Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Улуттук банк Башкармасынын
2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\383a164a-63e8-4968-a895-7ae6878e13ad\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 19-марты № 8/2

"Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу

(КР УБ Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 22-жана 43-статьяларынын талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. (КР УБ Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы № 34/1 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн коммерциялык банктан Улуттук банктын базалык мезгил аралыгындагы орточо эсептик ченинен үч эселенген өлчөмдө төлөм кармала тургандыгы белгиленсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Улуттук банк Башкармасынын 2001-жылдын 14-мартындагы № 5/5 "Милдеттүү камдык талаптар жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтому;

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 26-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 31-декабрында 157-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 42/3 "Милдеттүү камдык талаптар жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтом;

- Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 2-февралындагы № 4/3 "Милдеттүү камдык талаптарды эсептөөдө валюталык депозиттерди конвертирлөө үчүн колдонулган АКШ долларынын алмашуу курсу тууралуу".

5. Милдеттүү камдарды эсептөө тизмесине кирген валюта милдеттенмелерин эсептөө үчүн чет өлкө валюталарынын алмашуу курсу жана милдеттүү камдарды эсептөө үчүн колдонулган Улуттук банктын чет өлкө валюталарынын депозиттери 2010-жылдын 31-майынан тартып Улуттук банктын учурдагы расмий курстарынын деңгээлинде белгиленсин.

6. Токтом 2010-жылдын 31-майынан тартып күчүнө кирет.

7. Расмий түрдө жарыялангандан кийин Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

8. Экономика башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын структуралык бөлүмдөрүн жана коммерциялык банктарды тааныштырсын.

9. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Алапаев