Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын "16"- июлундагы 

№ 32/5 токтомуна карата тиркеме 

 

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө
ашырган кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелери 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ))

 

1-глава. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Бул эреже Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.  

2. Бул эрежеде кредиттик союздардын (мындан ары - кредиттик союз) катышуучуларынын талаптарын коргоо жана алардын ишинде орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди басаңдатуу максатында, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда кредиттик союздар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр белгиленген.  

3. Кредиттик союздар, тобокелдиктерди андан ары басаңдатуу максатында кыйла жогорулатылган экономикалык ченемдерди жана чектөөлөрдү белгилей алат. Ушул эрежеде жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдердин жана чектөөлөрдүн маанилерин бузууга жол берилүүгө тийиш эмес.  

 

2-глава. ТҮШҮНҮКТӨР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР 

 

4. Бул эрежеде төмөнкүдөй түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулган: 

1) пайлык төлөм - кредиттик союзду катышуучулары тарабынан капиталга салынган жана кредиттик союздун тескөөсүндө турган акча каражаттарынын суммасы; 

2) үлүштүк капитал - кредиттик союздун катышуучулары тарабынан бир жылга жана андан көп мөөнөткө салынган жана алуу мөөнөтү бөлүп, баса көрсөтүлгөн пайлык төлөмдөрдүн суммасы. Финансылык жыл аяктаганга чейинки кеминде жарым жыл мурда катышуучулар өтүнүч менен кайрылган шартта, мындай пайларды алуу мөөнөтү финансылык жыл бүткөндөн кийин келип жетет (өтүп жаткан жылдын 1-июлуна чейин); 

3) институционалдык капитал - бул, Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди эсептөө үчүн колдонулган суммардык капиталдын бир бөлүгү. Институционалдык капиталды эсептөөдө төмөнкү көрсөткүчтөр колдонулат: келечектеги керектөөлөр үчүн каралган кам, өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдалары/чыгымдары, өтүп жаткан жылдын чыгымы. Өтүп жаткан жыл ичинде алынган пайда институционалдык капиталды эсептөөдө эске алынбайт; 

4) суммардык капитал - кредиттик союздун институционалдык жана үлүштүк капиталдарынын суммасы; 

5) иштеп жаткан кредиттик союз - бул түзүлүп, иш алып баргандыгына эки жылдан ашуун убакыт өткөн жана экономикалык ченемдерди эсептөө учурунда кеминде эки жылдык баланска ээ кредиттик союз; 

6) жаңыдан түзүлгөн кредиттик союз - бул түзүлүп, иш алып баргандыгына эки жыл толо элек жана экономикалык ченемдерди эсептөө учурунда эки жылдык баланска ээ эмес кредиттик союз. 

 

3-глава. КРЕДИТТИК СОЮЗГА КАРАТА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР ЖАНА ЧЕКТӨӨЛӨР 

 

5. Кредиттик союздарга төмөнкүдөй талаптар жана чектөөлөр белгиленет:

1) кредиттик союзга өтүүдө катышуучу тарабынан салынуучу пайлык төлөмдүн минималдуу өлчөмү бир миң сомдон кем болбоого тийиш;

2) бир катышуучунун пайлык төлөмүнүн жол берилген максималдуу өлчөмү кредиттик союздун бардык төлөнгөн пайлык төлөмдөрүнүн суммасынан 10 пайызынан ашпайт;

3) кредиттик союздун капиталынын минималдуу өлчөмү:

- акча каражаттарын тартуу укугуна лицензияга ээ эмес кредиттик союз үчүн - кеминде отуз миң сом;

- кредиттик союздун катышуучуларынан акча каражаттарын тартуу укугуна лицензияга ээ кредиттик союз үчүн - кеминде эки миллион сом;

4) кредиттик союздун катышуучуларынан акча каражаттарын тартуу укугуна лицензияга ээ кредиттик союз үчүн депозиттик базанын максималдуу өлчөмү, институционалдык капиталдын өлчөмүнүн 450 пайызынан ашпоого тийиш;

5) кредиттик союздун катышуучуларынан акча каражаттарын тартуу укугуна лицензияга ээ кредиттик союз үчүн мөөнөтүндө төлөнбөгөн негизги сумма жана/же кошумчаланган сумма боюнча кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин негизги суммасы боюнча чогуу алгандагы карыздын, каржылоо портфелине карата катышы 5 пайыздан ашпоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомунун редакциясына ылайык)

 

4-глава. ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕР ЖАНА АЛАРДЫ ЭСЕПТӨӨ ТАРТИБИ  

§1. Жалпы жоболор 

 

6. Кредиттик союз тарабынан аткарылууга тийиш болгон экономикалык ченемдерге төмөнкүлөр кирет:  

1) сырттан каржылоону тартуунун максималдуу өлчөмү ченеми (H1): 

H1.1 - жаңыдан түзүлгөн кредиттик союз үчүн; 

H1.2 - иштеп жаткан кредиттик союз үчүн; 

2) бир кардарга/өнөктөштөргө (мындан ары - кардар) карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми (Н2):  

Н2.1 - жаңыдан түзүлгөн кредиттик союз үчүн; 

Н2.2 - иштеп жаткан кредиттик союз үчүн; 

3) финансы-кредит уюмдарынын капиталына инвестициялардын максималдуу өлчөмү ченеми (Н3);  

4) негизги каражаттарга инвестициялардын максималдуу өлчөмү ченеми (Н4);  

5) ликвиддүүлүк ченеми (Н5): 

Н5.1 - акча каражаттарын тартуу укугуна лицензияга ээ эмес кредиттик союз үчүн;  

Н5.2 - акча каражаттарын тартуу укугуна лицензияга ээ кредиттик союз үчүн; 

6) капиталдын шайкештик (адекваттуулук) ченеми (Н6):  

H6.1 - институционалдык капиталдын шайкештик ченеми; 

H6.2 - суммардык капиталдын шайкештик ченеми. 

7. 6-пунктта көрсөтүлгөн экономикалык ченемдер бардык кредиттик союзга таркатылат. Өз катышуучуларынан акча каражаттарын тартуу укугуна лицензия алуу өтүнүчү менен кайрылган кредиттик союз Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы №14/3 токтому менен бекитилген "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жободо көрсөтүлгөн талаптарына жооп берүүгө тийиш.  

 

§2. Кредиттик союздун сырттан каржылоону тартуунун максималдуу өлчөмү ченеми (Н1) 

 

8. Сырттан каржылоону тартуунун максималдуу өлчөмү ченеми (Н1) дегенден улам, кредиттик союз ала алган, сырттан тартылган каржылоонун мүмкүн болгон максималдуу көлөмүн белгилөөнү түшүнүү зарыл. 

9. Сырттан каржылоону тартуунун максималдуу өлчөмү ченемин эсептөөдө, сырттан тартылган каржылоонун суммасына Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзам талабына жана Шариат стандарттарына ылайык алынган каражаттар кошулат. 

10. Жаңыдан түзүлгөн кредиттик союз үчүн сырттан каржылоону тартуунун максималдуу өлчөмү ченеми (Н1.1) ушул Эрежеге карата 1-тиркемеге ылайык аныкталат. 

11. Жаңыдан түзүлгөн кредиттик союздун ишинин алгачкы жылы ичинде анын сырттан тартылган каржылоосунун өлчөмү, үлүштүк капиталдын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.  

Жаңыдан түзүлгөн кредиттик союздун ишинин экинчи жылында анын сырттан тартылган каржылоосунун өлчөмү, суммардык капиталдын өлчөмүнөн же эгерде, суммардык капиталдын өлчөмү институционалдык капиталдын төрт эселенген өлчөмүнөн төмөн болгон учурда, институционалдык капиталдын төрт эселенген өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

12. Иштеп жаткан кредиттик союз үчүн сырттан каржылоону тартуунун максималдуу өлчөмү ченеми (Н1.2) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

Н1.2 (<=) ИК х 4, мында: 

ИК - институционалдык капитал.  

Иштеп жаткан кредиттик союз үчүн сырттан каржылоону тартуунун максималдуу өлчөмү ченеминин (Н1.2) мааниси институционалдык капиталдын төрт эселенген өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

13. Сегиз жылдан көп убакыт иштеп келген жана/же катышуучуларынан акча каражаттардан тартууга лицензияга ээ кредиттик союзга сырттан каржылоону тартуунун максималдуу өлчөмү ченеми таркатылбайт.  

 

§3. Бир кардарга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми (Н2) 

 

14. Ушул параграфтын алкагында кардар дегенден улам, кредиттик союз алдында кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча карызы бар катышуучуну же өз ара байланыштуу катышуучуларды түшүнүү зарыл.  

15. Жаңыдан түзүлгөн кредиттик союз үчүн бир кардарга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми (Н2.1) ушул Эрежеге карата 2-тиркемеге ылайык аныкталат. 

16. Жаңыдан түзүлгөн кредиттик союздун ишинин алгачкы жылында, жаңыдан түзүлгөн кредиттик союз үчүн бир кардарга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми (Н2.1), бир кардарга берилген жана кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча чогуу алгандагы карыздардын пайлык төлөмдөргө карата 3:1 катышында аныкталат. 

Жаңы түзүлгөн кредиттик союздун ишинин экинчи жылында, жаңыдан түзүлгөн кредиттик союз үчүн бир кардарга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин (Н2.1) мааниси, кредиттик союздун институционалдык жана үлүштүк капиталдарынын суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

17. Иштеп жаткан кредиттик союз үчүн бир кардарга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми (Н2.2) төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

Н2.2 = МӨ / (ИК + ДК) х 100 (<=) 20%, мында:  

МК - бир кардарга берилген, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча чогуу алгандагы карыздын максималдуу өлчөмү;  

ИК - кредиттик союздун институционалдык капиталы;  

ДК - кредиттик союздун үлүштүк капиталы.  

18. Иштеп жаткан кредиттик союз үчүн бир кардарга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин мааниси (Н2.2), институционалдык жана үлүштүк капиталдардын суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

19. Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамында каралган учурларды эске албаганда, өзүндө тобокелдикти камтыган активдер боюнча карыздардын ордун катышуучулардын пайлык төлөмдөрүнүн эсебинен жабууга кредиттик союздарга тыюу салынат. 

20. Эгерде бир кардардын карызынын кайтарылбай калышы башка кардардын карызынын кайтарылбай калышы көйгөйүнө алып келсе, бир кардарга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченемин (Н2) эсептөөдө, айрым кардарлардын бүтүндөй карызы бир кардарга карата тобокелдик катары суммаланууга жана каралууга тийиш. Мында, ар башка кардардын карызын бир тобокелдик катары суммалап кароо учурунда, ошол кардарлардын төмөнкүлөр боюнча өз ара байланыштуулугу эске алынууга тийиш: 

1) кредиттик союздун катышуучуларынын экономикалык иш багытынын түрү боюнча (мисалы, бир катышуучунун бизнеси жалпы кызыкчылыкты көздөсө же кредиттик союздун башка катышуучусу тарабынан контролдонсо); 

2) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин ордун жабуу булагы боюнча (мисалы, бир нече кардарлар бир бизнести жүргүзсө же биргелешип чарбалык иш менен алектенсе);  

3) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин камсыздоосу боюнча (мисалы, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин камсыздоосу катары кредиттик союздун бир нече катышуучулары бир күрөөнү сунуштаган болсо).  

 

§4. Улуттук банк тарабынан лицензияланган финансы-кредит уюмдарынын капиталына инвестициялардын максималдуу өлчөмү ченеми (Н3) 

 

21. Кредиттик союз, Улуттук банк тарабынан лицензияланган финансы-кредит уюмдарынын капиталына инвестиция жумшай алат.  

22. Улуттук банк тарабынан лицензияланган финансы-кредит уюмдарынын капиталына, ошондой эле казына векселдерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган башка жогорку ликвиддүү баалуу кагаздарга инвестицияларды кошпогондо, юридикалык жактардын баалуу кагаздарына жана капиталына инвестиция жумшоого кредиттик союзга тыюу салынат.  

23. Кредиттик союздун Улуттук банк тарабынан лицензияланган финансы-кредит уюмдарынын капиталына инвестицияларынын суммасы, институционалдык жана үлүштүк капиталдын суммасынын 15 пайызынан ашпоого тийиш.  

24. Финансы-кредит уюмдарынын капиталына инвестициялардын максималдуу өлчөмү ченеми (Н3) төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

Н3 = СИ / (ИК + ДК) х 100 (<=) 15%, мында:  

СИ - адистештирилген финансы-кредит мекемеси "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын (мындан ары - "КСФК" ААКсы) капиталына инвестицияларды эске албаганда, Улуттук банк тарабынан лицензияланган финансы-кредит уюмдарынын капиталына инвестициялардын чогуу алгандагы суммасы;  

ИК - кредиттик союздун институционалдык капиталы;  

ДК - кредиттик союздун үлүштүк капиталы. 

25. Кредиттик союздун же өз ара байланыштуу кредиттик союздардын "КСФК" ААКсынын капиталына инвестицияларынын суммасы "КСФК" ААКсынын уставдык капиталынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.  

26. Өз ара байланыштуу кредиттик союз дегенден улам, жалпы тике же кыйыр контролдукка алынган кредиттик союздарды түшүнүү зарыл.  

27. Жалпы тике же кыйыр контролдук дегенден улам, кредиттик союздун үлүштүк капиталына катышуусунан көз карандысыз, жеке адамдын же юридикалык жактын кредиттик союздун жетекчилигине же саясатына өз алдынча же башка жактар менен биргелешип аныктоочу таасир эте алуу мүмкүнчүлүгүн түшүнүү зарыл.  

 

§5. Негизги каражатка инвестициялардын максималдуу өлчөмү ченеми (Н4) 

 

28. Кредиттик союз каржылоо үчүн пайдаланылбаган, бош турган акча каражаттарын кредиттик союздун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн каралган негизги каражаттарга инвестициялай алат.  

29. Негизги каражаттарга инвестициялардын максималдуу өлчөмү ченеми (Н4) төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

Н4 = НК / (ИК + ДК) х 100 (<=) 20%, мында:  

ОС - негизги каражаттарга инвестициялардын суммасы (грант жана кайтарымсыз жардам түрүндө алынган негизги каражаттардан тышкары);  

ИК - кредиттик союздун институционалдык капиталы;  

ДК - кредиттик союздун үлүштүк капиталы. 

30. Кредиттик союздун чарбалык ишин жүргүзүүсү үчүн зарыл болгон имарат, жер, эмерек жана жабдуулар сыяктуу негизги каражаттарга чогуу алгандагы салымы (грант жана кайтарымсыз жардам түрүндө алынган негизги каражаттардан тышкары), институционалдык жана үлүштүк капиталдын суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.  

 

§6. Ликвиддүүлүк ченеми (Н5) 

 

31. Өз катышуучуларынан акча каражаттарын тартууга лицензияга ээ эмес кредиттик союздар үчүн ликвиддүүлүк ченеми (Н5.1) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

Н5.1 = ЛА / ОБ х 100 (>=) 5%, мында:  

ЛА - кредиттик союздун төмөнкүлөрдү камтыган ликвиддүү активдери:  

- кредиттик союздун кассасындагы акча каражаттарын;  

- банктардагы эсептешүү жана депозиттик эсептердеги акча каражаттарын;  

- күрөөгө коюлгандарды эске албаганда, казына векселдерин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы тарабынан чыгарылган башка жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар;  

ОБ - өтүп жаткан жылдын жана өткөн жылдардын дивиденддери боюнча камдарды жана келечекте алынуучу кирешелерди эске албаганда, кредиттик союздун бардык милдеттенмелери. 

32. Өз катышуучуларынан акча каражаттарын тартууга лицензияга ээ эмес кредиттик союздар үчүн ликвиддүүлүк ченеминин (Н5.1) мааниси 5 пайыздан кем болбоого тийиш.  

33. Өз катышуучуларынан акча каражаттарын тартууга лицензияга ээ кредиттик союздар үчүн ликвиддүүлүк ченеми (Н5.2) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

Н5.2 = (ЛА - КОБ) / (ПС + СП) х 100 (>=) 15%, мында:  

ЛА - өзүндө төмөнкүлөрдү камтыган кредиттик союздун ликвиддүү активдери:  

- кредиттик союздун кассасындагы акча каражаттары;  

- банктардагы эсептешүү жана депозиттик эсептердеги акча каражаттары;  

- күрөөгө коюлгандарды эске албаганда, казына векселдери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы тарабынан чыгарылган башка жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар.  

КОБ - кредиттик союздун кыска мөөнөттүү милдеттенмелери, алар боюнча эсептөөлөр отчеттук күндөн кийинки отуз күн ичинде жүзөгө ашырылат;  

ПС - кредиттик союздун тартылган акча каражаттары, аларды төлөө мөөнөтү 30 отуз күндөн жогору; 

СП - он эки айга чейин алуу мөөнөтү жана отчеттук күндөн кийинки отуз күн ичинде төлөө мөөнөтү шартында тартылган акча каражаттарын эсептен алып салгандан кийин, алынууга тийиш болгон пайлык төлөмдөр.  

Өз катышуучуларынан акча каражаттарын тартууга лицензияга ээ кредиттик союздар үчүн ликвиддүүлүк ченеминин (Н5.2) мааниси, 15 пайыздан кем болбоого тийиш.  

34. Ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө максатында өз катышуучуларынан каражаттарды тарткан кредиттик союздар, ликвиддүүлүк ченемин эсептөөнү жума сайын ишке ашырып турууга тийиш.  

 

§7. Капиталдын шайкештик ченеми (Н6) 

 

35. Капиталдын шайкештик ченеми (Н6) төмөнкү эки коэффициент боюнча аныкталат:  

- институционалдык капиталдын шайкештик ченеми (Н6.1);  

- суммардык капиталдын шайкештик ченеми (Н6.2).  

36. Институционалдык капиталдын шайкештик ченеми (Н6.1) төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

Н6.1 = ИК / СА х 100, мында:  

ИК - кредиттик союздун институционалдык капиталы;  

СА - кредиттик союздун суммардык активдери. 

37. Суммардык капиталдын шайкештик ченеми (Н6.2) төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

Н6.2 = (ИК + ДК) / СА х 100, мында:  

ИК - кредиттик союздун институционалдык капиталы;  

ДК - кредиттик союздун үлүштүк капиталы; 

СА - кредиттик союздун суммардык активдери. 

38. Институционалдык капиталдын шайкештик ченеминин (Н6.1) жана суммардык капиталдын шайкештик ченеминин (Н6.2) мааниси, ушул Эрежеге карата 3-тиркемеге ылайык аныкталат. 

39. Институционалдык капиталдын шайкештик ченеми (Н6.1) кредиттик союздун катышуучуларынан акча каражаттарын тартуу укугуна лицензияга ээ кредиттик союздар үчүн 12 пайыз өлчөмүндө белгиленет.  

 

5-глава. КРЕДИТТИК СОЮЗДАРДЫН ОТЧЕТУ 

 

40. Чүй областынын жана Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан кредиттик союздар отчетторун Улуттук банктын борбордук аппаратынын финансы статистикасы жана маалымдоо боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте сунуштоого тийиш.  

41. Кыргыз Республикасынын башка областтарынын аймагында жайгашкан кредиттик союздар отчетторун, Улуттук банктын тийешелүү областтык башкармалыгына же өкүлчүлүгүнө сунуштоого тийиш.  

42. Кредиттик союз бухгалтердик эсепке алууда жана отчет түзүүдө колдонулган документтердин эсебинин так жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылууга милдетүү.  

 

6-глава. ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕРДИН ЖАНА ЧЕКТӨӨЛӨРДҮН САКТАЛЫШЫНА КӨЗӨМӨЛ  

 

43. Кредиттик союздардын ишине көзөмөлдүктү Улуттук банктын тышкы көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү, областтык башкармалыктары жана өкүлчүлүгү жүзөгө ашырат.  

44. Кредиттик союздар тарабынан экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн так сакталышына текшерүүлөр, алардын иши боюнча берилген отчетторго жана маалыматтарга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле жеринде барып текшерүүнү ишке ашыруу аркылуу, кайсы болбосун күнү жүзөгө ашырылышы мүмкүн.  

45. Белгиленген экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн кредиттик союздар тарабынан сакталбагандыгы, такталбаган маалыматтарды берилгендиги, маалыматтардын өз учурунда берилбегендиги же банк мыйзам талаптарын бузууга жол берүүлөр фактылары аныкталган учурда Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонот.  

 

 

Операцияларды ислам банк иши жана
каржылоо принциптери боюнча жүзөгө  
ашырган кредиттик союздардын ишин  
жөнгө салуу эрежелерине карата  
1-тиркеме 

 

Жаңыдан түзүлгөн кредиттик союздар үчүн сырттан каржылоону тартуунун  

максималдуу өлчөмү ченемин (Н1.1) эсептөө таблицасы  

 

Кредиттик союз иштеп турган мезгил 

Биринчи жыл 

Экинчи жыл  

Н1.1 эсептөө 

Н1.1 ДК  

Н1.1 ДК+ИК же болбосо  

Н1.1 ИК х 4  

кайсынысы чоң болсо, ошого жараша 

 

мында: 

ДК - үлүштүк капитал;  

ИК - институционалдык капитал;  

 

 

Операцияларды ислам банк иши жана
каржылоо принциптери боюнча жүзөгө  
ашырган кредиттик союздардын ишин  
жөнгө салуу эрежелерине карата  
2-тиркеме 

 

Жаңыдан түзүлгөн кредиттик союздар үчүн бир кардарга  

тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченемин (Н2.1) эсептөө таблицасы 

 

Кредиттик союз иштеп турган мезгилде 

Биринчи жыл 

Экинчи жыл  

Н2.1 эсептөө  

Н2.1 ≤ СП х 3  

Н2.1 = МК / (ИК + ДК) х 100 ≤ 20%  

 

мында: 

СП - кардардын пайлык төлөмү;  

МК - бир кардарга берилген, кредиттик тобокелдикке камтыган активдер боюнча чогуу алгандагы карыздын максималдуу өлчөмү;  

ИК - кредиттик союздун институционалдык капиталы;  

ДК - кредиттик союздун үлүштүк капиталы. 

 

 

Операцияларды ислам банк иши жана
каржылоо принциптери боюнча жүзөгө  
ашырган кредиттик союздардын ишин  
жөнгө салуу эрежелерине карата  
3-тиркеме 

 

Капиталдын шайкештик ченемин эсептөө таблицасы (Н6)  

 

Кредиттик союз иштеп турган мезгил 

Биринчи жыл 

Экинчи жыл 

Үчүнчү жыл 

Төртүнчү жыл 

Бешинчи жыл 

Алтынчы жыл 

Жетинчи жыл  

Сегизинчи жана андан кийинки жылдар 

Н6.1 = ИК/СА х 100 

 

≥ 1% 

≥3% 

≥ 6%  

≥ 6%  

≥ 9%  

≥ 9%  

≥ 12%  

Н6.2 = (ИК+ ДК) / СА х 100  

 

≥13%  

≥ 13%  

≥ 14%  

≥ 14%  

≥ 16%  

≥ 16%  

≥ 18%  

 

 

мында: 

ИК - кредиттик союздун институционалдык капиталы;  

ДК - кредиттик союздун үлүштүк капиталы; 

СА - кредиттик союздун суммардык активдери. 

 

Эскертүү. Жаңыдан түзүлгөн кредиттик союздарга биринчи жылы капиталдын шайкештик ченеми (Н6) колдонулбайт.