маалыматтарын жана натыйжалары жөнүндө маалымдамаларды бузууда;

- айлана-чөйрөгө тике же кыйыр таасир тийгизүүчү жаратылышты пайдалануу ишине же башка иш-аракетке уруксатты экологиялык экспертизанын оң корутундусу жок берүүдө;

- ыйгарым укугу жок органдар, ишканалар, мекемелер, уюмдар, коомдук уюмдар тарабынан экологиялык экспертизаны уюштурууда же жүргүзүүдө;

- коомдук экологиялык экспертиза жүргүзүү жөнүндө арызды каттоодон мыйзамсыз баш тартууда күнөөлүү болгондо;

- экспертизанын объектисин ишке ашырууну мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу жок каржылаган (кредит берген, инвестициялаган) учурда - банк мекемелери, алардын кызмат адамдары, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн укук бузууларды жасагандык үчүн күнөөлүүлөр кылмыш-жаза, администрациялык, дисциплинардык жана жарандык-укуктук жоопкерчиликке тартылат. Укук бузуулардын түрлөрү жана аларды жасагандык үчүн жоопкерчилик чаралары тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык укук бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси тарабынан белгиленет.

VIII Бөлүм
Корутунду жоболор

 

24-статья. Экологиялык экспертиза жаатындагы эл аралык кызматташуу

Экологиялык экспертиза жаатындагы эл аралык кызматташуу тиешелүү келишимдердин негизинде адамдын экологиялык коопсуздугун, жаратылыш айлана-чөйрөсүн коргоону жана жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдаланууну камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.

Эгерде, Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишим тарабынан экологиялык экспертиза жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

 

25-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ал күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

          Президент

Кыргызской Республики

 

А. Атамбаев