Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мады айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы

 

2017-жылдын 11-январы № 5

 Мады айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы аты жок көчөлөргө ат коюу жана кайрадан атоо жөнүндө

 Мады айыл өкмөтүнүн Учкун айылындагы эл оозунда атлап жүргөн «Жоош» жана «Учкун» көчөлөрүнүн аттарын өзргөтүү жөнүндөгү айыл тургундарынын арыздарын жана сунуштарын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7 – беренесин негиз кылыпМады айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Учкун айылындагы эл оозунда аталып жүргөн “Жоош” жана “Учкун” көчөлөрүнүн аттары өзгөртүлүп жаны аталыштар ыйгарылсын

2. Жоош көчөсүнө ушул айылда жашап өткөн маркум Зикиров Бекмураттын аты ыйгарылсын

3. Учкун көчөсүнө ушул айылда жашап өткөн маркум Эргешов Тагайдын аты ыйгарылсын

4. Жаныдан аталышка ээ болгон Зикиров Бекмурат жана Эргешов Тагай атындагы көчөлөрүнө көчөлөрдүн аттары жазылган көчө белгилерин жаздырып илдируу, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун ондоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы көчөлөргө аттары ыйгарылган маркумдар Зикиров Бекмураттын жана Эргешов Тагайдын балдарына жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин тийиштүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Асанов