КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КР 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 21-октябры № 114
Адвокаттык иш жөнүндө
(КР
2004-жылдын 24-мартындагы № 47, 2013-жылдын 30-июлундагы № 178,
2013-жылдын 12-октябрындагы № 191
мыйзамдарынын
редакцияларына ылайык)
(КР 1999-жылдын 21-октябрындагы № 115 Мыйзамына ылайык колдонууга киргизилген)
(1-6 статьялар) | |
(7-11 статьялар) | |
3-Глава. Адвокаттардын укугу жана милдети. Адвокаттык иштин кепилдиги |
(12-17 статьялар) |
(18-20 статьялар) | |
(21-26 статьялар) |
1-статья. Адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актылары Кыргыз Республикасында адвокаттык ишти жөнгө салуунун укуктук негизи.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Адвокаттык иш жеке жана юридикалык жактарга алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоону жүзөгө ашырууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнү билдирет.
Адвокаттык иш мамлекет тарабынан лицензиялануучу иштин түрү.
3-статья. Адвокаттык иштин принциптери
Төмөндөгүлөр:
- конституциялык укуктун коргоо кепилдиги;
- адвокаттык иштин эркиндиги жана өз алдынчалыгы;
- адвокаттардын өз ара мамилелериндеги демократиялуулук жана коллегиалдуулук;
- адвокатурада мүчөлүктүн милдеттүүлүгү;
- мыйзамдарды жана кесиптик этиканын эрежелерин сактоо адвокаттык иштин принциптери болуп саналат.
Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна ээ лицензиясы бар Кыргыз Республикасынын жараны адвокат болушу мүмкүн.
Адвокаттар жана адвокаттардын жардамчылары бир эле учурда мамлекеттик кызматта боло алышпайт. Адвокаттарга, адвокаттардын жардамчыларына окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык иш жүргүзүүгө уруксат берилет.
Адвокаттардын кесиптик коомдук уюмдарга биригиши Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Коомдук бирикмелер жөнүндө» Мыйзамынын жана башка мыйзамдарынын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
5-статья. Адвокаттык иш жүргүзүүдөгү чектөөлөр
Төмөндөгү:
мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;
жаманатты жагдайлар боюнча укук коргоо органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан чыгарылган адамдарга, - адвокаттык иш жүргүзүүгө жол берилбейт.
6-статья. Юридикалык жардам берүүнүн кепилдиги
Мамлекет муктаж болгондордун бардыгына эч кандай чектөөсүз юридикалык жардам берилишин кепилдикке алат.
Мамлекет аймагында жашаган же туруктуу жайы бар бардык адамдарга юридикалык жардам алууга жана анын мүнөзү жана тартиби жөнүндө маалыматка бирдей ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берет.
Мамлекет жарандардын каражаты жок болгон учурларда аларга акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү жана коргоону камсыз кылат.
Жарандарга юридикалык жардамды камсыз кылуу үчүн, ошондой эле мыйзамга ылайык акысыз же болбосо андан тышкары кардар менен эркин түзүлгөн келишимге ылайык көрсөтүлүүчү юридикалык жардамга акы төлөө үчүн керектүү каржылоонун кепилдигин мамлекет алат.
7-статья. Адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясы
Ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларына ылайык лицензия алышкан адамдар адвокаттык иш жүргүзүүгө укуктуу.
Адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик орган тарабынан берилет.
Лицензия берүү үчүн акы алынат. Алынуучу каражаттар мамлекеттик бюджетке жиберилет.
Адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясынын берилген күнү анын башталыш датасы болуп эсептелет. Адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясы ушул Мыйзамга ылайык токтотулуп же жараксыз деп табылганга чейин күчүндө болот.
8-статья. Квалификациялык комиссия
Квалификациялык комиссия адвокаттык иш жүргүзүүнү каалаган адамдарды сынактан өткөрөт.
Төмөндөгүлөр:
- юридикалык жогорку билими барлар;
- кеминде бир жыл юридикалык иш тажрыйбасы барлар же кеминде бир жыл адвокаттын жардамчысы болуп иштегендер;
- атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу жоктор лицензия алуу үчүн сынакка киргизилет.
Сынак үчүн киргизиле турган юридикалык сабактардын тизмеси жана сынактан өтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилиги тарабынан бекитилет.
Квалификациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин алдында түзүлөт.
Квалификациялык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилиги тарабынан аныкталат.
Квалификациялык комиссиянын төрагасы анын заседаниесинде бир жылдык мөөнөткө шайланат.
Квалификациялык комиссиянын чечими анын көчүрмөсү ишке тиешеси бар адамга тапшырылган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.
Квалификациялык сынактан өтпөй калган адамдар экинчи жолку сынакка бир жыл өткөндөн кийин гана киргизилиши мүмкүн.
Квалификациялык комиссия жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги тарабынан бекитилет.
9-статья. Адвокаттык иш лицензиясы
Адвокаттык иш менен алектенүүнү каалаган жана адвокаттык практикада, прокуратурада, укук коргоо органдарынын тергөө бөлөлүмдөрүндө, сотто, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарынын юридикалык бөлүмдөрүндө жана аларды аткаруучу ишинин профили милдеттүү түрдө жогорку юридикалык билимдин болушун талап кылган Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарынын бөлүмдөрүндө беш жылдык стажы бар адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогорку юридикалык билими бар депутаттарына лицензия сынаксыз берилет.
(КР 2013-жылдын 12-октябрындагы № 191 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жана жокко чыгаруу
Адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясынын колдонулушун токтото туруу жана жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
Адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясынын колдонулушун токтото туруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген органдын чечиминин негизинде:
- адвокат депутаттыкка жана башка шайлануучу кызматка шайланганда;
- мамлекеттик кызматка өткөн учурларда жүзөгө ашырылат.
Адвокатты адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясынан ажыратуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган тарабынан:
- адвокат каалоосу менен өзүнүн ыйгарым укуктарын токтоткондо;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан айрылганда;
- ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларын одоно бузганда;
- ушул Мыйзамдын 5-статьясында каралган талаптар адвокат тарабынан бузулган учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Лицензиянын колдонулушун токтото туруу же аны жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген органдын чечими, ал алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.
11-статья. Адвокаттардын мамлекеттик тизмеси
Адвокаттардын мамлекеттик тизмесин Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлиги жүргүзөт.
Мамлекеттик тизмеде: адвокаттын аты-жөнү, анын дареги, берилген лицензиянын убактысы, лицензиянын номери жана адвокаттык мекеменин белгиленген тартипте даярдалган мөөрүнүн үлгүсү камтылууга тийиш. Тизмеде камтылгандарга киргизилген ар кандай өзгөрүүлөр бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдалууга тийиш.
3-Глава. Адвокаттардын укугу жана милдети. Адвокаттык иштин кепилдиги
12-статья. Адвокаттардын укугу
Кесиптик ишмердигин жүзөгө ашырууда адвокат:
- жарандар менен юридикалык жактардын тапшыруусу боюнча, менчигинин түрүнө карабастан, тийиштүү маселелерди чечүү кызмат укугуна кирген бардык органдарда, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда алардын өкүлү болууга жана алардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоого;
- жарандык, чарбалык, жазыктык иштерде жана администрациялык укук
бузуулар жөнүндө иштерде далил катары колдонулушу мүмкүн болгон фактылар жөнүндө маалымат топтоого;
- күбөлөрдөн жазуу жүзүндөгү арыздарды алууга, жеринде карап чыгуунун жеке протоколдорун түзүүгө;
- менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан, ал эми жарандардан-алардын макулдугу боюнча документтерди же алардын көчүрмөлөрүн суроого жана алууга;
- тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон, мыйзам тарабынан корголгон маалыматтардан башка, документтер жана материалдар менен менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда таанышууга;
- атайын билимди талап кылган маселелер боюнча адистердин жазуу жүзүндө корутундусун алууга;
- айыпкерге карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандап алуу жөнүндөгү өтүнмөлөрүн (токтомун) прокурордун кароосунда тергөөчү ага милдеттүү түрдө катышууга, ошондой эле жазуу же оозеки түрдө өтүнүч билдирүүгө; Кыргыз Республикасынын Жазы-процесстик кодексинин 110-статьясынын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жүйөлүү себептерден тышкарыда, айыпкерди камакта кармоонун мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө маселени прокурордун кароосунда да адвокат милдеттүү түрдө катышууга;
- кызмат адамдарынын кабылдоосунда өтүнмөлөр менен даттанууларды билдирүүгө жана мыйзамга ылайык алардан ошол өтүнмөлөр менен даттануулар боюнча жазуу жүзүндө жооп алууга;
- өз өтүнмөлөрү жана даттануулары коллегиалдуу органдардын отурумдарында каралган учурда аларга катышууга жана алардын маани-мазмуну боюнча колдонулган мыйзамга ылайык түшүнүк берүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте камакта отурган кардар менен жолугушуулардын убактысына жана санына чектөө койбостон тоскоолдуксуз жекече жолугушуп турууга;
- жазык ишине шектүүнү (айыпкерди) алгачкы суракка алган учурдан тартып, ал эми кармалганда ал алгачкы текшерүү органына жеткирилген учурдан тартып катышууга;
- шектүүнүн (айыпкердин) пайдасына күбө өткөн материалдарды жеке өзү же детективдин жардамы менен өз алдынча чогултууга, юридикалык жардам көрсөтүүгө байланыштуу маселелерге түшүнүк берүү үчүн келишимдин негизинде адисттердин корутундусун суратып алууга;
- менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден тактамаларды, мүнөздөмөлөрдү жана башка документтерди суратып алууга;
- сотто жана тергөөдө далилдерди келтирүүгө, өтүнмөлөрдү жана четке кагууларды билдирүүгө;
- иштин материалдарынан зарыл маалыматтарды жазып алууга же алардын көчүрмөлөрүн алууга;
- алгачкы текшерүү органынын кызматкерлеринин аракетине, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын, соттун аракетине жана чечимине даттануу берүүгө жана аларды кароого катышууга;
- мыйзамга карама-каршы келбеген ар кандай коргонуу каражаттарын жана ыкмаларын колдонууга укуктуу.
Тергөө аракетин жүргүзүүгө катышып жаткан адвокат тергөөчүнүн уруксаты менен суралып жаткан адамдарга суроо берүүгө укуктуу. Тергөөчү жактоочунун суроолорун четке кагышы мүмкүн, бирок суроолорду протоколго киргизүүгө милдеттүү. Жактоочу тергөө аракетинин протоколуна андагы жазуулардын тууралыгы жана толуктугу жаатында жазуу жүзүндөгү сын-пикирлерди жазууга укуктуу.
Адвокат сот заседаниесинде көрсөтмөлөрдү жазып алуунун үн жазма жана башка техникалык түрлөрүн пайдаланууга укуктуу.
Адвокатуранын тизмесинде турган адвокат Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле тиешелүү чет мамлекеттин мыйзамдарында чектөөлөр жок болсо, чет өлкөдө да юридикалык жардам көрсөтүүгө укуктуу.
Чет мамлекеттен келген адвокаттар Кыргыз Республикасынын адвокат келген өлкө менен мамлекеттер аралык макулдашууларынын негизинде Кыргыз Республикасында жарандарга жана юридикалык жактарга ар кандай түрдөгү юридикалык жардам көрсөтө алат.
(КР 2004-жылдын 24-мартындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Адвокаттын милдеттери
Юридикалык жардам көрсөтүүдө адвокат:
- колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын жана кесиптик этиканын эрежелерин сактоого;
- өзүнө юридикалык жардам үчүн кайрылган жеке жана юридикалык жактардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоонун мыйзамда каралган бардык каражатын жана ыкмаларын колдонууга милдеттүү.
Иш боюнча тараптардын биринин өкүлү же коргоочусу катары чыккан жана чыгып жаткан адвокат ушул эле иш боюнча башка тараптын өкүлү же жактоочусу катары чыгууга укуксуз.
Бир эле адам, тергөө процессинде жана соттордо эгерде бирин жактоонун таламы башкасын жактоо таламына каршы келсе, эки же бир нече адамдын жактоочусу боло албайт.
Жактоочунун бирин башкага алмаштырууга жакталуучунун өтүнүчү же макулдугу боюнча гана жол берилет.
Адвокат өзү макулдугун берген айыпкерди же соттолуучуну жактоодон баш тартууга укуксуз.
Адвокат юридикалык жардам сурап кайрылган адамдарга карата:
- юридикалык жардамга кайрылган адам адвокат менен кеңешкенден кийин маалыматты ачыкка чыгарууга макул болгондон;
- юридикалык жардам үчүн кайрылган адам тарабынан адвокаттын пикири боюнча өлүмгө алып келиши же болбосо оор жаракат келтириши мүмкүн болгон аракеттерди жасоого жол бербөө үчүн жасалгандан башка учурларда, жашыруундукту сактоого милдеттүү.
Өзүнүн кесиптик милдетин аткаруу учурунда адвокат тарабынан, адвокатка кайрылган адамдан алынган маселелер боюнча, түшүндүрүүлөрдүн, кеңеш берүүлөрдүн жана башка маалыматтардын мазмуну жашыруундуулуктун заты болуп саналат.
Адвокатка, адвокаттын жардамчысына, адвокаттык мекемелердин кызматкерлерине жашыруун маалыматтарга жаткан кабарды ачыкка чыгарууга жана аларды өз кызыкчылыгында же үчүнчү жактардын кызыкчылыгында пайдаланууга тыюу салынат.
14-статья. Адвокаттын жардамчысы
Юридикалык жардам көрсөтүү учурунда көмөкчү иштерди аткаруу үчүн адвокат жогорку юридикалык билимдүү адамдардан жардамчыларды алышы мүмкүн. Адвокаттын жардамчысы адвокаттардын укугуна ээ болушпайт жана тергөөдө, сотто жана башка мамлекеттик органдарда иш жүргүзүшүнө жол берилбейт.
Адвокаттын катышуусунда же анын жазуу жүзүндө колу коюлуп, мөөрү басылып күбөлөндүрүлгөн тапшырмасы менен адвокаттын жардамчысы алгачкы текшерүү жана тергөө органдарында, сот жана башка мамлекеттик органдарда менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде жана уюмдарда иштин материалдары менен таанышып чыгууга, документтерди алууга, алардын көчүрмөсүн даярдоого, көчүрүп жазууга жана адвокаттын процесстик ыйгарым укуктарына таандык кылынгандан башка, адвокаттын кароосундагы иштер боюнча башка тапшырмаларды аткарууга укуктуу.
Адвокат менен анын жардамчысынын өз ара мамилеси, адвокаттын жардамчысы аткаруучу иштин көлөмү, эмгекке акы төлөө жана анын ишине таандык башка маселелер адвокат же адвокаттык мекеме менен адвокаттын жардамчысынын ортосунда түзүлүүчү келишим тарабынан аныкталат.
Адвокаттын жардамчыларына юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдардын маалыматынын жашыруундулугун сактоо милдети жайылтылат.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Адвокаттын көз карандысыздыгы
Адвокаттык ишти аткарууда адвокат көз карандысыз жана мыйзамга гана баш иет.
Адвокаттык ишти аткарууда, кардардын укуктарын коргоо каражаты менен ыкмасын тандоодо адвокат өз алдынчалуу жана кандайдыр-бир органдардын жана кызмат адамдарынын, анын ичинде адвокатуранын жана адвокаттык мекемелердин пикирлерине, баа берүүлөрүнө көз каранды эмес.
Өз кардарынын таламдарын коргоодо адвокаттардын укугу соттун, укук коргоо органдарынын жана кызмат адамдарынын эркине жана башка жагдайларга көз каранды эмес.
16-статья. Адвокаттын кол тийбестиги
Адвокаттын турак-жайына же жумуш бөлмөсүнө, пайдаланган транспортуна кирүү, ал жерде кароону, тинтүүнү, алып коюуну жүргүзүү, адвокаттын өзүн кароо же тинтүү, анын мүлкүнө камак салуу жана почта-телеграф корреспонденцияларын карап чыгуу жана алып коюу, анын телефондук жана башка сүйлөшүүлөрүн тыңшоо, адвокатты мажбурлап алып келүү, кармоо жана камакка алуу прокурордун токтому же соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Өзүнүн кесиптик милдеттерин аткаруу учурунда адвокаттар жекече текшерүүгө же жекече тинтүүгө алынышы мүмкүн эмес.
Адвокаттын кесиптик ишине байланыштуу ага карата кылмыш ишинин козголушу мүмкүн, ал эми камакка алуу Кыргыз Республикасынын башкы прокурору же анын орун басарларынын санкциясы менен гана жүргүзүлөт. Өзүнүн кесиптик ишине байланыштуу адвокат көрсөтүлгөн прокурорлордун токтому боюнча гана айыпкер катары ишке тартылышы мүмкүн.
Адвокатка карата кылмыш иши козголгондугу, анын айыпкер катары тартылышы жөнүндө, ошондой эле анын кармалышы же камакта болушу тууралу Кыргыз Республикасынын Адвокаттар коллегиясына токтоосуз билдирилет.
Кесиптик өтөлүн аткаруу учурунда адвокат билдирген пикири, сотто же болбосо укук коргоо органдарынын алдында жасаган билдирүүсү, ошондой эле таанылган кесиптик милдеттери жана этикалык ченемдерге ылайык жүргүзүлө турган ар кандай аракеттери үчүн тартиптик, жарандык-укуктук, администрациялык же жазыктык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.
17-статья. Адвокаттык иштин кепилдиги
Адвокаттын кесиптик укугу, ар намысы жана кадыр-баркы мыйзам тарабынан корголот.
Мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, юридикалык жардам көрсөтүү максатында орун которуу ага зарыл болсо, адвокаттын башка жакка баруу эркиндиги чектелиши мүмкүн эмес.
Адвокаттык иш үчүн атайын уруксат алууну талап кылуу жана башка мыйзамсыз тоскоолдуктарды түзүү, адвокаттык ишке кийлигишүү, адвокатка урматтабай мамиле жасоо, коркутуу-үркүтүү, анын дарегине мазактоолорду жана ушактоолорду айтуу, өмүрүнө, саламаттыгына жана мүлкүнө шек келтирүү же кол салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
Юридикалык жардамга байланыштуу маалыматтарды алып коюуга, карап чыгууга, текшерүүгө, көчүрмөсүн алууга адвокат айыпкер катары тартылган учурларда гана, ал эми башка учурларда жазыктык, жарандык, тартиптик иштерди же администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди караган учурларда - кардардын макулдугу менен гана жол берилет.
Адвокаттык жашыруун сырдын затына кире турган жагдайлар жөнүндө адвокат күбө катары чакырылбайт жана суракка алынбайт. Адвокат ушул жагдайлар жөнүндө түшүнүк же көрсөтүү берүүгө, ал эми изин суутпай-издөө иштерине, сот ишинин жүрүшүнө, укук коргоо органдарында администрациялык жана башка иш жүргүзүүгө пайдалануу үчүн алар жөнүндө кандайдыр-бир материалдарды берүүгө укуксуз. Юридикалык жардам көрсөтүү менен байланыштуу адвокаттан алынган түшүнүк, көрсөтүүлөр жана материалдар далил катары табылышы мүмкүн эмес.
Ар кандай органдар, уюмдар, мекемелер, ишканалар, кызмат адамдары жана башкалар тарабынан адвокаттык ишке ар кандай формада кийлигишүүгө тыюу салынат.
18-статья. Адвокаттык иштин түрлөрү
Адвокаттар иштин төмөндөгүдөй түрлөрүн жүзөгө ашырат:
- юридикалык маселелер боюнча кеңештерди, түшүндүрмөлөрдү, колдонулган мыйзамдар боюнча маалымат кагаздарды берет;
- укук мүнөзүндөгү арыздарды, даттанууларды жана башка документтерди түзөт;
- тергөөдө жактоону жана сотто өкүлчүлүктү жүзөгө ашырат;
- алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, алдын ала тергөөдө жана сотто жазык процесстик мыйзамга ылайык өз милдеттерин аткарат;
- ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, жеке жана юридикалык жактарга юридикалык жардам көрсөтөт;
- жеке жана юридикалык жактардын ишкердик жана тышкы экономикалык ишин укук жагынан камсыздоону жүргүзөт;
- келишимдер жана макулдашуулар боюнча корутундуларды берет;
- мыйзамдарда каралган юридикалык жардамдын башка түрлөрүн көрсөтөт.
19-статья. Адвокаттардын ишинин формалары
Адвокат адвокаттык ишти адвокаттык мекемелер аркылуу же жеке ишкердик катары жүзөгө ашыра алат.
Адвокаттык мекемелер юридикалык жактар болуп саналат.
20-статья. Адвокаттык мекемелер
Адвокаттык мекеме - бул ишинин негизги түрү юридикалык жардам көрсөтүү болуп саналган уюм.
Адвокаттык уюмдар менчиктин ар кандай түрүнүн уюштуруу-укуктук формаларынын негизинде түзүлүшү мүмкүн.
Ар кандай юридикалык же жеке жак адвокаттык мекеменин уюштуруучусу боло алат.
Адвокаттык мекемеге анда жок дегенде бир адвокат иштеген шартта гана адвокаттык иш жүргүзүүгө уруксат берилет.
Адвокаттык мекеменин жетекчиси адвокат гана болушу мүмкүн.
Адвокаттык мекемелер колдонуудагы мыйзамга ылайык каттоодон өтүүгө тийиш.
5-Глава. Юридикалык жардам жөнүндө келишим
21-статья. Юридикалык жардам жөнүндө келишим
Адвокат (адвокаттык мекеме) жеке же юридикалык жактарга алар менен же алардын таламдарында аракеттенген адамдар менен түзүлгөн келишим боюнча юридикалык жардам көрсөтүшөт. Мыйзамда каралган учурларда, адвокат келишимсиз юридикалык жардам көрсөтөт.
Адвокат (адвокаттык мекеме), эгерде ал юридикалык жардамды таламдары иш жүргүзүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган адамдардын таламдарына каршы келген адамдарга мурда көрсөтүшсө же көрсөтүп жатышса, юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө тапшырма алууга укугу жок.
Адвокат, сот, прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү жүргүзгөн адам, эксперт адис, тилмеч, күбө же күбө калыс катары ишке катышса, ошондой эле ишти тергөөгө же кароого өзү менен туугандык мамиледе болгон кызмат адамы катышкан учурда, адвокат юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтү кабыл алууга укуксуз.
Адвокат өз кардарынын таламдарын сактоого тийиш. Адвокат жазык процессиндеги өзүн-өзү каралап чыккандан башка учурларда, чечиминин мааниси жана мүмкүн болуучу кесепети жөнүндө кабары бар жакталып жаткан же өкүлү болгон адамдын ачык билдирилген эркине каршы иш боюнча укуктук позицияны ээлей албайт.
22-статья. Юридикалык жардам үчүн акы төлөө
Юридикалык жардам үчүн акы төлөөнүн түрү жана өлчөмү юридикалык жардам жөнүндө келишимде аныкталат.
23-статья. Юридикалык жардам үчүн акы төлөөнүн түрлөрү
Юридикалык жардам үчүн акы төлөө шарттуу, башкача айтканда юридикалык жардам көрсөтүлүп жаткан иштин кандай аякташына жараша болушу мүмкүн.
Юридикалык жардам үчүн акы чектелип көрсөтүлүшү да мүмкүн.
24-статья. Юридикалык жардам үчүн акыны кайтарып берүү
Эгерде келишимде башкача каралбаса, келишим мөөнөтүнөн мурда бузулганда юридикалык жардам үчүн акы аткарылган гана иш үчүн төлөнүп берилет.
Адвокат тарабынан тапшырма орундуу аткарылбаган учурда, аны менен келишим түзгөн адамдын талап кылуусу боюнча төлөнгөн акы ага толук же жарым-жартылай кайтарылып берилет.
Келишим түзгөн адам менен адвокаттын ортосунда пикир келишпестик келип чыккан учурда, маселелер сот тартибинде чечилет.
25-статья. Адвокаттын эмгек акысы
Адвокаттык мекемеде (анын ичинде мамлекеттик юридикалык конторада) адвокаттын эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык адвокат менен адвокаттык мекеменин ортосунда түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде аныкталат.
Эгерде адвокат өзү адвокаттык мекеменин уюштуруучу болуп саналса же жеке ишкердик иш жүргүзсө, юридикалык жардам үчүн алынган акы анын эмгек акысы болуп эсептелет.
26-статья. Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү
Жарандын каражаты жок болгон учурда ага юридикалык жардам жана аны жактоо мамлекеттин эсебинен камсыз кылынат. Юридикалык жардам көрсөтүүнүн жана жактоонун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |