Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\d3431320-2c06-4d7d-a7cb-68028e47f288\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2009-жылдын 23-декабры № 50/7

Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 43-статьясына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып бир айдан кийин күчүнө кирет.

3. Юридикалык бөлүм бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын тизмесине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын структуралык бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн ошондой эле, кредиттик союздарды тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөсү С.К.Алыбаева айымга жүктөлсүн.

 

Төрага

М.Алапаев