Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 

Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2009-жылдын 28-декабрындагы
N 51/4 токтомуна карата
тиркеме

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча
НУСКОО

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2014-жылдын 16-июлундагы № 32/6, 2015-жылдын 23-декабрынын № 78/23, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/6, 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/13, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Караңыз:

КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы N 49/3 "Экобанк" ААКсынын капиталдын шайкештик стандарттарын сактоосуна карата талаптар жөнүндө" токтому

1. Жалпы жоболор

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Ислам банкынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын, ошондой эле "ислам терезесине" ээ банктын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттерин эсептөө өзгөчөлүктөрүн белгилөө, бул Нускоонун максаты болуп саналат.

3. Банктын капиталы пайдалуу жана туруктуу өсүштү камсыз кылат, кардардын банкка карата ишениминин гаранты болуп саналат жана ал банк ишине тиешелүү потенциалдуу жоготуулардын ордун жабуу үчүн пайдаланылат.

4. Капитал, өтө эле тобокелдиктүү жагдайлардын жана банктын финансылык жактан кудуретсиздик (төлөөгө жөндөмсүздүүлүк) кесепеттеринен коргогон каражат болуп саналат. Банк, төлөөгө жөндөмсүздүк абалынын келип чыгыш коркунучуна жеткирбестен, мүмкүн болгон чыгымдардын жана жоготуулардын ордун жабууга шарт түзгөн шайкеш капиталга ээ болууга тийиш. Капитал өлчөмү, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылып жаткан, өзүндө жогорку деңгээлдеги тобокелдикти камтыган банк операцияларынын көлөмүнүн көбөйүүсүнө шайкеш болууга тийиш.

2. Ислам банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттары

5. Капиталдын минималдуу өлчөмү:

а) Кыргыз Республикасында жаңы ачылган ислам банктары үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү;

б) капиталдын өздүк (регулятивдик) капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү. Өздүк каражаттардын өлчөмү, Биринчи деңгээлдеги таза капиталдан капиталга утурлап инвестициялоону эсептен алып салуунун натыйжасы катары аныкталат. Биринчи деңгээлдеги таза капитал ушул Нускоонун 18-пунктунун а) пунктчасына ылайык аныкталат. Капиталга утурлап инвестициялоо - бул, банктардын жана банктык эмес уюмдардын бири-биринин капиталында (акция түрүндө же капиталга үлүштүк катышуу) өз ара катышуусу.

6. Ислам банкынын капиталынын, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган баланстык активдердин (мындан ары текст боюнча - активдердин) жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк тарабынан кабыл алынган баланстан тышкаркы милдеттенмелердин (мындан ары текст боюнча - баланстан тышкаркы милдеттенмелердин) тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнүшүнө негизделген, шайкештик коэффициенти:

а) суммардык капиталдын шайкештик коэффициенти (ислам банкыныкы К2.1) 12% кем болбоого тийиш. Ал таза суммардык капиталдын потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдарды жана Экинчи деңгээлдеги капиталга кошулбаган (б.а. тобокелдиктин деңгээли боюнча өлчөнгөн баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасынан 1,25% ашкан) жалпы камдарды минуска чыгаруу менен, ошондой эле чектелген мудара келишими боюнча тартылган каражаттардын эсебинен каржылануучу, тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдерди минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммаларына карата катышы катары аныкталат. Таза суммардык капитал ушул Нускоонун 18-пунктунун б) пунктчасына ылайык аныкталат. Экинчи деңгээлдеги капитал ушул Нускоонун 16-пунктуна ылайык аныкталат;

б) Биринчи деңгээлдеги капиталдын шайкештик коэффициенти (ислам банкыныкы К2.2) 6% кем болбоого тийиш. Ал Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдарды жана Экинчи деңгээлдеги капиталга кошулбаган (б.а. тобокелдиктин деңгээли боюнча өлчөнгөн баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасынан 1,25% ашкан) жалпы камдарды минуска чыгаруу менен, ошондой эле чектелген мудара келишими боюнча тартылган каражаттардын эсебинен каржылануучу, тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдерди минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммаларына карата катышы катары аныкталат.

7. "Ислам терезесине ээ" банктын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" Нускоого(1) ылайык (мындан ары - Коммерциялык банктар үчүн нускоо), капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөөгө ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган жана тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдерди милдеттүү түрдө кошуу менен эсептелинет.

8. "Ислам терезесине ээ" банктын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициентин эсептөөдө, анын айрым бөлүктөрү ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операцияларды эске алуу менен эсептөөгө кошулат. Мисалы, Экинчи деңгээлдеги капиталды эсептөөдө ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуучу жалпы камдар кошулууга тийиш.

9. Левераж (ислам банкынын К2.3) 8% кем болбоого тийиш. Левераж таза Суммардык капиталдын суммардык активдерге карата (материалдык эмес активдерди минуска чыгаруу менен мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун баланстык отчету боюнча активдердин жыйынтык маанисине карата) катышы катары аныкталат.

9-1. Банктын финансылык туруктуулугун сактоо жана иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында, дивиденддерди төлөө үчүн "банк капиталынын кошумча запасын" колдоого алуу жөнүндө талап ("капитал буфери" индекси) белгиленет. "Капитал буфери" индекси суммардык капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөө сыяктуу эле аныкталат. "Капитал буферинин" индексинин мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

9-2. Эгерде төлөө пландаштырылган, эсептен чыгарылган дивиденддер суммасын эске алуу менен эсептелген "капитал буфери" индекси Улуттук банк тарабынан белгиленгенден төмөн маанини түзсө, банк дивиденддерди төлөө жөнүндө чечимди кабыл алууга укугу жок.

Дивиденддер төлөнгөндөн кийин "капитал буфери" индекси Улуттук банк тарабынан белгиленгенден төмөн эмес маанини түзүүгө тийиш.

Төлөө пландаштырылган, эсептен чыгарылган дивиденддер суммасын эске алуу менен эсептелген "капитал буфери" индексинин мааниси сакталган учурда, банк өз уставдык капиталын бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен көбөйткөн учурларды эске албаганда, Улуттук банктан төлөө үчүн уруксат алууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)

9-3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Капитал түзүмү

10. Капиталдын өзөгүн банктын толук төлөнгөн уставдык капиталы түзөт.

11. Капиталдын курамына банктын акционерлери тарабынан салынган каражаттарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмелер жок болгон уставдык капитал (жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар) гана кирет. Бул каражаттар акцияларды үчүнчү жакка өткөрүп берүү же сатуу аркылуу гана алынышы мүмкүн.

12. Банк, өздүк акцияларды күрөөгө кабыл алууга укугу жок.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Банктык көзөмөл максатында, капиталдын шайкештигине баа берүүдө капиталдын курамына айрым "капиталдык эмес" бухгалтердик эсептер камтылат (мисалы, "Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга жалпы кам" же "Субординацияланган облигациялар жана башка карыздык милдеттенмелер").

14. Капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөө максатында, банк капиталы Биринчи деңгээлдеги капиталга жана Экинчи деңгээлдеги капиталга бөлүнөт.

15. Биринчи деңгээлдеги капиталдын түзүмү төмөнкүчө аныкталат:

а) "жөнөкөй акциялар" - мыйзам актыларында белгиленген шарттарды канааттандыруучу, банктын чыгарылган жана толугу менен төлөнгөн жөнөкөй акциялары;

б) "номиналдан үстөк салынган капитал" - жөнөкөй акцияларды сатуу баасы менен баштапкы жайгаштыруудагы номиналдык наркынын ортосундагы айырма. Номиналдан үстөк салынган капитал банк акцияларын эмиссиялоодо аларды жайгаштырууга, каттоого жана басып чыгаруу үчүн типографиялык чыгашаларга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө пайдаланылышы мүмкүн.

Номиналдан үстөк салынган капитал дивиденд түрүндө акционерлерге бөлүштүрүлүүгө тийиш эмес.

Улуттук банктын уруксаты менен номиналдан үстөк салынган капитал банктын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды аткаруу максатында банктын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

Банк төмөнкү учурларда гана өздүк акцияларын сатып алууга укуктуу:

- банк менен ошол учурда иш алып барып жаткан акционерлер ортосунда алдына ала келишим түзүлгөн шартта, мурда сатылып алынган акцияларды акционерлерге кыйла жогорулатылган баада андан ары сатуу максатында;

- өздүк акцияларды төлөп сатып алуу келишими кабыл алынганга чейинки акыркы 5 (беш) жыл аралыгында банк пайда алып келген.

в) "банктын болочоктогу керектөөлөрү үчүн камдар" - салык алуудан кийинки пайдадан түзүлгөн, келечектеги жана/же күтүүсүз жагдайлар үчүн каралган камдар;

г) "өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы (чыгымы)" - жарыяланган дивиденддерди эсептеп алып салуудан жана башка капиталдык эсептерге бөлүштүрүүдөн кийин, салык алуудан кийинки өткөн жылдардагы таза пайданын (чыгымдын) калдыгы;

д) (минус) "өтүп жаткан жылдын чыгымы" - банктын өтүп жаткан жылдагы чыгым тартуулары.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык)

16. Экинчи деңгээлдеги капиталдын түзүмү төмөнкүчө аныкталат:

а) "өтүп жаткан жылдын пайдасы" - салык алуудан кийин, өтүп жаткан жылы алынган пайда;

б) "жалпы камдар":

1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган/кабыл алынган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуучу "жалпы" камдар;

2) "баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдар" - сатууга жарактуу болгон, баалуу кагаздарды кайра баалоонун натыйжасында реализацияланбаган пайда (чыгым);

3) "консалидациялоо учурунда чет өлкө валютасын кайрадан эсептөө боюнча камдар" - банктын чет өлкөлүк туунду финансы уюмдарынын отчетторун консолидациялоо учурунда валюта курсунун өзгөрүүсүнүн натыйжасында келип чыккан реализацияланбаган пайда (чыгым);

в) "алынган пайданы теңдештирүүгө камдар" - бул, ислам банкынын Директорлор кеңешинин чечими боюнча түзүлгөн инвестициялык эсеп ээлеринин инвестициялары боюнча кирешелүүлүктү белгилүү бир деңгээлде колдоп туруу максатында, мударибдин үлүшүн бөлүштүрүүгө чейинки дүң пайдадан бөлүнүүчү суммалардын эсебинен түзүлгөн кам. Бул камды эсептөө боюнча шарттар алдын-ала аныкталууга жана инвестициялык эсеп ээси кол койгон келишим шарттарына ылайык колдонулууга тийиш.

г) "инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам" (болгон болсо) - инвестициялык эсеп ээлеринин келечектеги инвестициялык чыгым тартуу тобокелдигинин оорчулугун басаңдатуу максатында, мударибдин пайдасынын үлүшү бөлүштүрүлгөндөн кийин инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасынан бөлүнгөн сумма. Бул камды пайдалануу тартиби ислам банкынын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш.

д) "капиталдын башка инструменттери" - капитал катары сыяктуу эле, карыздык милдеттенмелер белгилерине ээ инструменттер.

Аларга төмөнкүлөр кирет:

1) артыкчылыктуу акциялар, алар бул статьяда артыкчылыктуу акциялардын сатуу баасы менен номиналдык наркынын ортосундагы айырманы эске алуу менен көрсөтүлөт;

2) мөөнөтсүз субординацияланган карыз - төмөнкү талаптар аткарылган шартта, мөөнөтсүз субординацияланган карыз инструменттери:

- бул инструменттер толугу менен төлөнгөн, субординацияланган жана күрөө менен камсыздалбаган (кандай гана түрү болбосун) болууга тийиш; "субординацияланган" карыз деген түшүнүк, банк жоюлган шартта бул милдеттенмелер боюнча талаптар кредиторлордун жана аманатчылардын бардык кине коюларынын канаатандырылышынан кийин акыркы кезекте, бирок банктын акционерлери менен эсептешүүлөргө чейин төлөнүп берилишин билдирет;

- банк бул инструменттерди утурумдук чыгашаларынын ордун жабуу үчүн, б.а. банкты жоюу процесси башталганга чейин колдонушу мүмкүн;

- бул инструменттер алардын ээлеринин демилгеси боюнча жана/же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) алдын-ала макулдугусуз төлөнүүгө тийиш эмес;

3) мөөнөттүү субординацияланган карыз - төмөнкү талаптарды сактоо учурунда мөөнөттүү субординацияланган карыздын инструменттери:

- субординацияланган карыз камсыздалбаган болууга тийиш;

- карызды төлөөнүн минималдуу мөөнөтү 5 жыл, мында капиталды эсептөөдө субординацияланган карыздын баштапкы суммасынан жыл сайын субординацияланган карыздын баштапкы суммасынан 20% алынып салынат. Ал эми субординацияланган карызды төлөө мөөнөтү 5 жылдан ашкан шартта, капиталдан субординацияланган карыздын баштапкы суммасынан 20% өлчөмдөгү ар жылдык алып салуулар, төлөө мөөнөтүнүн акыркы 5 жылынын ичинде жүзөгө ашырылууга тийиш;

- мөөнөттүү субординацияланган карыздын инструменттери утурумдук чыгым тартуулардын ордун жаппайт;

- мөөнөттүү субординацияланган карыздын инструменттери кредиторлордун талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнүүгө тийиш эмес.

Мында, банк мөөнөттүү субординацияланган карыздын инструменттерин Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн уруксатысыз, белгиленген мөөнөттөн мурда төлөй албайт.

Банк, мөөнөттүү субординацияланган карыздын инструменттерин төлөө мөөнөтү келип жеткендиги жөнүндө Улуттук банкка алдын-ала билдирүүгө милдеттүү.

Мында, ошондой эле ушул пункттун д) пунктчасында камтылбаган башка инструменттер да эске алынышы зарыл. Ушул пункттун д) пунктчасында чагылдырылган инструменттерди капиталдын курамына киргизүү, ар бир тиешелүү жагдайларда Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)

17. Капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөөдө анын айрым курамдык бөлүктөрү төмөнкүлөрдү эске алуу менен капиталдын эсебине кошулат:

а) Экинчи деңгээлдеги капитал - Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө;

б) жалпы камдар - баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин тобокелдик боюнча өлчөнгөн суммасынан 1,25% барабар мааниден ашпаган өлчөмдө;

в) мөөнөттүү субординацияланган карыз - Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын өлчөмүнүн 50% ашпаган өлчөмдө;

18. Капиталдын шайкештик коэффициентин эсептөөгө чейин капиталдын курамдык бөлүктөрүнөн төмөнкү алып салуулар жүзөгө ашырылууга тийиш:

а) Биринчи деңгээлдеги капиталдан материалдык эмес активдер алынып салынат. Алынган маани Биринчи деңгээлдеги таза капитал болуп саналат;

б) Суммардык капиталдан, б.а. Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана Экинчи деңгээлдеги капиталдын суммасынан шарика/мушара өнөктөштүк келишими боюнча ишке ашырылган инвестицияларды (акция же капиталга үлүштүк катышуу түрүндөгү) эске албаганда, башка консолидацияланбаган банктарга жана финансы-кредит уюмдарга, ошондой эле банктык эмес уюмдарга инвестициялар (акция же капиталга үлүштүк катышуу түрүндөгү) алынып салынат. Алынган маани таза Суммардык капитал болуп саналат.

19. Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана таза Суммардык капиталдын мааниси капиталдын шайкештик стандарттарын жана Улуттук банк тарабынан белгиленген башка экономикалык ченемдерди жана талаптарды эсептөө үчүн колдонулат.

4. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган баланстык активдерди тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү

20. Ушул нускоонун чегинде капиталдын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү кредиттик тобокелдикке карата жүргүзүлөт, башкача айтканда активдердин ар кандай түрлөрүнө тиешелүү жана кардардын активдерди толугу менен же жарым-жартылай кайтарып берүүнү камсыз кылуу мүмкүн эместигинде камтылган тобокелдик.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/13 токтомунун редакциясына ылайык)

21. Активдер, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн тигил же бул келишимдерге, анын ичинде операциялардын ар кандай баскычында келип чыгышы мүмкүн болгон кредиттик тобокелдиктин ар кандай деңгээлине ээ. Алсак, ислам банкынын кассасындагы нак акча ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо операциялары боюнча жайгаштырылган активдерге салыштырганда, активдердин тобокелдиксиз түрүнөн болуп саналат.

22. Баланстык активдер кредиттик тобокелдик деңгээлине жараша ушул нускоонун 24-пунктуна ылайык жети категорияга бөлүнөт. Мында, баланстык активдер ага ылайык тигил же бул категорияга чегерилген, кредиттик тобокелдиктин негизги критерийлеринен болуп төмөнкүлөр саналат: контрагенттин түрү, трансферттик тобокелдик көз карашынан өнөктөштүн өлкөлүк тиешелүүлүгү, активди камсыздоо, гарантиялар жана активдин колдонуу мөөнөтүнүн узактыгы.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/13, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)

23. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/13 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

24. Баланстык активдер кредиттик тобокелдик деңгээлине, ошондой эле айрым өнөктөштөрдүн/контрагенттин түрүнө жараша төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

1-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 0%):

а) Кыргыз Республикасынын, ОЭСРге жана ЕАЭСке мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин, ошондой эле "Standard & Poor’s" рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтингине же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings" "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" и "Moody’s Investors Service" рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ мамлекеттердин же банкноттору жана монеталары;

Эскертүү: ОЭСР - Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму. ОЭСРге мүчө-мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org расмий сайтында жайгаштырылган;

б) Улуттук банкка карата талаптар;

в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата талаптар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган ислам баалуу кагаздар жана башка талаптар);

г) "Standard & Poor’s" рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарына карата талаптар;

д) "Standard & Poor’s" рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин өкмөттөрүнө карата талаптар (ислам баалуу кагаздар жана башка талаптар);

е) Кыргыз Республикасынын валютасында туюндурулган жана өзүнчө эсепте турган, камсыздоосу бар активдер (же алардын бөлүгү);

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык;

ж) ОЭСРге жана ЕАЭСке мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин, ошондой эле "Standard & Poor’s" рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтингине же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings" "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ мамлекеттердин валютасында туюндурулган жана өзүнчө эсепте турган, камсыздоосу бар активдер (же алардын бөлүгү).

2-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 10%):

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган утурумдук рыноктук нарк боюнча ислам баалуу кагаздар менен камсыз кылынган активдер (же алардын бөлүгү);

б) "Standard & Poor’s" рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган утурумдук рыноктук нарк боюнча ислам баалуу кагаздар менен камсыз кылынган активдер (же алардын бөлүгү).

3-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 20%);

а) Кыргыз Республикасынын банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;

б) Ислам финансылык институттары үчүн Бухгалтердик эсеп жана аудит уюму (мындан ары текст боюнча - AAOIFI) тарабынан бекитилген, Шариат стандарттары тарабынан тыюу салынбаган алтын жана сертификатталган стандарттык куймалардагы башка баалуу металлдар;

в) "Standard & Poor’s" рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings" "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;

г) Кыргыз Республикасынын банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана ушул уюмдардын гарантияларына негизделген бардык активдер;

д) "Standard & Poor’s" рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан же болбосо отчет берүүчү банкка карата аффилирленген уюм болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана ошол уюмдардын гарантияларына негизделген бардык активдер;

4-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 50%):

а) жеке адамдарга бир үй-бүлөгө турак жай сатып алуу же куруу үчүн сунушталган, ошол турак жай боюнча баштапкы күрөө менен гарантияланган каржылоо. Бул категорияга ошол үйдө же квартирада жашоого ниеттенген, башкача айтканда бул турак жайды (же анын бөлүгүн) башка максаттарда пайдаланбаган (сатуу, ижарага берүү ж.б.) адамдарга берилген активдер гана кирет.

Эгерде мындай активдердин төлөө мөөнөтү 30 күндөн ашык өткөрүлүп жиберилсе же реструктуризацияланса, анда алар кредиттик тобокелдиктин 100% деңгээлиндеги 5-категорияда көрсөтүлөт.

б) Ислам финансылык институттары үчүн Бухгалтердик эсеп жана аудит уюмунун (мындан ары текст боюнча - AAOIFI) Шариат стандарттары тарабынан тыюу салынбаган алтын жана сертификатталган өлчөнгөн куймалардагы башка баалуу металлдар.

в) коммерциялык банк тарабынан мамлекеттик программа боюнча, анын ичинде банктын өздүк каражаттарынын эсебинен айыл чарбасын жана экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоого байланыштуу мамлекеттик программалар, ошондой эле республиканын экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган башка мамлекеттик программалар боюнча сунушталган каржылоо.

Эгерде мындай активдердин төлөө мөөнөтү 90 күндөн ашык өткөрүлүп жиберилсе жана/же кайрадан реструктуризацияланса, анда алар кредиттик тобокелдиктин 100% деңгээлиндеги 5-категорияда көрсөтүлөт.

Эскертүү: мамлекеттик программаларга толугу менен же анын бөлүгү республикалык бюджеттен каржылоого алынган же республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен субсидиялоо аркылуу жүзөгө ашырылган, анын ичинде мамлекет тарабынан түзүлгөн уюмдар менен кызматташтыкта ишке ашырылуучу каржылоо; эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) долбоорлорду жүзөгө ашыруунун алкагында программалар кирет.

5-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 100%):

а) 1-категорияга кирбеген банкноттор жана монеталар;

б) "Standard & Poor’s" рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" төмөн болгон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана борбордук банктарына карата талаптар (ошол мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар);

в) "Standard & Poor’s" рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" төмөн болгон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings" "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;

г) "Standard & Poor’s" рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings" "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан же болбосо отчет берүүчү банкка карата аффилирленген уюм болуп саналган мамлекеттердин банктарына жана финансы-кредит уюмдарына карата талаптар;

д) "Standard & Poor’s" рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings" "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана финансы-кредит уюмдарына карата талаптар;

е) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер:

- мудараба, мушарака келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер. Мында, ушул келишимдер боюнча камсыздоо катары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттөрдө сатып өткөрүүгө тийиш болгон күрөө (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк) колдонулат. Сатып өткөрүү учурунда күрөө наркы каржылоонун негизги суммаларын жана күрөөнү сатып өткөрүүгө байланыштуу мүмкүн болуучу чыгымдарды банкка төлөө үчүн жетиштүү болуусу зарыл.

Күрөө наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин бардык субъекттери тарабынан милдеттүү түрдө колдонулуучу мүлктү баалоо стандарттарына ылайык, көз карандысыз баалоочунун корутундусу менен тастыкталууга тийиш. Күрөөлүк мүлккө жыл сайын көз карандысыз баа берүү, ушул категорияга активдерди чегерүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат. Камсыздоонун наркы төмөндөп, сапаты начарлаган жагдайлар күрөөнү сатып өткөрүүдө кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн болгон учурда мудараба, мушарака келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер 400% тобокелдик деңгээли менен 6-категорияда көрсөтүлөт. Банктын мудараба, мушарака келишимдери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу тажрыйбаларына жараша Улуттук банк, мындай операцияларды жүзөгө ашырууда, анын ичинде күрөөлүк камсыздоого карата кошумча талаптарды жана чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган, башка категорияларга кирбеген башка активдер;

д) банктын негизги каражаттары жана башка менчиги;

е) ушул нускоонун 18-пунктунун "б" пунктчасында каралган алып салууларды минуска чыгаруу менен инвестициялар жана финансылык катышуу;

ж) мурдагы категорияларга кирбеген жана башка активдер.

6-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 150%):

- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасындагы активдерди эске албаганда, ошондой эле 4-категорияда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чет өлкө валютасында жайгаштырылган активдер.

7-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 400%):

- 1-6-категорияларда көрсөтүлгөн активдерди эске албаганда, мудараба, мушарака келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/13, 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)

25. Баалуу кагаздарга салымдар сыйакыны (дисконтту) жана реализацияланбаган пайданы (чыгымдарды) минуска чыгаруу менен өлчөнөт.

26. Активдер боюнча кирешелер, активдердин өздөрү өлчөнгөндөй эле тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнөт.

5. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерге тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү

27. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер да белгилүү бир шарттар орун алышы учурунда (20-пунктту карагыла) кредиттик тобокелдикке дуушарлануусу ыктымал. Мисалы, банктын кардардын атынан гарантияларды берүүсү, белгилүү бир жагдайлардын келип чыгышы шартында, активдерди кадимкидей эле жайгаштырууга трансформацияланышы мүмкүн.

28. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча тобокелдик өлчөмү, баланстан тышкаркы милдеттенмелердин номиналдык наркын кредиттик конверсия факторунун тиешелүү пайыздык өлчөмүнө көбөйтүү аркылуу аныкталат. Алынган маани баланстан тышкаркы милдеттенмелердин баланстык эквиваленти болуп саналат жана андан ары ушул Нускоонун 4-бөлүгүнө ылайык, кредиттик тобокелдиктин деңгээлине жараша өлчөнөт.

29. Бул Нускоодо баланстан тышкаркы милдеттенмелер үчүн кредиттик конверсиянын факторлорунун төмөнкү пайыздык өлчөмдөрү аныкталган:

Кредиттик конверсия фактору - 0%:

а) банктын, алдын-ала билдирүүсүз эле кайсыл болбосун убакта дароо жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү болгон же карыз алуучунун финансылык абалынын начарлоо учурунда алар боюнча автоматтык түрдө жокко чыгаруу укугу каралган кандай болбосун милдеттенмелер.

Кредиттик конверсия фактору - 20%:

Мурабаха келишиминин негизинде, товарлар/жүктөр түрүндөгү күрөө камсыздоо катары колдонулган импорт жана экспортту каржылоо учурунда банк тарабынан берилген же тастыкталган аккредетив.

Кредиттик конверсия фактору - 50%:

а) айкын келишим менен байланышкан, баланстан тышкаркы милдеттенмелер (мисалы, подрядчик курулуш долбоорлорунда өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда, буйрутма берген адамга чыгым тартууларынын ордун толтуруп берүүгө жана башка ушул сыяктуу милдеттенмелерди гарантиялаган аккредетив);

б) соода операцияларына байланыштуу болгон, кыска мөөнөттүү өзүнөн-өзү жоюла турган милдеттенмелер (мисалы, товарлардын жүктөлүп жөнөтүлүшү менен камсыз кылынган документардык аккредетив).

Кредиттик конверсия фактору - 100%:

а) активди берүү (жайгаштыруу) боюнча милдеттенмелер;

б) кредитти алмаштыруучулар (мисалы, жалпы гарантиялар, камдык аккредетивдер, акцептөө боюнча гарантиялар), б.а. эгерде, банктын анын атына гарантия же аккредетив берилген кардары келишим же ушундай негиз боюнча үчүнчү тарапка аванс катары берилген каражаттарды төлөй албаса, үчүнчү тарапка каражаттарды төлөө боюнча банктын юридикалык милдеттенмелерин түшүндүргөн документтер (аталышына көз карандысыз);

в) кийинчерээк сатып алуу менен сатуу жөнүндө келишим жана контрагенттин активдерди белгилүү бир учурларда кайтарып алууга укугу менен активдерди сатуу;

г) активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер;

д) жогоруда белгиленген категорияга кирбеген баланстан тышкаркы башка милдеттенмелер.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык)

30. Банк, валюта курстарына байланыштуу баланстан тышкаркы милдеттенмелерге баа берүүсү зарыл, анткени мындай милдеттенмелердин толук номиналдык наркына эмес, болгону өнөктөштөр келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калган шартта, акча каражаттар агымынын ордуна колдонулуучу (алгылыктуу нарктагы келишим боюнча) потенциалдуу наркына гана кредиттик тобокелдик келип чыгат. Баланстык эквиваленттердин өлчөмү тигил же бул финансылык инструменттердин негизи болуп саналган келишим мөөнөтүнө жана валюта курстарына жараша болот.

Валюта курстарына байланыштуу болгон бардык келишимдер үчүн банктар, ага ылайык, потенциалдуу тобокелдик алардын учурдагы рыноктук наркы кандай болооруна көз карандысыз, келишимдердин ар бир түрү боюнча эсептелинет. Баланстык эквиваленттин өлчөмүн эсептөө үчүн ар бир инструменттин базалык (номиналдык наркын) мүнөзүнө жана анын аракеттенүү мөөнөтүнө жараша белгиленген конверсиондук коэффициенттердин бирине (кредиттик конверсия фактору) көбөйтүү зарыл.

31. Бул Нускоодо валюта курстарына байланыштуу баланстан тышкаркы милдеттенмелер үчүн кредиттик конверсия факторлорунун төмөнкүдөй пайыздык өлчөмдөрү аныкталат:

Келишимдердин аракеттенүү мөөнөтү

Кредиттик конверсия фактору

1 жылга жетпеген

2%

1 жылдан 2 жылга чейин

5%

Ар бир кийинки жылга

+3%

6. "Ислам терезесине" ээ банктын активдерине жана баланстан тышкары милдеттенмелерине тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү

(Главанын аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык)

32. "Ислам терезесине" ээ банктын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициентин эсептөөдө, ушул Нускоодо аныкталган ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган/кабыл алынган банктын баланстык активдерине жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерине тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү ыкмасы колдонулат.

33. "Ислам терезесине" ээ банк тарабынан банк ишинин жана каржылоонун калыптанып, салтка айланган принциптери боюнча жайгаштырылган/кабыл алынган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер Коммерциялык банктар үчүн нускоого ылайык, тобокелдик деңгээлине жараша өлчөнөт.

7. "Ислам терезесине" ээ банктын капиталдын шайкештик стандарттарын аткаруусу жөнүндө отчетту толтуруу жана сунуштоо тартиби

34. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк тарабынан жүзөгө ашырылган операцияларды эске алуу менен капиталдын шайкештик стандарттарынын аткарылгандыгы жөнүндө отчеттор Коммерциялык банктар үчүн каралган нускоо талаптарына ылайык, ушул Нускоодо белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен түзүлөт.

35. Капиталдын шайкештик стандарттарынын аткарылгандыгы жөнүндө отчетту түзүүдө төмөнкүлөр эске алынууга тийиш:

- "ислам терезесине" ээ банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган баланстык активдери Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун "жана башка активдердин калган бөлүгү" деп аталган 15.А-15.В бөлүктөрүндөгү чагылдырылууга тийиш;

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган бардык баланстан тышкаркы милдеттенмелер (кыска мөөнөттүү өзүнөн-өзү жоюлуучу баланстан тышкаркы милдеттенмелерди кошо алганда). Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун "жана башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер" деп аталган 15.Г-бөлүгүндөгү чагылдырылууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8 токтомунун редакциясына ылайык)

36. Капиталдын шайкештик стандарттарынын аткарылышы жөнүндө маалыматтар жана аларды эсептөөлөр, "ислам терезесине" ээ банк тарабынан Коммерциялык банктар үчүн каралган нускоонун талаптарына ылайык жана Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында сунушталат.

8. Дивиденддер

37. Дивиденддер - бул, банк тарабынан алынган жана акционерлер ортосунда мыйзам актыларына ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон таза пайданын бөлүгү.

38. Банк Башкармалыгы (аткаруу органы) аудитордук корутундунун негизинде, банктын Директорлор кеңешине жана акционерлердин жалпы жыйынына кароого алып, тиешелүү баа берүүсү үчүн эң аз дегенде төмөнкүлөрдүн анализин сунуштоого тийиш:

а) капиталдын шайкештиги жана анын өзгөрүү тенденциялары;

б) Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин аткарылышы;

в) банктын кирешелеринин номиналдык жана реалдуу деңгээли (инфляциянын деңгээлин эске алуу менен) жана алардын өзгөрүү тенденциясы;

г) банктын өнүгүү келечеги;

д) экономикалык шарттардын жана инфляциянын деңгээлинин таасирлери.

39. Акциялар боюнча дивиденддер финансы жылынын жыйынтыгы боюнча чегерилет жана төлөнөт.

40. Банк акционерлерге дивиденддерди төлөө үчүн Улуттук банктан уруксат алууга милдеттүү. Улуттук банктан дивиденд төлөөгө уруксат алуу үчүн документтер банк акционерлеринин жалпы жыйыны өткөрүлгөнгө чейинки беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Документтерге банктын дивиденддерди төлөө мөөнөттөрү боюнча пландары жана экономикалык ченемдерди, ошондой эле пландаштырылган дивиденддер суммасын төлөөнү эске алуу менен эсептелген "капитал буфери" индексин сактоо боюнча эсептер тиркелүүгө тийиш.

Банктын туруктуулугуна коркунуч келтирилиши мүмкүн болгон учурда, төмөнкүдөй жагдайлар орун алышы ыктымал болсо Улуттук банк дивиденддерди төлөөгө тыюу салышы же болбосо чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн:

а) дивиденддерди төлөө Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин бузулушун шарттаса;

б) банк капиталынын жеткиликтүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттеринин маанилери Улуттук банк тарабынан ошол банк үчүн белгиленген минималдуу чектен төмөн болсо;

в) дивиденддер төлөнгөндөн кийин "капитал буфери" индекси Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу мааниден төмөн болсо;

г) Улуттук банктын талаптарына ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүлбөсө же жетишсиз өлчөмдө түзүлсө;

д) банк буга чейинки жылдар үчүн жана/же отчеттук жыл үчүн орду жабылбаган чыгымга ээ болсо;

е) бул банктын финансылык абалынын начарлашына алып келсе;

ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

Банк, эгерде чечим кабыл алуу жана дивиденддерди төлөө учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөгө жөндөмсүздүк белгилерине ээ болсо же аталган белгилер дивиденддерди төлөөнүн натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болсо, акциялар боюнча дивиденддерди төлөө (жарыялоо) жөнүндө чечимди кабыл алууга укугу жок.

Банк, эгерде артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим кабыл алынбаса, жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди төлөө (жарыялоо) жөнүндө чечим кабыл алууга укугу жок.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 2019-П-12/19-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)

9. Капиталдын шайкештик стандарттарын аткаруу жөнүндө отчетторду толтуруу тартиби

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8 токтомунун редакциясына ылайык)

41. Капиталдын шайкештик стандарттарынын аткарылышы жөнүндө отчет, Улуттук банк лицензия алышкан ислам банктарында жана финансы-кредиттик уюмдарда бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына ылайык банктын бухгалтердик балансынын негизинде түзүлөт.

42. Отчеттун статьялары ириленген жана деталдаштырылган статьяларга бөлүнөт (мисалы, ириленген 20-статья деталдаштырылган 20.1 жана 20.2 эки бөлүккө бөлүнөт). Деталдаштырылган статьяларда алардын кредиттик тобокелдиктердин тигил же бул категориясына тиешелүүлүгүнө жараша, баланстык активдердин (баланстан тышкаркы милдеттенмелердин) маанилери көрсөтүлөт. Ириленген статьяларда көрсөтүлгөн маанилер, деталдаштырылган статьялардын маанилеринин суммасы болуп саналат.

43. Отчеттун көпчүлүк статьяларынын аталышы Улуттук банктан лицензия алышкан ислам банктарында жана финансы-кредиттик уюмдарда бухгалтердик эсепке алуу эсептер планындагы айрым эсептердин жана эсептердин тобунун аталыштарына төп келет. Ошондой болсо да, айрым статьяларды толтуруу өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Алсак, ар бир статьянын "Баалуу кагаздар портфели" (130-230-статьялар) бөлүгүндө классификацияланышына көз карандысыз, баалуу кагаздардын тиешелүү түрүнүн суммардык баланстык наркы чагылдырылат. Мисалы, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана/же Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар" деп аталган 130-статьяда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана/же Улуттук банк тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган, төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар, соодалык баалуу кагаздар жана сатууга жарактуу баалуу кагаздар сыяктуу классификацияланган баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт.

Нускоонун "Каржылоо" бөлүгүнүн ар бир статьясында (240-370-статьялар) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоонун тиешелүү түрү боюнча карыздардын суммасы, дисконту эсептен алып салуу менен көрсөтүлөт.

 (1) Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 94-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 18/2 токтом менен бекитилген

 (2) Рейтинг белгилөөлөрү Standard & Poor's пайдаланылган ыкмага таянат. Эл аралык деңгээлде таанылган башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган эквиваленттүү рейтингдерди да колдонууга болот.

 (3) Борбордук (Улуттук) банктарга карата, Экономикалык кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюмуна мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин өкмөттөрүнө (Экономикалык кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар) талаптар кредиттик тобокелдиктин - 0% даражасы боюнча өлчөнөт.

 (4) 3-категорияда көрсөтүлгөн банктарды жана ФКМдерди эске албаганда (24-пунктту карагыла).

 (5) Экономикалык кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюмуна мүчө болуп саналышкан мамлекеттерге төмөнкүлөр кирет: Австралия, Австрия, Бельгия, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Греция, Дания, Ирландия, Исландия, Испания, Италия, Канада, Корея, Люксембург, Мексика, Нидерланды, Жаңы Зеландия, Норвегия, Польша, Португалия, Словакия Республикасы, Америка Кошмо Штаты, Туркия, Финляндия, Франция, Швеция, Швейцария, Чехия, Япония.

 (6) Бул тизме Улуттук банк тарабынан толукталышы мүмкүн.