Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2014-жылдын 26-майындагы № 78 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\fcf3b1d1-7017-4b9e-802c-5aaf549d938b\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

1999-жылдын 16-июлу № 75


Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө

(КР
2013-жылдын 30-июлундагы № 178
Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 

I бөлүм. Жалпы жоболор

II бөлүм. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууну уюштуруу жана жайгаштыруу

III бөлүм. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшыруу жана аны мамлекеттик

                  материалдык резервден чыгаруу тартиби

IV бөлүм. Мүлктүк жоопкерчилик

V бөлүм. Контроль, учет жана отчеттуулук

VI бөлүм. Өтмө жоболор

 

 

Ушул Мыйзам мамлекеттик жана мобилизациялык материалдык резервдин (мындан ары-мамлекеттик материалдык резерв) запастарын түзүүнүн, жайгаштыруунун, сактоонун, пайдалануунун, толуктоонун жана жаңылоонун жалпы принциптерин белгилейт жана бул жаатындагы мамилелерди жөнгө салат.

 

I бөлүм.
Жалпы жоболор

 

1-берене. Мамлекеттик материалдык резерв түшүнүгү

 

Мамлекеттик материалдык резерв бири-бирине көз каранды эмес өзгөчөлөнгөн эки резервди камтыйт: булар мамлекеттик жана мобилизациялык түзүлүш, аларды пайдалануу жана сактоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өзүнчө жоболор менен жөнгө салынат.

Мамлекеттик материалдык резерв мамлекеттик менчиктин өзгөчө объектиси болуп саналат, ал кол тийгис жана ушул Мыйзамда каралган максатта жана тартипте жана Кыргыз Республикасынын Президентинин буйруктары жана Указдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары жана токтомдору боюнча гана пайдаланылат.

 

2-берене. Терминдер жана аныктамалар

 

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

жооптуу сактоочу - менчигинин таризине карабастан, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду) аныктаган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүн сактоочу чарба жүргүзгөн субъект;

номенклатура - Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тапшырманын негизинде менчигинин таризине карабастан, министрликтер (ведомстволор), мамлекеттик комитеттер, концерндер, ишканалар менен бирдикте иштеп чыккан материалдык дөөлөттөрдүн тизмеси, алардын жылдары боюнча топтолуу өлчөмдөрү жана ченемдери;

тапшыруу жана даярдоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жооптуу сактоочуларды номенклатураларга жана бир жолку тапшырууларга ылайык, зарыл материалдык дөөлөттөр менен камсыз кылуу боюнча сырье жана мамлекеттик мобилизациялык резервдердин материалдарын өндүрүүчүлөргө жана жабдуучу структураларга тапшырмасы;

салуу - ченемдик документтерге ылайык жооптуу сактоочулар тарабынан материалдык дөөлөттөрдү сапаты жана саны боюнча узак сактоого алуу, № 1 тариз боюнча актыларды жана сактоо милдеттенмелеринин актыларын Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна берүү;

сактоо милдеттенмелеринин актысы - жооптуу сактоочу тарабынан толтурулуп, жетекчи, башкы бухгалтер, лаборатория башчысы жана материалдык жактан жооптуу адам тарабынан күбөлөндүрүлүп жана мөөр басылуучу ченемдик документ;

№ 1 тариз боюнча акт - жооптуу сактоочу толтуруп, жетекчи, башкы бухгалтер, атайын бөлүмдүн зардалы күбөлөндүрүп жана мөөр басылуучу ченемдик документ;

сактоо - сырьелорду, материалдарды жана товарларды узак сактоодо эрежелерге жана нускамаларга ылайык жооптуу сактоочу тарабынан өзгөчөлөнүп бөлүнгөн, жабдылган, кайтарылуучу, пломбулануучу жайда сактоону камсыз кылуу;

жаңылоо - жооптуу сактоочулардын өз каражатынын эсебинен ошондой эле товарларды жана материалдарды бир учурда салуу менен сакталуу мөөнөтү өтүп кеткен материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу;

которуштуруу - Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун наряды боюнча бир пункттан экинчи сакталуучу пунктка которулат;

алып туруу - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн чечиминде белгиленген мөөнөттөн мурда алынган материалдык дөөлөттөрдү бирдей санда ага кайтаруу менен өндүрүштүк муктаждыктар үчүн материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу;

бронун алуу - кийин кайтарып бербестен, же белгиленген мөөнөтүндө кайтарып берүү менен мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү чыгаруу;

алмаштыруу - тапшырмада каралган буюмдарды даярдоо стандарттарынын жана технологиясынын өзгөрүүсүнө байланыштуу ага бир эле учурда бирдей сандагы ошондой же башка бир типтүү материалдык дөөлөттөрдү коюу менен мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү чыгаруу;

наряд - жооптуу сактоочуну мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүн чыгарууга, которуштурууга, алмаштырууга милдеттендирген документ. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу жана указдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна жана токтомуна ылайык мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан берилет.

Атайын баланс - мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жана жооптуу сактоочу ишканалардын мамлекеттик жана мобилизациялык резервдеринин негизги каражаттарынын жана материалдык дөөлөттөрүнүн бухгалтердик эсеби. Алар № 4 тариз боюнча мамлекеттик жана мобилизациялык резервдер боюнча өз-өзүнчө бөлөк атайын баланс менен жүргүзүлөт.

 

3-берене. Мамлекеттик материалдык резервди дайындоо

 

Мамлекеттик материалдык резерв:

Кыргыз Республикасынын мобилизациялык муктаждыктарын камсыз кылуу;

өзгөчө кырдаалдардын жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда биринчи кезектеги милдеттерди камсыз кылуу;

ички рынокто сурам менен сунуштардын ортосунда дал келбестик пайда болгон учурда сырье жана отун-энергетика ресурстарынын, азык-түлүктүн эң маанилүү түрлөрү менен камсыз кылуу убактылуу бузулган учурда экономиканы турукташтыруу максатында экономиканын ар түрдүү тармактарына, ишканаларга. мекемелерге, уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

гуманитардык жардам көрсөтүү - үчүн кызмат кылат.

 

4-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервинин бирдиктүү тутуму

 

1. Мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин материалдык дөөлөттөрүн башкаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду түзүлөт.

2. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана анын аймактык органдары жооптуу сактоочу -ишканалардын ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин таризине карабастан, мамлекеттик материалдык резервдердин запастарынын түзүлүшү, сакталышын жана сактоо шарттарын контролдоону уюштурат жана ишке ашырат.

Мамлекеттик материалдык резервдерди республиканын министрликтери, администрациялык ведомстволору жана аларга караштуу ишканалары, уюмдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен номенклатурага жана топтоо ченемдерине ылайык биринчи кезектеги тартипте түзөт.

3. Мамлекеттик материалдык резерв тутумунун структурасы жана мамлекеттик материалдык резервди башкаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

 

5-берене. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдүн номенклатурасы жана аларды топтоо ченемдери

 

Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдүн номенклатурасы жана аларды топтоо ченемдери Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги аныктаган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген мобилизациялык тапшырмалардын негизинде министрликтер жана ведомстволор, уюмдар жана ишканалар тарабынан иштелип чыгат.

Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү топтоонун жылдык көлөмү үстүбүздөгү каржы жылына республикалык бюджетте бул максаттарга каралган каражаттардын чегинде мамлекеттик тапшырма түрүндө аныкталат.

 

6-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин азайтылбай турган запасы

 

Мамлекеттик материалдык резервдин курамында материалдык дөөлөттөрдүн төмөндөтүлбөй турган запасы (аларды сактоонун көлөмүн дайыма кармап туруучу) түзүлөт.

Мамлекеттик материалдык резервдин азайтылбай турган запасында сакталуучу материалдык дөөлөттөрдүн номенклатурасы жана көлөмү, ошондой эле азайтылбай турган запасты пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилет.

 

7-берене. Мамлекеттик бийлик органдарынын мамлекеттик материалдык резервге карата ыйгарым укуктары

 

Мамлекеттик бийлик органдары: областтык мамлекеттик администрациялар, Бишкек шаарынын мэриясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары:

өздөрүнө караштуу аймактарда мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү сактоо үчүн ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды жайгаштырууга макулдук берет;

өздөрүнө караштуу аймактарда мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүнүн запастарын түзүү, сактоо жана пайдалануу жагынан колдонуудагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылат;

менчигинин таризине жана мамлекеттик материалдык резервге материалдык дөөлөттөрдү тапшырууга уюштуруу-укуктук таризине карабастан, мамлекеттик материалдык резервге материалдык дөөлөттөрдү тапшырууга жана аларды жооптуу сактоого өзүнө караштуу аймактарда жайгашкан ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен келишим түзүүгө көмөк көрсөтөт;

өзүнө караштуу ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда мобилизациялык резервдин түзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат;

зарыл учурда мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү алып туруу же бронун алуу жөнүндө өтүнүчтөр менен ошондой эле мамлекеттик материалдык резервге материалдык дөөлөттөрдү салуу жөнүндө сунуштар менен белгиленген тартипте кайрылышат.

 

8-берене. Мамлекеттик материалдык резерв тутумун каржылоо, контроль, эсеп жана отчеттуулук

 

1. Акциялардын контролдук пакети мамлекетке тиешелүү болгон ишканаларда материалдык дөөлөттөрдү салуу, сактоо, жаңыртуу, которуштуруу, иштетүү жана сыноо жүргүзүү, техниканы жана мүлктү, атайын түзүлүштөрдү, көрсөтүлгөн материалдык дөөлөттөрдү сактоо үчүн пайдалануучу жайларды күтүү жана оңдоо, ошондой эле тийиштүү тейлөөчү персоналга эмгек акы төлөө менен байланышкан чыгымдар алардын сакталышы үчүн жооптуу болгон ишканалардын, уюмдардын эсебинен жүргүзүлөт.

Акциялардын контролдук пакети мамлекетке таандык болбогон, менчиктин таризин өзгөрткөн сактоочу - ишканаларда материалдык дөөлөттөрдү сактоо Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жооптуу сактоочу ишкана менен келишиминин негизинде жүргүзүлөт. Мамлекеттик материалдык резервди сактоо менен байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду сактоо келишимдерин өз учурунда толтуруу үчүн мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүнүн сакталышы үчүн жооптуу болгон ишканалардын менчик тариздеринин алдыда боло турган өзгөрүүсү туурасында Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна өз учурунда маалымат берип турууга милдеттүү.

3. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду мамлекеттик материалдык резерв боюнча жаңы жооптуу сактоочу бардык функцияларын жана милдеттенмелерин кабыл алгандан кийин гана мамлекеттик материалдык резевдин материалдык дөөлөттөрүнүн сакталышы үчүн жооптуу болгон ишканалардын менчигинин тариздерин өзгөртүүгө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондуна өз макулдугун берет.

Кайра уюштуруудан же приватташтыруудан өткөн ишкана Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алдында милдеттенмелер жана карыздар боюнча укук жолдоочу болуп саналат.

4. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүнүн корлору жана алардын кыймылы туурасында отчеттуулук алардын эсеби жана контролу «Мобилизациялык резервдин материалдык дөөлөттөрүнүн эсеби, отчеттуулугу жана сапаттык абалы жөнүндө нускамада» каралган тартипте ишке ашырылат.

 

II бөлүм.
Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууну
уюштуруу жана жайгаштыруу

 

9-берене. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууга заказдарды түзүү жана жайгаштыруу

 

1. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууга заказдар менчигинин таризине жана уюштуруу-укуктук таризине карабастан, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда жайгаштырылат.

2. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервге тапшырууга мамлекеттик заказчы болуп саналат.

3. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:

мамлекеттик материалдык резерв тутумундагы чыгашалардын структурасы боюнча тийиштүү жылга республикалык бюджеттин долбооруна сунуштарды түзөт;

алар менен мамлекеттик контракт (келишим) түзүү үчүн материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервге тапшыруучуларды тандоону (анын ичинде конкурстук негизде) ишке ашырат;

материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервге тапшырууга мамлекеттик контрактыларды (келишимдерди) түзүүдө конктреттүү алуучуларды аныктайт, тапшыруучулар менен номенклатураны, материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшыруу көлөмүн, сапатын, баасын жана мөөнөттөрүн карайт жана макулдашат;

мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервге материалдык дөөлөттөрдү тапшырууга мамлекеттик контракттарды (келишимдерди) түзөт же бул ишти ведомствого караштуу аймактык органдарга тапшырат;

мамлекеттик контрактка (келишимге) ылайык мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервге тапшырылуучу материалдык дөөлөттөр үчүн тапшыруучулар менен эсеп-кысапты камсыз кылат.

4. Товар рыногунда үстөмдүк кылган тапшыруучулар, ошондой эле монополист ишканалар жана өндүрүшүнүн көлөмүндө мамлекеттик коргонуу заказы 70 проценттен ашкан ишканалар материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууга мамлекеттик контракт (келишим) түзүүдөн баш тартууга укуксуз.

5. Ушул берененин 4-пунктунда көрсөтүлгөн тапшыруучулар материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууга мамлекеттик контракт (келишим) түзүүдөн баш тарткан же контракт (келишим) түзүү жөнүндө сунушка 20 күн бою жооп албаган учурда мамлекеттик заказчы жана анын аймактык органдары мындай тапшыруучуларды мамлекеттик контракт (келишим) түзүүгө мажбурлоо жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

6. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду контрактык келишимдик) негизде республикалык аткаруучу бийлик органдарына, ошондой эле менчигинин таризине жана уюштуруу-укуктук тариздерине карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууга заказдарды жайгаштыруу боюнча өз милдеттеринин бир бөлүгүн берүүгө укуктуу.

7. Мамлекеттик заказчы Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде контракт боюнча контрагентке мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү конкреттүү алуучуларга чыгаруу үчүн милдеттүү болгон жүктөп жөнөтүүчү разнарядкаларды берүүгө укуктуу.

8. Мамлекеттик материалдык резерв фонду Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде материалдык дөөлөттөрдүн наркы алдын ала төлөнгөндөн кийин гана конкреттүү алуучуларга мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү берүүгө жооптуу сактоочуларга наряд берет.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 

 

10-берене. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшыруулардын аткарылышын стимулдаштыруу

 

Мамлекеттик материалдык резервге материалдык дөөлөттөрдү тапшыруунун, ошондой эле мамлекеттик материалдык резерв тутумунун экплуатациялык муктаждыктары жана капиталдык курулуш үчүн материалдык дөөлөттөрдү тапшыруунун аткарылышын стимулдаштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталуучу тартипте ишке ашырылат.

 

11-берене. Мамлекеттик материалдык резервди жайгаштыруу

 

1. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүнүн запастары мамлекеттик материалдык резервди сактоо үчүн атайын арналган ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик материалдык резервдин ишканаларын, мекемелерин жана уюмдарын, башка субъектилерин жайгаштыруу жана куруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүнүн запастарынын бир бөлүгү менчигинин таризине жана уюштуруу-укуктук тариздерине карабастан, өнөр жай, транспорт, айыл чарба, жабдуучу-сатып өткөрүүчү жана башка ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарды сакталышы мүмкүн.

3. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүн жооптуу сактоону ишке ашыруучу ишканалардын мекемелердин жана уюмдардын тизмеси, бул дөөлөттөрдүн номенклатурасы жана сактоо көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Мобилизациялык жана башка атайын тапшырмалар жүктөлгөн ишканалар, мекемелер жана уюмдар өздөрүнүн күчүнө жана каражатына таянып, көрсөтүлгөн тапшырмаларга ылайык материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервке жайгаштырууну, сактоону, өз учурунда жаңыртуу, алмаштырууну, ошондой эле материалдык дөөлөттөрдү чыгарууну камсыз кылууга милдеттүү.

5. Мобилизациялык материалдык резервди жооптуу сактоону ишке ашыруучу ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын чыгымдарын кайтарып берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

6. Мамлекеттик материалдык резервди топтоо ченемдери жөнүндө, тапшыруу, чыгаруу, салуу жөнүндө, жаңыртуу, топтоштуруу жана анын иш жүзүндөгү запастары жөнүндө маалыматтар мамлекеттик сыр болуп саналат, аны чыгарып жиберүү мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга алып келет.

 

III бөлүм.
Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшыруу жана аны мамлекеттик
Материалдык резервден чыгаруу тартиби

 

12-берене. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшыруу, салуу жана сактоо өзгөчөлүктөрү

 

1. Материалдык дөөлөттөрдү тапшыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тапшырмаларга ылайык ишканалар тарабынан жүзөгө ашырылып, ГОСТтун, ТУнун талаптарына жооп берүүгө жана белгиленген мөөнөтүндө жүргүзүүгө тийиш.

2. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү салуу жана сактоо «Материалдык дөөлөттөрдү узак сактоо боюнча инструкциянын» талаптарына ылайык ишке ашырылат.

 

13-берене. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик резервден чыгаруу негиздери жана тартиби

 

1. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу:

- аларды жаңыртууга жана алмаштырууга байланыштуу;

- убактылуу алып туруу тартибинде;

- бронун алып салуу тартибинде жүргүзүлөт.

2. Ишканалардагы, мекемелердеги жана уюмдардагы мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүн алардын жооптуу сактоочулары тарабынан жаңыртуу кошумча бюджеттик каражаттарды тартпастан, көрсөтүлгөн ишканалар менен уюмдар тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдүн айрым түрлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аларды жаңыртуунун жана алмаштыруунун башкача тартиби белгилениши мүмкүн.

3. Төмөндөтүлбөй турган запасты кошпогондо, алты айдан ашпаган мөөнөткө жана өтүп жаткан жылдын башталышына мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдүн көлөмүнүн 50 процентке чейинкисин алып туруу тартибинде материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу аткаруучу бийлик органдарынын, министрликтердин, ведомстволордун, жооптуу сактоочулардын сунуштары менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун наряддарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн, аталган наряддарда алуучулар, материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу мөөнөттөрү жана шарттары, аларды кайтаруу тартиби жана мөөнөттөрү аныкталат.

4. Алып туруу тартибинде мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү берүүдө алуучу (заемчу) ишкана, мекеме же уюм-материалдык дөөлөттөрдү ага белгиленген мөөнөтүндө кайтаруу боюнча гарантиялык милдеттенмесин берет.

5. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдарын алып туруу үчүн мамлекеттик мобилизациялык резерв жөнүндө Жободо белгиленген тартипте колдонуудагы рыноктук баалар боюнча акы төлөө жүргүзүлөт.

6. Бронун алып салуу тартибинде мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү чыгаруу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде жүргүзүлөт.

 

14-берене. Экономиканы турукташтыруу үчүн мамлекеттик резервдин запастарын пайдалануу

 

1. Ички рынокто сурам менен сунуштардын ортосунда диспропорция пайда болгон учурда мамлекеттик материалдык резервдин ресурстары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде экономиканы турукташтыруу үчүн колдонуудагы мыйзамдарга ылайык пайдаланышы мүмкүн.

2. Зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик материалдык резервге материалдык дөөлөттөрдү белгиленген көлөмүнөн жана ченеминен ашырып сатып алуу жана салуу жөнүндө чечим кабыл алат.

 

15-берене. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү ташууну камсыз кылуу

 

1. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү ташуу транспорт ишканалары жана уюмдары тарабынан биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде мамлекеттик материалдык резервден чыгарылуучу, анын ичинде табият кырсыктарынын, авариялардын, кыйроолордун жана башка өзгөчө жагдайлардын кесепетин жоюу үчүн чыгарылуучу материалдык дөөлөттөр транспорт ишканалары жана уюмдары тарабынан жүккө алдын ала акы төлөтпөстөн ташылат.

3. Транспорт ишканалары жана уюмдары мамлекеттик материалдык резервдеги баардык материалдык дөөлөттөрдү салмагын жана орундун санын (жүктүн түрүнө жараша) милдеттүү түрдө текшерүү менен тапшырат жана кабыл алат.

 

IV бөлүм.
Мүлктүк жоопкерчилик

 

16-берене. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөр менен жүргүзүлүүчү операциялар боюнча мүлктүк жоопкерчилик

 

1. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү өз алдынча алып коюу мамлекеттик менчикти уурдоо катары бааланат.

2. Мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү өз алдынча пайдаланууга жана чыгымдоого күнөөлүү болгон жетекчи жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жана жазык тартибинде жекече жоопкерчилик тартат.

3. Мамлекеттик контракт (келишим) түзүүгө милдеттүүлүк колдонуудагы мыйзамдар менен белгиленген учурларда, тапшыруучу материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууга мамлекеттик контракт (келишим) түзүүдөн негизсиз баш тартса, тапшыруучу мамлекеттик контракттын (келишимдин) долбоорунда аныкталган продукциянын наркынын көлөмүндө жазапул төлөйт.

4. Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууну (салууну) узартып жибергендиги, кем тапшыргандыгы (толук эмес салгандыгы) үчүн тапшыруучу (мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүн жооптуу сактоону ишке ашырууга милдеттүү болгон ишканалар, мекемелер, уюмдар) кем берилген (салынбаган) материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 50 проценти өлчөмүндө айып төлөйт. Айып төлөм тапшыруунун мурунку мезгилинде продукциянын кем берилген санын эске алуу менен, милдеттенме иш жүзүндө аткарылганга чейин өндүрүлөт. Айып төлөмдү төлөөдөн тышкары тапшыруучу (мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү жооптуу сактоого милдеттүү болгон ишкана, мекеме, уюм) алуучу тарткан чыгашаны төлөп берет.

5. Убактылуу пайдаланууга алынган материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге өз учурунда кайтарбагандыгы үчүн алуучу кайтарылбаган материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 100 проценти өлчөмүндө жазапул жана милдеттенмеси толук аткарылганга чейин созулуп кеткен ар бир күн үчүн алардын наркынын 0,5 проценти өлчөмүндө туума айып төлөйт.

6. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү жөнөтүү жөнүндө Мамлекеттик материалдык резерв фондунун жана анын аймактык органдарынын көрсөтмөлөрүн өз учурунда аткарбагандыгы үчүн көрсөтүлгөн дөөлөттөрдү жооптуу сактоону ишке ашыруучу ишканалар, мекемелер, уюмдар мөөнөтүндө жүктөлүп жөнөтүлбөгөн материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 100 проценти өлчөмүндө жазапул жана милдеттенмеси толук аткарылганга чейин мөөнөтүнөн өтүп кеткен ар бир күн үчүн дөөлөттөрдүн наркынын 0,5 проценти өлчөмүндө туума айып төлөйт.

7. Мамлекеттик материалдык резервге узак сактоо үчүн жараксыз болгон, комплектиленбеген же өзүнүн сапаты жана ассортименти боюнча мамлекеттик контракттын (келишимдин) шарттарына ылайык келбеген материалдык дөөлөттөрдү тапшыргандыгы (салгандыгы) үчүн, даярдоочу (тапшыруучу, мамлекеттик материалдык резервди жооптуу сактоону ишке ашырган ишкана, мекеме, уюм) бракка чыгарылган - мамлекеттик контракттын (келишимдин) шарттарына ылайык келбеген материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 20 проценти өлчөмүндө жазапул төлөйт.

8. Мамлекеттик материалдык резервге маркаланбаган же туура эмес маркаланган материалдык дөөлөттөрдү же туура эмес тарада (таңгакта) тапшырылган материалдык дөөлөттөрдү тапшыргандыгы (салгандыгы) үчүн, колдонуудагы стандарттарга ылайык келбеген пакеттөө каражаттарын пайдалангандыгы үчүн даярдоочу (тапшыруучу) көрсөтүлгөн материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 5 проценти өлчөмүндө жазапул төлөйт. Даярдочу (тапшыруучу) бир айдын ичинде брака чыгарылган материалдык дөөлөттөрдү, тараны (таңгакты) алмаштырууга, маркасын калыбына келтирүүгө же оңдоого милдеттүү.

9. Мамлекеттик материалдык резервге тапшырылган (салынган) материалдык байкалбаган өндүрүштүк кемтиктер табылган учурда мамлекеттик материалдык резервге материалдык дөөлөттөр тапшырылган (салынган) убагына жана көрсөтүлгөн кемтиктерди тапкан убагына карабастан, көрсөтүлгөн материалдык дөөлөттөрдү сактоонун белгиленген режимдери сакталган шартта даярдоочу (тапшыруучу) мүлктүк жоопкерчилик тартат.

10. Жооптуу сактоо пункттарында сакталып турган мамлекеттик материалдык резервдин материалдык дөөлөттөрүнүн саны жагынан сакталышын камсыз кылбагандыгы үчүн, мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдүн жооптуу сакталышын ишке ашырган ишканалар, мекемелер жана уюмдар мамлекеттик материалдык резервдеги жетпеген материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 100 проценти өлчөмүндө жазапул, ошондой эле жетпеген материалдык дөөлөттөр мамлекеттик материалдык резервде толук калыбына келтирилгенге чейинки ар бир күн үчүн анын наркынын 0,5 проценти өлчөмүндө туума айып төлөйт.

11. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык дөөлөттөрдү салуу боюнча товарсыз операцияларды жол-жоболоштуруу учурлары аныкталганда, жооптуу сактоону ишке ашырган ишканалар, мекемелер жана уюмдар мамлекеттик материалдык резервге салынбаган материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 100 проценти өлчөмүндө жазапул, ошондой эле материалдык дөөлөттөр мамлекеттик материалдык резервге иш жүзүндө салынганга чейин көрсөтүлгөн операция жол-жоболоштурулган учурдан тартып, ар бир күн үчүн алардын наркынын 0,5 проценти өлчөмүндө туума айып төлөйт.

12. Материалдык дөөлөттөр мамлекеттик материалдык резервден келишимде каралган мөөнөтүндө алынбаган учурда, алуучулар көрсөтүлгөн материалдык дөөлөттөрдү ушул мөөнөттөн ашык сактоо менен байланышкан чыгымдардын, ошондой эле алуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген убактынын ичинде материалдык дөөлөттөрдүн сапатын төмөндөтүүдөн улам тарткан чыгымдардын жана көрсөтүлгөн материалдык дөөлөттөрдү жүктөп жөнөтүү үчүн берилген транспорт каражаттарын пайдаланбагандыгы жана бош туруп калгандыгы үчүн жазапул төлөөгө кетүүчү чыгымдардын ордун толтурушат.

13. Колдонуудагы мыйзамдарда келишим түзүүгө милдеттүүлүк белгиленген учурларда мамлекеттик материалдык резерв тутумунун объектилерин курууга, реконструкциялоого жана техникалык жактан кайра жабдууга подряд келишим түзүүдөн подрядчы негизсиз четтеген

учурда, подрядчы индексацияны эске алуу менен келишимде аныкталган капиталдык салымдардын жылдык көлөмүнүн өлчөмүндө жазапул төлөйт.

14. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү сактоо эрежелери жана шарттары бузулган учурда, алар өз учурунда жаңыланып жана алмаштырылбаганда, ошондой эле бекитилген номенклатурага, колдонуудагы стандарттарга жана техникалык шарттарга ылайык келбеген материалдык дөөлөттөр сакталган учурда, белгилүү отчет өз учурунда берилбегенде, жооптуу сактоону ишке ашыруучу ишканалар, мекемелер жана уюмдар тартип бузууга жол берилген операциялар боюнча материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 20 проценти өлчөмүндө жазапул төлөйт.

15. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык дөөлөттөрдү кабыл алуудан, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервден материалдык дөөлөттөрдү берүүдөн баш тарткандыгы үчүн мамлекеттик материалдык резерв тутумундагы ишканалар, мекемелер, уюмдар тапшыруучуга (сатып алуучуга) кабыл алуудан же берүүдөн негизсиз баш тартылган материалдык дөөлөттөрдүн наркынын 50 проценти өлчөмүндө бышмана төлөйт.

16. Мамлекеттик материалдык резервге тапшырылган продукцияга өз учурунда акы төлөнбөгөндө, сатып алуучу тапшыруучуга өтүп кеткен ар бир күн үчүн 0,5 процент өлчөмүндө туума айып төлөйт.

17. Ушул беренеде каралган айып төлөмдү төлөө учурундагы материалдык дөөлөттөрдүн баасына таянуу менен төлөнөт.

18. Ушул берененин 4, 5, 6, 7 жана 10-пункттарында каралган айып төлөмдөрдү өндүрүү талашсыз тартипте ишке ашырылат.

19. Транспорт ишканалары жана уюмдары алуучуга тапшырылган жүктүн сапаты, салмагы, саны үчүн толук жоопкерчилик тартат, жана тийиштүү документтер менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алдында отчет берет.

20. Ушул берененин 4-14-пункттары боюнча жазапул төлөө мамлекеттик материалдык резервге материалдык дөөлөттөрдү толук көлөмүндө сапаттуу продукция катары тапшыруудан бошото албайт.

 

17-берене. Мамлекеттик алым төлөөдөн бошотуу

 

Мамлекеттик материалдык резерв фондусу, анын аймактык органдары, мамлекеттик материалдык резерв тутумунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары алардын укуктарын бузуу менен байланышкан доолор боюнча мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат.

 

V бөлүм. Контроль, учет жана отчеттуулук

 

18-берене. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдүн запастарынын кыймылы жана саны жөнүндө отчеттуулук, алардын учету жана контролу

 

Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдүн запастарынын саны жөнүндө отчеттуулук жана алардын кыймылы, алардын учету жана контролу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке ашырылат.

 

VI бөлүм.
Өтмө жоболор

 

19-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

1999-жылдын 16-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

 

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А. Акаев