Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 3-июлунда каттоодон өткөн.
Каттоо номери № 67-09

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\18299449-ce6b-4221-8ab3-f524f829e0f2\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2009-жылдын 27-майы № 25/3

"Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жана "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыз жөнүндө" мыйзамынын 15-статьясынын талабын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобо, ушул токтомго карата 1-тиркемеге ылайык, ал эми "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобо, ушул токтомго карата 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 11-декабрында 115-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 46/6 "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" 300826 тууралуу" токтом;

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 11-декабрында 117-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 46/7 "Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин жана ломбарддын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобо тууралуу" токтом.

3. Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтсүн.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага

М.Алапаев