КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
|
|
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги № 206 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 634, 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 506, 2014-жылдын 17-мартындагы № 136, 2016-жылдын 23-августундагы № 454, 2017-жылдын 8-февралындагы № 76 , 2019-жылдын 22-августундагы № 423 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинин каражаттары (мындан ары - атайын эсеби) Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарынын тийиштүү материалдык-техникалык базасын камсыздоо жана алардын нормалдуу иштеши үчүн шарт түзүү, Кыргыз Республикасынын Юстиция кызматкерлерин социалдык коргоо жана камсыздоо максатында түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Атайын эсептин булактары жана аны түзүүнүн тартиби
2. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 506 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- мамлекеттик нотариуска кайрылганда юридикалык жактардан жана жарандардан белгиленген тартипте алынуучу мамлекеттик алымдын суммасынын 10 пайыз өлчөмүндөгү чегерүүлөрдүн;
- нотариалдык иштерди жүргүзүү үчүн жеке жана юридикалык жактар тарабынан нотариусту чакыруу үчүн төлөмдөрдүн;
- нотариалдык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү үчүн типтүү эмес документтердин долбоорун иштеп чыгуу үчүн төлөмдөрдүн;
- жеке нотариустардын нотариалдык документтерин мамлекеттик нотариалдык кеңсенин архивине кабыл алуу жана сактоо үчүн төлөмдөрдүн;
- (6-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 76 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- апостиль коюу үчүн жыйымдардын;
- (8-абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 423 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- юридикалык жакты, филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана анын иш-аракетинин токтоосун каттоо үчүн төлөмдөрдүн;
- бланкалык продукция үчүн төлөмдөрдүн;
- юридикалык жакты, филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн дубликатын алуу үчүн төлөмдөрдүн;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрүн (ксерокопияларын) кагаздык вариантта басып чыгаруу үчүн төлөмдөрдүн;
- (он үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 454 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдарынын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 506, 2016-жылдын 23-августундагы № 454, 2017-жылдын 8-февралындагы № 76 , 2019-жылдын 22-августундагы № 423 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
III. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануунун тартиби
4. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүдөй максаттарга пайдаланылат:
- юстиция уюмдарынын материалдык-техникалнк базасын өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү (компьютердик, көбөйтүүчү техника, байланыш каражаттарын, транспорт каражаттарын жана аларга запастык тетиктерди алуу, жабдууларды, инвентарды, материалдарды ж.б. алуу);
- юстиция системасынын кызматкерлерин сыйлоо;
- юстиция системасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- кызматкерлерге өргүүгө чыгаарда дарылануу үчүн материалдык жардам көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин профсоюз уюмуна зарыл учурларда социалдык-маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн акысыз Финансылык жардам көрсөтүү;
- менчик автомашиналарды кызматтык максатта пайдалангандык үчүн чыгымдарды тийиштүү нормативдик актыларга ылайык төлөп берүү;
- чыгымдоолордун сметасы боюнча бюджеттик ассигнованиелер жок же жетишсиз болгондо имараттарды ижаралоо, командировкалык, өкүлдүк жана башка сарптоолорду төлөө;
- саламаттыкты чыңдоо мекемелерине жолдомолордун баасынын бөлүгүн компенсациялоо;
- шаар, район ичинде коомдук транспортко жол кирени төлөө жана тамактанууга сарптоолордун бөлүгүн компенсаииялоо;
- семинарларды жана кеңешмелерди өткөрүүгө, юбилейлик даталарды майрамдоого байланышкан социалдык-маданий иш-чаралар, кайрымдуулук иштери;
- турак жай жана саламаттыкты чыңдоо мекемелерин курууга үлүштүк катышуу, турак жай сатып алуу, кызматтык жайды капиталдык жана учурдагы ремонттоо, эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга байланышкан башка чыгымдар;
- кызматкерлерге процентсиз ссудаларды берүү;
- кызматкерлерге, ошондой эле иштебеген пенсионерлерге жана пенсияга чыгуусуна байланыштуу бошотулган кызматкерлерге бир жолку материалдык жардам көрсөтүү;
- чет өлкөлүк меймандарды кабыл алууну уюштуруу, иш боюнча тажрыйба алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн чет өлкөгө баруудагы командировкалык сарптоолорду төлөө, ошондой зле сметада каралбаган башка чыгымдар;
- юстиция органдарынын өздөрүнө тапшырылган милдеттерди жана функцияларды аткаруу боюнча ишкердигин жакшыртууга арналган башка ишчаралар;
- келишимдик негизде тартылган адистердин кызматына акы төлөөгө.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 506, 2014-жылдын 17-мартындагы № 136, 2016-жылдын 23-августундагы № 454 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги атайын эсептин каражаттарынын түшүшүн жана бөлүштүрүлүшүн эсепке алат жана алардын аныкталган тартипте пййдаланылышы жөнүндө отчет берет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)