Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\08000074-3898-4f0b-93fa-54180e627c58\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-марты № 20/4

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Токтом 2011-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

3. Юридикалык бөлүм расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облусттук башмармалыктарын тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктьш Төрагасынын орун басары С.Абдыбалы тегин мырзага жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук

банк Башкармасынын Төрагасынын

милдетин аткаруучу

 

 

Б.Жээнбаева