Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\333a1e2e-a3c2-4008-affe-9aa5d948d661\document.files\image001.jpg

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 26-апрели № 308

Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө" жана "Бишкек шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө" Жоболорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Жеке турак жай үйлөрдү куруу үчүн жер участокторун берүүнүн бирдиктүү тартибин жана шарттарын түзүү жана жеке турак үйлөрдү курууга жарандардын бирдей укуктарын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин, Кыргыз Республикасынын "Жеке турак жай куруу жөнүндө" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы N 177 "Жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө" Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- Жобонун бардык тексти боюнча "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши" деген сөздөр "Бишкек шаардык кеңеши" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө, "Бишкек шаарындагы жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясы" деген бардык жөндөмөдөгү сөздөр "Бишкек шаарындагы жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторуна укуктарды берүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясы" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын;

- 1-бөлүктүн 1.5-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Бишкек шаарында бир жеке турак үй куруу үчүн берилүүчү жер участогунун ченемдик аянты тийиштүү шаар куруу документтерине ылайык, бирок 0,08 га дан ашпоосу белгиленет";

- 1-бөлүктүн 1.8-пунктундагы "Бирдиктүү" деген сөз алынып салынсын;

- 2-бөлүгүнүн 2.2-пунктунун 2-абзацындагы "курулуш тармагы" деген сөздөр "жеке турак жай куруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2- бөлүктүн 2.2-пунктунун 3-абзацындагы "архитектура, курулуш жана жер маселелер боюнча" деген сөздөр "муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-бөлүктүн 2.2-пунктундагы 4- жана 13-абзацтар алынып салынсын;

- 2-бөлүк төмөнкү редакциядагы 2.9.1-пункт менен толукталсын:

"Эгерде отурумда комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтөн экиден кем эмеси катышкан болсо, комиссия чечим кабыл алууга укуктуу. Добуш берүү тең болуп калганда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.";

- 4-бөлүктүн 4.2-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Жанаша жаткан жер участогуна укуктар төмөнкү учурларда берилет:

- жер участогу 0,03 га дан аз болсо;

- жер участогу өз алдынча турак үй куруу үчүн пайдаланууга болбосо;

- 4-бөлүктүн 4.4-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамына ылайык аныкталган жалпы пайдалануудагы жерлерди жана социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы объекттер үчүн багытталган жер участокторду менчикке берүүгө болбойт.";

- 4-бөлүктүн 4.5-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Бул жобонун 4.1-жана 4.4-пункттарында көрсөтүлгөн жер участокторуна укуктар жарандардын Жеке турак жай курулуш Департаментине жиберилүүчү арыздарынын негизинде берилет.

Бул жобонун 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн укуктарды алуу үчүн арызга төмөнкү документтер тиркелет:

- курулушка менчик укуктарды тастыктоочу документ;

- жер участогуна менчик укуктарды тастыктоочу документ;

- кыймылсыз мүлктүн бирдигине техникалык паспорт;

- каралып жаткан участоктор менен аралаш болгон участоктордун кошуналарынын жазуу түрүндөгү макулдугу.

Бул жобонун 4.4-пунктунда көрсөтүлгөн укуктарды алуу үчүн арызга төмөнкү документтер тиркелет:

- 1999-жылга чейинки мөөнөттө жеке турак үйдүн курулушун аныктаган фактылар;

- каралып жаткан участоктор менен аралаш болгон участоктордун кошуналарынын жазуу түрүндөгү макулдугу.

1999-жылга чейинки мөөнөттө турак үйдүн курулушун аныктаган документте, анын ичинде коммуналдык кызматтарга төлөө жөнүндө дүмүрчөк, жер салыгын төлөө жөнүндө дүмүрчөк жана башка документтер саналат.".

2. Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы N 339 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө" жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- Жобонун бардык тексти боюнча "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши" деген сөздөр "Бишкек шаардык кеңеши" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын;

- 1-бөлүктүн 1.3-пунктунун 1-абзацындагы "турган жери боюнча" деген сөздөрдөн кийин "(каттоо боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;

- 1-бөлүктүн 1.3-пунктунун 4-абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин маалыматтарынын базасын эске алуу менен жеке турак жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын (бүткүл) аймагында жер участогу берилбегендиги жөнүндө Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынын маалымкаты;

- 1-бөлүктүн 1.3-пунктунун 9-абзацындагы "үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин "жана Бишкек шаарынын аймагында 3 жылдан кем эмес жашагандыгы жөнүндө күбөлөндүрүүчү каттоо жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2-бөлүктүн 2.1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторун алууга арыздарды кабыл алууну жана каттоону, арыздардын жана кезекте тургандардын тизмесинин учет китептерин жол-жоболоштурууну (толтуруу), ошондой эле жарандардын берген документтери менен арыздарын сактоону Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары жүргүзөт";

- 2-бөлүктүн 2.4-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Арыз берилген датасына ылайык райондук комиссиялар тарабынан түзүлгөн кезекте тургандардын тизмеси 31-декабрына карата абалы боюнча үч нускада түзүлөт жана Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу департаментине координациялоо жана Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүү үчүн жөнөтүлөт";

- 2-бөлүктүн 2.5-пунктунун 1- жана 3-абзацтарындагы "Бирдиктүү тизме" деген сөздөр "Кезекте тургандардын тизмеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-бөлүктүн 2.5-пунктунун 4-абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Кезекте тургандардын жаңыртылган жана бекитилген тизмесинин көчүрмөсү, ошондой эле кезекте тургандардын тизмеден алып салынган арыз берүүчүлөрдүн тизмеси жыл сайын Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясында кароого жеткиликтүү жерде жана Бишкек шаарынын мэриясынын расмий электрондук сайтында жайгаштырылат.";

-2-бөлүктүн 2.8-пунктундагы "айына бир жолудан кем эмес" деген сөздөр "арыздардын түшүүсүнө жараша" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-бөлүктүн 2.11-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Бишкек шаарында жер участогун алууга муктаж болгон жана жеке турак жай куруу үчүн жер участогун алууга кезекте турган жарандар, алардын жашаган жери өзгөргөн учурда, 1-апрелге чейин жашаган жеринен маалымкатты жаңыртуусу керек.

Комиссия Бишкек шаарында жер участогун алуу үчүн кезектүүлүктө турган жарандардан Кыргыз Республикасынын жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат базасын эске алуу менен Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу жоктугу тууралуу жаңыртылган маалымкатты талап кылууга укуктуу.".

- 2-бөлүктүн 2.13-пунктундагы "талаптарды бузуу" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана" деген сөздөр кошулсун;

- 3-бөлүктүн 3.1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Бул жобонун 1.3-пункту менен белгиленген документтер болгон учурда жер участогун алуу үчүн жазылган арыздар арыздарды каттоо китебинде катталат. Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясы тарабынан жеке турак жай куруу үчүн жер участогун алууга арыз каттоодон өткөндөн кийин маселе райондук комиссиянын кезектеги отурумунун кароосуна киргизилет.".

- 3-бөлүктүн 3.2-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Арыз берүүчүнүн кезекте тургандардын тизмесине киргизүү жөнүндө райондук комиссиянын чечими боюнча арыз берүүчүнүн атасынын аты, берилген арыздын датасы, райондук комиссиянын протоколунун номери жана арыз берүүчү жөнүндө маалымат жер участокторду алуу кезегинде тургандардын тизмесине киргизилет жана арыздарды каттоо китебинде ал жөнүндө жазуу жүргүзүлөт.";

- 2-бөлүктүн 3.3-пунктундагы "талаптарга" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана" деген сөздөр кошулсун.

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

- өз чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин:

- үч айдын ичинде 2005-жылдан тартып райондук администрациялар тарабынан Бишкек шаарында жер участокторун берүү, бөлүп берүү, кайра бекитип берүү жөнүндө кабыл алынган токтомдор боюнча электрондук маалымат базасын түзүүнү жана Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш департаментине өткөрүп берүүнү камсыздасын:

- жеке турак жай куруу үчүн жер участокту алууга жарандардын тапшырган документтерин ылайык келтирүү боюнча ишти бул жобого ылайык жүргүзсүн.

4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Г.М.Имашовго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасынын милдетин аткаруучу

 

В.Лисниченко