Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Боз-Учук айылдык кеӊешинин 25-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы

 

2011-жылдын 15-сентябры №1

 

Боз-Учук айылдык аймагынын кеӊеши өзунун иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Жогорку Кенеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31 беренесинин 5 пунктуна ылайык карап, талкуулап, Боз-Учук айылдык Кенештин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боз-Учук айылдык аймагынын кенеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Жогорку Кеӊеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун мыйзамынын 31 беренесинин 5 пунктуна ылайык Боз-Учук айылдык аймагынын кеӊешинин Регламенти бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин Директорунун 2008-жылдын 29-сентябрындагы №04-24/63 буйругу менен бекитилген "Айылдык кенештин типтуу регламенти" кучун жоготсун.

3. Бекитилген "Айылдык кенештин типтуу регламенти" райондук "Ак-Суу баяны" газетасына жарыялансын.

4. Бекитилген "Айылдык кенештин типтуу регламенти" областтык юстиция башкармачылыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеӊешинин катчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.

 

Боз-Учук айылдык

кеӊешинин төрагасы

А.Узбеков