Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\94aea252-47c1-4a88-8896-027f3fded898\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1999-жылдын 26-июлу № 91

Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө

(КР 2006-жылдын 13-февралындагы № 38, 2012-жылдын 25-июлундагы № 143
2014-жылдын 13-январындагы № 10,
2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151, 2015-жылдын 20-мартындагы № 65,
2017-жылдын 18-мартындагы № 47, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29
 Мыйзамдарынын редакцияларын ылайык)

 

I бөлүм. Жалпы жоболор

II бөлүм. Тарыхый-маданий мурас объекттерине карата менчик укугун ишке ашыруунун өзгөчөлүгү

III бөлүм. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүн каржылоо

IV бөлүм. Тарыхый-маданий мурас объекттерин мамлекеттик эсепке алуу

V бөлүм. Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу тартиби

VI бөлүм. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик жана алардын пайдаланылышына контролдук жүргүзүү

VII бөлүм. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы эл аралык кызматташтык. Эл аралык келишимдер жана макулдашуулар

VIII бөлүм. Корутунду жоболор

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагындагы эл үчүн уникалдуу баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жагындагы укуктук ченемдерди белгилейт.

Мыйзам бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жагындагы алардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

I бөлүм.
Жалпы жоболор

 

1-статья. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери

 

Ушул Мыйзамдын максаты тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын, корголушун жана ар тараптан натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу болуп саналат.

Ушул Мыйзамдын милдети тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы социалдык-укуктук мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат, атап айтканда:

- тарыхый-маданий мурас объекттеринин укуктук статусун бекемдөө;

- тарыхый-маданий мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик бий-

ликтин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, коомдук бирикмелердин, ошондой эле жеке адамдардын эл алдындагы укуктарын жана милдеттерин регламенттештирүү;

- тарыхый-маданий мурастарды коргоо жагындагы мамлекеттик органдардын бийлик укуктарын чектөө;

- тарыхый-маданий мурастарга түздөн-түз же кыйыр зыян тийгизүүчү аракет же аракетсиздик үчүн жоопкерчилик чараларын белгилөө болуп саналат.

(КР 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1-1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагындагы эл үчүн бөтөнчө баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жагындагы укуктук ченемдерди белгилейт.

Мыйзам бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жагындагы алардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.

(КР 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-статья. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

 

Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана ага ылайык чыгарылган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары - эл аралык келишимдер) турат.

(КР 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-статья. Тарыхый-маданий мурастар

 

Элдин турмушундагы тарыхый окуяларга, коом менен мамлекеттин өнүгүшүнө байланышкан тарых жана маданият эстеликтери, материалдык жана руханий чыгармачылыктын тарыхый, илимий, көркөмдүк же башка дөөлөттөргө ээ болгон чыгармалары тарыхый-маданий мурас болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын субъекттери менчигиндеги тарых жана маданият эстеликтери мамлекет тарабынан корголот.

 

4-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттеринин түрлөрү

 

Кыймылсыз жана кыймылдуу (бүтүндөй же белгиленген бөлүгүндө) материалдык тарыхый күбөлөр:

1. Кыймылсыз, анын ичинде:

- тарыхый эстеликтер: элдин турмушундагы эң маанилүү тарыхый окуяларга, коом менен мамлекеттин өнүгүшүнө, илим менен техникага, элдердин маданияты менен турмуш-тиричилигине, ошондой эле республиканын көрүнүктүү ишмерлеринин өмүрүнө байланышкан имараттар, курулуштар, мемориалдык жерлер, тарыхый көрүстөндөр жана мемориалдар;

- археологиялык эстеликтер: үңкүрлөр, конуштар, чалдыбарлар, дөбөлөр, төрткүлдөр, жер үстүндөгү жана суу алдындагы байыркы кыштактардын, чыңдоолордун, чеп курулуштарынын калдыктары, байыркы өндүрүштөр жана кендер, каналдар менен сугат тармактары, жолдор менен көпүрөлөр, айрым коргондор жана көрүстөндөр, аска бетиндеги сүрөттөр жана аска бетиндеги жазуулар;

- шаардык курулуш жана архитектуралык эстеликтер: архитектуралык ансамблдер менен комплекстер, тарыхый борборлор, маалалар, аянттар, көчөлөр, шаарлардын жана башка калктуу пункттардын байыркы пландаштырылыштарынын жана түзүлүштөрүнүн калдыктары, жарандык, өнөр жайлык, аскердик, диний архитектуранын, элдик курулуш өнөрүнүн курулуштары, ошондой эле аларга байланышкан монументалдык, сүрөт, декоративдүү-прикладдык, бак-шактуу парк жана башка исскуство түрлөрүнүн чыгармалары;

2. Кыймылдуу, анын ичинде:

- бирди-жарым объекттер: археологиялык табылгалар, байыркы буюмдар, тыйындар, бөлүнүп-жарылууга дуушар болгон кыймылсыз эстеликтердин элементтери, антропологиялык жана этнологиялык материалдар, тарыхый табериктер, көркөм чыгармалар (живопись, графика, прикладдык искусство, кино жана фото өнөрү), улуттук архив фондуна кирген документтик эстеликтер-кол жазма, машинкага басылган, графикалык, кино-фотодокументтер, видео-үн жазмалары, ошондой эле сейрек басылмалар.

- комплекстүү объекттер: бир бүтүндүк катары алынган, көрсөтүлгөн бирди-жарым объекттердин тарыхый түзүлгөн комплекстери, фонддору менен коллекциялары, ошондой эле тарыхый (бир бүтүн катары) мааниге ээ болгон, табигый-илимий дөөлөттөрдүн комплекстери, фонддору жана коллекциялары тарыхый-маданий мурас объекттери катары таанылышы мүмкүн.

3. Тарыхый, илимий, көркөм жана башка маданий дөөлөткө ээ болгон башка эстеликтер да тарыхый-маданий мурас объекттерине таандык кылынышы мүмкүн.

(КР 2006-жылдын 13-февралындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу

 

Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо, сактоо жана пайдалануу:

- тарыхый-маданий мурастарды табууга, изилдөөгө, алардын эсебин алууга жана аларды пропагандалоого;

- тарыхый-маданий дөөлөттөргө тарых жана маданият эстеликтеринин статусун берүүгө;

- эстеликтерди талкалоодон, вандализм актыларынан, бурмалоолордон, мистификациядан, бузуулардан, негизсиз өзгөртүүлөр киргизүүдөн, тарыхый мааниден чыгаруудан коргоону камсыз кылууга;

- эстеликтерди консервациялоо, реставрациялоо, регенерациялоо жана көчүрмө басуу жолу менен сактоого жана кайра жаратууга;

- эстеликтерди алардын толук түрдө сакталышын камсыз кылуучу ченемдерге ылайык күтүүгө;

- эстеликтерди этностук-маданият чөйрөсүн кайра жаратуу процессинде, ошондой эле илимий, тарбиялык жана туристтик максаттарда пайдаланууга багытталган чараларды камтыйт.

Каралган иш-чаралар тутуму түрүнө, сакталышынын деңгээлине жана алар кимдин менчигинде тургандыгына карабай, эстеликтер катары таанылган, Кыргыз Республикасынын бардык тарыхый-маданий дөөлөттөрүнө таралат.

 

6-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттеринин укуктук статусу

 

Эстеликтерди тарыхый-маданий мурас катары таануу аларды сөзсүз жарыялануучу тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизүү менен бекемделет. Археологиялык эстеликтердин бардык түрлөрү башталышынан эле тарыхый-маданий жана илимий дөөлөткө жана тарых жана маданият эстеликтеринин статусуна ээ болот. Кыргыз Республикасындагы тарых жана маданият эстеликтери ушул Мыйзамда каралган тартипте милдеттүү корголот жана сакталат, аларды пайдалануунун өзгөчө укуктук тартибине ээ болушат.

 

7-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо, сактоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын бийлик укугу

 

Кыргыз Республикасы тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын атынан өз аймагында жайгашкан тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жана пайдалануу боюнча толук бийликке ээ болот.

Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелген, бирок башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан эстеликтер да корголууга, сакталууга жана пайдаланылууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, бирок башка мамлекеттердин, чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана жарандардын менчиги болуп эсептелген эстеликтерди сактоо жана пайдалануу эл аралык келишимдерге ылайык белгиленет.

Кыргыз Республикасы кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасында жашаган элдердин тарыхый-маданий кенчи катары таанылган, республиканын чегинен тышкарыда болгон маданий дөөлөттөрдү табуу, эсепке алууну уюштуруу, сактоо жана тарыхый мекенине кайтаруу боюнча чара көрөт.

(КР 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

8-статья. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы мамлекеттик башкаруу

 

Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы мамлекеттик башкаруу тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик орган аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча концепцияны иштеп чыгат жана бекитет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Премьер-министрдин ар жылдык отчетунун алкагында анын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.

Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы (мындан ары - эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган) болуп саналат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143, 2014-жылдын 13-январындагы № 10 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

9-статья. Тарыхый маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын бийлик укугу

 

Тарыхый маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы:

- тарых жана маданият эстеликтерди коргоо, сактоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана мамлекеттик саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга катышат;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча жергиликтүү органдардын жетекчилерин дайындайт;

- тарых жана маданият эстеликтеринин тигил же бул түрлөрүн коргоо бийлик укугуна кирген, ыйгарым укук берилген башка мамлекеттик органдардын иштерин жөндөштүрөт жана контролдойт;

- тарыхый-маданий мурас объекттерин пайдалануунун жана күтүүнүн тартибин, тарыхый-маданий мурас объекттерин консервациялоо, реставрациялоо, оңдоо, музейлештирүү жана регенерациялоо боюнча иштердин аткарылышын мамлекеттик көзөмөлдөөнү төмөнкүдөй текшерүүлөр түрүндө жүзөгө ашырат:

пландуу - мурдатан пландаштырылган жана жылына бир жолудан ашык эмес жүргүзүлүүчү;

пландан тышкаркы - тарыхый-маданий мурас объекттерине бузулуу же жок болуу коркунучу болгон учурда дайындалуучу;

- Кыргыз Республиканын аймагына жайгашкан тарых жана маданият эстеликтерин табуу, эсебин алуу, коргоо жана пайдалануу эрежелерин сактоону камсыз кылат;

- зарыл болгон учурда башка кызыкдар уюмдардын макулдугу боюнча тарых жана маданият эстеликтерине байланышкан жаратылыш эстеликтерин жана айлана-чөйрөнүн башка объекттерин коргоону жана пайдаланууну ишке ашырат;

- бардык категориядагы эстеликтердин сакталышына коркунуч түзгөн ишти токтотот же ага тыюу салат;

- маданий баалуулуктарды чыгарып кетүү жана алып кирүү маселелерин жөнгө салат;

- эл аралык жана республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттерин каржылоонун, эсепке алуунун, издеп табуунун, изилдөөнүн, күтүүнүн, консервациялоонун, реставрациялоонун, регенерациялоонун, музейлештирүүнүн, пропагандалоонун тартибин белгилейт;

- укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына өз убагында маалымдайт жана тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, сактоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын бузган кызмат адамдарын, ишканаларды, мекемелерди, коомдук бирикмелерди, уюмдарды жана жарандарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүч билдирет;".

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагында өкмөттөр аралык келишимдерди түзөт жана ведомстволор аралык жана өкмөттөр аралык конвенцияларга кошулат;

- (15-абзац КР 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2006-жылдын 13-февралындагы № 38, 2012-жылдын 25-июлундагы № 143, 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

10-статья. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы

 

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн аймагында:

- тарыхый-маданий мурас объекттерин издеп табууну, эсепке алууну, коргоону, реставрациялоону жана пайдаланууну камсыз кылышат;

- тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылышат;

- экономикалык жана социалдык өнүгүү пландарында жергиликтүү маанидеги эстеликтерди эсепке алууну, коргоону жана реставрациялоону уюштуруу боюнча иш-чараларды карайт, ошондой эле аларды жүзөгө ашырууну жергиликтүү бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылашат;

- ишканалардын, уюмдар менен мекемелердин эстеликтерди жетектөөгө алуусун уюштурууга көмөк көрсөтүшөт;

- тиешелүү багыттагы мекемелерди жана коомчулукту эстеликтерди коргоо жана пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө тартышат;

- эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен макулдаштыкта эстелик болуп саналган мамлекеттик менчиктеги имараттарды жана курулуштарды пайдаланууга берүү жөнүндө маселени чечишет;

- эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын макулдугу менен шаарларды жана башка калктуу конуштарды пландаштыруунун, куруунун, реконструкциялоонун долбоорлорун иштеп чыгууда жана бекитүүдө бардык категориядагы эстеликтерди издеп табуу, изилдеп үйрөнүү, сактоо, ошондой эле тарыхый-курулуш таяныч пландарын жана карта-схемаларды түзүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылышат;

- чарбалык-курулуш жана жүгүртүү максаттарында өздөштүрүү үчүн жер участокторун бөлүп берүүнү эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусу болгондо гана жүзөгө ашырышат;

- эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунушу боюнча эстеликтер үчүн коркунуч туудуруучу курулушту жана башка жумуштарды токтото туруу, ошондой эле аларга тыюу салуу маселесин чечишет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырышат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-статья. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу ишине илимий мекемелердин, окуу жайларынын жана музейлердин, коомдук уюмдардын жана бирикмелердин, ишканалардын жана жарандардын катышуусу

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, илимий мекемелер, окуу жайлары жана музейлер өз эсебинен, кошумча алынган каражаттардын эсебинен тарыхый-маданий мурас объекттеринде илимий-иликтөө иштерин жүргүзүшөт, эстеликтердин илимий баасын аныктоо жагында эксперттер катары чыгышат, өздөрүнүн илимий иликтөө пландарында жана окуу программаларында тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу маселелерин изилдөөнү жана окутууну караштырышат.

Тарыхый-маданий мурас объекттеринин менчик ээлери болуп саналган жарандар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү талаптарды милдеттүү аткаруу менен алардын сакталышын жана корголушун камсыз кылууга милдеттүү:

- тарыхый-маданий мурас объектисинин паспортуна сактоо буюмзаты катары киргизилген маалыматтарга ылайык тарыхый-маданий мурас объектисинин ички жана тышкы келбетин сактоого;

- эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдан тарыхый-маданий мурас объектисинин аймагынын чектеринде жер казуу, жерге жайгаштыруу, курулуш, мелиорациялык, чарбалык жана башка жумуштарды жүргүзүүгө уруксат алууга;

- тарыхый-маданий мурас объекттеринин өзгөчө корголуучу режиминин сакталышын камсыз кылууга;

- тарыхый-маданий мурастын объектисинин өздөрү тарабынан белгиленген шарттарда жетимдүү болуусуна;

- тарых жана маданият эстеликтерин пропагандалоого жана кеңири жайылтууга катышууга.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

111-статья. Даттануу укугу

Жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын козгоочу иш жүзүндөгү кесепеттерге алып келген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимине, аракетине же аракетсиздигине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.

(КР 2017-жылдын 18-мартындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

II бөлүм.
Тарыхый-маданий мурас объекттерине карата менчик укугун ишке
 ашыруунун өзгөчөлүгү

 

12-статья. Менчиктөө мамилелерин укуктук жактан жөнгө салуу

 

Тарыхый-маданий мурас объекттерине карата менчик укугу ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

Тарых жана маданият эстеликтери менчиктештирилбейт.

(КР 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-статья. Менчик укугунун объекттери жана субъекттери

 

Ушул Мыйзамдын 3, 4-статьяларында аныкталган жана алардын жоболоруна ылайык эстелик статусун алган дөөлөттөр тарыхый-маданий мурас объекттери болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерине карата менчик укугунун субъекттери Кыргыз Республикасы, менчигинин түрлөрүнө карабай юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет мамлекеттер, юридикалык жактар жана жеке жактар болушу мүмкүн.

 

14-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерине карата мамлекеттик менчик

 

Ушул Мыйзамдын 13-статьясында каралган учурлардан тышкарыда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эстелик катары таанылган тарыхый-маданий объекттер Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын аймагында табылган, тарыхый-маданий дөөлөттөргө ээ болгон кенчтер, археологиялык табылгалар мамлекеттин карамагына өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Анын чегинде жана курамында кенч табылган жер участогунун же башка мүлктүн менчик ээси жана кенчти тапкан адам кенчтин наркынын элүү пайызы өлчөмүндө сыйлык алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык жана республикалык маанидеги эстеликтердин менчик ээсинин ыйгарым укуктарын эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

(КР 2014-жылдын 13-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

15-статья. Менчик субъекттеринин укуктары

 

Менчик ээсине тарых жана маданият эстеликтерин менчик объекттери катары сатып алуу, ээлөө жана тескөө укуктары таандык. Мында менчик укугу ушул Мыйзамдын 4-статьясынын 1-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн археологиялык объекттерге таркалбайт.

Менчик ээси сатып алынган эстеликтерди өз алдынча өзгөртүүгө жана жок кылууга укуксуз.

Кыймылсыз тарых эстеликтери - республиканын көрүнүктүү ишмерлерине байланыштуу үйлөр мурастоо укугуна ылайык жеке менчикте болушу мүмкүн, бирок аларды сатып алуу жана сатуу шарттары эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылат.

 

16-статья. Менчик ээлеринин милдеттери

 

Тарыхый-маданий мурас объекттеринин менчик ээлери эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдардан белгиленген үлгүдөгү тиешелүү коргоо документин алууга милдеттүү. Коргоо документинде менчик ээсин төмөнкүдөй:

эстеликтердин толук сакталышын камсыз кылуу;

эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдарда эстеликтерди каттоо:

кыймылсыздарды - турган жерлери боюнча, кыймылдууларды - менчик ээсинин жашаган жери боюнча каттоо;

эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдарга:

менчик укуктарындагы болжолдонгон өзгөрүүлөр жөнүндө;

эстеликтердин турган жеринин, аларды күтүүнүн жана пайдалануунун шарттарындагы болжолдонгон же болуп өткөн өзгөрүүлөр жөнүндө;

эстеликтерди оңдоо, консервациялоо, реставрациялоо, регенерациялоо боюнча жумуштар жөнүндө;

эстеликтердин абалынын күтүүсүздөн начарлап кетиши жөнүндө өз убагында кабарлоо;

эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдар менен түзүлгөн коргоочу документтерине толуктоолор болуп эсептелген атайын келишимдерде белгиленген тартипте жана чектерде эстеликтерди илимий, маданий жана башка жактардан изилдөөлөрдүн

жеткиликтүүлүгүн камсыздоо милдеттенмелери сөзсүз көрсөтүлүүгө тийиш.

Коргоо документтеринде жогоруда көрсөтүлгөн сөзсүз түрдөгү милдеттенмелерден тышкары эстеликтердин бөтөнчөлүгүнө жана өзгөчөлүктөрүнө ылайык колдонулуучу атайын милдеттенмелер камтылат.

 

17-статья. Тарыхый-маданий мурас эстеликтерин ээликтен ажыратуу тартиби

 

Ушул Мыйзамда айтылган ченемдерди сактоо менен менчик ээси өзүнө таандык болгон эстеликтерди ээликтен ажыратуунун кандай түрүндө болсун эркин ээликтен ажыратуу (сатуу, белекке берүү, алмашуу, ижарага берүү ж.б.) укугуна ээ болот.

Эстеликтерге карата менчик укугунан мажбурлоо жолу менен ажыратууга төмөндөгүдөй учурларда:

эстеликтин сакталышына кайдыгер мамиле кылуудан улам анын бузулушу же жок кылынышы мүмкүн болгондо;

менчик ээси ушул Мыйзамдын 16-статьясында каралган эстеликтерди коргоо жана пайдалануу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алуудан баш тартканда жол берилет.

Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын доосу боюнча кабыл алынган соттун чечиминин негизинде гана мажбурлап ээликтен ажыратылышы мүмкүн.

Жеке жакты анын жашаган үйү же жашаган имарат-жайы болуп саналган эстеликке ээлик кылуу укугунан мажбурлап ажыратуу, ага

Мыйзамда белгиленген тартипте башка жайды же келишим боюнча тийиштүү компенсация бербей туруп жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.

Менчик ээси укугунан мажбурлап ажыратылган учурда эстеликтин сакталышына көзөмөл жүргүзүү төмөнкүдөй жолдор менен камсыздалууга тийиш:

эстелик мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилет;

эстеликти сактоону жана коргоону камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди алуудан мамлекеттик органдар баш тарткан учурда эстелик: ачык сатылууга;

ушул Мыйзамга ылайык эстеликтин сакталышын камсыз кылууга жөндөмдүү субъекттин менчигине келишимдик негизде өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Кандай гана учурда болбосун жаңы менчик ээси:

ушул Мыйзамга ылайык эстеликтин сакталышын камсыз кылуу боюнча өзүнө милдеттенме алууга;

мурдагы менчик ээсине ачык сатууда келишимде белгиленген, ал эми талаш-тартыш болгон учурда сот тарабынан белгиленген өлчөмдө компенсация төлөп берүүгө милдеттүү.

 

18-статья. Тарыхый-маданий эстеликтерине менчик укуктарын алуудагы артыкчылыктар

 

Жеке менчиктеги эстеликти сатууда, аны базар баасында (аукциондо) менчиктеп сатып алууга мамлекетке артыкчылыктуу укук берилет.

Өздөрүнүн жалпы үлүштүк менчигинде турган эстеликтин бөлүктөрүнүн менчик ээлери, ошол эстеликтин башка бөлүктөрүн сатып алууда артыкчылыктуу укукка ээ. Эстеликтин бөлүктөрүнүн менчик ээлери аларга тийиштүү үлүштү сатып алуудан баш тарткан учурда мамлекет артыкчылыктуу укукка ээ.

Мамлекет эстеликтерге менчик укугун алуудагы өзүнүн артыкчылыктарын эстеликтерди мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү үчүн сатып алган юридикалык жактарга жана жеке жактарга, алар тарабынан жазуу түрүндө тийиштүү милдеттенмелер жана кепилдиктер берилген учурда өткөрүп берет.

 

19-статья. Чарбасыздык мамилеге дуушар болгон же максатка ылайык пайдаланылбаган тарыхый-маданий мурас объекттерин алып коюу жөнүндө

 

Эгерде юридикалык же жеке жак коом үчүн тарыхый, көркөмдүк же башка баалуулуктарга ээ болгон өзүнө таандык мүлккө карата талапка ылайык эмес мамиле жасаса, бул мүлккө зыян келтирүүгө алып келсе, мындай мүлктү коргоо милдеттерине кирген мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менчик ээсине мүлккө карата мындай мамилени токтотуу жөнүндө эскертет.

Эгерде менчик ээси бул талапты аткарбаса, тиешелүү уюмдун доосу боюнча сот бул мүлктү алып кое алат, ал мүлк мамлекеттин менчигине өтөт.

Юридикалык же жеке жакка алынып коюлган мүлктүн наркы макулдашууда белгиленген, ал эми талаш-тартыш болсо, сот тарабынан белгиленген өлчөмдө төлөнүп берилет.

Кечиктирилгис зарыл абал түзүлгөн учурда көрсөтүлгөн мүлктү алып коюу тууралу доо алдын ала эскертүүсүз коюлушу мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143, 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

III бөлүм.
Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүн каржылоо

 

20-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону жана пайдаланууну каржылоо

 

Белгиленген тартипте укуктук статус алган тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо мамлекеттик бюджеттин, эстеликтерди пайдаланган уюмдар бөлүп берген каржылардын, коомдук уюмдардын, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуу жардамдарынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү бөлүмдөрү аркылуу эл аралык коомчулуктун жана башкалардын жардамынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын, мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында же өз алдынча тарыхый-маданий мурас объекттерин пропагандалоо, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жагындагы программаларга колдоо көрсөтүүгө көмөк берүүчү республикалык жана жергиликтүү фонддор түзүлүшү мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143,  2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

IV бөлүм.
Тарыхый-маданий мурас объекттерин мамлекеттик эсепке алуу

 

21-статья. Тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттерин мамлекеттик эсепке алууну уюштуруу

 

Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттери, кимдин менчигинде турганына карабастан, мамлекеттик эсепке алынуусу тийиш.

Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын кыймылсыз объекттери жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесине (мындан ары ушул статьяда - тизме) киргизилет.

Тизме Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттеринин аталышы, жайгашкан жери, коюлган датасы, иликтенүү деңгээли, абалы, өлчөмдөрү, менчигинин түрү, аймактык чек арасы жөнүндө, ошондой эле коргоо чөлкөмдөрү тууралуу маалыматтарды камтыган маалыматтык тутум болот.

Жеке менчик болуп саналган турак жай имараттары менчик ээсинин макулдугу менен мамлекеттик катталууга жатат.

Тизмеге киргизилген тарыхый-маданий мурас объектисинин менчик ээсине эстеликтерди сактоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан тарыхый-маданий мурас объектисинин паспорту (мындан ары - паспорт) берилет.

Паспортко бул тарыхый-маданий мурас объектин коргоонун буюмзатын түзгөн маалыматтар (түрү, аймагынын чек араларынын сыпаттамасы, объекттин фотосүрөтү; объекттин менчик ээси, объектти пайдалануучу, жер участогунун менчик ээси жана жер участогун пайдалануучу жөнүндө, ошондой эле чектеринде тарыхый-маданий мурас объекти жайгашкан жер участогун пайдалануунун укуктук режими жөнүндө маалыматтар) киргизилет.

Паспорт жөнүндө жобо (анын сыпаттамасы, жол-жоболоштуруунун жана берүүнүн тартиби) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттери же чектеринде археологиялык объекттер жайгашкан же суу объекттери менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда паспорт кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү тартипте көрсөтүлүүчү документтердин бири болуп саналат.

Тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий баалуулуктагы жаңыдан табылган тарыхый-маданий мурас объекттери алардын статусу жөнүндө биротоло акыркы чечим кабыл алынганга чейин ушул Мыйзамга ылайык тарых жана маданият эстеликтери менен бир катарда коргоого алынууга тийиш.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

22-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесин бекитүүнүн тартиби

 

Эсепке алууну жана коргоону натыйжалуу уюштуруу максатында эстеликтер эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтерге бөлүнөт.

Бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине киргизүү үчүн көрсөтүлгөн эстеликтердин тизмеси белгиленген тартипте компетенттүү илимий экспертизадан өткөндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү бөлүмдөрүнө жана башка эл аралык уюмдарга сунуш кылынат.

Эл аралык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмеси тарыхый-маданий мурастарды коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.

Республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесин эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмеси (КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 токтому менен бекитилген)

Жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесин эстеликтерди коргоо боюнча аймактык органдардын эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылган сунушу боюнча мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бекитет

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143, 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

23-статья. Мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза

 

Мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:

- тарыхый-маданий мурас объектисин тарыхый-маданий муpac объекттеринин тизмесине киргизүүнү негиздөө;

- тарыхый-маданий мурас объектисинин тарыхый-маданий маанисинин категориясын аныктоо;

- тарыхый-маданий мурас объектисинин тарыхый-маданий маанисинин категориясын өзгөртүүнү негиздөө;

- тарыхый-маданий мурас объекттеринин корголуучу чөлкөмдөрүнүн долбоорлорунун шаар куруу документтерине ылайыктуулугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо боюнча талаптарга ылайык жерге жайгаштыруу, жер казуу, курулуш, мелиорациялык жана чарбалык жумуштардын ылайыктуулугун аныктоо;

- тарыхый-маданий мурас объектисин Кыргыз Республикасынын өзгөчө баалуу тарыхый-маданий объект деп аныктоо.

Тарыхый-маданий экспертиза өткөрүү үчүн эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган курамына окумуштуулар, адистер, маданият жана искусство ишмерлери, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чыгармачыл бирликтердин жана башка коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирген эксперттик комиссияны (мындан ары - комиссия) түзөт.

Тарыхый-маданий мурас объекттеринин тарыхый-маданий экспертизасын өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Тарыхый-маданий экспертиза шаар куруу регламенттери бекитилгенге жана жүзөгө ашырылышы тарыхый-маданий мурас объектисинин сакталышына же болбосо аларды коргоо эрежелеринин бузулушуна түздөн-түз же кыйыр коркунуч келтириши мүмкүн болгон жерге жайгаштыруу, жер казуу, курулуш, мелиорациялык жана чарбалык жумуштар башталганга чейин жүргүзүлөт.

Тарыхый-маданий экспертиза өткөрүү боюнча жумуштарга акы төлөө ошол жумуштардын тапшырыкчысы тарабынан жүзөгө ашырылат. Республикалык маанидеги тарыхый-маданий объекттердин тарыхый-маданий экспертизасын өткөрүү боюнча жумуштарга акы төлөө өлчөмүн аныктоонун тартиби эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

Төмөнкүлөр тарыхый-маданий экспертиза объекттери болуп саналат:

- ушул Мыйзамга ылайык тарыхый-маданий мурас объектисинин белгилерине ээ болгон объекттер;

- чарбалык өздөштүрүүгө тийиш болгон жер участоктору;

- тарыхый-маданий мурас объектисин тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмелерине киргизүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар;

- тарыхый-маданий мурас объектисинин тарыхый-маданий маанисинин категориясын өзгөртүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар;

- тарыхый-маданий мурас объектисин Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий коруктарына, өзгөчө баалуу тарыхый-маданий объекттерине же болбосо бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурас объекттерине киргизүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

24-статья. Жоготуу коркунучу алдында турган тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмеси

 

Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган жоготуу коркунучу алдында турган тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесин түзөт жана аларды сактоо боюнча тийиштүү чаралар көрөт.

 

25-статья. Кыймылдуу тарыхый-маданий мурас объекттерин мамлекеттик эсепке алуу

 

Музейлерде, архивдерде, китепканаларда жана башка мамлекеттик мекемелерде турган кыймылдуу тарыхый-маданий мурас объекттерин мамлекеттик эсепке алуу ушул Мыйзамда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын музейлик, архивдик жана китепканалык фонддору жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

 

26-статья. Субъекттин жеке менчигинде турган кыймылдуу тарыхый-маданий мурас объекттерин мамлекеттик эсепке алуу

 

Субъекттин жеке менчигиндеги кыймылдуу тарыхый-маданий мурас объекттери, анын жарандыгына карабай көрсөтүлгөн объекттерди болушунча толук табуу жана алардын сакталышына көмөк көрсөтүү максатында мамлекеттик эсепке алынууга тийиш. Кыймылдуу тарыхый-маданий мурас объекттери жеке менчигинде турган субъекттер, жарандыгына карабай, ушул Мыйзамдын жоболорун сактоого милдеттүү.

 

27-статья. Тарыхый-маданий объекттердин тизмесин өзгөртүү тартиби

 

Тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмеси тарыхый-маданий мурастын жаңы объекттери ачылгандыгына же түзүлгөндүгүнө жараша ушул Мыйзамда белгиленген тартипте толукталып турат.

Тарыхый-маданий объекттердин тизмесинен бардык категориядагы эсептеги объекттерди чыгарууга тыюу салынат. Алар жоготулган же талкаланган учурда тизмеге "жоготулган" деген белги коюлат.

 

V бөлүм.
Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу тартиби

 

28-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерин пайдалануу чөйрөсү

 

Тарыхый-маданий мурас объекттери Кыргыз Республикасындагы элдерди рухий жана маданий жактан өнүктүрүү максатында, ошондой эле илимий, окутуу, тарбиялык, туристтик жана экскурсиялык максаттарда пайдаланылат.

Тарыхый-маданий мурас объекттерин башка максаттарда пайдаланууга эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын уруксаты менен гана жол берилет. Шаар курулушунун, искусство эстеликтерин, шаардын жана башка калктуу конуштардын тарыхый борборлорун пайдалануу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү, аларды коргоо чөлкөмдөрүнүн долбоорлорунда аныкталат.

 

29-статья. Юридикалык жана жеке жактарга тарыхый-маданий мурас объекттерин пайдаланууга берүү тартиби

 

Тарыхый-маданий мурас объекттерин юридикалык жана жеке жактарга 5 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда аныкталган тартипте эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын чечими боюнча ишке ашырылат.

Тарых жана маданият эстеликтери болгон архитектуралык курулуштар же алардын бөлүктөрү юридикалык жана жеке жактардын пайдалануусуна, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен алдын-ала макулдаштык боюнча мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен берилет.

Юридикалык жана жеке жактар тарых жана маданият эстеликтерин пайдалануучу статусун жазуу түрүндө келишим түзүлгөндөн кийин алат, бул келишимде пайдалануучу башкалардан тышкары, эстеликтерди коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган бардык милдеттерди өзүнө алат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

30-статья. Кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо чөлкөмдөрү

 

Тарыхтын, археологиянын, шаар курулушунун, архитектуранын, монументалдык искусствонун жана башкалардын кыймылсыз эстеликтеринин сакталышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тартипте коргоо чөлкөмдөрү, курулуштарды курууну жөнгө салуу чөлкөмдөрү, жаратылыштын же тарыхый-табигый ландшафтардын корголуучу объекттеринин чөлкөмдөрү белгиленет. Республикалык маанидеги корук аймактарынын объекттеринин долбоорлору эстеликтерди коргоо чөйрөсүндөгү адистешкен илимий-долбоорлоо уюму тарабынан иштелип чыгат жана маданиятты башкаруунун мамлекеттик борбордук органы тарабынан бекитилет. Эларалык маанидеги корук аймактарынын объекттеринин долбоорлору маданиятты башкаруунун мамлекеттик борбордук органынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Корголуучу чөлкөмдөрдүн долбоорлору эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын буйрутмасы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгат.

Эстеликтерди коргоо чөлкөмдөрүнүн чектеринде жер иштетүү, курулуш жана башка иштердин бардык түрлөрүн, ошондой эле эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусусуз чарбалык иш жүргүзүүгө тыюу салынат.

Археологиялык эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн чектеринде тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышпаган курулуш жана чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Эстеликтердин корук аймактарынын жана ар бир тарыхый, археологиялык, архитектуралык жана шаар куруу эстеликтеринин долбоорлору өзүнчө иштелип чыгат жана бекитилет. Калк конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгууда аларга эстеликтерди коргоонун бекитилген аймактары кошулат.

Кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объектиси коргоо чөлкөмдөрү менен бирге пайдалануучу аны күтүүнүн тартиби сактоого кепилдик берген милдеттенме алган учурда, юридикалык жана жеке жактарга пайдаланууга берилет.

Эгерде коргоо чөлкөмү аркылуу өтүүчү жолдор менен жүрүүчү транспорттун кыймылы эстелик үчүн коркунуч келтирсе, анда мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча бул жолдордогу транспорт кыймылы чектелет же ага тыюу салынат.

(КР 2006-жылдын 13-февралындагы № 38 , 2012-жылдын 25-июлундагы № 143, 2015-жылдын 20-мартындагы № 65 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

31-статья. Юридикалык жана жеке жактарга пайдаланууга берилген жерлердеги тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыз кылуу

 

Юридикалык жана жеке жактар, аларга пайдаланууга берилген жерлердеги тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

Тарыхый-археологиялык эстеликтер жана археологиялык табылгалар менчиктештирилбейт.

(КР 2014-жылдын 13-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

32-статья. Чарбалык жумуштарды жүргүзүүдө жана аймактарды өздөштүрүүдө тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыз кылуу

 

Суу каптап кетишине же ландшафтын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү курулуш, жол жумуштарын же дың жерлерди өздөштүрүүнү, карьерлерди иштетүүнү же плотиналарды тургузууну жүргүзгөн уюмдар инженердик-издөө жумуштарынын стадиясында жана жерди которууда (трансформациялоодо) ажыратылган аймакта тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине археологиялык изилдөө жүргүзүүгө милдеттүү.

Археологиялык изилдөө ушул Мыйзамдын 33-статьясына ылайык белгиленген тартипте ушул статьяда көрсөтүлгөн жумуштарды аткаруучу тапшырыкчылардын эсебинен жүргүзүлөт.

Археологиялык изилдөө жөнүндө корутунду маданият жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга жатат.

Бул жумуштардын жүрүмүндө тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышына коркунуч пайда болгон же болбосо аларды коргоо эрежелери бузулган учурда чарбалык жумуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте токтотулушу же болбосо тыюу салынышы мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143, 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

33-статья. Археология эстеликтерин чалгындоону жана казууну жүргүзүүнүн тартиби

 

Археология, суу алдындагы эстеликтерин чалгындоого, казууга жана башка изилдөөлөр жүргүзүүгө атайын уруксат - Ачык баракча болгондо гана жол берилет, ал Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын Талаачылык комитети тарабынан берилет жана эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан иштин белгилүү бир түрүн бир жылдан ашуун эмес жүргүзүү укугуна катталат. Ачык баракчаларды алган адистер аларды мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында каттатууга жана изилдөөлөр мөөнөтү бүткөндөн кийин аларды берген органга отчет менен бирге кайта берүүгө милдеттүү.

Андан ары сактоону жана пайдаланууну талап кылуучу объектилердеги

археологиялык казуулар үчүн Ачык барак археологиялык изилдөөлөр-консервациялоо, калыбына келтирүү жана музейлештирүүнү аяктагандан кийин эларалык стандарттарга ылайык коргоо чараларынын толук комплексин жүргүзүү үчүн финансы кепилдиги болгон учурда гана каттоого алынат.

Археологиялык иштерди, анын ичинде суу астындагы иштерди өз алдынча жүргүзүү, ошондой эле атайын техникалык каражаттар болуп саналган металл издөөчүлөрдү, металл детекторлорду, радарларды жана магнит приборлорун тарыхый-маданий мурас объекттерин издөө үчүн жеке жана юридикалык жактар тарабынан атайын уруксатсыз (ачык бараксыз) пайдаланууга тыюу салынат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

Археологиялык талаа жумуштарын жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар жумуштар аткарылган күндөн тартып үч жылдын ичинде (материалдар иштеп чыгылгандан жана жарыялоого даярдалгандан кийин) табылган маданий баалуулуктарды туруктуу сактоого Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей фондуна өткөрүп берүүгө милдеттүү. Музей фондуна өткөрүп бергенге чейин алардын сакталышы үчүн жоопкерчиликти археологиялык талаа жумуштарын жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар тартат.

Археологиялык казуулардын натыйжасында алынган материалдык маданияттын буюм-тайымдарын эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын уруксатсыз Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып кетүүгө тыюу салынат.

(КР 2006-жылдын 13-февралындагы № 38 , 2012-жылдын 25-июлундагы № 143, 2015-жылдын 20-мартындагы № 65 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

34-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоонун, консервациялоонун, регенерациялоонун жана оңдоонун тартиби

 

Тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоо, консервациялоо, регенерациялоо жана оңдоо эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын урукстаы менен гана жүзөгө ашырылат.

Тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоо, консервациялоо, регенерациялоо жана оңдоо ушул Мыйзамдын 20-статьясында аныкталган каржылоо булактарынын эсебинен, ошондой эле эстеликтерди пайдалануучулардын же алардын менчик ээлеринин эсебинен жүзөгө ашырылат.

Тарыхый-маданий мурас объектисин сактоо боюнча жумуштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

Тарыхый-маданий мурас объектисин сактоо боюнча жумуштарды жүргүзүүгө долбоордук документтерди иштеп чыгууну жүргүзүп жаткан жеке жана юридикалык жактар ушул объектте илимий жетекчиликти, техникалык жана автордук көзөмөлдү жүзөгө ашырат.

Тарыхый-маданий мурас объектисин сактоо боюнча жумуштар аткарылгандан кийин, илимий жетекчиликти жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар аткарылган иштер жөнүндө илимий отчетту кошуп алганда, отчеттук документтерди эстеликтерди сактоо боюнча мамлекеттик органга үч айлык мөөнөттө өткөрүп беришет.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

35-статья. Тарыхый-маданий коруктарды, тарыхый-маданий жана мемориалдык комплекстерди коргоо

 

Тарыхый, мемориалдык, көркөм же башка маданий дөөлөт болуп эсептелген эстеликтер комплекстери, архитектуралык ансамблдер жана аймактар эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдардын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тарыхый-маданий коруктар, тарыхый-маданий жана мемориалдык комплекстер деп таанылышы мүмкүн, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү атайын жоболордо аныкталган тартипте корголот.

Өзгөчө учурларда аларга "улуттук" деген статус берилиши мүмкүн.

(КР 2006-жылдын 13-февралындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

36-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерин бузууга, жылдырууга, өзгөртүүгө тыюу салуу

 

Тарыхый-маданий мурас объекттерин бузууга, жылдырууга, кайра курууга, өзгөртүүгө табигый кырсыктын натыйжасында эстелик капысынан бузулганда жана объекттин тарыхый, илимий, көркөм жана башка түрдөгү дөөлөтүнө коркунуч келтирилгенде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен гана жол берилет. Археологиялык эстеликтерди "бузуу" менен казууда гана жогорудагыларга жол берилиши мүмкүн.

Эстеликти жылдырууга, кайра курууга же өзгөртүүгө уруксат алган юридикалык жана жеке жактар аны коргоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык шарттарын сактоого милдеттүү, ал эми эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган илимий изилдөөлөрдүн зарыл комплексин камсыз кылууга милдеттүү.

Чарбалык жумуштардын жана илимий изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүн каржылоо эстеликти жылдырууга, кайра курууга же өзгөртүүгө уруксат алган юридикалык жана жеке жактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Жок болуп кеткен тарыхый-маданий мурас объектисин кайрадан калыбына келтирүү өзгөчө учурларда - тарыхый, илимий, көркөм, шаар куруу же башка коомдук өзгөчө баалуулук болгондо реставрациялык усулдар менен жүзөгө ашырылат. Жок болуп кеткен тарыхый-маданий мурас объектисин мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен кайра калыбына келтирүү жөнүндө чечим тарыхый-маданий экспертизанын корутундусунун негизинде, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча кызыкдар адамдардын жана уюмдардын пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

37-статья. Кыймылдуу тарыхый-маданий мурас объекттерин алмаштыруунун, алып кирүүнүн жана чыгарып кетүүнүн тартиби

 

Тарыхый-маданий мурас объекттерин алмаштыруунун, Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнү жана анын чегинен тышкары чыгарып кетүүнүн тартиби атайын мыйзам менен жөнгө салынат.

(КР 2006-жылдын 13-февралындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

38-статья. Кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объекттерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын ставкалары

 

Юридикалык жана жеке жактардын кыймылдуу тарыхый-маданий мурас объекттерин пайдалангандыктары үчүн ижара акысынын ставкалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын тарифтери менен белгиленет.

(КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

VI бөлүм.
Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
 мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик жана алардын пайдаланылышына контролдук жүргүзүү

 

39-статья. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн каралган жоопкерчиликтин түрлөрү

 

Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоонун, пайдалануунун, эсепке алуунун жана реставрациялоонун эрежелерин аткарбоодо, аларды коргоо тартибин бузууда, ошондой эле тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын башка бузууларда күнөөлүү болгон мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык, администрациялык жана башка жоопкерчиликке тартылат.

Тарыхый-маданий мурас объектине же аны коргоо чөлкөмүнө зыян келтирген юридикалык жана жеке жактар объектти же анын коргоо чөлкөмүн калыбына келтирүүгө, ал эми андай кылууга мүмкүн болбогондо келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурууга милдеттүү. Объектти же анын коргоо чөлкөмүн калыбына келтирүү тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоонун белгиленген тартибин сактоо менен жүзөгө ашырылат.

Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн зыяндардын ордун толтурууга байланыштуу ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин чыгым тартышына күнөөлүү болгон кызмат адамдары жана башка кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте материалдык жоопкерчилик тартышат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

40-статья. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына контролдук жүргүзүү

 

Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына контролдукту:

- эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган;

- тарыхый-маданий мурас объекттери карамагында болгон мамлекеттик органдар жана мекемелер;

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик жергиликтүү органдары;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

- ыйгарым укук берилген башка мамлекеттик органдар жүзөгө ашырат.

(КР 2014-жылдын 13-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

VII бөлүм.
Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы эл аралык кызматташтык.
Эл аралык келишимдер жана макулдашуулар

 

41-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо, сактоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен эл аралык мамилелери

 

Кыргыз Республикасы тиешелүү мамлекеттик органдар жана алардын структуралары аркылуу:

- аны кийин ратификациялоо менен, Кыргыз Республикасынын Бүткүл дүйнөлүк мурас жөнүндө конвенцияга кошулушунун зарылдыгы жөнүндө маселени даярдоону жана кароону;

- тажрыйба, маалымат алмашуу жана Бүткүл дүйнөлүк мурас фондусунун ресурстарынан жардам жана каражаттар алуу максатында Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү бөлүмдөрү менен кызматташууну;

- бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизүү үчүн тарыхый-маданий жана табигый баалуулуктарды тандап алуу боюнча алдын ала иш жүргүзүүнү жана техникалык кызматташтыкка арыз берүүнү;

- таануу жана бүткүл дүйнөлүк мурас тизмесине киргизүү үчүн жок болуп кетүү коркунучу алдында турган тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесин жыл сайын түзүүнү жана акы берүүнү;

- республиканын чегинен тышка мыйзамсыз алынып кеткен тарыхый-маданий баалуулуктарды эл аралык келишимдерге ылайык кайта алып келүүнү жүзөгө ашырат.

(КР 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

42-статья. Эл аралык келишимдер жана макулдашуулар

(КР 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 151 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

VIII бөлүм.
Корутунду жоболор

 

43-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү жөнүндө

 

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

44-статья. Ченемдик укук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү

 

Төмөндөгүлөр:

- "Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз ССРинин Закону (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1977-жыл, № 24-санына тиркеме, 211-ст.);

- "Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү" Кыргыз ССРинин Законун колдонууга киргизүү тууралу" Кыргыз ССР Жогорку Советинин 1977-жылдын 28-декабрындагы токтому (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1977-жыл, № 24, 199-ст.);

- "Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү" Кыргыз ССРинин Законун колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1978-жылдын 30-июнундагы Указы (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1978-жыл, № 13, 101-ст.);

- Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1985-жылдын 13-февралындагы "Тарыхый жана маданий эстеликтерин коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү" Кыргыз ССРинин Законуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Указы (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1985-жыл, № 4, 21-ст.);

- "Кыргыз ССРинин кээ бир закон актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указдарын бекитүү тууралу" Кыргыз ССРинин Законунун 3-абзацы (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1985-жыл, № 7, 79-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Акаев