Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 
14-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери 44-07

Бишкек шаары
2007-жылдын 14-марты № 13/13

       КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

        "Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү
                  жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоо тууралуу

     Кыргыз Республикасынын  Улуттук  банк Башкармасы, "Кредиттик союз-
дардын ишине  инспектордук  текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоонун
долбоорун карап  көрүп,  Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкы  жөнүндөгү",  "Кредиттик  союздар жөнүндөгү" Мыйзамдарына таянуу менен токтом кылат:
     1. Кароого сунушталган "Кредиттик  союздардын  ишине  инспектордук
текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
     2. Көзөмөл  методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык
бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция минис-
трлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
     3. Токтом  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-
тик каттоодон өткөндөн кийин,  расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө
кирет.
     4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз  Республикасынын  Юстиция
министрлигине маалымдасын.
     5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу  милдети
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.Э.Джа-
ныбековага ыйгарылсын.

     Кыргыз Республикасынын Улуттук
     банк Башкармасынын Төрагасы                       М.Алапаев