Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\ЖОЛДОШ\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\24ab0537-3bd6-448c-8c6b-d11bba0ef1dc\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

2011-жылдын 29-сентябры № 55/4

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 29-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 27-июлунда 95-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 21/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын своп аукциондорду өткөрүү тартиби" күчүн жоготкон катары таанылсын.

3. Токтом 2011-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы своп-операцияларын жүзөгө ашыруу тартиби боюнча мурда түзүлгөн жана учурда колдонулуп жаткан Генералдык келишимдерди ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Юридика башкармалыгы бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

5. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага үчүн

төраганын милдетин аткаруучу

Жокоев З.Л.