Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

Улуттук банк Башкармасынын

2011-жылдын 14-сентябрындагы

№ 52/4 токтому менен бекитилген

 

"Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө"
ЖОБО

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 15-февралындагы № 8/2, 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул "Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө" жобонун (мындан ары - жобо) аракети Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга (мындан ары - банктар) таркатылат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:

- мамлекеттик баалуу кагаздар - бул, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар;

- рыноктук баалуу кагаздар - бул, баалуу кагаздардын адилет наркын аныктоого өбөлгө түзгөн, өнүккөн, натыйжалуу иштеген, транспаренттүү баалуу кагаздар рыногунда жүгүртүлгөн баалуу кагаздар;

- баалуу кагаздар портфели - банктын менчигинде же тескөөсүндө турган баалуу кагаздардын ар кандай түрлөрүнүн жыйындысы;

- брокер - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу, анын ичинде баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензияга ээ, тиешелүү келишимдин негизинде кардарлардын тапшыруусу боюнча, алардын эсебинен жана таламдарында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү ишке ашырган банк;

- дилер - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу, анын ичинде баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензияга ээ, баалуу кагаздарды кайтара сатуудан же аны менен башка бүтүмдөргө келишүүдөн пайда алуу максатында, өз атынан жана өз эсебинен баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жүргүзгөн банк;

- баалуу кагаздардын депозитарийи - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу, анын ичинде баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензияга ээ, баалуу кагаздарга укуктарды жана (же) алардын өтүшүн каттоодон өткөргөн, ошондой эле ошол баалуу кагаздарды жана бүтүмдөргө келишүү үчүн каралган жана келишимдин (депозитардык келишим) негизинде ошол баалуу кагаздардын менчик ээси же номиналдык кармап туруучусу менен бүтүмдөрдү жүргүзүүдөн түшкөн акча каражаттарын эсепке алууну жана/же сактоону ишке ашырган банк.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

3. Жободо, банктардын баалуу кагаздар менен иштөө тартиби, алар менен иштөөдөгү отчеттуулукка жана ички контролдук системасына карата минималдуу талаптар, банк алар менен баалуу кагаздар аркылуу операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырган брокерге/дилерге/депозитарийге карата талаптар, банк кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин баалуу кагаздар менен иштөөдөгү жоопкерчиликтери аныкталган, ошондой эле, инвестициялык саясатты иштеп чыгуу боюнча негизги эрежелер белгиленген.

Банк, ушул Жободогу шарттар жана талаптар аткарылган учурда, баалуу кагаздар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу.

2-глава. Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын жоопкерчиликтери

4. Банк тарабынан ушул Жободо белгиленген талаптардын жана чектөөлөрдүн сакталышына Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы жооп берет.

5. Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрү квалификациясына жана банк ичинде жүктөлгөн милдеттерине көз карандысыз, мыйзамдарда белгиленген талаптардын аткарылышына, анын ичинде баалуу кагаздар менен ишти жүзөгө ашыруу саясатынын кабыл алынышына, брокерлерди, дилерлерди, депозитарийлерди ошондой эле, банктын жана башка контрагенттерин тандоого карата талаптардын белгиленишине жооп беришет жана алар банктын тиешелүү кызматкерлери тобокелдиктерди тескөө жагында зарыл жөндөмдүүлүктөрүнө ээ экендигине ынануулары зарыл. Директорлор кеңеши өз милдеттерин тиешелүү деңгээлде жүзөгө ашыруу максатында, банктын инвестициялык саясатын бекитип, банктын баалуу кагаздар менен ишине мезгил-мезгили менен талдап иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана тобокелдиктер боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө тийиш. Директорлор кеңеши банктын баалуу кагаздар менен ишти жүзөгө ашыруу маселеси жагында компетентүү болууга жана ички аудитти жүргүзүү аркылуу бул ишти көз карандысыз текшерүүгө алууга тийиш.

6. Банк Башкармасы баалуу кагаздар менен иштин күн сайын тескөөгө алынышына, компентенттүү жана ишти жакшы өздөштүргөн персоналдын болушуна, тиешелүү саясаттардын жана жол-жоболордун аткарылышынын камсыз кылынышына, отчеттордун Директорлор кеңешине берилип турушуна, баалуу кагаздар менен ишти жүзөгө ашырышкан кызматкерлердин милдеттеринин так бөлүштүрүлүшүн караган ички контролдук системасынын уюштурулушуна, тобокелдиктер боюнча чектөөлөрдүн так сакталышына, ошондой эле ички контролдук системасына көз карандысыз баа берүүнүн камсыз кылынышына жооп берет. Банк Башкармасы тарабынан баалуу кагаздар менен иштөө тартибин уюштуруу (баалуу кагаздар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу жана аларды сактоо боюнча) таламдардын каршы келип калышына жол бербөө, ар бир кызматкердин ыйгарым укуктарын жана милдеттерин так көрсөтүү менен ички контролдук системасын уюштуруу боюнча ички документтерди (жоболорду, көрсөтмөлөрдү, жол-жоболорду ж.б.) бекитүүгө тийиш. Банк кызматкерлери анын операцияларына жана бүтүмдөрүнө байланыштуу ар кандай тобокелдиктердин мүнөзүн жана деңгээлин кылдат иликтеп түшүнүүгө жана банктын жалпы стратегиясын ишке ашырууга кандай тобокелдиктер келип чыгышын алдын-ала болжолдоп билүүгө тийиш.

7. Банк Башкармасы банктын баалуу кагаздар менен ишине натыйжалуу ички контролдукту жүргүзүү максатында, Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, өнүктүрүү стратегиясына ылайык күндөлүк ишке, тобокелдиктер боюнча белгиленген чектөөлөрдү сактоо менен жетекчиликти жүргүзүүгө тийиш. Тобокелдиктер боюнча чектөөлөр, банктын жалпы стратегиялык пландарына жана бүтүндөй алганда баалуу кагаздар портфели, ар бир баалуу кагаз менен өз-өзүнчө иш алып барууда орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди эске алуу менен активдерди/милдеттенмелерди тескөөнүн жалпы максаттарына ылайык келүүгө тийиш. Чектөөлөр рыноктук тобокелдиктер, кредиттик тобокелдик, ликвиддүүлүк тобокелдиги жана тобокелдиктердин башка түрлөрү Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого (мындан ары - Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобо) ылайык боюнча белгиленүүгө тийиш. Банк жетекчилиги ошондой эле, дилердик иш менен (фронт-офис) бүтүмдөрдүн бухгалтердик эсепке алуудагы (бэк-офис) жоопкерчиликтерди банктын операциялык ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында, так чекте бөлүшү зарыл.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

8. Баалуу кагаздар менен жүргүзүлгөн операциялар жана бүтүмдөр боюнча чогуу алгандагы лимит, банктын Директорлор кеңеши тарабынан белгиленет. Наркы, банктын инвестициялык саясатында белгиленген лимиттерден ашкан баалуу кагаздарды сатып алуу, кийинчерээк Директорлор кеңешинин жактыруусу менен Банк Башкармасы тарабынан бекитилүүгө тийиш.

9. Банк жетекчилиги мезгил-мезгили менен бирок, кеминде жылына бир жолу, банктын инвестициялык ишине, баалуу кагаздар менен ишине, ички контролдук системасына тиешелүү саясаттарга, жоболорго жана ички жол-жоболорго алардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, банк ишинин стратегиясына ылайык келүүсү көз карашынан, тышкы жана ички факторлордун таасирлерин эске алуу менен баяндама даярдап, зарылчылык келип чыккан шартта, тиешелүү корректировкалоочу чараларды киргизет.

10. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы тарабынан алынган, анын баалуу кагаздар менен ишин жана аларды коштоп жүргөн тобокелдиктерди терең иликтеп түшүнүүгө түрткү берген кесиптик консультацияларга карабастан, банктын бул башкаруу органдарынын жоопкерчиликтери башка адамдарга жүктөлүүгө тийиш эмес. Директорлор кеңеши жана Банк Башкармасы тарабынан банктын баалуу кагаздар менен ишине жүргүзүлгөн натыйжасыз көзөмөлдүк, кооптуу жана алгылыксыз банктык тажрыйба катары таанылат.

3-глава. Инвестициялык саясат

11. Банктын инвестициялык саясаты анын инвестициялык жана соода стратегияларын, алардын максатын чагылдырылууга, тиешелүү тобокелдиктерди натыйжалуу тескөө жана контролдоо боюнча иш-чараларды ачып көрсөтүүгө жана кеминде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

а) баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча аракеттерди (төлөөгө чейин кармап туруу, соода) жана алардын максатын (мисалы, ликвиддүүлүктү колдоо, киреше алуу, күрөөлүк талаптарды сактоо ж.б.) чагылдыруу;

б) инвестициялык жана соода боюнча чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды ички лимиттөө тартиби. Бул максаттар үчүн банктарга белгилүү бир ыйгарым укуктар жана жоопкерчиликтер чегерилген Инвестициялык комитетти түзүү же ушул ыйгарым укуктар же жоопкерчиликтерди Банктын активдерди жана пассивдерди тескөө комитетине чегерүү сунушталат.

Мында, чечим кабыл алууда катышкан ыйгарым укуктуу комитеттин ар бир мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- каралып жаткан маселенин маңызын билүүгө;

- ал кабыл алган чечимдин банк ишине тийгизген таасирин түшүнүүгө;

- тобокелдиктин келип чыгышы ыктымалдуулугуна жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдин натыйжалуулугуна баа берүүгө.

Комитеттин мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги, добуш берүүдө маалымдалышы жана протоколдо чагылдырылышы зарыл. Протоколго, отурумга катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Комитеттин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу аркылуу таанышуулары тийиш;

в) портфелдеги баалуу кагаздардын түрлөрүн жана сапатын аныктоо (мисалы, саясатта "Каражаттарды өкмөттүк казына векселдерине жана кредиттик рейтинги "Ваа2" категориясынан төмөн болбогон, жеке эмитенттердин карыздык баалуу кагаздарына салууга жол берилет" деп жазылышы мүмкүн);

г) банктын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө, финансы рыногунун, эмитенттин, ошондой эле банк талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүсү үчүн зарыл болгон финансылык маалыматтын түрлөрүн кошо" алганда, өз ара аракеттенүүнү пландаштырып жаткан брокердин/дилердин/депозитарийдин ишинин көрсөткүчтөрүнүн болжолдуу маанилерин эске алуу менен укуктук, финансылык жана сапаттык көз караштан иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөр;

д) тобокелдиктин түрлөрү, сапаты, эмитенттер, географиялык бөлүштүрүлүшү жана тобокелдиктердин ар кандай түрлөрү боюнча лимиттердин белгиленишине жараша диверсификациялоого карата талаптар Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого ылайык;

е) баалуу кагаздар менен операцияларга катышкан банк кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин так бөлүштүрүү;

ж) баалуу кагаздар менен ишти жүзөгө ашырган персоналга карата минималдуу квалификациялык талаптар. Банктын эмитентке иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана чечимдерди кабыл алуу боюнча сунуштарды берүүгө жөндөмдүү персоналы болууга тийиш. Банктын баалуу кагаздар менен операцияларга тиешеси бар банк кызматкерлери, каражат инвестициялаган же инвестициялоону пландаштырып жаткан баалуу кагаздардын түрлөрү боюнча так жана акыркы маалыматтарга ээ болууга тийиш;

з) каражаттарды баалуу кагаздарга жайгаштырууга, баалуу кагаздар менен операцияларга жана бүтүмдөргө, брокер/дилер/депозитарий, банктын башка контрагенттери жана кардарлары менен өз ара иш алып барууда келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди өз убагында аныктоого жана аны натыйжалуу тескөөгө өбөлгө түзгөн, ички контролдук системасына карата талаптар. Мында, инвестициялык саясаттын бул бөлүгүндө төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:

- банктын кызмат адамдарынын чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин белгилеген ички контролдукту уюштуруу тартиби, баалуу кагаздар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашырууга тартылган адамдар жана бөлүмдөр ортосундагы өз ара иш алып баруу жана отчет берүү тартиби;

- банк ишинде орун алган кемчиликтер жана баалуу кагаздар менен иш алып барууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер жөнүндө банк кызматкерлеринин Директорлор кеңешине жана банк Башкармасына маалымдап туруусуна багытталган, портфелдин натыйжалуугуна баа берүү боюнча башкаруу маалымат системасына (отчеттордун түрлөрүнө жана алардын мезгил аралыгына) карата талаптар;

- брокердин/дилердин/депозитарийдин, банктын башка контрагенттеринин жана кардарларынын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын бузулушуна алып келиши ыктымал болгон операцияларга жана бүтүмдөргө катыштыгы бар экендиги тууралуу маалыматтар орун алган шартта, баалуу кагаздар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү токтотуу тартиби;

- баалуу кагаздар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу учурунда тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана баа берүү тартиби;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын банк тарабынан сакталышына контролдук жана мониторинг жүргүзүү тартиби;

- ички контролдук системасынын катышуучуларынын өз ара макулдашып алуу ыктымалдыгына жана таламдардын каршы келип калышына жол бербөө боюнча чараларды;

- фронт, бэк-офистерде жана тобокелдиктерге мониторинг жүргүзгөн бөлүмдөрдө милдеттерди бир эле адамдын аткарышына тыюу салууларды белгилөө;

- баалуу кагаздар менен жүргүзүлгөн операциялардын өз убагында аткарылышын, алардын эсептөөдө жана отчетто туура, толук жана так чагылдырылышына текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин;

и) тышкы брокерлерди, дилерлерди жана депозитарийлерди тандоонун негизги принциптери.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 15-февралындагы № 8/2, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4-глава. Ички контролдук системасы

12. Ушул Жобонун талаптарына ылайык, банкта ички контролдук системасы уюштурулууга тийиш. Банктын ички контролдук түзүмү алардын инвестициялык ишин ишенимдүү жана коопсуз жүзөгө ашырылышы үчүн өтө маанилүү. Ички контролдук системасынын шайкеш калыптандырылышы операциялардын натыйжалуу ишке ашырылышына, финансылык жана регулятивдик отчеттордун тактыгына, мыйзам талаптарынын жана банктын ички документтеринин эрежелеринин так сакталышына өбөлгө түзөт.

13. Баалуу кагаздар менен операциялар, бүтүмдөргө келишүүнү ишке ашыруучулар менен аларды бухгалтердик иштеп чыгуучулардын ортосунда функционалдык түрдө бөлүштүрүлүүгө тийиш. Ар бир банк, кеминде төмөнкү сунуш-көрсөтмөлөрдү так сактоосу зарыл:

а) дилердик ишти (фронт-офис) жана бүтүмдөрдү бухгалтердик иштеп чыгуу ишин (бэк-офис) функционалдык негизде так аныктоо. Бүтүмдөргө келишүүнүн, контролдуктун жана бухгалтердик иштеп чыгуунун бардык баскычтарында иш "ар тараптан контролдук" принцибинде ишке ашырылып, башкача айтканда, жок дегенде эки адам операциялардын аткарылышы үчүн контролдукту жүзөгө ашырып турууга тийиш;

б) ар бир баалуу кагаздын наркына баа берүү жана иликтөө жүргүзүү легитимдүү, так жана актуалдуу маалыматтын негизинде жүргүзүлүүгө тийиш;

в) фронт-офистин бүтүмгө келишкен кызматкери, контролердун тастыктоочу колтамгасы жок бүтүмдү бухгалтердик иштеп чыгууга контрагент менен бүтүмдөрдүн түзүлүшүн тастыктоолор менен алмашууга, бүтүмдү бухгалтердик иштеп чыгууну жүзөгө ашырууга өз алдынча көрсөтмө берүүгө укугу жок;

г) бэк-офистин кызматкери баалуу кагаздарды сатып алуу же сатуу боюнча бүтүмгө (бүтүмдөргө) келишүүгө укугу жок. Бүтүмдү бухгалтердик иштеп чыгууну жүзөгө ашырган кызматкер, контрагенттин тастыктоочу документтеринин негизинде бүтүмдөрдүн шарттарын салыштырып текшерүүнү жүргүзүүгө тийиш;

д) бэк-офистин кызматкерлери тарабынан бардык операциялар боюнча фронт-офистин аткаруучуларынан көзкарандысыз, контрагенттен тастыктоо алынып, келишим шарттары менен тактоо жүргүзүлүүгө тийиш;

е) клиринг жана баалуу кагаздар боюнча төлөмдөр дайыма, банктын ички жоболорунда (жол-жоболорунда) белгиленген мезгил аралыгы боюнча соода операцияларына же аларды эсепке алууга катышпаган кызматкерлер тарабынан такташтырылууга жана аудит жүргүзүлүүгө тийиш;

ж) эгерде банк, брокер катары иш алып барса, ал, ар бир кардар үчүн эсеп ачууга жана баалуу кагаздарды, баалуу кагаздардын түрлөрүн сатып алуу же сатуунун бардык учурларын, бүтүм жүзөгө ашырылган күндү, баалуу кагаздарды сатуу/сатып алуу баасын жана санын кошо алганда, каттоо жазууларын чагылдырууга тийиш;

з) банкка тиешелүү баалуу кагаздарды эсепке алуу, банктын кардарларына тиешелүү баалуу кагаздарды эсепке алуудан өзүнчө жүргүзүлүүгө тийиш.

14. Банктын баалуу кагаздар менен операцияларды жүзөгө ашырган кызматкерлери баалуу кагаздар менен операцияларга катышышкан адамдар менен жеке мамиле түзүп, кызмат абалын өз пайдасында колдоно албайт.

15. Банктын баалуу кагаздарды сатып алуусу баалуу кагаздар рыногунда котировкаларга алдын-ала иликтөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылууга тийиш, ошондой эле баалуу кагаздарга, анын эмитентине жана мындай баалуу кагаздарды сатып алууга жана/же ээлик кылууга байланыштуу тобокелдиктерге кылдат иликтөөлөр жүргүзүлүүгө тийиш Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарын эске алуу менен. Иликтөө иши күндөлүк финансылык маалыматтардын, рейтингдер боюнча отчеттордун жана фондулук биржадагы листинг тууралуу маалыматтардын (эгерде болгон болсо), тиешелүү маалыматтык аналитикалык системалардан (мисалы, Reuters же Blooberg) башка зарыл булактардан алынган маалыматтарга негизденүүгө тийиш. Ошондой болсо да, фондулук, анын ичинде эл аралык биржанын листингине кирген, жогорку рейтинге ээ, жогорку ликвиддүү жана өнүккөн фондулук баалуу кагаздар рыногунда "Standart & Poors "The S&P Global BMI (Broad Market Index)" агенттиктеринин тизмесине кирген өлкөлөр жүгүртүүдөгү баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн алардын инвестициялык өтүмдүүлүгүнө тиешелүү негиздөөлөр үчүнчү жактардан алынган (аналитикалык компаниялардан, рейтингдик агенттиктерден, брокердик компаниялардан к.б.) маалыматтарга иликтөөлөрдү жүргүзүүгө негизденет.

Эскертүү:

(1)Standart & Poors "The S&P Global BMI (Broad Market Index)" агенттиктеринин тизмесине кирген өнүккөн өлкөлөр

Эгерде, эмитент - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды сатып алуу болжолдонуп жатса, чет өлкөгө тиешелүү маалыматтар жана өлкөлүк тобокелдикке баа берүүлөр жетиштүү көлөмдө камтылууга тийиш. Банк, чечимдерди кабыл алуу үчүн мыйзам актылары, ошондой эле тиешелүү чет өлкө баалуу кагаздар рынокторун жөнгө салуу тажрыйбасы жана алардын баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын иши тууралуу маалыматка ээ болуусу зарыл. Зарылчылык келип чыккан шартта, банкка бул тармак боюнча тиешелүү иш тажрыйбасы жана билими бар юристке жана баалуу кагаздар рыногу боюнча адиске консультация алуу үчүн кайрылуу сунушталат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатып алуу-сатуу учурунда, банктар ушул жобонун, Улуттук банктын жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген бөлүктөрүн так сактоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

16. Банкта төмөнкүлөрдү кошо алганда, баалуу кагаздар боюнча документтерден турган досье (таржымал) түзүлүүгө тийиш:

- эмитенттин акыркы үч жылдык отчеттуна тышкы аудиттин корутундусу менен финансылык отчеттор менен тастыкталган, финансылык абалы жөнүндө маалымат;

- эмитенттин ошол баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелери, баалуу кагаздар менен келишилген бүтүмдөр жөнүндө (анын ичинде эмиссия проспекти, баалуу кагаздарга ээлик кылуучулардын реестриндеги эсептер боюнча көчүрмөлөр, депозитарийдеги депо эсептери боюнча сертификаттар жана/же көчүрмөлөр, сатып алуу-сатуу келишими, төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү) маалыматтар менен бүтүмдүн предмети болуп саналган, ар бир баалуу кагаздардын чыгарылышын тастыктаган тиешелүү документтер;

- баалуу кагаздар рыногундагы котировкаларга жана сатылып алынган баалуу кагаздын болжолдуу наркына иликтөөлөр;

- эмитенттин финансылык абалына жана баалуу кагаздын, ошондой эле мындай баалуу кагазды сатып алуу жана/же ээлик кылууга, эмитенттин баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу келип чыккан тобокелдиктерге Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарын эске алуу менен иликтөөлөр жана баа берүүлөр;

- баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча юридикалык корутунду;

- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык, эмитенттин жана ал тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигин камтыган операцияларга катыштыгы бар же жоктугу көз карашынан, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында иш алып барган кызмат адамынын берген корутундусу;

Эскертүү:

(2)Банктын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды жүргүзүүгө каршы арекеттенүү боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында дайындалган кызматкери (банкка тиешелүү түзүмдүк бөлүм жок болгон шартта, банктын түзүмдүк бөлүмүнүн начальнигинин же башка адисинин деңгээлинде)

- банк Башкармасынын же тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын отурумунан толтурулган протоколунда төмөнкүлөрдү кошо алганда, тиешелүү талкуулоолор чагылдырылууга тийиш:

- сатып алынган баалуу кагаздардын мүнөздөмөлөрүн чагылдыруу;

- сатып алуу/сатуу максаттары;

- ушул баалуу кагаздарды сатып алуу же сатуу банктын кызыкчылыгында гана жүргүзүлөөрүн тастыктаган себептерди баяндоо.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)

17. Банк, Кыргыз Республикасынын эң аз дегенде төмөнкүлөр эске алынган, баалуу кагаздар каттоо жазууларына тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого тийиш:

а) баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу боюнча ар бир документке уникалдуу код (каттоо номери) ыйгарылат, муну менен катар эле каттоо журналында да тиешелүү жазуулар чагылдырылат.

Документ төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

- баалуу кагаз кардардын же банктын эсебинен сатылып алынганбы;

- операциянын түрлөрү (сатуу/сатып алуу);

- бүтүмдүн баасы;

- бүтүмгө келишүү үчүн документтерди алуу күнү;

- бүтүмгө келишүү үчүн берилген документтердин аткарылган күнү;

- баалуу кагаздардын мүнөздөмөсү (баалуу кагаздын түрү, төлөнгөн күнү, пайыздык чени/кирешелүүлүгү, купондук чени, номиналдык наркы);

- дилердин/брокердин аталышы;

- кардардын аты-жөнү;

- жеткирүү/төлөө боюнча нускоолор;

- банк тарабынан каралган атайын шарттар;

б) ар бир банкта баалуу кагаздар боюнча бүтүмдөрдү каттоо журналы жүргүзүлүп, ал төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

- сатып алуучунун/сатуучунун аты-жөнү;

- баалуу кагаз берилүүчү же кабыл алынуучу тараптын аталышы жана дареги (өлкөнүн жана шаардын аталышы);

- баалуу кагаздын түшүндүрмөсү;

- баалуу кагаздын расмий номери;

- операциянын же тастыктоонун номери;

- сатып алуу-сатуу күнү;

- жалпы номиналдык наркы;

- сатуунун-сатып алуунун жалпы наркы;

- бирдигине номиналдык баа, дисконт, кирешелүүлүк;

- баалуу кагаздарды сактоону ишке ашырган уюмдун аталышы (уюмдун аталышы жана дареги, жетекчисинин аты-жөнү, лицензиясынын N).

18. Маалымат системасы баалуу кагаздар портфелинин эсебин жүргүзүү, мониторингден өткөрүү жана контролдоо үчүн зарыл болгон маалыматтар менен жоопкерчиликтүү адамдарды камсыз кыла алгандай, кылдат жөнгө салынууга тийиш. Жогоруда белгиленген маалыматтардан тышкары, портфелге тиешелүү маалыматтарда эң аз дегенде, баалуу кагаздарды түрлөрү боюнча бөлүштүрүү (обдигациялар, векселдер ж.б.), рейтинги (эгерде, ыйгарылган болсо), номиналдык жана рыноктук наркы, бүтүм келишилген күн, пайыздык чени, дисконту, кирешелүүлүгүнө тиешелүү маалыматтар камтылууга тийиш. Мындай маалыматтар төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар, соодалык баалуу кагаздар жана сатуу үчүн каралган баалуу кагаздар боюнча өз-өзүнчө маалыматтарды даярдоо үчүн зарыл. Инвестициялык саясатта баа берүүнүн мезгил аралыгы да көрсөтүлүүгө тийиш (классификациясына ылайык алар отчет түзүү максатында, айына кеминде бир жолу бааланып турууга тийиш).

19. Банктарда ушул бөлүктө көрсөтүлгөн маалыматтардын сакталышын камсыз кылган, коопсуздук системасы жөнгө салынышы зарыл. Маалыматтар, кеминде беш жыл сакталып турууга тийиш.

20. Банк брокердин жана дилердин ишин айкалышта аткарган шартта, кардарлардын тапшырмасы боюнча келишилген бүтүмдөр, банктын өзүнүн дилердик операцияларына салыштырганда, приоритеттүү негизде аткарылууга тийиш. Мында банк, мыйзам талаптарына жана баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөйлүк ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга ылайык, ошол ишти жүргүзүүгө лицензиясы болгон шартта гана баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишкердикти жүзөгө ашырууга укуктуу.

21. Баалуу кагаздар портфелинде орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктердин тескөөгө алынышын текшерүү жана ага баа берүү, текшерүүнүн толуктугун, тактыгын жана негиздүүлүгүн камсыз кылуу максатында, ички аудит кызматынын негизинде дайыма жүргүзүлүп турушу зарыл. Текшерүү жана баа берүү программаларынын чөйрөсү банктын инвестициялык иш жагдайына жана анын канчалык деңгээлде татаалдыгына шайкеш болууга жана тобокелдикти тескөө системасынын жетиштүүлүгүнө, өз учурунда аткарылгандыгына, тактыгына жана мындай системанын пайдалуулугуна, кадрдык ресурстарга баа берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жоболорунун так сакталышына, ички контролдук системасынын натыйжалуулугуна, бухгалтердик эсепке алуу тажрыйбасына жана иш кагаздарын жүргүзүү талаптарына, талаптардын каршы келип калышына баа берүүгө багытталууга тийиш. Текшерүүлөр жыйынтыгы түздөн-түз Директорлор кеңешине берилиши зарыл. Директорлор кеңеши өз учурунда көрүлгөн иш багытын оңдоону көздөгөн чаралардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтүү.

5-глава. Баалуу кагаздар менен операциялар боюнча чектөөлөр

22. Банк, ишеним боюнча тескөөнү кошо алганда, баалуу кагаздар менен кандай болбосун аракеттерди ишке ашырууга жеке адамдарга ыйгарым укук чегере албайт.

23. Банк, эмитенттер - Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан чыгарылган документ түрүндөгү баалуу кагаздар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү, анын ичинде банк тарабынан күрөөлүк камсыздоо алдында кабыл алынган баалуу кагаздарга байланыштуу операцияларды жүзөгө ашыра албайт.

24. Эмитент фондулук биржанын листингине эң жогорку жана андан кийинки категория боюнча (жеке эмитенттер - Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн) кошулган шартта, ошондой эле ал Мооdes Investor Servise (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган эң жогоркудан төмөн болбогон жана эң жогоркудан кийинки кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү боюнча узак мөөнөткө караган категориядагы рейтинге Standart & Poors (АКШ) Fitch IBCA (Великобритания) же рейтингдик агенттиктери ыйгарган ошондой эле рейтингге ээ болгон шартта гана, жеке эмитенттерден акцияларды сатып ала алат.

25. Банктар төмөнкүлөр тарабынан чыгарылган мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыра алышат:

а) Мооdys Investors Servise (АКШ) рейтингдик агенттиги же Standart & Poors (АКШ), Fitch IВСА (Великобритания) ,"Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Dominion Bond Rating Service (DBRS) ошондой эле рейтинг "Ваа2" категориясынан төмөн болбогон рейтингге ээ болгон шартта, эмитент - Кыргыз Республикасынын резидент эместери;

б) эмитент - Кыргыз Республикасынын резиденти, ошол эмитент төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырган шартта:

- кеминде 5 жыл иштеген болсо;

- акыркы үч жыл ичиндеги финансылык отчет менен тастыкталган, көз карандысыз аудитордук уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык абалынын туруктуулугу жана узак мөөнөткө каралган өнүгүү келечеги.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

26. Башка мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн жана Борбордук банктарынын баалуу кагаздарынын банк тарабынан сатылып алынышы, алар "Standard & Poor’s" рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингине же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody’s Investors Service" рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ жана ОЭСРдин мүчөсү болуп саналышкан шартта гана ишке ашырылат, мында банктын баалуу кагаздарга инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнөн 100% ашпоого тийиш.

Эскертүү: ОЭСР - Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму. Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна мүчө-мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org расмий сайтында жайгаштырылган.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

27. Банктын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестицияларынын жалпы өлчөмү анын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш.

28. Банктар тарабынан ушул Жобонун 26-27-пункттарында көрсөтүлгөн ченемдердин аткарылышы жөнүндө отчеттордун берилиши жана жарыяланышы, Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

Ушул Жобонун 26 жана 27-пункттарында көрсөтүлгөн, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар тарабынан отчетторду жарыялоонун жана тартибинин мөөнөттөрү, Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун эрежелерине ылайык белгиленет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

29. Депозиттерди тартуу боюнча чектөөлөр орун алса банк, карыздык баалуу кагаздарды, анын ичинде векселдерди чыгарууга укугу жок.

30. Банк, баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган күнгө чейинки акыркы он эки ай ичинде төмөнкүлөрдү аткарган шартта гана, карыздык баалуу кагаздарды чыгара алат:

- банктын капиталынын шайкештиги боюнча экономикалык ченемдерди жана Улуттук банк тарабынан белгиленген нормалардын жана лимиттердин банк тарабынан сакталышына тиешелүү башка милдеттенмелерди аткарган болсо;

- Улуттук банктын инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы жана банк ишине утурумдук көзөмөлдүктүн натыйжасында берген сунуш-көрсөтмөлөрүн жана талаптарын аткарган болсо;

- Улуттук банк тарабынан ага карата мыйзамдарда каралган таасир этүү чаралары колдонулбаган болсо.

Мына ушул, жогоруда келтирилген шарттардын кайсы болбосун бири орун алган шартта, банк карыздык баалуу кагаздарды, анын ичинде вексел-дерди чыгарууга укугу жок.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

6-глава. Банк персоналынын квалификациясы

31. Банкта түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жоболор, банк кызматкерлеринин кызматтык иши боюнча нускоолор бекитилүүгө тийиш. Ушул документтерге ылайык, баалуу кагаздар рыногунда ишти жүзөгө ашырууга, анын ичинде баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүп, бүтүмдөргө келишүүгө, брокерлер, дилерлер, депозитарийлер ж.б. менен өз ара иш алып барууга милдеттер жүктөлөт.

32. Банк кызматкерлери минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Банк жетекчилиги дилердик жана брокердик операцияларды жүргүзгөн бардык кызматкерлер тиешелүү квалификацияларга ээ болуусу үчүн жоопкерчиликтүү.

Брокер/дилер катары түздөн-түз иш алып барган кызматкерлер төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:

- баалуу кагаздар рыногунда операцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон тиешелүү сертификатка (күбөлүккө);

- банк тутумунда кеминде 2 жылдык иш тажрыйбага.

Түздөн-түз дилердик жана брокердик операцияларга тартылган банктын эки кызматкери (негизги жана аны алмаштырган) эң аз дегенде баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын квалификациялуу күбөлүгүнө жана ушул чөйрөдө кеминде бир жылдык иш тажрыйбага ээ болууга тийиш.

Банк кызматкерлеринин ушул талаптарына жооп берүүсү үчүн кызматкерлерди тиешелүү курстарда, семинарларда окутуу жана устаттык тажрыйбаны пайдалануу аркылуу алардын квалификациясын жогорулатууга багытталган, кадр саясатын жүргүзүү сунуш кылынат.

7-глава. Тышкы брокерге/дилерге/депозитарийге карата талаптар

33. Банк иш тажрыйбасы жетишсиз болгон учурда, тышкы" брокердин/дилердин/депозитарийдин кызматтарынан пайдалана алат. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы баалуу кагаздар портфелине контролдуктун жүргүзүлүшүнө жана тескөөгө алынышына толук жооп берет. Ошондуктан, бул маселеге өзгөчө көңүл бөлүү зарыл.

34. Банктын инвестициялык саясатында брокерди/дилерди/депозитарийди тандоо, анын ичинде ар бир брокердин/дилердин/депозитарийдин финансылык отчетуна баа берүү жана алардын өз милдеттенмелерин аткара билүү жөндөмдүүлүгүнө баа берүү боюнча критерийлер аныкталууга тийиш. Банк, өзүнүн финансылык абалы жөнүндөгү маалыматты өз убагында жана толук ачып көрсөтүүнү каалабаган брокер/дилер/депозитарий менен баалуу кагаздар боюнча операцияларды жүзөгө ашырбоого тийиш. Эгерде, операциялардын көлөмү олуттуу болуп, операцияларды бир канча брокерлер/дилерлер/депозитарийлер ортосунда бөлүштүрүү максатка ылайык келсе, анда мындай учурда, Банк Башкармасы ар бир брокер/дилер/депозитарий үчүн бекитилген операциялардын суммасы жана түрлөрү боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө тййиш. Банк Башкармасы ыйгарым укук чегерилген брокерлердин/дилерлердин/депозитарийлердин тизмесин мезгил-мезгили менен текшерип жана кайталап бекитип туруусу зарыл. Ыйгарым укук чегерилген брокерлердин/дилерлердин/депозитарийлердин тизмеси кеминде чейрек сайын бир жолу, Банктын Директорлор кеңешине маалымдалып турууга тийиш.

35. Баалуу кагаздар боюнча брокерди/дилерди/депозитарийди тандоодо банктар төмөнкү талаптарды сактоого тийиш:

а) Банк, эмитенттердин - Кыргыз Республикасынын резиденттердин баалуу кагаздары менен (мамлекттик баалуу кагаздарды кошпогондо) операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырган брокер/дилер/депозитарийге карата талаптар:

- юридикалык жак болуу;

- баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишти жүзөгө ашырууга, мыйзамдарда каралган лицензиясынын болушу;

- баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти кеминде 5 жыл жүзөгө ашыруу;

- көз карандысыз аудитордук уюм (тышкы аудитор) тарабынан күбөлөндүрүлгөн акыркы үч жыл ичиндеги финансылык отчеттуулук менен тастыкталган, туруктуу финансылык абалга ээ болуу;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган, ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган тарабынан белгиленген ченемдерди жана финансылык туруктуулуктун башка критерийлерин сактоо;

- төлөнгөн өздүк капиталынын өлчөмү кеминде 3 млн. сомду түзүү. Мында, брокердин/дилердин/депозитарийдин алгылыксыз ишкердик аброюн тастыктаган фактылар жок болууга жана аларга карата баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишин жүзөгө ашыруунун акыркы 3 жылы ичинде мыйзамдарда каралган таасир этүү чаралары колдонулбагандыгына тастыктоолор болууга тийиш;

б) Банк, эмитенттердин - Кыргыз Республикасынын резидент эместердин баалуу кагаздары менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырган брокер/дилер/депозитарий:

- юридикалык жак болуу;

- баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти жүзөгө ашырууга, мыйзамдарда каралган, юрисдикцияга ылайык келүүчү лицензияга ээ болуу;

- баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти кеминде 5 жыл жүзөгө ашыруу;

- көз карандысыз аудитордук уюм (тышкы аудитор) тарабынан күбөлөндүрүлгөн, акыркы үч жыл ичиндеги финансылык отчеттуулук менен тастыкталган, туруктуу финансылык абалга ээ болуу;

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган, ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган тарабынан белгиленген ченемдерди жана финансылык туруктуулуктун башка критерийлерин сактоо;

- төлөнгөн өздүк капиталынын өлчөмү кеминде 3 млн.АКШ долларын түзүү;

- Мооdys Investor Servise (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "Ваа2" категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредит төлөөгө жөндөмдүү рейтингине же Standart & Рооrs (АКШ), IВСА (Великобритания) рейтингдик агенттиктери тарабынан ыйгарылган эквиваленттүү рейтингине тастыктамасынын болушу;

Мында, брокердин/дилердин/депозитарийдин алгылыксыз ишкердик аброюун тастыктаган фактылар жок болууга жана аларга карата баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишин жүзөгө ашыруунун акыркы 3 жылы ичинде мыйзамдарда каралган таасир этүү чаралары колдонулбагандыгына тастыктоолор болууга тийиш;

в) Банк төмөнкүлөргө милдеттүү:

- коллегалары жана кардарлары менен баарлашуу жана бейтарап булактардан тиешелүү маалыматтарды топтоо аркылуу брокердин/дилердин чын-чылдыгына, ак ниеттүүлүгүнө жана кесиптик жактан жетиктиги көз карашынан алганда, аброюна иликтөөлөрдү жүргүзүү;

- брокерде/дилерде/депозитарийде тиешелүү лицензиянын бардыгына ынануу, ошондой эле брокерди/дилерди/депозитарийди тандап алуу процессинде зарыл болгон башка маалыматты алуу максатында Борбордук банктардан, баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан жана чет өлкөлөрдөгү тиешелүү кызмат адамдарынан маалыматтарды талап кылуу.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

36. Депозитардык келишим, тараптардын тиешелүү укуктары менен милдеттеринен башка дагы, сактоо жана эсепке алуу шарттарын, ошондой эле реестрге карата талаптарды (кандай маалымат реестрдин көчүрмөсүндө чагылдырылууга тийиш, аны алуу мезгилдүүлүгү, тастыктоо жагында талаптар) камтуусу зарыл.

8-глава. Баалуу кагаздар менен операциялар жөнүндө маалыматты Улуттук банкка берүү

37. Банк, Улуттук банкка төмөнкүлөрдү кат жүзүндө токтоосуз (банкка маалым болгон күнү) жөнөтүүгө тийиш:

а) мыйзамдуу ээлик кылуучулардан, анын ичинде банктардын кардарларынын колунан чыгып кеткен баалуу кагаздар жөнүндө маалыматты;

б) баалуу кагаздардын жоголгондугу (кайсы болбосун негизде, анын ичинде жоготуу аркылуу ээлигинен чыгуу), уурдалгандыгы, тонолгондугу, алдамчылыкка дуушар болгондугу, ээлеп алуу, сарпталгандыгы ж.б. фактылары тууралуу маалыматтарды;

в) баалуу кагаздарга тиешелүү бардык маалыматтар, анын ичиндке блокко түшүрүү, баалуу кагаздардын арести, аларга үчүнчү жактардын умтулуусу ж.б. маалыматтарды.

38. Эмитенттер - Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан чыгарылган кайсы болбосун баалуу кагаздар жана эмитенттер - Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан чыгарылган мамлекеттик эмес баалуу кагаздар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга чейин, банктар Улуттук банктык тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкү маалыматтарды берүүлөрү тийиш:

а) банк иш алып барган же операцияларды жана бүтүмдөрдү, анын ичинде банктын кардарларынын баалуу кагаздары менен ишке ашырууну пландаштырып жаткан брокерлердин, дилерлердин жана депозитарийлердин Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тизмесин;

б) брокер алардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн баалуу кагаздар менен операцияларды банктын атынан жүзөгө ашыруу үчүн колдонууга ниеттенген суб-брокерлердин жана/же брокерлердин контрагенттеринин тизмесин;

в) банктын брокерлеринин, дилерлеринин жана депозитарийлеринин Улуттук банктын талаптарына ылайык келишине иликтөөлөр жана баа берүүлөр боюнча маалымат, анын ичинде баалуу кагаздар рыногунун банк тарабынан тандалып алынган катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жоон бере тургандыгы жөнүндө, банктын юристи кол койгон корутундунун көчүрмөсүн;

г) брокерлер, дилерлер жана депозитарийлердин абройлору жөнүндө, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдардан алынган маалымат (ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдан алынган жооптордун көчүрмөлөрү кошо тиркелсин);

д) банк брокерлер/дилерлер/депозитарийлер аркылуу ишке ашырууга ниеттенген операцияларды жана бүтүмдөрдү кеңири чагылдыруу менен маалымат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)

39. Банк баалуу кагаздарды сатып алуу учурунда, аларды багыты боюнча (сатып алуу максатына жараша) классификациялоосу жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык келүүсүн эске алуусу зарыл.

40. Банк, өзүнүн финансылык отчетунда бардык баалуу кагаздардын наркынын кайсы болбосун маалым болгон начарлоосу жөнүндө чагылдырууга тийиш жана баалуу кагаздардын сапатынын Улуттук банк тарабынан бекитилген талаптарга карата начарлоосу жагында аларды классификациялоого милдеттүү.

Баалуу кагаздарга туура баа берилиши банк регулятивдүү отчетту даярдаган же өз финансылык отчетун жарыялаган сайын текшерилүүгө тийиш. Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, банктын баалуу кагаздар менен ишинин ушул Жобого дал келүүсү жагында текшерүүлөрдү үзгүлтүксүз негизде жүргүзүп турат.

41. Баалуу кагаздарды эсепке алуу эрежелерин ылайыксыз колдонуу, банктын финансылык абалынын Улуттук банкка берилүүчү отчеттордо туура эмес чагылдырылышына алып келет, бул анык эмес маалымат берген катары каралышы мүмкүн.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

 

1-тиркеме

Баалуу кагаздар менен жүргүзүлгөн операцияларга мүнөздүү болгон тобокелдиктердин
ТҮРЛӨРҮ

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык
күчүн жоготту)