Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b7b6d2cd-919b-4403-97ab-8d3a576538e0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 27-июлу № 40/4

"Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/2 токтому менен бекитилген "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобо күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Токтом 2011-жылдын 1-сентябрдан тартып күчүнө кирет.

4. Юридика башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

5. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен алмашуу бюролорун тааныштырсын.

6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Б.Ж.Жеенбаева айымга жүктөлсүн.

 

Төрага

З.Асанкожоева